Алимент жөнүндө Алимент
#1 27 Ноябрь 2012 - 16:18
#2 29 Ноябрь 2012 - 20:23
Konilove (27 Ноябрь 2012 - 16:18) жазган:
1.Үй-бүлөө сот аркылуу ажырашып ортодо жашы жете элек балдар болсо,анда күйөөсү ошол балдары 18 жашка чыкканча алимент төлөп турууга милдеттүү. Мамлекеттик иштеби,жеке ишкерби мыйзам анысына карабайт. 2. Күйөөсү бир айда канча киреше тапса ошонун төрттөн бир бөлүгүн түзөт. (Бул көрсөткүч бир эле бала үчүн) 3. Кантип төлөбөй коёт? Төлөйт. Соттун чечими күчүнө киргенден кийин иш-кагаздар сот аткаруучуларга өтөт,калган ишти алар аткарышат. (Жөнөкөй жана жеткиликтүү түшүндүрдүм деп ойлойм).
#4 28 Январь 2013 - 12:14
Konilove (27 Ноябрь 2012 - 16:18) жазган:
Алимент толоо - жубайлардын мамлекеттик кызматта иштегендигинен же иштебегендигинен жана нике куболугу сот тарабынан ажыратылгандыгынан же ажыратылбагандыгынан коз каранды эмес, эгер ал адам баланын атасы экендиги анык болсо. Балага алимент ондуруу учун сотко кайрыласыз. Эгер бала уч жашка чейин болсо, анда баланын энесин камсыздоо учун озунчо, ал эми бала бой жеткенге чейин, тактап айтканда, 18 жашка толгонго чейин озунчо алимент ондурулот. КР Жарандык-процесстик кодексинин 100-б. 3-п. ылайык алиментти толотуп алуу жонундогу доолордо доонун баасы бир жыл учун толомдун жыйынтыгы боюнча аныкталат. Бирок, алимент толоочунун (карызкордун) бир жылдык кирешеси жонундо маалымат сотко тапшырылбаса, анда эн аз айлык акынын олчомундо эсептелинууго жатат. «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жонундо» КР Мыйзамынын 16-б. ылайык эн аз айлык акы 2012-жылга - 760,0 сом олчомундо аныкталган. Бала уч жашка чыкканга чейин энесин камсыздоо учун алименттин олчомун сот аныктайт же жубайлар оз ара келишип алуу (макулдашуу) мумкунчулугун колдонушат. Ал эми бала бой жеткенге чейинки ондурулуучу алимент Кыргыз Республикасынын Уй-Було Кодексинин 86-беренесинде корсотулгондой алимент толоо жонундо макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын: бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин торттон бири, эки балага - учтон бири, уч же андан коп балага - жарымы олчомдо ондуруп алынат.
Билдирүүнү түзөткөн: tabyshmak: 28 Январь 2013 - 12:16
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#5 31 Январь 2013 - 11:08
tabyshmak (28 Январь 2013 - 12:14) жазган:
Табышмак, бул берген кенешинден сенин юрист экенин байкалып турат. Мумкун болсо телефон номеринди алсам жакшы болмок. Менде да бир чечилбеген проблема бар. Мумкун сенин жардамын менен чечилип калаар беле дейм даа?
#6 02 Февраль 2013 - 17:45
romanov.82 (31 Январь 2013 - 11:08) жазган:
Койгойунузду купуя аркылуу тушундурсонуз болот. Купуядан кенеш бере алам деп ойлойм.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#7 18 Декабрь 2013 - 19:56
#8 20 Январь 2014 - 13:05
#9 15 Февраль 2014 - 05:12
tabyshmak (28 Январь 2013 - 12:14) жазган:
Табышмак номеринизди же почтанызды берсениз жакшы болот эле
#10 15 Апрель 2014 - 18:44
Emilia.kg (18 Декабрь 2013 - 19:56) жазган:
Суроого юрист А.Сыдыкова жооп берди:
- Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамынын, 14 беренесинин негизинде, туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- төрөткөн медициналык мекеме тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден сырткары төрөгөн учурда тийиштүү саламаттык сактоо органы тарабынан ыйгарым укук берилген врач же башка медицина кызматкери тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;
- ким экендигин тастыктаган баланын ата-энесинин (ата-энесинин биринин) документтери;
- туулган баланы Кыргыз Республикасынын жараны деп таануу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ата-эненин макулдашуусу (эгерде баланын ата-энесинин жарандыгы ар башка болсо, алардын бири бала туулган учурда Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ал эми экинчиси чет элдик жаран болсо).
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн негиздер жок болгондо баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошол аял тарабынан баланын туулгандыгынын фактысын белгилөө жөнүндөгү соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Эгер никеси жок болуп, баланын атасы аталыгын аныктаган болсо, ата-эненин биргелешкен арызы аркылуу сот тартибинде аныкталат.
Эгер аталыгын мойнуна албаган болсо, сот аркылуу биринчиден, аталыгын аныктап, анан алимент кестирүүго кайрылуу керек. Сотко баланын жашаган дареги боюнча кайрылса болот.
#11 28 Май 2014 - 15:15
#12 30 Май 2014 - 00:18
#13 28 Сентябрь 2014 - 10:18
Жолдошум РФ.нын гражданини. куйоом отцовство алган,бирок загс ала элек болчубуз.баламды талашып атат.соц.работниктер жашаган уйлорунорго карап да куйооно бериши мумкун дейт.Ал деле кичинекей комнатада апасы,туугандары м-н жашайт.иштебей отурганымдан мен да туугандарым менен жашап атам,алып коюшу мумкунбу?
Жана алимент толоодон да баш тартып атат КР.жаранымын алимент толото аламбы?жакшы табат,бирок не официально иштейт.Бардык жолдорун айтып бере аласынарбы?
Бул жакта юристтердин консультациясы аябай кымбат болуп атат.
#14 08 Ноябрь 2014 - 12:27
#15 14 Январь 2015 - 01:33
#16 29 Апрель 2015 - 10:45
Оорукчан балама кошумча акча ала аламбы атасынан закон турундо?
Алиментти толош учун арыз мн кайда кайрылсам болот?
(Атасы карабалта шаарынын тургуну, ошол шаардын сотунабы? соц. защит. бы?)
гос. иште иштебесе канча акча чегерилет алиментке?
Алдын ала баарыныздарга ырахмат! Аллах ыраазы болсун!
#17 29 Апрель 2015 - 10:53
эгерде аталыгынан ажыратылган болсо алимент толоно береби же токтотулабы?
#18 25 Май 2015 - 15:07
#19 25 Июнь 2015 - 17:01
Ассаламу алейкум , окурмандар! менде да чечилбеген койгой бар. Соз баштан болсун: Ажырашканыбызга сот аркылуу 1.6ж болду . Алимент закон турундо чыгарылган. эки балам бар 5те. бир балам оорукчан. Атасы гос. иште иштебейт окшойт. Алимент ушу кунго чейин 1с ала элекмин. эми суроом:
Оорукчан балама кошумча акча ала аламбы атасынан закон турундо?
Алиментти толош учун арыз мн кайда кайрылсам болот?
(Атасы карабалта шаарынын тургуну, ошол шаардын сотунабы? соц. защит. бы?)
гос. иште иштебесе канча акча чегерилет алиментке?
Алдын ала баарыныздарга ырахмат! Аллах ыраазы болсун!
[/ quote]
Ва алейкум ассалям!
1. ооруган баланыздын майыптыгы бар болсо озунузго мурунку жолдошунуздан алимент ала аласыз (КРнын Уй було кодексинин 95-беренеси);
2. Туура тушунсом, алимент сот аркылуу ондурулгон экен. Ошол балдарга алимент ондурулсун деген соттук актыны (чечим же соттук буйрукту) сотко алып барып аткаруу баракчасын алып, сот аткаруучга откозосуз. Соттук акт чыккан кундон берки алиментти сот аткаруучу ондуруп берет.
3. Эмгек акысынын суммасынан коз каранды. Мамлекеттик эмес жеке ишканада иштесе деле ал жактан алимент толойт.2 балага тапкан эмгек акысынын жана башка кирешелеринин 33%ы ондурулот.
#20 25 Июнь 2015 - 17:04
chipolino_22 (29 Апрель 2015 - 10:53) жазган:
эгерде аталыгынан ажыратылган болсо алимент толоно береби же токтотулабы?
алимент толоно берет.
Кыргыз Республикасынын Уй було кодексинин 76-беренесинин 2-болуму:
Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт