Ala-Tooluk.Jigit Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 253 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Дин жана философия (109 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Март 14
- Кароолор:
- 11 472
- Соңку аракети
- 29 Авг 2014 08:02
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 109 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 1, 1915
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
001KG
05 Июн 2020 - 02:52 -
AZIK01
03 Апр 2020 - 00:42 -
Armin_97
25 Фев 2020 - 23:59 -
jetinur90
27 Янв 2016 - 23:17 -
Tatli_Melek
06 Дек 2015 - 09:06 -
Nurdoolot94
05 Июн 2015 - 15:31 -
-detka-
30 Окт 2014 - 18:08 -
MARGO55
09 Окт 2014 - 11:05 -
Adilettikenek
13 Сен 2014 - 19:58 -
eto_bek
04 Сен 2014 - 23:52
Мен ачкан темалар
-
Өзбекстан мигранттарын күчтөп чакыртууда
Жазылган күн: 5 Авг 2014
Өзбекстанда тышка чыгып кеткен эмгек мигранттарын мекенине кайтаруу үчүн атайын өнөктүк башталды. Милиция үймө-үй кыдырып, ата-энелерден мигрант балдарын артка чакырууну талап кылып, буйрукка баш ийбегендерди ири айып пул менен коркутууда.
Акыркы кездерде «Азаттыктын» өзбек кызматына Орусиядагы жана Казакстандагы өзбекстандык мигранттардан ар кандай каттар түшө баштады. Казак жергесинде эмгектенип жаткан ферганалык мигрант минтип жазат:
- Бүгүн мага Өзбекстандан чалышып, шашылыш үйгө чакырышты. Көрсө маале комитетинин активдери менен участкалык милиция үйлөрдү кыдырып, Орусияга же Казакстанга иштеп кеткендердин тизмесин түзүп атыптыр. Мигранттарды 10 күндүн ичинде кайтарып келип, аларга иш орундарын түзүп берүү тууралуу буйрук түшүптүр. Менин жакын таанышым, коллеждин мугалиминин айтымында, жакында эле район акими жыйналыш өткөрүп, баарын артка кайтарууну талап кылыптыр.
Орусияда иштеп жүргөн дагы бир мигрант анын досунун ата-энесин чоң айып пул менен коркутушканын айтат:
- Мен Фергананын Алты-Арык деген жериненмин. Кокондук досумдун ата-энесинин үйүнө милиция келип “Эгер балаңар үч күндүн ичинде кайтпаса, андан кийинки ар бир күнгө 700 миң сумдан төлөйсүңөр», - деп айтыптыр. Азыр эми ал жигит айласын таба албай жүрөт.
Атын атабаган кокондук укук коргоочу мигранттарды мекенине кайтаруу кампаниясынын башталганына эки жумага жакындап калганын билдирди:
- Бир эле Кокондо эмес, жалпы Фергана облусунда башталды. Жакында эле премьер-министр Мирзияев Ферганага келип 6 сааттык чогулуш өткөргөн. Ал жергиликтүү бийликтегилерге чет жерде иштегендердин тизмесин түзүп, аларды кайтарып келип, мекенинен жумуш менен камсыздап берүүнү буйруду. Ушундай эле буйрукту бардык ишканаларга берип, кайтып келген мигранттарды ишке алууга чакырды. Алар сырттан айына 2-3 миллион сум табышат. Бул жакта маянасы кандай болору белгисиз.
“Азаттык” радиосу Фергана облусунун акимчилиги менен байланышып, бирок бул боюнча маалымат ала албады. Ал арада ушундай эле иш-чаралар Анжиян облусунда да башталганы маалым болду.
Орусияда иштеген анжияндык мигрант анын кичи мекенинде да үгүт кампаниясы жүрүп жатканын кабарлады:
- Азыр бизде – Коргон-Төбөдө айыл аксакалдары менен участкалык инспекторлор үйлөрдү кыдыра баштаптыр. Менин ата-энем да кел деп чакырып жатышат, азыр карыздарым көп, алардан кутулмайынча бара албайм.
Казакстанда жүргөн дагы бир мигранттын айтымында, анын атасы балдарды артка чакыруу зарылдыгын мечит имамынан уккан. -
1% элита дүйнө байлыгынын 39%ына ээлик кылат
Жазылган күн: 9 Июн 2014
about_elita.jpeg (90,47К)
Количество загрузок:: 136]
investmentwatchblog. com иликтөөлөргө ылайык жазышынча, учурда 1%ды түзгөн коомдун эң бай бөлүгү дүйнөдөгү бардык байлыктын 39%ына ээлик кылат. Ошол эле учурда, дүйнө калкынын 50%ын түзгөн жакырлар жер жүзү байлыгынын 1%ына гана ээлик кылат. Глобалдуу финансылык система байлыкты эң жогоруда турган элитага багыттоо үчүн түзүлгөн, ошентип байлар менен кембагалдар ортосундагы жарлык үрөй учурган ылдамдыкта кеңейип барууда. Глобалдуу элита экономикалык кризистерге карабастан өз байлыктарын дагы да көбөйтүү менен алек.
Глобалдуу элитанын байлык чогултуу ыкмаларынын негизи «карыз» инструменти болуп эсептелет. Дүйнөдөгү карыздардын көлөмү 190 триллион долларга жетсе, ал эми дүйнөлүк ички дүң продукт 70 триллион долларды гана түзөт. Карыздарга негизделип алган дүйнөлүк финансылык түзүм байлыктарды жана өкмөттөрдү соруп глобалдуу элитаны байытууда. Шек-күмөнсүз, элита тарабынан башкарылып жаткан үлкөн банктар жана корпорациялар баалуу эсептелген ар кандай нерсени басып алышууда, мисалы: табигый ресурстарды, пайдалуу чакан бизнести, кыймылсыз мүлктү, саясатчыларды жана башка ушул сыяктууларды. Акча, бийлик, мүлк жана көзөмөл элитанын колунда чогулуп калууда.
Дүйнөдө кыжырдануу жана көңүл калуу өсүүдө о.э. байлар менен кембагалдар ортосундагы аралык да өсүп бара жатат. Төмөндөгү сандар муну ырастап турат:
- Дүйнө калкынын 1%ын түзгөн эң байлар планетадагы байлыктын 39%ына ээлик кылат.
- Credit Suisse тарабынан алып барылган изилдөөгө ылайык, дүйнө калкынын үчтөн экисин түзгөн жакырлар дүйнөдөгү бардык байлыктын 3,3%ына гана ээлик кылат.
- Экономика жана өнүгүү боюнча дүйнөлүк изилдөө институту жакыр эсептелген дүйнө калкынын жарымы дүйнөдөгү бардык байлыктардын 1%ына гана ээлик кылышын маалымдады.
- Дүйнөдө 1 миллиард адам ачка абалда түн өткөрөт.
- 3 миллиарддан ашуун киши күнүнө 2 доллардан аз акчага жашайт. -
Кыргыздар эгемен элби?
Жазылган күн: 9 Июн 2014
kyrkyz-el.jpeg (23,73К)
Количество загрузок:: 694]
Кыргызстандын эгемендүү же эгемен эмес экенин аныктоо үчүн дүйнөлүк эл аралык абалды билүү зарыл.
Бүгүнкү дүйнө мамлекеттери 1-2-3-дүйнө мамлекеттери болуп бөлүнүшөт. Булардын ичинен 1-дүйнө мамлекеттери чыныгы эгемендүү мамлекеттер болуп эсептелишет. Алар 2-дүйнөлүк согушта утуп чыгып, дүйнөнү өз ара бөлүштүрүп алган мамлекеттер: Англия, Франция, Америка, СССРдин мураскору Россия жана Кытай. О.э. Германия кайрадан булардын катарына кошулууга жакындашып келе жатат.
Эгемендүү мамлекет өзүнүн тышкы жана ички саясатын пайдасына карап, каалагандай жүргүзөт.
Ал эми, 2-дүйнө мамлекеттери кимдиндир таасири астындагы мамлекеттер болуп саналат.Алардын тышкы саясатын башка бир мамлекет менен көз карандылык эмес, кызыкчылык байлап турат. Мисалы, Япониянын Америкага, Австралиянын Америка жана Британияга, Канаданын Америка, Британия жана Францияга байланып турганы сыяктуу. Ошондуктан буларды да толук эгемендүү деп айтууга болбойт.
Эми 3-дүйнө мамлекттерине токтоло турган болсок, буларда таптакыр эгемендүүлүк деген нерсе жок. Аларда кожоюн деген бар. Ал эми, юридикалык жактан эгемендүүлүк алуу бул да чоң жетишкендик деген нерселер – ошол кожоюндардын колониядагы дүйнө мамлекеттеринин калкын – сооротуудан башка нерсе эмес. Кожоюндар дагы «силер эми өнүгүп келе жаткан мамлекеттерсиңер, дагы мынча жылдан кийин бизге жетип аласыңар» деп да сооротушат. 3-дүйнө мамлекеттери өз ара бири-биринен айырмаланышкан жагдайлары бар. Мисалы, кожоюн мамлекеттер алардын бирин регионалдык лидер кылып тандашы мүмкүн, дагы бирин ага атаандаш кылып коюшу ыктымал. Мисалы, Америка Египетти жакынкы чыгышка лидер кылып койгон эле ж.б. Бирок, 3-дүйнө мамлекеттери күнкордук жагынан айырмаланышпайт. Мисалы, Түркия менен Кыргызстан күнкорсуздукта бирдей т.а. экөө тең эгемендүү эмес. Күнкор мамлекет өзүнүн тышкы саясатында жана айрым ички маселелеринде башка бир мамлекетке көз каранды болот. Мисалы, Казакстан Россияга көз каранды болгону сыяктуу.
Кыргызстандын эгемендүү эмес экендигин дагы бир жактан аныктап алууга болот. Б.а. «эгемендүүлүктүн» тарыхын билсек, кыргызстандын эгемендүү эмес экендигине дагы бир жолу ынанабыз. Мисалы, кафир батыш Халифалыкты кулатканда мына ушул эгемендүүлүк идеясын ишке салган. Мисалы, «халифалыкты түрктөр башкарып жатат, эй арабдар, силер алардан бөлүнүп чыгып, эгемендүү болгула» деп көкүткөн. Халифалыктын кулашы менен мусулмандар, алтургай, арабдардын эле өздөрү бир нече мамлекетчелерге бөлүп ташталган жана алар колонияларга айланган. Андан кийин, 60-жылдары Cоветтер союзу менен Кошмо штаттар Англия жана Франциялардын колонияларын тартып алууга тил бириктиришти. Мына ошондо алар колониядагы мамлекеттерге «силер колонизаторлук чеңгелинен кутулуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттер болушуңар керек» деп, жасалма төңкөрүштөрдү уюштурушту жана башкалардын колонияларын өздөрүнө оодуруп алышты. Негизи, эгемендүүлүккө жеттик деген мамлекеттер эч кандай эгемендүүлүккө деле жетишкен жок, болгону, алардын кожоюндары гана алмашып калды. Батыш лагерь чыгыш лагерди кулатууда да мына ушул «эгемендүүлүк» идеясынан өнүмдүү пайдаланды. Союздун курамындагы республикаларды эгемендүүлүккө үгүттөп, Советтер союзун ыдыратты. Андан бөлүнүп чыккан республикалар калп эле эгемендүү аталышты жана башка державалардын да аларга кожоюндук кылуу үчүн ат салышуусуна жол ачылды. Кыргызстандын “эгемендүүлүк” тарыхы да так мына ушул жерден башталат эмеспи. Эмне дейсиңер мекендештер, эгемен бекенсиңер?
Рахмат Даур Аскер -
Цивилизация деген эмне
Жазылган күн: 9 Июн 2014
Бүгүнкү күндө цивилизация жана культура терминдери кеңири колдонулуп жүрөт. Кээде алар синонимдер катары пайдаланылса, кээде аларга ар кандай аныктамалар да берилип калат. Негизи, бул эки терминдин тең турмуш чындыгында өз акыйкаты бар, андыктан аларга салыштырмалуу түрдө аныктама берип алууга болот. Культура термини кыргыз тилине маданият деп которулуп, ал кеңири колдонулуп жүрөт. Маданият сөзү болсо араб тилинен өздөштүрүлгөн сөз. Ал эми цивилизация сөзү кыргыз тилине которулган эмес. Муну азырынча биз дүйнөкараш деп колдонуп турганыбыз туура болот.
Демек, биз кабыл алган аныктама төмөнкүдөй:
Цивилизация – бул турмуш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн топтому б.а. дүйнөкараш. Мисалы, Ислам дүйнөкарашы, демократиялык дүйнөкараш, коммунисттик дүйнөкараш деген сыяктуу.
Маданият – бул турмуштун материалдык көрүнүштөрү.
Б.а. турмуштук иштерде иштетиле турган жана сезүү органдары аркылуу сезиле турган нерселердин материалдык көрүнүштөрүн «маданият» деген термин менен атап алганыбыз оң.
Маданияттын да эки түрү болот.
Маданияттын биринчи түрүн айта турган болсок, ал белгилүү бир цивилизациядан келип чыгат жана ал өзгөчө маданият деп аталат. Мисалы, айкелчилик, порнография, тост сүйлөө сыяктуу маданий көрүнүштөр демократиялык цивилизациядан келип чыккан өзгөчө маданият болуп саналат.
Ал эми маданияттын экинчи түрүнө токтолсок, турмушта илим жана өнөржайдын өнүгүүсүнөн келип чыккан маданият болот, ал жалпы маданият деп аталат. Мисалы, телевидение, самолёт, космостук корабль жана пенициллин сыяктуулар.
Мусулман үммөтүнүн Ислам цивилизациясынан башка дүйнөкарашты кабыл алышы мүмкүн эмес.
Ал эми маданият жөнүндө айта турган болсок, мусулмандар жалпы маданияттан толугу менен пайдаланышы мүмкүн. Бирок, өзгөчө маданияттан бир да нерсе алышы мүмкүн эмес. Азыр жарандарыбыздын көпчүлүгү М. Шахановдун «Биз билбей, Батыштын канализациясына уланып алыптырбыз» деген сөзүн абдан жакшы билишет. Мына ошол агабыз айткан Батыш канализациясы – бул Батыштын цивилизациясы жана ушул цивилизациядан келип чыккан анын өзгөчө маданияты. Демек, мусулмандар буларды албашы керек.
Батыш кафирлери: “Эгер Ислам мамлекети курулса, адамдар кайрадан 7-кылымдагыдай жашап калышат. Автомобиль ордуна төө минишет” дешет. Бул сөздөрдү болсо кафирге малай, Батыш дүйнөкарашы менен сугарылган, өзүбүздөн чыккан маңкурттар да кайталап жүрүшөт. Эми ушул жалган жалааны сергек акылыбыз менен бир талкуулап көрөлүчү.
Айта кетсек, ушул сөздөрдү айтып жаткан кафирлердин өздөрү демократияны колдонуп жатышат. Ал эми демократиянын түпкүлүгү байыркы грек цивилизациясы жана маданиятына барып такалат. Ооба, Батыш байыркы грек цивилизациясына жана андан келип чыккан өзгөчө маданиятка кайтты, бирок, жалпы маданиятта ал байыркы дүйнөгө кайтып кеткен жок да. Ушул сыңары эле, Ислам мамлекети да Ислам цивилизациясын жана андан келип чыккан Исламдын өзгөчө маданиятын кайра алып келет жана ушуну менен эле бирге, ал жалпы маданияттын өнүгүшүнө да өз салымын кошот.
Ар бир цивилизация өкүлдөрү адамзаттын жалпы маданиятына зор салымдарын кошушкан. Ислам дүйнөкарашы өкүм сүрүп турган доордо мусулмандар илимий ачылыштарды жасашты жана ал ачылыштар жардамында өнөржай ойлоп табуулары жүз берди. Ислам мамлекети доорунда алгачкы механикалык саат ойлоп табылды, калкты таза суу менен камсыздоо системасы ишке түштү ж.б.у.с. Кийин мусулмандар Исламды туура колдонбой калганда, жалпы маданият өнүгүүсүнүн эстафетасы Батышка өтүп кетти. Батыш мамлекеттери эң зор өнөржай төңкөрүшүн жасады. Бул да айтып бүткүс. Советтер Союзунун да жалпы маданиятка кошкон салымы зор болду. Мисалы, ал космоско жол ачты.
Демек, эске алчу эң зарыл жагдай мындай: илимий ачылыш, өнөр жайдагы ойлоп табуулар сыяктуу жалпы маданияттар белгилүү бир дүйнөкарашка таандык болбойт. Мисалы, бүгүнкү күндөгү илимий ачылыш жана өнөржай өнүгүүлөрүн Батыш цивилизациясына таандык деп айтууга болбойт. Анткени, Батыш цивилизациясынан мурун деле илимий ачылыштар болуп, өнөржай өнүгүүлөрү болуп келген жана Батыш цивилизациясы жоголгондон кийин да бул улана берет. Буюрса, жакында тикеленчү Халифалык мамлекетинде бүгүнкүдөн да укмуштай илимий ачылыштар жасалып, укмуштуудай өнөржай өнүгүүлөрү жүз берет.
Эл ичинде “Исламды кармангандар илимден артта калышат” деген дейди кептер да жүрөт.
Ислам жана илим тууралуу сөз кылганда, оболу, илим эмне экендигин аныктап алышыбыз керек. Орус тилинде провещение, образование, наука деген терминдер иштетилип жүрөт жана алардын ар биринин өз мааниси бар. Ушул сыяктуу эле араб тилинде илим, фан, сакофат деген сөздөр бар. Алар айрым учурларда синонимдер катары колдонулса, айрым учурларда айырмалуу маанилерди беришет. Биз аларды темин катары кабыл алып, алар мененбелгилүү бир аныктама берилген акыйкатты атап алганыбыз туура болот.
Лабораторияларда эксперименттер жүргүзүү аркылуу нерселердин касиеттерин аныктап, аларды турмушта колдонуу – илим деп аталат. Химия, физика, медицина ж.б.лар ушуга кирет. Пайгамбар алайис-саламдын «Кытайга барып болсо да илим алгыла» деген хадисинде мына ушул илим назарда тутулган. Демек, Исламды илимге каршы коюуга болбойт. Тескерисинче, башка тармактар сыяктуу эле, Ислам илимди да өз ичинде камтыган.
Ал эми турмушту күзөтүү аркылуу келип чыккан тыянактар – фан деп аталат. Аларга психология, политология, социология ж.б.лар кирет. Курма чаңдаштырууда Пайгамбар алайхис-салам: Силер дүйнө иштериңерди билүүчүрөөксүңөр, – деп айтканда ушул фан назарда тутулган.
Кайсы бир идеологияга таандык билимдерди окутуу – сакофат деп аталат.
Буга мыйзам, тарых, тил, адабият кирет. Пайгамбар алайхис-салам: Кабырга чейин илим алуу фарз, – дегенде исламий сакофатты назарда туткан. Исламий сакофатка Куран үйрөнүү, хадис шархы, фикх ж.б.лар кирет.
Бүгүнкү күндөгү интеллигент сөрөйлөрүбүз Батыш сакофатына ууланып калышкандыктан, Исламга асыла беришет. Өлкөбүздүн келечегин Батыш мамлекеттеринен окуп келген кадрларга байлагандар да толтура. Негизи, алар Батыштан илим албай эле, Батыштын сакофатына сугарылып келип жатышат. Мисалы, жарандык мамлекет, демократиялык башкаруу, адам укугу, гендердик саясат, ж.б.у.с. Батыш сакофаттарынан болуп эсептелет.
Эми ушул демократиялык дүйнөкараш менен андан келип чыккан өзгөчө маданияттын “мөмөлөрүнө” мисал келтире кетебиз. Мисалы, алар адамзаттын ардактуу жана аялуу өкүлдөрү болгон аалам аялзатына, алардын катарында Кыргызстан айымдарына эмнелерди берди экен? Анткени, учубузду улачу урпактарыбыздын тарбиясы ушуларда жатпайбы.
Демократиялык дүйнөкарашка таандык түшүнүктөр: :
Сүйүү эркиндиги
Гендердик теңдик
Өзү каалагандай жашоо
Жат аял-эркектер аралашып жүрө берсе болот
Эрди-катын болбогондор деле чогуу бийлесе жана ээн жайда бирге боло берсе болот
Эл көзүнө сулуу көрүнүш керек
Атак-даңктуу болгон жакшы
Кызганыч – бул караңгылык
ж.б.у.с.
Батыш цивилизациясынан келип чыккан маданиятка мисалдар:
Айкелдер
Порнография
Балет
Сексуалдуу кийимдер
Түнкү клубдар
Дискотекалар
Арак ичүү
Аялдардын эл көзүнө көйрөңдөнүп чыгуусу
Сойкуканалар
8-март
Сүйүшкөндөр күнү
Жогорудагыдай жашоо образын даңазалаган кинофильмдер жана көркөм чыгармалар ж.б.у.с.
Ааламда
Дүйнө боюнча боюна бүткөндөрдүн 22 %ы аборт кылдырат.
2006-жылкы маалымат боюнча, дүйнө боюнча ВИЧ-инфекциясы менен жашаган аялдардын саны — 17,7 миллион болгон.
Россияда жылына 14 000 аял эрлери же башка жакындарынын колунан каза табат
Москвада 10 никенин 6сы ажырашып кетишкен.
ЕСда төрөлгөн балдардын ар бир үчүнчүсү никесиз төрөлөт
Америкада баңгилердин 44%ы аялдар
Кыргызстанда боюнда бар миң аялдын 11и аборт жасатат.
Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын саны 12 миңге жетет. Алардын 44%ы аялдар. Такталбагандары канча дейсиң…
СПИДден өлгөндөрдүн 26%ы аялдар.
2012-жылы Кыргызстанда 2678 үй-бүлө расмий түрдө ажырашкан. Катталбагандары канча дейсиң…
Бишкектеги Ленин районунда эле, 500 үй-бүлө никеге турса, анын каршысында 300 үй-бүлө никесин бузган.
Кыргызстанда төрөгөндөрдүн 24%ы никесиз төрөп жатышат.
Кыргызстанда түрмөгө түшкөн аялдардын 33%ы наркотикага байланыштуу камалган.
Урматтуу мусулман бир туугандарым! Булар демократия канализациясындагы жамандыктардын бир тармактагы бир микробу гана. Калгандарын өзүңөр деле сезип-билип жүрөсүңөр калчагыла.
Белгилүү болгондой, Батыштын канализациясы – бул алардын коммунисттик, капиталисттик цивилизациялары жана андан келип чыккан өзгөчө маданияттары. Батыштан алсаңар, алардын дүйнөлүк илимге жана өнөржай өнүгүүлөрүнө кошкон салымдарын алгыла, ал эми, демократияны жамынган капиталисттик жана социализмди жамынган коммунисттик дүйнө караштарын ыргытып салгыла. Анткени, силердин бактысыздыгыңардын башы ушунда жатат.
Тарыхка калыстык менен бир кайрылып көргүлөчү!
Ата-бабаларыбыз качан араккеч, баңги, бачабоз болушкан?
Кыргыз аялдары качан ойнош күткөн шуркуя, дене саткан сойку болушкан?
Никесиз жашоону бабаларыбыз катуу каралашкан. Алар оозеки чыгармаларыбызда айтылып калган. Мисалы, зина кылышканы үчүн Аксаткын менен Кулмырза, Олжобай менен Кишимжан сыяктуулар өлүмгө өкүм кылынган. Жат эркекке жагалданганы үчүн Бурулчанын чачы кыркылып, куйрук-жалы көсөлгөн жайдак байталга мингизилип, төркүнүнө айдалган. Бабалар мына ушундай ар-намыстуу болгон. Кечээги эле коммунист кафирлер өкүм жүргүзүп турган чакта да, кыргыздар Данияр менен Жамийла сыяктууларды элге батырбаган. Бирок, бүгүнкү күндө кафирлер булардын баарын теңирден тескери көрсөтүштү. Аларга сокурларча ээрчиген биздин интеллигент сөрөйлөр сүйүүгө жамынып алып, никесиздикти, ойноштукту, бузукулукту даңазалашты. Натыйжада калкыңар кандай акыбалга түшүп калды, карабайсыңарбы акыры?! Бомжуңардан элбашчыларыңарга чейин ойношчул болуп чыга келишти.
Эми айткылачы, силерге канализацияда жашаш жагабы?!.
Азамат Салам -
Айтканынан кайтпаган форумчулар?
Жазылган күн: 7 Июн 2014
Айтканынан кайтпаган форумчуларды жазабыз. Эки жуздуу эмес! Озу эмнени жазса ошону озу да аткарган, жана ошонусунан кайтпаган форумчулар кимдер?
Комментарийлер
joysin777
14 Июн 2014 - 13:52