- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Апама "менин колуктум келиндик милдетти аткарбайт дедим Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.
#1 28 Сентябрь 2015 - 16:34
Мен башынан эле апама айтканмын: менин колуктум «келиндик милдетти» аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.
Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби, менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса – бул мен үчүн эң чоң ызалык. Автору - Данияр Айтман.

#2 28 Сентябрь 2015 - 16:35
Мен шаарда, кадимки эле советтик үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум.
Менин апам кечке өкмөттүн жумушунда иштеп келип, анан дагы үйдө түндүн жарымына чейин кызмат кылаар эле. Албетте, апамдын үйдө жасаган иши оор болгону менен, аны эч ким баалачу эмес. Тескерисинче,
нааразычылык айтылып, ага апам чыдабай кээде көз жашын дагы төгүп жиберчү. Адатынча, кечкурун баарыбыз чогулуп алып телевизордун алдында отурчубуз, апамды күтүп. Кардыбыз ачканынан «апабыз кайда жоголду» деп, үшкүрүнүп да койчубуз. Апам байкуш, оор баштыктарды көтөрүп алып эшиктен кирип келгенде, жүгүн колунан алуунун ордуна, кайра «сен эмне кечиктиң, курсагыбыз ачып өзөрүп калдык» деп, нааразы болор элек.
Бир кезде өтө улгайып калган чоң ата-чоң энемди кароо максатында биз алардын эски жер тамына көчүп бардык. Ал үйдө ысык суу да, канализация да, газ да жок болгон. Кышында үйдү жылытуу үчүн ар жылы отун жана көмүр сатып алар элек. Иши кылып, бул үйдө апамдын үй кызматы мурункудан да кыйла оор боло баштады. Анын үстүнө үй-тиричилигинде иштетилген техникадан болгону бир эски муздаткыч жана үтүк бар эле. Бүт үй ишин – тамак бышыруу, кир жууш, үйдү жыйыштыруу – бардыгын апам кол менен жасачу.
Апам, илгертен келе жаткан кыргыздардын каада-салтын тутуу максатында, жеке гана биз эмес, көптөгөн тууган-туушкандарыбызга да кызмат кылчу. Бирок, апамдын бул ишин эч ким баалаган да жок, бул иши үчүн аны урматтаган да жок.
Жылдар өтүп, мен иштей баштадым. Акча таап, ата-энеме чоң, жашоого ыңгайлуу, жаңы батирди сатып алууга жардам бердим жана аны үй-тиричилигине керектүү болгон бардык техника менен жабдыдым. Бирок, апамдын башынан өткөргөн кыйынчылыктарын оңдоого болбойт, алар эч качан кечиримдүү эмес – өзүмө да, башкаларга да.
Жаш өспүрүм кезимде апамдын үй ичинде тарткан азабын көрүп, ичимден өзүмө ант бергенмин: «эч качан, эгерде үйлөнсөм, колуктумдун мындай адилетсиз жашоосуна жол бербейм» деп.
Жаш чагымда менин адатым бар эле – тааныш кыздарга дайыма бир суроону берер элем: «эгерде күйөөң урса, эмне кылаар элең» деп. Алар болсо төмөнкүдөй жооп берер эле: «шартка жараша», «биринчи жолубу же жокпу», «эгерде күйөөм жакшы болсо, түшүнүп, кечирээр элем» деп.
Бир күнү бул суроону билими өтө жогору, акылдуу-эстүү, келбети келишкен бир нече кыргыз кыздардын тобуна бердим. Акыркы кыздан башкаларынын жооптору мурункудагыдай эле болду. Ал эми акыркы кыздын сулуу бети жалбырт этип, көк көздөрү жалжылдап, бийик үнү дирилдеп: «мен ошол замат кетип калам» деп жооп берди. Анын ачык билдирген кыжыры менин жүрөгүмдү эритип жиберди.
Жакшы күйөө жана ата болуш өтө кыйын экен. Мен үй-бүлөмдү толук камсыз кылам, үй-кызмат милдеттерин колуктум менен бөлүшөм, колуктумду сыноого албайм, ага эч кандай талаптарды койбойм. Бирок, булардын бардыгы үй-бүлөнүн бактылуу болушуна жетишсиз экен. Көрсө, бактылуу үй-бүлө болуш үчүн эки адам бир-бирине көбүрөөк көңүл буруп, жакын мамиле кылып, акыл-ою, сырлары менен бөлүшүп турушу зарыл экен.
Мен үйдө сейрек болом. Болгон учурда да денем үйдө болсо, оюм башка жакта. Мен, албетте, мындай жагдай менен күрөшүп, өзүмдү өзгөртүүгө аракет кылып жатам. Бирок, бул багытта, алдыга болгон жылыштар мага абдан эле аз болгондой сезилет. Бактыга жараша, сүйүктүү колуктум азырынча менин бул кемчиликтериме анча көңүл бурбай, чыдап жатат, ал үчүн мен ага миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем.
Көпшөк күйөө атка конуу кыргыз коомунда абдан эле оңой: ал үчүн аялыңдын кишилик кадырын кенедей эле урматтап койсоң жетиштүү болот.
Бирок биз башынан эле сүйлөшүп алганбыз: өзүбүздүн турмушубузду өзүбүздүн гана көз карашыбыз менен курабыз деп. Биздин негизги принцип: биздин үй, биздин үй-бүлө – биздин чеп, ага кирүүгө башкаларга, анын ичинде ата-энелерибизге да уруксат жок.
Биз ата-энелерибизден үйлөнүүгө уруксат сурабадык, жуучуларды жиберип, сөйкө салган эмеспиз. Мен башынан эле апама айтканмын: менин колуктум «келиндик милдетти» аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.
Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби, менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса – бул мен үчүн эң чоң ызалык.
Мен ар дайым колуктумдун сөзүн сүйлөйм, себеби менин көз алдымда өзүнүн ден соолугун мен үчүн кыйган апамдын элеси дайыма турат. Менин тилегим – балдарым бактылуу болуп чоңойсо экен.

#3 28 Сентябрь 2015 - 17:47
Мен авторго тушунгон жокмун, Муну мн эмнени айткысы Келди?
В девушке нужно видеть будущую жену,а если нет- не держите возле себя чужое счастье!!!
#4 28 Сентябрь 2015 - 17:55
Анда улуу муун менен кичуу муундун ортосунда "сый" деген нерсе калбай калбайбы.
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 28 Сентябрь 2015 - 18:03
Аябай суусап, чарчап, демигип, кыйналып турганда, таза суу, аба, куч болду)))
Кобойсун феминисттер! !!
Кобойсун феминисттер! !!
#6 28 Сентябрь 2015 - 19:17
Кыргыз элимде мындай макал бар.Эри сыйлабаган аялды,балдары да сыйлап жарытпайт.Кайран кана эне,турмуштун тозогун балам деп которуп ,чыдап келсен.ээ....
Карыганында апам кыйналган сен кыйналба деп апасына келинди кызмат кылдырбаса эсиз бала...
Эне курган канча азап чексен да,чарчап чалыгып турсан да баландын апаке деп талпынганын коргондо баардык нерсе унутулуп,жан дуйнон балам деп жыргап калат го.Ушу балам чонойсо колума кол,бутума бут,акылыма акыл болот деп не деген умут менен уул чонойтосун. Апа келинин кызмат кылбайт,демек оз арабанды кылдыратып, кара казанынды корго киргенче аса бер деген экен да.Ансыз деле шору каткан замандаштарым ( классташтарым) 60 ка жашы жетсе да кара казан озундо,неберелер жонунда,уйдун кор оокаты мойнунда...
Дагы жакшы скайптан апаке бир аз чыданыз,кудай буйурса уй бутсо Москваны таштап анан атам экоонузду торумо отургузуп келининиз экообуз багабыз дейт.Ушунтип эки кундун биринде айтып турса да карылык шаштырып,чарчап чалыгып кетем...
Не болсо да балдарым силерге ыйман берсин,ынсап берсин биз эмне бугун барбыз,силеге бир азга мейманбыз,сапарыбыз карыса эртеге жокпуз....

#7 28 Сентябрь 2015 - 19:19
Аябай туура кыласын! Чыныгы азамат сен турбайсынбы.
Бирок силер да азаматтарды чонойтуп жатпайсынарбы? Алар да силердин жолунарды кайталайт деген ой келбей элеби? Эсинизде болсун, кайтаар дуйно деген ...

~Мечта - аванс успеха ...~
#8 28 Сентябрь 2015 - 21:16
Феминистерге олум . Тамаша .
Серезно айта турган болсом мындай:
Билбейм ушинтип кантип жашоо болсун!
Мен авторго окшогон балдардын апаларын тааныйм. Мен жашаган домдо 5-6 орус кемпир бар. Алардын балдары балалык милдетин, келиндери келиник милдет деген тушунуктон алыс адамдар. Ошого алар апаларын жалгыз таштап кетишкен. Алар азыр квартираларында оздору жалгыз жашашат. Оздору продукта алып келип, оздору тамак жасап жешет. Бироосунун уйу канча айдан бери тазаланбай сасып кеткен. (Бир жолу эшиги ачык турганда билгем. Негизи башкаларга эшигин ачпайт). Бироосу неберелери жок болгону учун эрте менен туруп алып кочодогу мышыктарга тамак берет. Бироосу тан атпай туруп алып подъездин алдын шыпырат. Бироосу эрте менен мусуркага барып бир нерселерди терет (сатып акча кылганга болсо керек).
Автор озун актап ата-энеме квартира алганга жардамдаштым дептир. Бирок квартира менен эле иш бутпойт. Ошол мен билген кемпирлердин да 2-3 комнаталуу квартиралары бар. Бирок алар жыргап жашап жатышкан жок.
Автордун апасы ошончолук оор жашоосуна карабай балдарым учун жашайын, ушулар чонойсо менин кызматымды кылып, мен бардык кыйынчылыктарды унутам деп жашаса керек эле (адатта жашоосу жакшы болбогон аялдар балдары учун эле чыдап жашайт). Ал умуту да ишке ашпаган корунот.

Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 28 Сентябрь 2015 - 21:43
#9 28 Сентябрь 2015 - 21:50
Эртенки кундо озунор да карыйсынар ошондо балдарыныздын,
келиндери да биз кызмат кылбайбыз десе кандай болот.Апаныздын эмгегин балабаса,сиздин жубайыныздын кызматын баалайт.Андай адамдар созсуз балайт, башынан канча кыйынчылык келген .Апаныз ошол силер учун деп иштеп журсо керек эле.Апанызды жубайыныздан пас корбон.Ушул эрежеге жеткирген ким?Албетте ата- эне .Сизге тушунбодум озу негизи апанызды, ушинтип жатсаныз.....
Озунузду кандай адам экенизди билип турабыз...Кызматтан эч ким олгон эмес...Илгеркиден жашоо азыр жакшыраак.Техника онуккон..
Билдирүүнү түзөткөн: asia_92: 28 Сентябрь 2015 - 22:18
[color="blue"]Салам[\
blue]
#10 28 Сентябрь 2015 - 21:54
Эртен сиздин келининиз катынынызга ушинтип айтканда эрдиктей,эрктндиктей корунбойт!
!! Анчыз деле апанардын кадырын билбейт экенсинер, озунордун куноонорду моюндаарынарга козум жетпейт!
#11 28 Сентябрь 2015 - 22:21
Ал баланы ким тороду экен 9ай которуп?энесинин ошончолук кыйналганын коруп "апама жардам берсин колунан жумушун алып чайынберсин"
дебейби
аялын апасынан бийик корсо ал жигит жыргап жашабайт 2 дуйно .Макул аялын сыйласын ал жакшы ,бирок апасына антип кызмат кылдырбаганы туура эмес .Орустарга окшоп жашайм дейг го тушунугумдо эртен каарыганда балдары да аялы козуно алтын корунуп кетип калганда энесинин баркын билет!

#12 28 Сентябрь 2015 - 22:52
Мына кызык :《ОЗ ЭНЕНДИ СЫЙЛАБАГАН , АЯЛЫНДЫ ДА ЭЧ КАЧАН СЫЙЛАЙ АЛБАЙСЫН 》.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#14 29 Сентябрь 2015 - 00:21
Бул кайсы келесоо дегим келип турат даа
Ойлопмун апасынын кыйналганын коруп баркына жеттим,чонойгондо ак сутун,ак эмгегин актайм дейт депмин
Байкуш апанын журогу,муну уккандан олуп эле калбай десе керек,сен аялынды алып европага эле кетип кал,орусия да бовойт кыргыздар коп мага окшогондор асып койбосун
Дагы коп жазайын дедиле,манжаларымдын конулу тушуп калды

#15 29 Сентябрь 2015 - 02:59
Баардык чон куноолордун жазасы кыямат куну берилсе, ата-энеге ак болуунун жазасын, бул дуйнодо балдарынан кормойунчо,
Кудай жанынды албайт, жана кыяматта да ото катуу жазалардын бири болот, себеби ата-эненин журогуну оорутуу, чон куноолорго кирет. Ошон учун Куранда кайра-кайра эскертет. Байкуш ата-энелерибиз,
биз учун эмне деген азаптарды тартып чонойтот, озу жегиси келген нерсенида, "Менин жегим келбейт" деп, алдап бизге жедирди эле, эми бираз чонойуп алып, асманга чыкканы кантет бул мырзабектин.
Бирок балдарын бар экен шугур, ошолордон ушундай эле абалды куто бер иншаа АЛЛААХ...
#16 29 Сентябрь 2015 - 12:54
Чындыгында кайтар дуйно. Эртен алдан тайып картайганда,
оор жумуштарын аткарып, жуунтуп тараган балдарын, кызматынды кылаар келинин болуусуна биз жаштайыбыздан,
тагыраагы кызматыбызды ата-энелерибизге откоргондон баштап пайдубалын туптой баштайбыз, Мындай тарбияны коргон балдардан эмнени кутууго болот?
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#17 29 Сентябрь 2015 - 14:26
Ээ иничек жаны уйлонгон окшойсун,арадан жылдар отот келинчегин тобоно жангак чагат,сенин келинчегине эч ким киришпегидей ал ким экен,телегейи тегиз адам болбойт,келинчегине акыл насаат берээр байкуш апанды бир ооз суйлотпойт коруносун сен,байкуш апалар тордо чай ичип отураар кезинде дагы да болсо озу ашканада,озу кирин жууп журот экен байкашымча,
анткени азыркы келиндерди айтып журуп тилин тешилет иш жасата албай.Келинчегин озум билем отугумду торго илем болот бара бара,бул кайтаар дуйно дейт ылайым сага дагы озуно окшогон мерээз,аялынын созунон чыкпаган уулдардан бешоону берсин кудайым.Ото окунучтуууу.
...Бизде кыргызымдын ушундай уулдары бар экени окундурот.
#18 29 Сентябрь 2015 - 14:28
Ушул теманы кайсы мээн менен ачтын деймда?Сыр болбосо кайсы жердин кулуну болосун?
#19 29 Сентябрь 2015 - 17:30
aikokul14 (29 Сентябрь 2015 - 14:26) жазган:
Ээ иничек жаны уйлонгон окшойсун,арадан жылдар отот келинчегин тобоно жангак чагат,сенин келинчегине эч ким киришпегидей ал ким экен,телегейи тегиз адам болбойт,келинчегине акыл насаат берээр байкуш апанды бир ооз суйлотпойт коруносун сен,байкуш апалар тордо чай ичип отураар кезинде дагы да болсо озу ашканада,озу кирин жууп журот экен байкашымча,
анткени азыркы келиндерди айтып журуп тилин тешилет иш жасата албай.Келинчегин озум билем отугумду торго илем болот бара бара,бул кайтаар дуйно дейт ылайым сага дагы озуно окшогон мерээз,аялынын созунон чыкпаган уулдардан бешоону берсин кудайым.Ото окунучтуууу.
...Бизде кыргызымдын ушундай уулдары бар экени окундурот.
Келин келелек, ал ким экен деп жулкунганга жол болсун? Балким ал кызматты кылам эле деп чыксачы
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 29 Сентябрь 2015 - 17:41
Эмииии мне дей алабыз...
Ырас, келинге жумуш жасатпаса, анда ата- энеге уйго каралашканга жардамчы жалдоо абзел. Себеби кары кишилерге кызматчы копкондуктун белгиси эмес, муктаждык.
Анааан... бу гиши уйлонолек жатып аялы учун озу чечим чыгарып коюптур, кайран десе. Муну тендик девейле койгула, ананайындар. Келинчегинин пикирин коро албадым, чын айтсам.
Учунчудон, эмнеге келиндин орду же кул менен барабар, же темада айтылгандай фарфрейшн болуусу кажет? Бул экоо тен жаравайт! Улууну оз жолунда урматто керек, бирок ошол эле маалда уйдогулор деле жогорудагыдай "Келин китоооо" дебестен, мейли, кызындай корбосун,адамдай эле корсо баланс сакталат деген ойдомун.