Акыркы кундору башка характерлеринда коруп жатамын. Эмнеси болсо да сыйлап тилимди тишиме катып журомун. Негизи эле ушундаймын 120жолу ойлоп озуно 120 жооп берип анан мага суйлойсун дейт. Мамилебиз сый дайыма эле.
Сүйүктүүңүзгө кандай мамиле кыласыз? Байкап көрдүңүз беле?
#22 24 Май 2019 - 10:09
#23 24 Май 2019 - 11:45
aizirek... (23 Май 2019 - 17:34) жазган:
Озуно жараша кылган мамилелер ортобузду суутуп баратат. Озгортот окшойм.
. Нооо ал да жакпайт озумо. Уфффф не кылсам болот экен
. Нооо ал да жакпайт озумо. Уфффф не кылсам болот экен
Өзүнө жараша дейсиң, балким ал сага эркелеп, сени сынап ошондой мамиле кылып аткандыр..? Кайдан билесиң? (Сен деп эле кайрыла берейинчи ээ, сиңдим болсоң керек).. Эч качан, эч качан эркектин оюн аял билбейт (түшүнбөйт и түшүнө албайбыз дагы), жана о.э. тетирисинче. Алардын ой жүгүртүүсү башкача, биздин ой жүгүртүүбүз такыр башкача, ошондуктан эч качан эркекке теңелем деп ойлобой эле коюш керек.
Амалкөй бол. Акыры, экөөң бири-бириңе жөлөксүңөр. Сага жолдошуң күйгөндөй (апаңдан башка) эч ким күйбөйт..
В каждой шутке есть доля правды...
#24 24 Май 2019 - 12:41
Бул жактан кеңеш берүү оңой. Бирок бир адам сага корс мамиле кылып, кагып силкип,кол көтөрүп турса, ага жылмайып жакшы сүйлөш кыйын. Муну кандай адам кылат билбейм. Көңүлүңдү оорутуп турса жакшы сөз чыгуусу кыйын. Байкашымча Айзирек деген форумчу депрессияда.
Күйөөсү, кайненеси, кайын сиңдиси баары кошулуп чүнчүтүп жиберсе кантип жакшы сүйлөйт. Аллах сабыр берсин силерге.
#25 24 Май 2019 - 14:33
Бир чети туура айтасыңар Гиза.
Негизи, эрди-катындын ортосуна кайын-журт аралашпаса бактылуу тынч жашоо улана берет. Уруш чыкса да өзүңдүн айыңдан чыгат, башка эле бирөө себеп эмесчи. Бирок, кантсе да, өмүрлүк жарыңдын сага кылган мамилеси өзүңдөн гана көз каранды деп ойлойм.. Ар бир адам эхо катары, кандай сүйлөсөң ошондой жаңырат. (Что эркеги, что аялы).
В каждой шутке есть доля правды...
#26 26 Май 2019 - 17:17
Өтө аяр мамиле кылам. Миң ойлонуп бир сүйлөйм. Ашыкча чалчактап эркелебейм.
Айтканы закон, балдарым да ошол тартипке көнсүн дейм. Сыйлайм, бирдеме издеп жатса тура калып алып берем, бирөөнүн көзүнчө эмес эчким жокто деле катуу сүйлөбөйм. Жиним келип, капа болгондо үнүм 0.5 тонго өзгөрүшү мүмкүн бирок ажжылдабайм.
Керек жерде эркелейм. Керек нерсемди акырын эле айтып коем, өзү да бир сөздүү, мен да ошого карап настройкаланып калгам. Бойдок кез менен азыркы мүнөзүмдү салыштыруу мүмкүн эмес. Өтө өзгөргөм. Күйөөсүн кагып силкип, үнүн катуу чыгарып сүйлөгөн аялзатын көрсөм нерввв кашаят. Үй бүлөөдө эркек өйдөрөөк болуш керек. Өзгөлөрдөн ӨЗГӨЧӨ мамиле кылам.