Атабек Университет метросунун жанынан кунуго. Кун сайын ушул жерден жудогон кыргыз жигитин корот. Бугун атайы жумушуна эрте жоноду,убакыт болуп ушул кыргыз бомжу менен суйлошмок.
- Кандайсыз?
Коруп турбайсынбы кандай экенимди.
- Мумкун болсо чекерээк чыгып суйлошпойлубу?
- Менде эмне ишин бар?
Сиздеби, сизде коп ишим бар. Биринчиси баш жазабыз.
- Бирдемен барбы баш жазганга?
- Бар эмей. Кеттикпи?
Кеттик. Тигил жака баралы.
Метрону айланып отуп кичине бакчага келишти. Атабек койнуна салып алган ботолкосун сууруп чыгып эки стаканга толтуруп куйду."Ичкенимди жумушта байкатпаска аракет кылам да",-деп тобокелге салып жигит менен барабар ичип жиберди. Закуска деп эки кесим эт салып алган эле.
- Келиниз,аке, орустарчасынан кылалы.
- Между первой и второй, промежуток не большойда?
Да, Правильно,так и будем.
- Слушай братишка, сен эмне карга бок чокуй электе мени менен ичип жатасын, ишке барбайсынбы?
- Ишке баратам.
- Унчукпайбы?
- Эптейбиз да.
- Эптекей жигит коруносун,куй анда.
Дагы бирден алып жиберишти. Шишенин тубундо экооно куйса жетпечуудой арак калды. Атабек саамга ойлоно туруп:
- Сиз эч жакка кетпей турунуз, мен азыр келем,-деп шашып жоноду.
Жолдо баратып ишине телефон чалы, мен милицияга тушуп калдым, эртен чыгарат экен деп койду. Эси-дарты жанагы кыргызда, качып кетпесе экен деп жатты. Дукондон дагы бир ботолко арак,тооктун этин, нан, пиво кылып которуп кайтып келди. Анысы кетмек тугул жаман курткасын жая салып, жамбаштап жатат. Атабек "Чон атасынын жайлоосунда жаткансып корбойсунбу чалкалап жатканын, силерге окшогон кайдыгерлердин айынан кыргыз тукуму курут болуп кетмей болду" деп ичинен ызырынып алды.
- Келдинби, иничек. Жоголуп кеттин го. Эмне болду,бугун до конца тойломой болдукпу.
- Ошондой кылабыз го.
Жаны куюлган аракты унчукпай алып жиберишти.
- Ии, анан, суйлой бер, менде эмне ишин бар эле?
- Сизди ушул метронун жанынан бир айдан бери кором. Бул кыргыз уулуна эмне болду, неге минтип журот деп ошондон бери ойлоном.
- Боор ооруганынды коюп, куй тигининден.
- Кеп боор ооруганда эмес,кеп кыргыз элинин келечегинде.
- Келечек-мелечегинди урганым барбы. Кайсы кыргызындын келечеги гулдоп-онугот имиш. Кыргыз тугонгон иничек, сатылып-сатып, атылып-атып журуп кыргыз озунон-озу тугонот коросун.
Ортодо жымжырттык, Атабек кайрадан суроо узатты:
- Канча жаштасыз, аке?
- Оттузжетиде. Озунчу?
- Тен кур турбайбызбы. Быйыл биздин мучолубуз да.
- Акелеп тим эле. Менден озунду жаш сездинби, кайбар?
- Жок негизи жаны таанышкан адамга сиз деп кайрылмай адатым бар.
- Экообуз тааныша элекпиз го али.
- Чын эле. Атым Атабек, Жалал-Абаттан болом, деди колун сунуп.
- Бексултан,- деп кош конул кол узатты.
- Кайчы жерликсин Бексултан?
- Кайсы жерлик экеним менен сенин эмне ишин бар?
- Ишим жок дечи, бирок сурашсак тууган чыгып каларбыз.
- Конечно тууган чыгабыз, сурап-сурап олтуруп, Ленин кыргызга жээн чыгыптыр дегенди уктун беле?
- Эсимде жок, мумкун уккандырмын.
- Тушунбой турам сага, тим эле женелерин сыйлаган куйоо баладай ачылып-чачыласын да.
- Мумкун куйоо баладырмын. Али сураша элекпиз го.
- Ии, келатышат, иттер. Тур сен кетип кал.
- Сенчи?
- Мага эчтеме дешпейт, бомж эмесминби.
Атабек буткон бою дуркуроп кетти. Озун "бомжмун" деген кыргызды омурундо биринчи жолу корушу. Ангыча орустун милиция кызматкерлери жетип келишип, коомдук жайда ичкенге болбойт дешип, чындап эле Бексултанга тийбей. Атабекти машинасына салып болумго алып жоношту. Жолдо Атабек 200 рублин берип бошонуп, кайра Бексултанды издеп жоноду. Суйлогон созу орундуу, куйкуму да бар экен. Бул кишиде башка бир мандем бар. кайра барып, жок дегенде бир кыргыз бомжун жашоо нугуна кайтарууга жарайын деген ой менен Университет метросуна келсе,
- Жур, тур, -деп эле бети-башы когала болгон орусту тарткылап жатыптыр Бексултан.
- Бексултан, мен келдим, -деди Атабек.
- Келсен эмне кылайын, мен сени чакырдымбы, же жанагы куйгандарына ответ сурап келдинби?
- Жок, жон эле, бугун ишке барбайм, сени менен суйлошуп олтурайын дегем.
- Мени менен суйлошо турган эмне созун бар, же менде онбой калган доон бар беле?
- Кайдагы доо, тентуш экенбиз, откон-кеткенден маектешип олтурсакпы деп.
- Сен менин маегиме мынчалык кызыгып калдын? Журналист эмессинби, же жазуучусунбу? Жазганга азык таппай мени акмалап жаткан жоксунбу?
- Жок кайдан, жазыш колумдан келсе кана эле, жазбайт белем коргон-билгенимдин баарын саймедиреп.
- А мен жазуучумун. Азыр атасынын чокусуна жазамбы, озум минтип нас кабакка нан барбы деп кунумдук оокат-ашымды аран таап жеп олтурам.
- Ишенбесен кантип курсак тойгузасын?
- Аны менен сенин кандай чатагын бар? Суракка алгыдай же тергоочусунбу?
- Тергоочу болом деп окуусуна тапшырсам отпой калгам, аларындын сураган акчасын мен бере алган жокмун.
- Ии болбой калган тергоочу, жур анда кеттик меникине, менин турмушума кызыгып эле калдын, кор, бил, айткын келсе бут кыргыз атууга айтып чык.
Аи илкий басып метрону коздой жоноду. Атабек ойлогон ою ишке ашаарына козу жетип, ээрчип алды. Алар Спортивная метросунан чыгышып, дагы онбеш муноттой жоо журушту. Жолдон Атабек сумкасын толтура майда-чуйдо алып алды. Сыртынан караса зангыраган, ичин корсон адам корко турган уйго келип, экинчи кабатына чыгышты. Бексултан бир эшикти туртту, бек экен.
- Ээ,кто там, выходи!
- А ты кто?
- Я хозяин, выходите, что вы тут делаеСакалы оскулон кафказдарга окшогон жигит баш багып:
- А хозяин, извини, тут у меня девушка, она одевается. Сейчас уходим,-деп кирип кетти. Алар копко кутушкон жок. Тыкан кийинген, алынын жетишинче боёнгон жап-жаш кыз чыгып кетти жанагы кавказ менен ээрчишип,
- Кыргызбы?-деп сурады Атабек оозу ачыла.
- Кызбы? Эмне кытай дейсинби, кыргыз да.
- Шумдугун кур, ушундай жерге да келип жатышабы?
- Оо мындай жер комфорт да, чем 20 адамдын арасында жатканча.
Ансыз да иренжип турган Атабек эшикти аттагандаого бетер конулу айланып кетти. Кире бериште эшиги жок туалет бар экен. Андан ары уч болмо, болмо эле аты болбосо ичи таштандыга толгон. Аттап-буттап учунчу болмого отушту. Анда чон диван, терезеге парда тартып коюшуптур. Текчеде жуулбаган идиштер доодо болуп уйулуп жатат.
- Мына менин жашоо образым.Коруп ал, оозун ачылып жатабы, кыргыз дагы ушинтип жашачу беле деп. За то бул жерде кундо вечир, кундо той. Кечинде кыздар келишет. Чоочуба иче турган, жей тургандын баарын оздору которуп келишет. Аз келгенсип акча да беришет бети жоктор.
- Бети жок дегенин эмнен, ошончолук жардам берип жатышса.
- Ошентип жардам берип кумарын кандырганча кудай албайбы ошолорду. Абайла, арасында сенин да аялын болуп журбосун.
- Кызыксын да менин аялым кайдан болмок эле?
- Кызык эмей эле откондо бириси озунчо эле кыйын болуп. менин аялымды мындай жергекозун танып алып келсен да келбейт, намаз окуйт деп кыйынсынып олтурду эле, эки карыш юпканы кийип, чачтарын жайып нак гана ошонун аялы келип калды кечинде кыздар менен. Эрди-катындын урганынтошондо кордум, тооба олтуруп эле коеюн деди байкушту. Кийин уксам, ошол кыз тогузунчу этаждан боюн таштап олуп калыптыр, а сенин аялын кыргызстанда болсо керек да.
- Жок ушул жерде, бирок азырынча болок жашап жатабыз, ишибизге карап. Ал Подмосковьеде.
- Айтмакчы откондо Подмосковьеде иштеймин деген бироону Санчо ээрчитип келген.
- Жакшына болчу. Эмне Подмосковьеден келсе эле менин аялым болуп калабы?
- Билбесем. Айттым, койдум да.
Негдир, Атабектин ичи тызылдай баштады/ "Чын эле менин ыялым болуп журбосун. АЛ да намаз окумуш болуп жатпады беле. Эмнегедир акыркы кезде мага да кем келчу болуп калды. Мен барайын десем турдуу шылтоолорду айтат. Телефону кобунчо очурулуу, алса да шарактаган дообуштар угулат. Ээ коркконго кош, кошогу менен беш корунот болуп эмне болуп жатам. Айгулум жоош, андайларга барбайт" дегени менен ичиндеги кара ой уламдан-улам кокурогунон орун ала берди. Эртен эле ага айтпастан жашаган жерине бармай болду.
- Ал келинди Санчо ээрчитип келген, жакында ушул келинге уйлонойун деп жатам, жакшы аял, бирок бир жаман жери , алты баласы бар да деп айткан. Же, сенин да алты балан барбы?
- Ооба. Алты балам бар.
- Койсончу тамашанды, жашабай жатып кайдагы алты бала, же уч катынды алтоо дейсинби?
- Жок тортоо озубуздуку, экоону багып алганбыз.
- Кызык, эки балага ээ боло албай журсом, отец геройду кара. Менин карамагымда бир уул, бир кыз болгон, озумдуку болсо жок. Кыз бой жетип, азыр ырчы болуп журот депугуп калам. Кичинесинен эле жакшы ырдачу, анан жеткен сулуу эле. Мени ушундай бир таптаза, анан соз жеткирип айта алгыс, соз менен айтмак тургай ойлоодон апкаарыткан сезим менен карап калчу. Ошол коз карашын эстей берем. Бала болсо каттуу куйуттон жакшы боло албады, жокпу кабарым жок. Алардын апасы жиндиканада. менин акыбалымды коруп турасын.
- Москвадвгы кыргыз бомжу. Таабан кандыбы, эми, мен жонундо толук билип алдын.
- Мен сени таабалагыдай душманын эмесмин. Сен акыл-эстуу жигит болуп туруп бомж болуп калганына башым ктып турат. Эмнеге, эмне учун, кантип, кандайча деген суроолор кокурогумду эзип, жаратылуу жооп таба албай жанчылып жатпаймынбы, Бексултан. Качан кыргыз тукуму кочоодо туноп, тирилиги ай-талаада отчуэле, качан бироодон нан сурап жечу эле. Сенин бул кылыгын жарабайт. Мындай адатка конуп кете электе акылынды пеште, озуно кел.
- Ой-боой даанышман болуп кеттин го. Олтур мындай, жолдон бирдеме алгандай болуп жаттын эле чыгарбайсынбы. Экоо кайрадан дасторкон жайып, эки жолудан алып жиберген сон, Бексултан кыйла жибип, созу кобойуп, кандайча ушундай жашоого кириптер болгонун баштан аяк айтып кирди.
***
Билдирүүнү түзөткөн: blinkob: 31 Март 2013 - 22:47