Айылдагы Умсунай
кемпир катуу ооруп
калды. Сүйлөгөн сөзү
жок, жалдырап жатат,
ичкен-жегенин билбейт.
Абышкасы Алкандын
айласы кетти.
Маңдайында багып,
караган кызы жок.
Айыл кечтери Айыл кечтери
#2 21 Март 2013 - 23:17
Маңдайында багып, караган кызы жок. Жалгыз уулу Элчибекти келинчеги менен жазында кууп жиберишкен.
Колунда көтөргөн жаш баласы менен алар Сонундун энесиникинде баш
калкалап калышкан. Кемпирин жууп-тазалап багууга Алкандын кудурети жетпейт. Тууган-туушкандары чогулуп, Элчибекти чакырууну чечишти.
Кайын энесинин акывалын уккан Сонун тура алган жок. Шашылыш түрдө жетип келишти. Короодогу койдун бирин базарга сатып, доктурдун жазган дары-дармегин алышып, тамак-ашын таптап уул-келини Умсунайды бага башташты. Беш-он күндө кемпир оңолуп, сүйлөп, баш көтөрүп калды.
- Алдыңа кетейин, Сокиним, сага эки дүйнөдө ыраазымын, өмүрлүү бол! - деп келинин басса-турса
алкайт. Кошуна-
колоңдору кирип-чыгып кемпирге учурашып:
"Мынакей, ырысың бар экен. Өз деген ушундай болот, өгөй болсо Элчибегиң кайрылып келет беле? Таарыныч деле убакыт өтсө
ушинтип унутулат. Түбү бирге кошулат деген ушул", - дешет. "Өйдө жактагы "Ленин" совхозуна Назгүл деген табып келин келиптир. Тим эле колунун эми, оозунун дубасы күчтүү дейт, баспаган кишини бастырып, сүйлөбөгөндү сүйлөтүп, укпаганды
угузуп, ооруганды айыктырат экен.

#3 21 Март 2013 - 23:20
Баягы лениндик жылкычы аке таягын таштап басып калыптыр дейт, уктуңбу?"
- деген имиш сөздөр айылга тарады. Энесинин эртерээк айыгышын тилеген Элчибек Назгүл табыпка барып сүйлөшүп, үйүнө чакырды. Оорулуунун дайынын уккан келин дароо макул болду. Табыптын ээрчиткен эки баласы, бешиктеги жаңы төрөлгөн ымыркайы, жанында күйөөсү бар экен. "Ленинде"
оорулууларды көрүп
жүргөнүнө бир айдан ашыптыр. Айтмакчы, ошол күйөөсүн, балдарын ээрчитип келип Алкандын үйүнүн бир бөлмөсүнөн орун алды. Ак матаны жайып, кара таштарын, элик сап
камчысын коюп, дуба окуп, оорулуунун тамырын кармап, дартын айтып берди. Дары ичип, табыптын дубасын алган Умсунай кемпир эшик- эликке өзү кирип-чыгып калды.
"Кыргызча дарылаганга не жетсин, карачы, өлгөнү турган кемпир чуркап кетти", - деп бири тамшанса, ырымга
ишенбеген бирөөсү:
"Койсоңчу болбогон
кебиңди, дарыдан,
догдурдан эле баарыбыз айыгып жүрбөйбүзбү" , -деп колун шилтейт.

#4 21 Март 2013 - 23:23
Кыскасы, айыл дагылар Назгүл табып жөнүндө угуп, оорукчандар Алкандын үйүнө бирин-экиндеп келе башташты. Буту ооруп, баса албай жүргөн Акмандын келини, муундарым, башым деген Чүкөбайдын кемпири, түнкүсүн элирип чуркаган Сагыйпанын небереси, Бермет сыяктуу кемпир-кесектер айыгып кетсек экен деп, табыптын көзүн карашат. Колунда бары каймагын, сары майын, пачка чайын, курутун, сүрсүгөн этин, кошкон майын, сүзмөсүн, сүтүн - болгон тамак-ашын көтөрүп келишет. Назгүл баласын Умсунайга терметтирип,
жалаяк-шымдарын Сонунга жуудуруп, Алканга самоор кайнаттырып,
кызыл чыккан чайды каймак аралаштырып ысык-ысык, ичип, сөөлөттөнүп олтуруп
калды. Дарылангандар менен кечкисин шам жагышат. "Мамыры гүлүн, аркар отун, момуя, бал таап келгиле", - дейт. Ошолордон дары жасайт. Шамга арбактар келет имиш...
- Кана, эңкейип баскан, колунда таягы бар, ак сакалдуу бир абышка жылаңач ыйлап турат, ал кимиңердин атаңар? -деди бир кечте табып.
- Ыракматы болгур, ак сакалдуу болсо менин атам го? - деди Сагыйпа кемпир бүшүркөп.
- Көзү бакыракай беле? - деди келин ойлонуп, Сагыйпанын көзүнө
карап.

#5 21 Март 2013 - 23:28
- Ооба, ооба, менин көзүм атамкына окшош, - деди кемпир, шаша.
- Анда сиздин атаңыз куран тилеп, эч кимиңер куран окубай, ач арбак болуп калыптыр, кой союп куран окуткула! -деди Назгүл ишенимдүү.
- Макул, макул, атамдан кантип аянайын! Байкуш атам! - деп кемпир кемшеңдеп, көзүнүн кычыгын сүрттү. - Чын эле көптөн бери куран эске келбептир.
- Чачы узун, бойлуу келин, ээрчиткен жаш баласы бар, жанында күйөөсүбү, далылуу жигит - үчөө ыйлап турат. Булар дагыжылаңач экен, булар кимге
келишти?-деди табып шамды тиктеп.
- Таң.
- Менин андай жакындарым жок эле.
- Мен энем келеби деп турам.
- Жок.
Олтургандар тиешеси жоктой бири-бирин карашты.
- Бул баягы жылы авариядан каза болгон кароолчунун үй-бүлөсү го, - деп чыйылдады Умсунай кемпир.
- Аа, туура айтасың, бечаранын балдары туш-тушка кетишти, ким куран окумак эле, - деди Сагыйпа кемпир.
-Азыркы балдар курусун, куран билишпейт.
- Эмесе булар дагы ач арбактар экен. Эми ач арбактар көп: учуп жүргөн ымыркайлар, жашыраак кыз-келиндер, чалдар, тытык кийинген кемпирлер бар экен. Бу силер, көк- булактыктар, орус болуп кеткенсиңерби? Куран окуп, жыт чыгарганды унуткансыңарбы? Карагылачы, тигилерди, -деп эшик-терезе жакка кол шилтеди табып. - Эртең баарыңар күрүч-май, ун-cунуңарды даярдап келгиле, чогуу- чаран барып мүрзөнүн жанына боорсок жасап, палоо бышырып, жалпы арбактарга куран окуйлу.

#6 21 Март 2013 - 23:37
- Туура, туура! Баарбыздын барар жерибиз ошол жак, -деди Сагыйпа.
- Айтмакчы, Максаттын камчысы деген бак-мазар бар экен. Ошонун тегерегин дагы тор менен тосуп коёлу, мал кирбесин, - деди Назгүл. Кийинки күнү табыптын айткандарын көтөрүп барышып, кемпир-кесек, бала-бакыра, келин-кыздар мазарды тор менен курчап, мүрзөнүн жанына аш бышырып, куран окушту. "Бул табып жакшы иштерди кылып жатат", -дешти көргөндөр. Жай мезгили болчу. Түшкү ысыкта Чайылдак эшигинин алдындагы чоң бактын түбүнө дасторкон жайып, тамак ичкенди жакшы көрчү. Адаттагысындай, бүгүн дагы чайды бак түбүндө ичип олтурган. Аңгыча Умсунайдын үнү кулагына шак дей түштү:
- О, өлүгүңдү көрөйүн! "Мал ээсин тартпаса, арам өлөт", - дейт. Уурунун тоогу дагы ууру болот тура! Ток, жаның чыккыр, ток! Колдоруна шал тийгенсип aшкананы дагы ачык коюшат. Какылдап Алкандын
эшигинин алдынан Кенедей абышканын ак тоогу чуркап чыкты.

#7 21 Март 2013 - 23:39
- Апе-ей, бул биздин тоок го? - деп Чайылдак кошунасы Умсунайды карай басты.- Э, ботом, эмне деп сүйлөп жатасың?
Ушуну гана күтүп турансып Умсунай кыйкыра сүйлөдү:
- Тоогуңду камап ал, ашканага кирип, сүзмөмдү жеп атыптыр. Уурунун тоогу да ууру болот экен деп атам!
- Ий, өлүгүңдү көрөйүн, сийгек кандек! Мен сенин эмнеңди уурдадым эле? Кана, кайсыл жерден кармап алдың? Айт! Кечээ эле өлгөнү жатпадың беле, тирилгенде ушуну эстедиңби?
- Мен төлгө салдырдым. "Күн чыгыш жактагы кошунаң жоголгон козуларыңды уурдап жүргөн", - дейт. "Арык, капкара аял, эркекке окшош экен", - деди, ошол сен эмей ким?
- Ии, балакетимди алгыр, суволуч! Эмне деп турасың, ыя? Алып келчи ошол төлгөчүңдү. Экөөңдү кошуп туруп элдин алдында абийириңерди аштай гана төгөйүн. Козуңду убагында издебей, эми эсиңе келдиңби? Көңкөңдүн артына жашынып олтуруп эле өзүңдүң балаң Элчибек уурдап сатып жибербедиби.

#8 21 Март 2013 - 23:43
- Эмне?
- Азыр ээрчитип келчи, бетине коюп берейин. Койчу эми кошуна туруп ыркырашпайлычы деп унчукпай жүрсө, мени ууру тутуп жүргөн тура бул кандек! - деп Чайылдак колун калчылдата чөнтөгүнөн ширеңкесин алып тамеки күйгүздү.
- Болду! Мен кандек болсом, сен күйгөн чычала, алкашсың!
- Сага окшоп оонап, төшөккө сийип жатканча, арак ичип басып жүргөн жакшы. Сен дагы кишисиңби? Сен бир тиштем боорсокко теңсиңби? Сен ачкадан ооруганыңды билесиңби?
- Мен ачка болгонумда табагыма аш салып бердиңби? Кудайга шүгүр, сага караганда биз жумасына шорпо ичебиз.
- Мен бул боюнча тим калбайм, - деди да, Чайылдак үйүнө кирип кетти. Тамекисин түтөтүп, карганып-шиленип, сүйлөнүп кайра чыгып, акыры Сагыйпаныкына кирди.
Э, ботом, Умсунай экөөңөр эмне кыйкырыштыңар? Уруштуңарбы?
- Ошол кара жерге
кирсин! Элчибек уурдаган козуларын менден көрүп жүргөн тура! Төлгө салдырган имиш, анан арык, кара кемпир, өзүңөрдүн эле кошунаңар дептир төлгөчүсү. Өлүгүңдү кана көрөйүн...
- Кой эми, биртке нервиңди сакта. Мээңе кан куюлуп кетет. Кел чай ичели.
- Жаңы эле чай ичип
олтургам. Канча чыны чай ичкенимди же тойгон тойбогонумду да билбей калдым. Чайылдакка Сагыйпа чай куйду.
- Жанагы табып келин төлгө да салат тура.
- Кечээ-бүгүн жоголсо мейли, салдырсын. Тээ күздөгүсүн балээни
табабы. Ал козуларын көңкөнүн артына жашынып эле Элчибеги алып кеткен. Мойнуна коюп берем. Ошол табып сөрөйүнбү, эки мүнөттө жоготомун. Эки айдан бери жакшы эле тайраңдады. Элди кырылыштырбай жөн дарыласын! - деп чынысын дасторконго коюп, Чайылдак өпкө кабынынын ички
чөнтөгүнөн арак алып чыкты.

#9 21 Март 2013 - 23:47
- Мунуң тазабы же спиртпи? - деди Сагыйпа бөтөлкөгө карап.
- Тазаны ким бермек эле. Аны алсаң деле баары бир жасалма, кытайдын спиртинен куюп эле чалап кылып, брапке жаап коёт экен. Андан көрө акчасы азыраак ушуну ичели. Бөлөкбай көрүнбөйт го?
- Абышка бокчо жакта жүрөт.
- Чакыр, Сокур байкуш деле жыргап алсын, ха-ха-ха. Экөө күлүп калышты. - Кишиге зыяны жок бечаранын.
- Ооба, байкушум самоор кайнатып, эшиктен суу ташыгандан башканы билбейт.
- Алкандай эле кантип болсун, куучуңдап Умсунай айыкты, көрөсүң го, эми Элчибек менен Сонунду кууп чыгат.
Куттуу үйдө кеп кыла турган эмес. Өз башы менен кетсин! - деди Сагыйпа. Дасторконго Бөлөкбай кошулду. Үчөө божурашып ортодогу аракты ичип олтурушту.
- Эй, байбичелер, эки
стаканды алдым, эмкисин албай эле коёюнчу. Бул жарыктык азыр жыргатканы менен түнүчүндө көзүмдү оорутат экен, - деди
Бөлөкбай ал-алга
келгенде.
- Алып жибер! Көзүм
көрбөйт деп өлүккө
барып топурак салбайсың, элге аралашпайсың. Анан
сууну эшегиң экөөңөр кыйын ташыйсыңар. Эки чаканы бодопрободдон ушуга чейин мүдүрүлбөй- жыгылбай кантип алып келесиң? Ай, ушу сенин көзүм көрбөйт дегениң калп! Ка-алп! Жанагы кызыл-тазыл көйнөк кийген келиндер өтүп калса, узап кеткенче мойнуң үзүлгөнчө карайсың, ээ, капыр! Эки кемпир каткырып калышты.

#10 21 Март 2013 - 23:49
- Силерди эмнеге карайын, келиндерди көргөндө көзүм ачылып эле кетет! Хи-хи-хи...
Үчөөнүн жарпы жазылып көпкө сүйлөшүштү, кеп кайра келип Умсунай
менен табыпка такалды.
- Кана, алып жиберели. Аманчылык, тынччылык болсун э, кыздар, - деди Бөлөкбай. Кемпирлер күлүп калышты.
- Куураган чал, акырын, уул-келиниң укса, атам алжыган экен дебейби.
- Келин укса тим олтурабы, баягылар мас болуп деп эмеле жайып чыгат да, - деп Чайылдак тамекисин тамгызды, - Кой, кокуй, түтүнүм менен эшикке чыгайын, Багдаш кууп чыга электе.
Теңселе басып үчөө
эшикке чыгып, маңдайдакы Алкандыкын карап туруп калышты.

#11 21 Март 2013 - 23:55
- Мен жанагы табып сөрөйдүн атасын, жерин таанытам, - деп Чайылдак шуулдаган бойдон Алкандын короосуна барып Умсунайды чакырды.
- Эй, койтош, чык бери! Табып сөрөйүңдү да алып чык.
- Эмне дейт, өлүгүңдү
көрөйүн? Чайылдактын үнүн угуп, Умсунай чыкты.
Анын артынан Назгүл күйөөсү менен келип босогодон баш бага туруп калышты.
- Кана, төлгөчүң кыйын болсо, төлгөсүн менин көзүмчө салып, баланча күнү уурдаган деп мойнума коюп берсин. Жок, анте албайбы, айлыбызды эки-eкиден кармаштырбай кетсин! Көк-Булактын каймак- майына эки айдан бери тойгондур! Кана, дагы төлгөчүңдүн эмне билгени бар экен?
- Билет эле, мына, сен бирөөгө мени оорусун деп дуба окутуп келип, эшигимдин алдына чачып кетиптирсиң.
Ошондон бери мен ооруп жатам.
- Ий, сандырактаган каракчы! Сени оорутуп алып, мен тээтиги биттеген текеңе тиет бекемин. Анын эмнеси кызык. Андай биттеген теке менде деле бар. Тигине! Өлөсөлү болуп ооруп жатса дагы күчүндө. Эй, табып сөрөй, жетишет! - Чайылдак сөөмөйүн кезей сүйлөдү. -Бул жерден ушунчаңды кетип кал. Айтканыма көнбөй-сүңбү, мен сени милийсага берем. Моминтип айылга бүлүк салып жатат, элди алдап жатат деп арызданам. Эзели сен-мен дешпеген кишилердин оозун ачтырдың, кеткиниң! Артыңдан
түшпөсөм Чайылдак
атым өчсүн! А сен болсо, кандек, жоголгон козуларыңды тээтиги Сонун менен
Элчибектен сурасаң,
табыптан көрө ошолор айтып берет, - деди да, үйүнө кирип кетти.

#12 21 Март 2013 - 23:58
Эртеси Назгүл күйөөсүн, балдарын ээрчитип, бир топ көтөрүнчөк менен Көк-Булактан шаарга барчу автобуска түшүп кетти. Делбеленип ооруган бир кызга дем салып, оорусун жаңы килемге көчүрүп -килемди, дагы бирөөнүн баласынын оорусун уйга көчүрүп - уйду,
келиндерди көрүп жолдугуна идиш-аяк, айтор, көп оокат чогултуп кетти табып келин. Ал кеткенден кийин айылда бир топ сөз болду. Оорусун уйга көчүрткөн бала оор абалда барып догдурга жатты, табып кеткенден кийин, "Шырдагым жоголду", -деп бир кемпир тызылдап жүрдү, "Мага үч жүз сом карыз эле", - деп Сагыйпа кемпир, "Бир кой бермек", - деп Алкан калышты. "Ленинде жүргөндө бирөөнүн күйөөсүнүн башын имерип алыптыр", - деген да имиш чыкты. Умсунай менен Чайылдак табып төлгө тарткандан бери киришип-чыгышпай
калышты.

#13 22 Март 2013 - 00:00
Бир күнү Бөлөкбайдын уулу Максат, Алкандын уулу Элчибек, Сартбайдын уулу Жанботолор келинчектери менен Багдаштын туулган күнүн белгилеп, бир
дасторкондо олтурушкан. Багдаш Максаттын келинчеги, быйыл жыйырма бешке толуп олтурат, үч баланын энеси болду. Ал ушул көк-булактык, ата-энеси ылдыйкы көчөдө жашашат. Багдаш өңдүү-түстүү эрке келин, кайын эне, кайын атасы көзүн карап турушат, таарынса төркүнүнө кетип калмайы бар. Балдарды чырлаштырбайлы деп карыган кезде суу ташып, от жагып
Бөлөкбай менен Сагыйпанын жүргөндөрү да ошондон. Кыштан бери байлап баккан
кочкорду саттырып, жаңы көйнөк алдырып, туулган күнүн белгилеп жатат.

#14 22 Март 2013 - 00:07
Жаштар дуулдап калышты. Бири-биринин сөзүн угушпай, кыйкырып сүйлөшө башташты.
- Э-эй, ошондо Назгүл: "Узун бойлуу кошуна баладан сак бол ", -деген. Мына, айткандай беш үндүгүм жоголду, мен сенден эле көрүп жүрөм, - деди чекесин тырыштырып, тилин булдуруктаткан Жанбото Максатка карап.
- Ой, энеңди урайын, Назгүлүң экөөңдү жерге житкире чабайынбы? Сеникинен башка үндүк жок бекен. Ошондо эмне мени жетелеп барбайсың Назгүлүңө.
- Бул көчөдө сен эле тартаксың да. Башкабыз бүт эле кичирээкпиз.
- Сага үндүк эле керекпи? Жүр, мен сени тоокканага камап коёюн азыр. Максат Жанботону эшикке сүйрөп жөнөдү.
- Ай, койгула! - деп келиндер туш-туштан чарылдашты.
- Максат, келесоо болбо! -Багдаш сүйрөшкөн эркектерге жармашты. Эркектер жулкулдашып эшикке чыгышып, тоокканага жакын барышты. Арасында үрпөңдөп Багдаш, Сонундар жүрүшөт. Түнкү саат он эки-ирлер чамасы. Айыл ичиндеги көп үйлөрдүн жарыгы өчкөн. Ар кай туштан иттердин үргөнү гана угулат.
- Бул оюна келгенди коё бербейт, - деген
Жанботонун kелинчеги Сабира четте тура берди. Эркектер бою кичине Элчибекти буйдамга келтирбей түртүп коюшту.
- Сен узун болсом эле
кыйынмын деп ойлойсуңбу, азыр мобу айры менен сени шишкебек кылып коёмун, - деди Жанбото колуна айрыны кармап.
- Жанбото! - Айрыны көргөн Багдаш ага чуркады.
- Сен айры менен чапсаң, мен сени мобу менен сайып өлтүрөм, - деп Максат тооккананын
жанынан колуна тийген ломду күүлөп Жанботону көздөй урду.
- А-а! - деген аялдын ачуу кыйкырыгынан соң, "күп" деп жерге жыгылган оор дабыш угулду.

#15 22 Март 2013 - 00:10
- Өлтүрдү!
- Кокуй! Сойдуңар!
Сойдуңар! - деген Сабира менен Сонун чуркап жетишти да, жерде жатканды тегеректеп калышты. Жыгылган Багдаш эле. Элчибек, Сонун, Сабира - үчөө Багдашты үйүнө көтөрүп киришти. Келинчегинин кан аккан башын көрүп, Максаттын көзү ачыла түштү. Лом тийген жерин тиктирип, дарылатып Багдаш ооруканада жыйырма күнчө жатты.
- Карачы, арактын артынан эмне болуп
кетер экенсиңер. Катының экөөң жарышып ичесиңер, аз жерден аны өлтүрүп ала жаздадың? Кудагый Багдашты жибербейм деп жатат. Өзүнүн үйүнө чыгарат экен. Катыныңды тааныбай калганча ичесиң, ушундан көрө балакет ичсеңчи.
- Ой, апа, силерден үйрөндүк ичкенди. Атам, Чайылдак - үчөөң ичип алып тынч олтурасыңарбы? Төлгөчүнү жоолап, куубадыңарбы? Карыган башыңар менен ичип, сакалыңарга жаба кусуп, этегиңерге чалынып олтурасыңар. Кенедей абышка ооруп калып эле ичпей калды го. Экиден болуп бийлечү эмес белеңер?

#17 22 Март 2013 - 00:25
- Болду, эне-атаңарга атаандашасыңарбы?
Энесине акаарат келтирген, айбан! Үү-үү! Өз балаң өзүңө жоо болот деген ушулбу? -Сагыйпа үңүлдөп ыйлап кирди.
- Ой, апа, койчу эми, ыйлабачы? - уулу энесин кучактайын деди эле, энеси колун силкип жиберди.
- Сүйлөбө! Мени апа дебе! Мен сага сүйлөбөйм. Бар, кайын энең сени тарбиялайт. Балам экен деп кеп айтсам... мунун айтканын көр! - Сагыйпа тетири карап жатып алды.
Максат кайын энесинин алдына түшүп, убадасын берип жатып Багдашты үйүнө алып келди. Ошондон тартып убадасы боюнча ал намазга жыгылып, ичкилик ичпей, тамеки тартпай калды. Жанбото болсо арагын таштаган жок. Жайдын бир күндөрүндө Иван менен суу талашып урушуп, аны күрөк менен башка чааптыр. Иван чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, Жанботону көздөй шилтегенде, билегинен алаканына чейин кесип кетиптир. Бул окуяга тегеректе турган бала- бакыра, кемпир-кесектер күбө болушуптур.
Эстерине келер замат экөө тең бири-бирине кекенип, доктурга кетишкен. Айылды ооруканасынан экөөнө бир палатадан, жанаша керебеттен орун берилди. Жанботонун атасы Сартбай арага түшүп жүрдү. Экөөнүн керебетинин ортосуна олтуруп алып, акыл-насаатын айтат.

#18 22 Март 2013 - 00:29
- Балам, Жанбото! Жаш дейин десем, отуздан аштың. Бала-чакалуу болдуң. Менин көзүм өтүп кетсе, өзүңчө эле оокат кыласың. Сендей балдар кандай оокат кылып
жатышат? Ушул Иван менден бир аз эле кичүү, өзүңдөн улуу адамга мас болуп алып кол көтөргөнүң туура эмес. Кечирим сура, балам. Эзелтеден бери эшиктеш жашап, сен-мен дешкен эмес элек. Иван, ушул айбанга теңелбей деле сабыр кылсаң болмок экен. Мен мунун мас болуп келатканын көрбөй калыптырмын. Капуста эмне ал бир чөп экен, кудай буюрган күнү сугарылат эле. Карачы, көңүл сууган жаман тура. Анан калса, экөөңдү догдур бир бөлмөгө
жаткырганын көр. Катуу кетпей, милийсадан кагаздарыңарды алгыла. Арак деген шайтан болбодубу. Илгерки арак буттан алат дечү эле, азыркынын арагы мээден алат турбайбы. Келгиле эми, кечиришкиле дагы, тамак ичкиле. Экөөңөргө тамак алып келдик. Сабира балам, тамагыңды куй, - деп Сартбай абышка экөөнү дасторконго чакырды. Ошону менен арыздашкан Иван менен Жанбото ооруканадан элдешип, сүйлөшүп чыгышты. Иван жайы-кышы тынбай эмгектенип, чарбасында кой, уй, коён, тоокторду кармачу. Бакчасына мөмөдөн: алма, өрүк тигип; жер-жемиштен: помидор, капуста, чеснок, калемпир, сабиз айдап, укроп сыяктуу чөп- чарларды өстүрүп, күз келгенде шаардагы базарга алпарып дунгандарга сатып, жакшы акча алчу. "Жер семирткичтин ордуна адамдын кыгын пайдаланат экен", -дешчү көргөндөр. Жанботонун: "Бокчу" , -деп сөккөнү да ошондон
эле.

#19 22 Март 2013 - 00:34
Аты орусча болгону менен, Иван таптаза кыргыз. Илгери атасы Сибирге айдалганда артынан издеп барыптыр. Ошондо докуметти жазган орустардын кыргызчага тили келбей койгон аты экен. Күз айларынын
күндөрүнүн биринде Сартбай абышка көчөлөш кошуналарын мейманга чакырды. Дасторкондо дүйүм тамак жайнайт: нандын түрлөрү, ак саргыл боорсок, санза, вареньелер, момпосуй, печенье, түрлүү салаттар коюлган. Кызарган алмалар дасторкондун көркүн ачып турат. Чай үстүндө ойго батып, кожоюн билгендерин сүйлөп олтурду:
- Ошол согуш апаатындагы биздин көргөн күндөрүбүздү кудай пендем десе, башка салбасын. Тылда тартыштык, нан эмес буудай жетишсиз. 1942- жылдын январь айында аскерге чакырышты. Сталинграддын тегерегинде согушка катышып, колумдан жарадар болдум.

#20 22 Март 2013 - 00:36
Госпиталдан чыкканда кайра согушка барайын деп сурансам жибербей коюшту. Келин-кесек,
кемпирлерди иштеткенден көрө, согушта жүргөн жакшы болот экен. Шумдуктун баарын көрбөдүкпү.
Сартбай - көчөдөгү аксакалдардын улуусу, билимдүүсү.
Жаш кезинен окууга
тартылып, Фрунзедеги жогорку окуу жайынан билим алып, иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, алдыңкы фронтто жүргөн. Сталинграддын алдындагы бир жолку катуу салгылашта колунан жарадар болуп, госпиталда дарыланган соң тылга кайткан.
- Ээ, ушу сенин согушканыңды кудай билет. Окопко башыңды катып жатып, эртерээк үйгө жиберсин деп немиске колуңду тосуп бердиң да. Анан немис сунган колуңду үзө атпай жаны жокпу, - деп тамашалайт Бөлөкбай.