Басмачылык. Сиздин оюңуз кандай?
#21 13 Декабрь 2012 - 23:12
Менин оюмча басмачылык- ашык кеми жок нагыз Улуттук боштондук Кыймылы болгон. Кыргыз эли өз салты,эркиндиги үчүн эбегейсиз зор аскерге,кубаттуу күчкө каршы аттанууга аргасыз болушкан. Албетте алар азыркы тил менен айтканда чыныгы патриоттор. Бүгүнкү күн менен салыштырып көрөлүчү. Америка же Оруссия же Кытай Кыргызстанга каптап кирди дейли. Элестетиңиз эми,аларга каршы күрөшүүнүн өзү кандай эрдик? Ал кездеги абалды алып көрсөк,замбирек, алыска атаар мылтык менен куралданган регулярдуу аскерлерге каршы кимдер күрөшкөн? Эсептелүү мылтыгы бар,көбүндө союл,азында кылыч,кала берсе камчы менен согушка аттанган эр азаматтарга тан бербей коюуга болобу?
#22 13 Декабрь 2012 - 23:25
#23 13 Декабрь 2012 - 23:31
realliver (13 Декабрь 2012 - 22:40) жазган:
Орустардын курамында эмеспизго дейсин 70-жыл Кыргыз эли кимдин курамында жашады? Биз бугунку куну Эгемендуу деген атыбыз эле болбосо чынында андай эмес эгер эгенендуу болок Америка м.н Рассиянын базасы эмне кылып турат,азыр деле биз колония Мамлекетпиз.
#24 13 Декабрь 2012 - 23:36
Kerim1986 (13 Декабрь 2012 - 23:31) жазган:
Тарыхты кайта жазып чыкканга ошол базалар тоскоолдук кылабы?
#25 13 Декабрь 2012 - 23:45
Билдирүүнү түзөткөн: realliver: 13 Декабрь 2012 - 23:46
#26 13 Декабрь 2012 - 23:47
#27 13 Декабрь 2012 - 23:55
#28 13 Декабрь 2012 - 23:58
realliver (13 Декабрь 2012 - 23:45) жазган:
Кап десең!
Бирок, ал убакта, тилекке каршы "машина времени" жок эле. Болбосо, 1917-жылкы 20 дан өйдөкү эркектер (согушка жарамдуу)(" басмачылар" ) "шап" этип "машина времениге" отуруп алып 19-кылымдын башына (ошондо 1800-жыл болот экен, ал эми орустардын баскыны 1858-жылдан 1876-жылдар аралыгында ишке ашкан) уруп кирип барышмак.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Декабрь 2012 - 00:00
#29 14 Декабрь 2012 - 00:02
realliver (13 Декабрь 2012 - 23:47) жазган:
Ушундай болгонун аныкпы өзү? Дагы кайталайм, бул бурмаланган маалымат. Балким саткындарды жазалашып тоношкон чыгаар. Мисалга алайлы кечээги эле Ош коогалаңын. Өзбекке кошулуп кыргызга каршы чыккан кыргызды эмне кылаар элең сен? Чачынан сылап, эч ким бетинен өппөшү турган иш. Согуш деген согуш, талап-тоноо сөзсүз болот.
#30 14 Декабрь 2012 - 00:07
Суранаарым, эмоцияга алдырбай, "балким, менин билгендерим талкуу жүргүзгөнгө аздык кылаттыр, дагы окуп көрүшүм керек экен" деп жазууга тырышалы.
Ал эми менин жогоруда жазып кеткеним тамаша (чындыгына жараша). Ошондуктан, клубдаш (realliver ), көп көңүлүңө алба
Жеке пикиримде басмачылар тууралуу жазылгандар кыргыз тарыхындагы улут үчүн эң оор кылмыш. Басмачылар тууралуу мен деле толтура чыгармаларды окугам. Бирок, алар, Кудайга шүгүр, менин аларга ишенип кетүүмө өбөлгө боло алышкан жок.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 14 Декабрь 2012 - 00:09
#31 14 Декабрь 2012 - 00:11
#32 14 Декабрь 2012 - 00:18
realliver (13 Декабрь 2012 - 23:45) жазган:
Тарыхты жакшылап билип алуу керек. Анжиян көтөрүлүшү, Полот-хан баштаган газават жөнүндө кабарың барбы? 16-жылы үркүндө кыргыз оруска каршы көтөрүлүп кырылып кете жаздаганынан кабарың бардыр?
Дегинкиси орустун саясаты укмуш болгон экен. 1870-жылдары бир кырып,16-жылы бир кырып, анан басмачыларды шылтоо кылып бир кырып,анан репрессия деп бир кырып,кыргыздын баш көтөрөөр азаматын,каймагын бир калпып алган тура! Мунун баарын чогултуп келсе,геноцид эмей эмне? Ошентип бычакка саптын баарын кырып олтуруп, кыргыздын жүрөгүн өлтүрүп, "кулчулук аң-сезимди" апкелип туруп бизге кийгизип салган тура! Тигине орустар, акпашаасы менен белогвардеецтерди акташып, а берки Ленин баш болгон кызылдарды "красный террор" дешип ачык эле айтып жатышат. Мектептен окутчу,Колчак баш болгон актар дешип.Ошодо окуган маалыматтарды эстеп көрөлү да,ошол маалыматты орустун "Адмирал" деген тасмасы менен салыштырып көрөлү. Совет убагында "каракчы, эл душманы,канчалаган бейкүнөө элди кырып" ийген адмирал Колчак азыркы тасмада улуттун баатыры,патриоту катары сүрөттөлөт. Орустар мойунга алып жатса да, биз моюнга ала албай жатканыбызга түк түшүнбөйм.
#33 14 Декабрь 2012 - 01:34
Балким кайсы бир басмачылар тундо кайсы бир айылга бастырып баргандыр. Бирок эмнеге деген суроо туулат. Балким, балким ошол жердин эли оз жерин, динин орустарга сатышкандыктары учун ошентип жазалашкандыр. Бирок андай болгону али аны эмес.
Бирок орустардын кыргыздарды кырганы тарых канча бурмаланса да жашырып болбой турган чындык. Орустар бир айылдын элин эч кимди карап отурбай кыргандыктары да чындык.
Тарыхты ондоп жазчуу тарыхчыларыбызда чыгып калаар бир куну. А азыркылар болсо сырттан келген акчаларды алышып алып, тениризм менен эле алектенишип калды.
#34 14 Декабрь 2012 - 01:40
#35 14 Декабрь 2012 - 01:47
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 14 Декабрь 2012 - 01:50
#36 14 Декабрь 2012 - 01:53
Daud (14 Декабрь 2012 - 01:47) жазган:
Кайдан антип айтыш,дале орустардын этегине намаз окуп келебиз. 70 жылда ушунчалык өзгөргөнүбүздү ушундан билиң,кечээги эле баатырларыбызды жээрип, дагеле кыргыз өз баркыбызды өзүбүз тебелеп жүрөбүз.
#37 14 Декабрь 2012 - 11:25
realliver (13 Декабрь 2012 - 22:40) жазган:
Во туура айтасын!Бу жанагы Каныбекти окуганда эле ошо басмачылардан тунулгом.Ошондогу басмачыларды алып карасак нак эле аты айтып тургандай айылдагы адамдардын мал салын басып тартып алышкан.Аа эгер ошончо эле патриот экен жанагы башчылары озулору каржылабайбы? Жок!Алар анткен эмес.Алар бай болушкан.Советке каршы чыгып ислам олкосун курабыз дешкени менен анын ары жагы будомук болгон.Дагы патриот болушкан имиш.Билбейм башка мамлекеттердин басмачылары патриот болсо болгондур бирак биздин 1917-жылдагы басмачылар элди талап тоноп кордук корсотушуп кызылдарга каршы чыккан.
Кайран омур эскирер
#38 14 Декабрь 2012 - 11:28
kgman92 (14 Декабрь 2012 - 11:25) жазган:
А сенин оюңча кызылдар ким болгон?
#39 14 Декабрь 2012 - 11:33
kgman92 (14 December 2012 - 11:25) жазган:
Билсен эгер ошол басмачылар айласыз ошол кадамдарга барышкан! Алар тоо ташка жашынып ачка журмок беле ? Кээ бир акылдуулар басмачылардын атын жамынып алып талап тоноолорду жургузушкон! Туура айтасын уюштурган б.а. бул нерсенин башында турган адамдар жардам бербейби депсин , алар жардам беришкен курал жарак жактан , тамак аш откоруп турганга ошол мезгилдеги чек араны кайтарган орус аскерлеринин тоскоолдугу болгон!
#40 14 Декабрь 2012 - 12:12