Билдирүүнү түзөткөн: cholpona90: 29 Март 2014 - 18:30
Баракча 1 - 1
Декреттик өргүү
#1 29 Март 2014 - 18:28
Саламатсызбы.
Мен декретный тапшырайын десем Жер куболуктун копиясы жок тапшырууга болбойт деп койушту.2013-жылы жер куболук жок тапшырдым эле.Эмне учун мындай болуп калды жана торогончо тапшыра берсем болобу.
Чолпона
#2 10 Апрель 2014 - 09:16
Саламатсыздарбы.
Менде мындай суроо бар эле. Мен азыр декреттик оргуудомун,
2 жашар балам бар жана дагы боюмда бар. Анан тааныштарым 2014-жылдан баштап декреттик оргуудон дагы декреттик оргуу кылып узартканы болбой калыптыр, ортосунда эч болбосо бир ай иштеп, анан кайрадан декретке чыгышын керек экен дештат. Ушул нерсе жонундо билгенинерди айта кетсенер. Рахмат, алдын-ала.
#3 29 Апрель 2014 - 15:40
samaro4ka (10 Апрель 2014 - 09:16) жазган:
Саламатсыздарбы. Менде мындай суроо бар эле. Мен азыр декреттик оргуудомун, 2 жашар балам бар жана дагы боюмда бар. Анан тааныштарым 2014-жылдан баштап декреттик оргуудон дагы декреттик оргуу кылып узартканы болбой калыптыр, ортосунда эч болбосо бир ай иштеп, анан кайрадан декретке чыгышын керек экен дештат. Ушул нерсе жонундо билгенинерди айта кетсенер. Рахмат, алдын-ала.
Саламатсызбы!
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Исакова Зайнап Абакировна жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
11-ноябрындагы №727 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо” жобонун негизинде иш алып барат.Жобоунун жаны редакциясы (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-февралындагы № 73(токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жогоруда көрсөтүлгөн Жобонунун 55 –пунктунун негизинде төлөмдөр кийинкидей жүргүзүлөт.
Балдар бир жарым жылга же үч жылга чейин аларды багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге, алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайталап (анын ичинде эки жолудан ашык, бирок жалпысынан алты жылдан ашык) кеткен учурда, алгачкы он жумушчу күн үчүн жөлөкпул - штаттык кызмат орундарында белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан), он биринчи күндөн жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.
Баланы бир жарым же үч жашка чыкканга чейин багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге (жалпысынан үзгүлтүксүз алты жылдан ашык) алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча кайрадан өргүүгө чыккан учурда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул бардык жумушчу күндөр үчүн айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө эсептелет. Жөлөкпул алгачкы он жумушчу күнү үчүн жумуш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен, ал эми он биринчи жумушчу күндөн тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүп берилет.
#4 29 Апрель 2014 - 15:50
cholpona90 (29 Март 2014 - 18:28) жазган:
Саламатсызбы. Мен декретный тапшырайын десем Жер куболуктун копиясы жок тапшырууга болбойт деп койушту.2013-жылы жер куболук жок тапшырдым эле.Эмне учун мындай болуп калды жана торогончо тапшыра берсем болобу.
Саламатсызбы!
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Исакова Зайнап Абакировна жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобо” жобонунун негизинде иш алып барат. Жобонун жаңы редакциясы (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 700, 2014-жылдын 4-февралындагы № 73 (токтомдорунун редакцияларына ылайык )
Жогоруда көрсөтүлгөн жобонун 3- пунктуна ылайык. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнөт:
- иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдарга;
- жеке ишкерлерге;
- дыйкан (фермер) чарбаларынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөлөрүнө.
Жогоруда көрсөтүлгөн жобонун 4- пунктуна ылайык.
Жөлөкпулдарды алууга укук төмөнкүдөй:
- кызматкерлер үчүн эмгек мамилелери келип чыккан күндөн тартып келип чыгат жана эмгек келишими аяктаган күнү токтотулат;
- жеке ишкерлер - салык төлөгөн, патент алган же салык контрагын түзгөн айдан тартып келип чыгат жана алардын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганда токтотулат;
- ДФЧнын мүчөлөрү - жер тилексине жеке менчик укугу белгиленген учурдан тартып келип чыгат.
Жогоруда көрсөтүлгөн жобонун 44- пунктуна ылайык.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө социалдык коргоо башкармалыктары тарабынан төмөнкүлөргө дайындалат жана төлөнөт:
- жумушсуздун расмий статусу бар, иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте турган адамдарга бардык жумушчу күндөр үчүн;
- юридикалык жакты түзбөстөн патенттин негизинде же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлерге он биринчи жумушчу күндөн тартып;
- юридикалык жакты түзбөгөн, анын ичинде жер үлүшүн ижарага тапшырган ДФЧнын мүчөлөрүнө он биринчи жумушчу күндөн тартып.
ДФЧга мүчө болгон, бир региондон башкасына көчкөн аялдар, эгерде ал жер тилкесине жеке менчикке ээ болсо жана мурдагы жашаган жери боюнча жер салыгын төлөсө, жаңы жашаган жери боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.
Эгерде сиз - ДФЧнын мүчөсү болсоңуз же ата-энеңиздин жер үлүшүнүн күбөлүк китепчесинде мүчө катары катталып салык төлөнгөн, болсо жөлөкпул чектелет.
#5 25 Июнь 2015 - 15:38
Саламатсыздарбы?
Мен 2012 жылда КТР (коомдук биринчи канал) де 0,5 ставкада иштечумун,анан декретке чыктым.Мага айдын аягында 4950сом беришти, мен эмне учун аз? десем. бухгалтер эже КТРдин мыйзамы башкача биз окмотко баш ийбейбиз деп койду.Тааныштарым торотко чейин ж.а тороттон кийин акча берилет жана суйунчу акча берилет дейт.Анан 2 айдан кийин декретинди узартпай койдун деп 2чи балама да эчтеке толонгон жок. Канчалык чындыгы бар?
#6 25 Июнь 2015 - 15:39
Саламатсыздарбы?
Мен 2012 жылда КТР (коомдук биринчи канал) де 0,5 ставкада иштечумун,анан декретке чыктым.Мага айдын аягында 4950сом беришти, мен эмне учун аз? десем. бухгалтер эже КТРдин мыйзамы башкача биз окмотко баш ийбейбиз деп койду.Тааныштарым торотко чейин ж.а тороттон кийин акча берилет жана суйунчу акча берилет дейт.Анан 2 айдан кийин декретинди узартпай койдун деп 2чи балама да эчтеке толонгон жок. Канчалык чындыгы бар?
Баракча 1 - 1