Aydashka (19 Апрель 2012 - 09:24) жазган:
Окуучулук мезгилди эстесем бир жылмайып калам.Апам отурушка жиберсе экен деп алдын ала жагалданып оокат кылган күндөрүм,ак эткенден,так этип ошол күндү аябай күтөсүң да,анан ата-энең 2саатка эле жиберип койчу"облом"
кылып."2 саттан кечиксең,үйгө келбей эле кой,кайда барсаң анда бар"деп койчу эле.Анан көрүп ал отурушта улам саат карап,чыйпыйың чыгып.Анан 2саат өтпөсүн десен шуулдап өтүп кетээр эле.Ошентип окууну аяктап,выпускной бал да келди.Классташтардын баары мага"сен бир аягына чейин отурганга суран эми,акыркы отурушубуз"
дешкен эле.Апамдан сурансам таптакыр болбой койду,баякы эле 3-4саат ашып кетсе.Отурушка барып,4саат өткүндөн кийин кетейин десем кайран балдарыбыз бут кийимимди катып коюп,таң аткыча отургам.Анан таң атып келатканда жүрөктүн лакылдаганын угуп ал,ыйлап атам шолоктоп
"апам-атам өлтүрөт" деп.Ошентип,
классташтар таң атпай баары мени артка салып алып,биздин үйгө жөнөдүк актаныш керек эле да эптеп.Үйгө жетип эле мен ээң артына туруп алдым классташтардын,
апам чыкса эле баары кыдыракей тизилген,чоочуп "кокууй деги аманчылыкпы,
кызым аманбы" деген экен.Ооба апа коркпоңуз,аман эле,кечөө ушундай болуп калды десе,апам күлүп жиберген экен.Анааан артынан ууру мышыктай болуп мен чыгып келатпаймынбы"
кечирип койгулчы"
деп.



