- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кыргыз жана казак кайдан чыккан бул жек көрүү?
#1 18 Март 2011 - 22:07
Азыр эле бул http://kgperson.okis. ..news.67257.html жерден макаланы окуп маанайым чөктү.
кантсе да Аалы байке чооң рахмат, жакшы жооп бериптир. Аллах андан ыраазы болсун.
Ушул маселе боюнча силердин пикирлериңер кандай?
Менимче казак акындары көбүп кетишти...
#2 18 Март 2011 - 23:35
#3 18 Март 2011 - 23:54
Бир келип кетчи мен жакка.
#4 19 Март 2011 - 00:01
![:80:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/80.gif)
![:60:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/60.gif)
#5 19 Март 2011 - 07:40
Курдайдан Чуга чейин тахи менен барып калгам, ичинде орто жашап калган аял жана куёосу, андан кийин дагы бир киши тушту. Баарыбыз Чуга сапар алдык. Адам болгондон кийин маектешип алыс жолду кыскартып соз сала баштадык. менин кыргыз кызы экенин билгенде мени башташты силер бизге эле кошулбасанар анда жоголосунар, же Колду бизге Ошту озбеке калганын Кытайга болуп бериш керек деп каткырып соз сала баштады. анда аялы болсо оо буларды карыздары менен ичким албайт деп каткырып бара жатты... коп кептер суйлонду эстегимда келбейт. Жек коруу да менде пайда болду. Булар БООРДОШ емес еле озоктон чыккан орт екенда...
Менда коп айтыша бастым. эмнеге кошулабыз, силер кимсинер жонокой жарансынар мага окшогон элди оюнчуктай кошуп койгону тургансыйсынарда. салпалдап жерибиз жок, элибиз жок, тарыхыбыз жок журсок бир кеп!!! ..копко пауса болду баарыбыз кетип баратык...анан эле тиги эже оо Мээрим сен таарынба, мен деле таарынбадымго деп кулду...Кайдан билипмин жанымда озубуздун эле кыргыз кызы отурганын! !! Оо карангы тун ошондо куйбогон жерим куйду, ичим куйду, жаным куйду... ал эже 38 жылдын бери казак жездебиз менен баш кошуп казак эле болуп калыптыр. ал эжеге бир эле соз айтым Оз агасын агалай албаган, бироонун коросун сагалайт. Сиз КЫргыздай торкунум бар деп суктанбайсызбы, сиз цыгандын кызы эместирсиз. ... ушу соз менен 3 казак жана 1 кыргыз 1 курд (тахист) Чууга чейин оозубузга талкан салып алгандай бардык...
Бул кунду унутпайм, ичимен коп нерселер чубалжып, башымды оорутуп кетип баатканым коз алдында. Ыйлагым келди, алардын небересиндей эле кызмын, бирок мен кучтуумун мен кыргызмын азыр ыйласам анда женилем деп ызааланып кележатым, же Чуга жетпей койдук...
ал еми темага карай жасам ААЛЫ байке сиз азаматсыз, алга!!! Жанып турган патриоттук сезимибизге, чрагыбызга май куюп тургандайсыз. Таазим!! !
![Сүрөт](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/52.gif)
БИЗДИН КЕЛЕЧЕК АСТЫДА!! !!!!
#6 19 Март 2011 - 12:20
#7 20 Март 2011 - 12:32
Бакиев убагында Назарбаев аябай суйлоду эле Бакиев шайлоодон женгенде ант берип жатканда.
Акаевдын баласына кызын берип.
Кошоматчылык кылып журду эле.
Тарыхда унутпай казактар кыргыздарды сатып басып алалы дешкен Кененсары убагында. Женилип калышкан.
Анда бут Ысык-Колду элеп алган казактарды айдаш керек пансионаттар биздики алардыкы эмес. Копкон мактанчаак манкалар.
Абайлагыла дейт мындай суйлогондон кийин Кыргызстандын кейпин кийип калбай.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 20 Март 2011 - 12:36
#8 20 Март 2011 - 14:37
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#9 20 Март 2011 - 14:59
Бир келип кетчи мен жакка.
#10 20 Март 2011 - 17:25
Барс (20 Март 2011 - 09:37) жазган:
ооба сиздики деле чын...
бирок кантип ичин куйбойт, кантип башын жер карабайт, кантип...?
казак байлыгын катип билдирет дейсиз? канча акчасы бар кенин айтат дейсизби, же жеринби, же малынбы..? ЖОК
Менде мынча КЫРГЫЗ (малайым) бар деп мактанат. Канча кыргыз коп болсо ошончо бай...
#11 21 Март 2011 - 13:28
#12 22 Март 2011 - 13:48
#13 22 Март 2011 - 16:56
Өркүндөй бер, өсө бер
Өз тагдырың колуңдааа.
#14 24 Март 2011 - 10:05
#15 24 Март 2011 - 13:26
Какшасам угаар үнүмдү,
Казак, Кыргыз калкым бар.
Көйгөйүм айтып эркелейм,
Көңүлдө бир аз дартым бар.
Тизгинди тартпай бош койдум,
Тилимден бүткөн камчым бар.
Баш кесет бирок тил кеспейт,
Бабадан калган салтым бар.
Элчи менен ырчыга,
Өлүм жок деген шартым бар.
Кастыкты айтпайт акындар,
Достукту айтаар парзым бар.
Кутмандуу Кыргыз, Казагым,
Кулак салгыла алтындар.
Сол карегим казагым,
Оң карегим кыргызым.
Мойнумда эгиз тумарым,
Мухтарым менен Чыңгызым.
Түбүбүз дагы опокшошко,
Үйүбүз дагы опокшош,
Түндүктөн санап жылдызын.
Ак элечек ак мөңгү,
Ала-Тоо биздин энебиз.
Эки эмчегин эки улут,
Эзелтен бери эмебиз.
Кыбыланы беттеген,
Динибиз да бир элбиз.
Ортомчу жок сүйлөшкөн,
Тилибиз да бир элбиз.
Бабам Кыргыз айткандай,
Казагым айтат канша деп,
Кыргызым айтат канча деп.
Ш менен Ч сы болбосо,
Айырма жок анча көп.
Болбосо,
Бабабыз казак айткандай.
Басымда кийген ак калпак
Кыюулап шетин шыргызган.
Меның да бетим жапжалпак,
Айырмам кайсыл Кыргыздан.
Мына ушинтип акындар,
Ынтымак жайлуу ырдашкан.
Ааламдын эли жете албайт,
Акындык жактан, ыр жактан.
Ар доордо болгон бузуктар,
Артка тарткан шыйрактан.
Ырчыларды айтам эмдиги,
Ынтымакты ырбаткан.
Адырда болгон малы бир,
Аңызында болчу даны бир.
Кан Манас менен Көкчөнүн,
Казатта болгон жаны бир.
Сакталган Кыргыз, казакта,
Санаттуу акындары бир.
Тагдыры окшош жазылып,
Тамырда соккон каны бир.
Өзгө элдер антип өкүрбөйт,
Өлгөндө көмчү жайы бир.
Бөрүнү баксаң бир күнү,
Тиш салат тура бары бир.
Казактын теле каналдан,
Кадимки эле Хабардан.
Айтышка байге сайышып,
Акындар чыкты чабарман.
“Кыргыздар бизге душман - деп,
Кененсарыны чаап алган.
Чала болду кыргызга,
Элди атаар ажо таап алган”.
Деп ырдап жатса эфирден,
Сабырым түттү араңдан.
Жакуттан үйгө баксаң да,
Жаман сөз чыгат жамандан.
Уу сөздөр чыкты биз жайлуу,
Эркегинен да аялдан.
Бок сөзүң токтот болду деп,
Чыккан жок эч ким алардан.
Айлына кирип барбасак,
Аялын тартып албасак.
Достукту айтпай акыны,
Домбырасын кучактап,
Долудай неге каргашат.
Жолоочу болуп келгенге,
Кымызы даяр Кыргыздын.
Тоноочу болуп келгенге,
Кылычы даяр Кыргыздын.
Өздөрү келип катылса,
Өлтүрөмүн деп бакырса.
Ата-баба мазарын,
Асманга чаңын сапырса.
Кантсин анан Ормонхан,
Көрсөттү эрдик баатырча.
Же эмне Кенен келди деп,
Жүгүнмөк беле катынча.
Анчалык кеттик анда мен,
Айтайын жооп акынча.
Казак дагы мусулман,
Саждага башын салгандар.
Кыргыз дагы мусулман,
Жайнамазын жайгандар.
Мусулманга мусулман,
Бир тууган деген пайгамбар.
Пайгамбардан чоң бекен,
Акынсынган ал балдар.
Тууганын душман дей берсин,
Дининен чыгып калгандар.
Байлыкка көппө тууганым,
Байлыктан улук Аллам бар.
Казактын чечен Бөлтүрүк,
Сөзүндө болбос кемчилик.
Кыргыз казак достугун,
Кыябын айтчу келтирип.
Жүлүнгө жеткен сөзүнө,
Жүрөктүн кылы чертилип.
Бөлтүрүктүн кашында,
Кыргызды душман дегендер,
Кыйналып кетмек энтигип.
Бөлтүрүк бабаң сыяктуу,
Бөрктүү сөздөн ырдагын.
Көпкөн сөздү ырдабай,
Көрктүү сөздөн ырдагын.
Карууң ага жетпесе,
Казакты уят кылбагын.
Өз элиңди сүйө бил,
Өзгө элди дагы сыйлагын.
Таанып бил кенен кыргызды,
Тазарсын оюң, ыйманың.
Шаханов Мухтар агамдын,
Көбүрөөк оку ырларын.
Абылай хан чыгып казактын,
Азабын, муңун аз кылган.
Үч жүздүн кошуп баштарын,
Ордолуу хандык так кылган.
Жанында Букар Жырау бар,
Жанаша катар бастырган.
Кыргызга жортуул жаса деп,
Абылай ханды азгырган.
Бузук сөз айтып кыргызды,
Букар Жырау чаптырган.
Кайталап тарых катасын,
Караңгы жолду басасың.
Бүгүн да казак акындар,
Бузуктук кылып жатасың.
Шак эле кыргыз душман деп,
Шайтандын алба батасын.
Элимден чыккан Жөжө акын,
Эки элге болгон көпүрө.
Көздөрү көрбөй кудайым,
Көп сыноо берген өзүнө.
Айтышкан эле акындар,
Асыла берип көзүнө.
Казактын он жети акыны,
Кайсалап калган сөзүнө.
Кыргызды казак жеңалбайт,
Салып кой баурым эсиңе.
Калмак жунгар бир кезде,
Катуу кыргын салды эле.
Казак менен кыргыздын,
Канына кылыч малды эле.
Катык сүт берээр эчки жок,
Кайың саап казак калды эле.
Кыргыздан башка ошондо,
Кыйышпас тууган кайда эле.
Кайрадан кыргыз биригип,
Калмактан өчтү алды эле.
Алиги казак акыны,
Душман дейт бизди ал неге?
А балким ошол акында,
Калмактын каны бар беле?
Орундуу айтсам чынында,
Отуз экинчи жылында.
Катыра план төгөм деп,
Капталган казак чыгымга.
Катыктап ичээр жарма жок,
Кедейде тургай байда жок.
Кыйышпас жакын тууган деп,
Кыргызга оогон айла жок.
Кырылды жолдо канча адам,
Көмүүгө кубат ал да жок.
Кыйнабай багып сыйлаган,
Кыргыздай пейил жанда жок.
Казакты кул деп айтууга,
Деңгээли пастар анда жок.
Тону жокко тон берип,
Малы жокко мал берген.
Үйү жокко үй берип,
Ашы жокко нан берген.
Үйлөнгөн кыргыз жигиттер,
Казак кыздарга пар келген.
Арадан канча жыл өтүп,
Ал жаштар азыр картайган.
Андагы казак жеңелер,
Азыр,
Чоң апа болду балпайган.
Асманда сансыз жылдыз көп,
Ааламда андан Кыргыз көп.
Дүйнөнүн булуң бурчунда,
Ырыскы издеп турмуш деп.
Пайгамбарым Мухаммед,
Насыят айткан чындык кеп.
Кытайдан болсо да илимди,
Үйрөнүүгө тырмыш деп.
Пайгамбарга үммөтбүз,
Бир кудайга кулбуз деп.
Илим издеп дүйнөнү,
Кыдырып кеткен уул-кыз көп.
Ааламда жашайт канча улут,
Майда улут жана алп улут.
Кучагын жайып достоштук,
Жүрөккө жүрөк тартылып.
Кыргызды кул деп эч улут,
Айтпаган көңүл калтырып.
Казактар бизди кул дешти,
Туугандык жолу бар туруп.
Чын тарых болсо эсиңде,
Чындыкты айтам секирбе.
Кара кыргыз деп турат,
Картаўардын бетинде.
Казак деген жазууну,
Картадан издеп таппайсың,
Музейге кирген кезиңде.
Казактан чыккан Шакарим,
Ким билбейт анын атагын.
Толуктап келген эмеспи,
Топ залкарлардын катарын.
Кыргыздан казак тарадык,
Деп,
Жазганын окуп жатамын.
Шакаримдин сөзүнө,
Бар беле кылаар чатагың.
Баурым демек, көздү ачып,
Баркын бил Кыргыз атаңын.
Айтуучу сөзүң аныкта,
Ар ишке бергин калыс баа.
Орустар агент жиберген,
Орто Азияны алышка.
Манасты Чокан жазган деп,
Баурым ай пейлиң тарытпа.
Манас бар үчүн Чокандын,
Аты өчпөй калган тарыхта.
Москва шайлап Колбинди,
Мазаңды чакты чоң жинди.
Азаттык сүйгөн казакты,
Атууга аскер, кол кирди.
Алматыдай борбордо,
Желтоксаныңар болгондо.
Кычыраган суукта,
Кырчындай жаштар тоңгондо.
Жардам бермек болушуп,
Жакыным казак боорлорго.
Атайын Кыргыз жаштары,
Аттанып чыгып сапарга.
Алматыга аз калып,
Аралап кирип Отарга.
Алдынан тосуп аларды,
Танкалар турду катарда.
Айхайлап артка качпаптыр,
Автомат менен атаарда.
Урпагы улуу Кыргыздын,
Ушундай Кыргыз эрдиги.
Казактар үчүн Кыргыздын,
Пейилинин кеңдиги.
Казактын бизге кылганы,
Кандай болду эмдиги.
Кече,
Кыйындар элди атканда,
Кыргыздын шору катканда.
Чыңгыздын ыйык мекени,
Чыланган кезде нак канга.
Чындык деп чыккан Кыргызды,
Чын айтсам теңеп мастарга.
Казактар жардам бердиңер,
Кан ичкич зөөкүр качканга.
Ош окуя башталып,
Элибиз толкуп ташканда.
Конок пейил Кыргыздын,
Койнунан жылан чакканда.
Энелердин көз жашы,
Ээгинен ылдый акканда.
Дүйнөнүн эли кол сунуп,
Жардамын берип жатканда.
Кайышып кетти кабыргам,
Каны бир деген казагым,
Чек арасын жапканда.
Казагым жүрөк, бооруң,
Катуураак беле таштан да.
Кыргыздын мындай эрдигин,
Кылымдын эли кеп кылган.
Кыргыздан чоочуп сен эмес,
Кытайлар бекем чеп курган.
Кылымдар бою урабай,
Кыргыздан сакта деп курган.
Уй түгүндөй кытайлар,
Урушка келсе көп болуп.
Казак менен Кыргызга,
Карышкырдай өч болуп.
Санаага салган эки элди,
Салык салып жеп коюп.
Кыргыз менен казактын,
Кыжыры кайнап кек толуп.
Кытайдан барып өч алган,
Кырааның Манас бек болуп.
Азыр да,
Кытайдан коргоп казакты,
Кыргыздар жашайт чеп болуп.
Казагым менин асылым,
Кардешим, боорум, жакыным.
Казакты жаман дей албайм,
Акынын айтып жатырым.
Барк алам десе элинен,
Байытыш керек акылын.
Эл деген калыс тараза,
Элекке салган акынын.
Тууралап тандап алса экен,
Тулпары менен качырын.
Арыстан гана токойдо,
Азаттыкты талашат.
Ал эми коркок коёндор,
Алптардын бутун жалашат.
Арыстан жүрөк Кыргыз деп,
Ааламдын эли карашат.
Биз да ушундай болсок деп,
Коңшу өлкөлөр самашат.
Кыргызды кордоп сынтакса,
Кымбатым баурым адашат.
Сынтакканды жөн коюп,
Сактансаңар жарашат.
Жөн жерден болгон иш эмес,
Жөөттөр кылган саясат.
Кыргызды баскан сур булут,
Калкылдап,
Казакты көздөй баратат.
#16 24 Март 2011 - 16:22
![:бах:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/83.gif)
![:ыыы:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/101.gif)
![:59:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default
/59.gif)
![:70:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/70.gif)
![:32:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/32.gif)
![:макоо:](http://www.super.kg/ipb/public/style_emoticons/default/22.gif)
#17 24 Март 2011 - 21:47
#18 26 Март 2011 - 04:06
Билдирүүнү түзөткөн: aminali: 26 Март 2011 - 04:08
#19 26 Март 2011 - 14:32
кто лучше нас, им просто не до нас.
#20 26 Март 2011 - 17:19
Барс (20 Март 2011 - 14:37) жазган:
Bars agai sizdin aytkanynyzdyn bir cheti da tuura birok, Kazaktyn 1 karapaiym kalkynan chykan soz bolso kol shiltep je ukmaksan bolup, jyrokko jakyn albai koisok bolot denizchi aa Kazaktyn attu-bashtuu Akyndarynyn ozunan chykkan sozdorgo kantip achuun kelbesin ( Akyn bolboi jerge kirgirler) Balyk bashynan sasiyt demekchi Kazaktyn attu-bashtuulary Sasyp atsa Kazaktyn karapaiym kalkyna tabylbai ele kalatta bizdin migranttardy kemsintiship ele
- (4 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »