- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Тандаган гүлүңө жараша мүнөзүң munoz
#2 27 Август 2015 - 01:15
Аялзатынан гүлдү жакшы көрбөгөнү болбосо керек. Ага ылайык, ар бир айым жактырган гүлүнө карата өзгөчө мүнөздөргө ээ болот экен.
Ромашка
Ромашка гүлүн жакшы көргөндөр бир караганга жөнөкөй көрүнгөнү менен мүнөзү оор келет. Сыртынан жылмайып, ачык-айрым көрүнсө, бала кыял экен деп ойлоп калышыңыз мүмкүн, бирок алар эч кимге жемин жедирбеген жан болушат. Ким дос, ким кас экенин жакшы билгендиктен аларды кайсы учурда колдонууну билишет. «Ромашкалар» сүйүүгө туруктуу келип, эч убакта жасалма сүйүп актриса болушпайт. Берген убадага туруп ишти өз учурунда так бүтүрүшөт.
Лилия
Лилияны жакшы көргөн айымдар текебер, бой көтөргөн, баарынан өзүн жогору койгон жан болушат. Кайсы жерде болбосун, өзүн ханышадай алып жүрүшөт. «Лилиялар» жылдыздуу, энергиялуу болушат жана маанай көтөрүүчү концерттерде, кечелерде жүргөндү жактырышат. Башкалардын ой-пикири менен эсептешпей, өзү каалагандай кыла беришет жана маектешин көңүл коюп уга алышпайт. Лилиялар кымбат кийим, жаңы үлгүдөгү унаа, эмеректерди жана кооздукту жакшы көрүшөт.
Гвоздика
Дипломатиялык мамилени жакшы көргөн айымдардын жакшы көргөн гүлү - гвоздика. Мындай адамдар чыныгы жүзүн көрсөтпөй бекинип жүрүшөт. Алар адамдарды үстүнөн башкарып, алардын арты менен өзүнө пайда алып келген иштерди кылышат. Бул айымдардын куулугу башынан ашып түшкөндүктөн дайыма суудан кургак чыгышат. Андыктан “гвоздикалардын” көздөгөнү эмне экендигин алдын ала билүү кыйын.
Роза
Розаны жакшы көргөндөр күчүнө ишенген, жигердүү, эр жүрөк болушат. Өздөрүн гана сүйбөстөн, башкаларды да сыйлап, сүйө билишет. Жашоого реалдуу карагандыктан көзү жеткен ишти пландап, максат кылат. Ачуусу бат келип, тез тарайт. Ачуусуна тийгенди байкатпай сайып алгандыктан көпчүлүгү ага жакын жолобой сырттан сөз кыла беришет. Бирок андай ушак-айыңдарга маани берип, ал үчүн кайгырбайт. Өзүнүн пикирин, кызыгуусун беттеп, андан эч качан айныбайт.
Пион
Бул гүлдү жакшы көргөн айымдардын мүнөзүн түшүнүп болбойт. Бир карасаң тартынчаак, уялчаак, кээде ашыкча көйрөң. Алар алдыга койгон максатына жетүүгө аракет кылган менен ишке ашыра албай калуудан коркуп тобокелге барышпайт. Пиондор жылдыздуу, сүймөнчүктүү жана сексуалдуу болгондуктан элдин көңүл борборунда болушат. Акча табууда кыйналышпайт. Сүйүүдө таанышкан адамын толук изилдемейинче аны жакшы көрөрүн айтпай сынайт.
Фиалка
Фиалканы сүйүүчүлөрдү биринчи орунда өзүнүн ички дүйнөсү, чыгармачылыгы кызыктырат. Алар оор басырыктуу, көп тил табыша алышпайт. Ал эми жашоодо элдин алдына кетип же артта калбай, ортодо жүргөндү жактырышат. Алдыга койгон максаты канчалык оор же жеңил экенине карабай ага жете билишет. Сабырдуулук жагынан аларга эч ким жетпейт. Бейтааныш адамдарга астейдил мамиле кылып алар менен жакындан таанышуудан коркушат.
Гладиолус
Бул гүлдү сүйүүчүлөр болгон энергиясы менен максатына жетүүгө аракет кыла берип жалгыз калышат. Жаман сапаты - көңүлүнө жакпаган адам менен тил табыша алышпайт. Жакшы сапаты - берилген тапшырманы убагында аткарышат. Реалдуулукка баш ийгиси келбеген кыялкеч болгондуктан өздөрү курган кыялындагы жашоо менен жашашат. Эч убакта ийиле учурашууну, жылуу мамиле менен абалды чыңдоону билишпейт.
Хризантема
Хризантеманы жакшы көрүүчүлөр жумушта, сүйүүдө, тиричиликте, мамиледе, деги эле кайсы жактан болбосун, жашоого олуттуу көз караш менен карашат. Ачуусу тез келгендиктен эмоцияга алдырып жиберет да, кийин кылган иши же айткан сөзү үчүн өкүнүп калышат. Мындай адамдарды сырткы чөйрөсү жакшы түшүнө алышпайт. Себеби алар башка түгүл, өзүн дагы толук жакшы көрүшү күмөн. Ар дайым ойлонуп жүрүү - булардын адаты.
Кала
“Калалар” жомокко ишенген өзгөчө жан дүйнөгө ээ. Алар жакшылык кылуу менен жамандыкты жеңе аласың деп ойлошот. Ушул ишенимдерине ылайык, айланасындагыларга жакшы сапаттары байкалып турат. Заманбап, ошол эле учурда өзүнө жарашыктуу кийинишет. Бирок тандаган кийими чектен чыгып кеп болуусуна жол беришпейт. Жакшы сапаты - башкалардын ой-пикирин көп эске алышпай, өзү тандаган багыты менен гана сүзө алышат.
Сирень
Сиренди сүйүүчүлөр өтө оор басырыктуу жана жашоодо кандай гана кырдаал болбосун, эмоциясын ичине катат. Башына кыйынчылык түшкөн маалда досторун, жакын адамдарын жанына жакын жолотпой, өзү менен өзү болуп калат. Булар жаратылыш койнунда эс алганды жактырышат. Алдыга койгон максатына жетүүгө аракет кылышат, бирок алсыз болушат. Жакшы сапаты - чөйрөсүндөгүлөр менен ынтымактуу болууга аракет кылышат.
Орхидея
Бул айымдарга бир нерсе оңой менен жага бербейт. Алар оригиналдуулукту, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктү жактырышат. «Орхидеялар» чыгармачыл, искусствого жакын болушат. Ошол себептен классикалык жанрдагы музыкаларды угуп эс алганды, сүрөт музейлерине барганды жактырышат. Жаңы чыккан буюмдар бир гана өзүндө болушун каалашат. Ушундай мүнөзүнөн улам барган жеринде ар дайым жаңылык издеп турушат.
Тюльпан
Аябай жапакеч, адамгерчиликтүү жана жөнөкөй адамдар тюльпан гүлүн жакшы көрүшөт. Алар мүнөзү оор деген адамдар менен да жакшы тил табышышат. Ошондой эле алар табышмактуу болгондуктан эмне жакшы көрөрүн, максаты эмне, мүнөзү кандай экенин биле бербейсиң. “Тюльпандар” ишеничтүү дос, жакшы аял боло алышат. Кыйынчылык кезде ичинен буулугуп, эч кимге айтпай кыйнала беришет. Бир жакшы жери - колундагы нерсеге каниет кылып жашоосу.

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#3 27 Август 2015 - 01:19
Сиз чөйрөңүздө болуп жаткан ар бир көз ирмемдерге кубанып, ошондон ырахат алып жашайсыз. Шамдагай эмес, уялчаак жана өз оюн эркин айта албаган адамдарды көргөндө сабырыңыз түгөнүп, чыдабай кетесиз. Ал эми сюрпризди өзгөчө жакшы көрөсүз. 1. Кайгырбаган, эркин жана кенебессиз
2. Көз карандысыз, түз жүргөн адамсыз
Сиз курчап турган адамдар түгүл, эч жакты карабай өзүңүз багыт салган из, түшүнгөн жол менен жүрөсүз. Себеби алдыга койгон максатыңызды жана ага жетүүнүн жолдорун жакшы билесиз. Эч убакта өзүңүздүн каалоолоруңузга каршы чыкпайсыз. Артисттик жөндөмүңүз бар.
3. Сезимтал жана оор басырыктуусуз
Бирөөлөр менен ушак айтышып, бирин экинчисине жамандап, болбогон маанисиз сөздөрдү сүйлөшүп олтургандын ордуна өзүңүз менен өзүңүз болгонду каалайсыз. Ар бир кадамыңыз менен сүйлөгөн сөздөрүңүздү жана башкалардын дагы жүрүш-турушун анализдегенди жакшы көрөсүз.
4. Жумшак, берешен жана ак көңүл жансыз
Сиз аябай жөнөкөй жана адамгерчиликтүү адамсыз, ошол үчүн чөйрөңүз сизге тартылып турат. Айткан сөзүңүздү эки кылбай убагында аткарганыңыз үчүн элдер сизге ишенишет. Ачык-айрым, жөнөкөй адамдарды жакшы көрөсүз. Эч убакта моданын артынан түшүп куубайсыз. Эң башкысы сиз үчүн кийген кийимиңиз сизге жарашыктуу жана ыңгайлуу болсо болду.
5. Өзүнүн күчүнө ишенген прагматиксиз
“Өзүмө гана ишенишим керек” деп күчүңүзгө таянасыз. Күнүмдүк жашоодо кезигүүчү оор кырдаалда, жумуш чачтан көп болгон учурда да дүрбөлөңгө түшпөй акыл-эс калчап иш кыласыз. Колуңузга тийген ишти аягына чыгарып эс алууну жактырасыз. Болор-болбос ишти жана ийгиликти ойлонбойсуз. Көздөгөн максатка жетүү үчүн каалооң күчтүү болсо, иштеш керек экенин билесиз.
6. Ойлонуп иштеген, сак жана тынчтыкты сүйгөн адамсыз
Сиз менен тил табышуу жеңил, бирок сиз адамдарды жаныңызга өтө жакын жолотпойсуз. Ошол эле учурда шаңдуу компанияны жакшы көргөнүңүз менен элден обочороок жерде убакытты өткөргөндү каалайсыз. Сиз жалгыз эмессиз, бирок жеке жашооңузда эч ким тие алгыс өзүңүздүн бош мейкиндигиңиз бар. Ал аралыкта сизге бирөө жарым жолтоо болбошу керек.
7. Өзүнө ишенген, аналитик жана шамдагайсыз
Кабыл алуу жөндөмдүүлүгүңүз тез болгондуктан, кандай гана маалымат болбосун, аны бат түшүнөсүз, кармап кала аласыз. Чөйрөңүзгө жалаң гана кызыктуу адамдарды топтогонго аракет кыласыз. Өзгөчө басымды маданиятка буруп, ага убактыңызды арнайсыз. Эл кууган моданы сиз куубай, тескерисинче, өз стилиңизди ойлоп жаңы мода ойлоп табасыз.
8. Эмоционалдуу, романтикалуу жана шектүү инсансыз
Сиз сезим менен жашаган кыялкеч адамсыз. Элдердин жашоо-турмушу, алардын тиричилигиндеги ачуу-таттуулар, кыскасын айтканда, реалдуулук сизди таптакыр кызыктырбайт. Алдыга койгон максатыңызга реалдуу жашоодо жетүүнү ойлобостон, кыялыңызда асмандап учуп жүрө бересиз.
9. Активдүү, башкалар менен тез тил табышкан адамсыз
Кандай гана чөйрө болбосун, жоктон барды жаратып, сунуш кылуу менен аларды башкара билесиз. Сизде башкаруучулук, лидерлик сапат бар. Кандай гана иш болбосун, ал иштин терс таасири тийип калабы деп ойлонбостон, коркпостон туруп тобокелге бара аласыз. Бирок ошол тобокелдигиңиздин арты менен ийгиликтерди багындырып келесиз.
Билдирүүнү түзөткөн: medina.: 27 Август 2015 - 01:23
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#4 27 Август 2015 - 01:26
Орхидея эжем ушул темага бир кирип чыгышы керек экен))
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#5 27 Август 2015 - 01:28
Ох Розаммаям менин суйуктуу гулум Роза.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.

#6 27 Август 2015 - 01:43
Роза менен Кала жагат озгочо.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#7 27 Август 2015 - 01:55
Негизи эле гүл белеке берсе баарын эле жакшы көрүп ала берем. Басым жасап жактырган гүлүм жок экен. Розадан эч ким отказ кылбаса керек
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#8 27 Август 2015 - 01:58
zaika.tvo9.1990 (27 Август 2015 - 01:55) жазган:
Негизи эле гүл белеке берсе баарын эле жакшы көрүп ала берем. Басым жасап жактырган гүлүм жок экен. Розадан эч ким отказ кылбаса керек
Баардык гулду от души жакшы коруп ала бергениниз жакты. мен кургур бир тал Роза же болбосо кооп Роза алууну самап келем. Коп жолу Роза алып жыргадымго начальствонон ))) башка гулдорго магнит тартпайт.
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь.
..
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.
Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
#9 27 Август 2015 - 03:27
Bad-boy (27 Август 2015 - 01:26) жазган:
Орхидея эжем ушул темага бир кирип чыгышы керек экен))
Кирип чыктым...
Орхидея гулу жагат да мага баягы эле.)) Окшоштуктар бар 90% .
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#10 27 Август 2015 - 03:33
Роза жагат да .... Айымдардын мунозу окшош болсо жашоо оз нугун жоготуп койбойт бекен ? Деген суроо ....
#12 27 Август 2015 - 07:11
Тюльпан бар экен... бирок лотос жок экен (
К Черту Вашу Взрослую Жизнь..!
#16 27 Август 2015 - 13:01
Жакшы маалыматтар экен. Белекке келген башка гүлдөрдү кайтара албайм, негизи гүлдөрдүн баары жагат,өзгөчө Роза
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#17 27 Август 2015 - 15:41
Хризентема менен Ромашка аябай жагат.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#18 27 Август 2015 - 16:38
Кызгалдакты суйуучулор учун муноздомо жок бекен Медина кыз?
Билдирүүнү түзөткөн: happy02: 27 Август 2015 - 16:40
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »