Дилбар уйго кирип кетээри менен Капар Максатка карап:-Бу катынын сени башкарып алган го!Сен да соз суйлой албай калыптырсын, эгерде менин Кларам мага ушинтип эле корсунчу,эмне кылаар экенмин!Ал мага минтип кыйкырмак тугул,ойдо карап суйлобойт.Катынын сени киши катарына да корбойт экен.Элдин козунчо айкырып, кыйкырганы, сени сыйлабаганы да.Мындай катындарды жумасына бир жолу кудайын таанытып,шайтандарын айдап туруу керек,а сен андан коркот экенсин,-деп атайын намысына тийди. Максат Капардын созуно ардана тушту:-Мен эмнеге катынымдан коркмок элем...-Анда коркпосон журу,биякка барып жуздошуп келеличи,башым зынылдап ооруп турат,-деген Капарды Максат ээрчитип жоноду.-Уйдо нанга акча жок,балдарыбыз ачка отурганда аларга акча таап келбейсин.А аракка сага акча табылат!-деп кыйкырып тосуп алды Дилбар кечинде бутуна туралбай мас болуп келген эри Максатты.Анан жаны кашая:-Балдарынды оозанып каргандын эле,бизден коркпосон кудайдан корксон боло!кудай албаган аракеч!Пайдасы жок шумшук!Кайсы куну мен шордууну кудай сага кошуп койду экен!Сендейди жер да албайт тура!Мобу чиедей болгон балдарынды аясан боло!-деп буркан-шаркан тушо ыйлап кирди.Максат арак ичкен сайын аялынын ушундай заар тилдеринен тажап,сабаган кундору да болгон.Сабагандан эч майнап чыккан жок,тескерисинче тили узарып,кучоп кетти.Азыр да айкырып-кыйкырып урушканына кыжыры келип,Максат Дилбардын жаагын басыш учун мештин устундо турган чайнектеги сууну башынан ылдый куюп жиберди.Баласын эмизип,эрине нараазы болуп урушуп аткан Дилбар Максаттан мындайды куткон эмес... ***Таабалды карыя Рахмандан Зейнептин кош бойлуу экендигин угуп,жаш балача кубанып,жузуно жылмаюу пайда болду.-Болсун, болсун!Аман- эсен коз жарып алсын-деп батасын берди.Зейнеп кайнатасынан уялып,уйдон чыга албай турду.Ал эми бери жакта оздорунчо ойноп жатышкан кичинекей эки уулу Рахмандын дагы балалуу болоорун алардын создорунон тушунуп томсоруп карап калышты... Таабалды менен Рахмандын кубанычтарына чек жок,болочок бала тууралуу суйлошуп атышты.Уйдон чыккан Зейнеп Таабалды менен Рахманды уялынкы карады.-Бактылуу бол айланайын! Кудай тилегинди берсин,-деди Таабалды карыя батасын берип.Зейнеп кайнатасын карап жугунуп койду.-Бугун озгоч кун,бугунку кунду майрамдаш керек!Мен азыр эшикке чыгып торт алып келип,озубузчо майрамдап коелу,-деп Рахмандын чечекейи чеч боло сыртка чыгып баратып,кичинекей эки уулунун томсоруп,эшиктин алдында мусаапырдай отурганын коруп тык токтоду.-Силерге эмне болду,-деди балдарынын жанына келип,экоонун саамайынан алмак-салмак сылап.-Эч нерсе...,-деди каргылданган ун менен балдардын улуусу Тилек. Азыр бир соз суйлосо эле экоо ыйлап жиберчудой болуп,коздорунун кычыктарына жаш толуп даяр болуп турган.Рахман балдарынын мындай абалын коруп,журогу сыздап кетти.Канчалык аларды оз убагында жуунтуп,тазалап, тамакты таттуу жасап берип,конул болгон Зейнептин аларга деген аракети эч нерсеге арзыбаганына кейиди.Жаман, аракеч,сойку болсо да,балдары учун оз энеси Кларага эч ким жетпесин эми билди,Рахман. Анан:-Жургуло, мени менен кочого чыгып балмуздак,торт алып берем,-деди алардын ыйлагысы келип турганын корсо да,кормоксонго салымыш болуп.Балдарынын кичуусу атасынын айтканына конулдонгондой ордунан турду эле улуусу:-Эч жакка барбайбыз.-деп койду,кичуусу агасынын созун угуп,чон кишиче анын жанына отуруп калды.-Силерди бироо таарынттыбы? Эмне болду?-деди. Тилек атасын кучактап ыйлап жиберди.Анын ыйлаганын коргон кичуусу да буркурап ыйлап жиберди.-Болду ыйлабагыла, силер деген чонсунар,солдатсынар да,анан жигитсинер. ..жигиттер деген ыйлабайт да...Эмне айылга кеткинер келдиби,апанарды сагындынарбы? -деди айласы кеткен Рахман.Анан:
Мындан быягын ayka96 деген синдим улап жазам деп купуя катка жазыптыр суранычын бойунча улап жазып аягына чыгып кой синдим мен карышы эмесмин.
Билдирүүнү түзөткөн: Aizurok: 02 Июль 2015 - 03:50