Жайлоо жонундо апакемдин ырынан жазып койойун
Жайлоодогу жашоолор
Кок шибер,аба салкын,суусу таза,
Олтурсан жайлоо сонун черин жаза.
Жайлоодо журогундун ушун алган
Куркураган куйун менен шамал гана
Жайлоо жөнүндө бир нерсе жазгыла жайлоо жөнүндө жазгыла
#162 30 Апрель 2014 - 13:10
Жайлоо дегенде эле салкын ,таза аба,тиш какшаткан молтур булактын суусун эстейм...Чон энемдин жытын сагынып кетем, экообуз далай жолу жайлоодо нечен жайларды чогуу откордук... !
#163 04 Февраль 2015 - 23:27
Жайлоо дегенди уксам мага биринчи ышкын терген кундор,капчыгайга барып жер жемиш чогулткан балалык, тээ алыстан чакалап суу ташып, суунун аркы ойузунон мушоктоп тезек ташыган алтынга тенегис балалыгым коз алдыма тартылат. Окууну буткучо жай сайын жайлоого чыкчу элем. Азыр ошол кезди абдан сагынам...
#164 05 Февраль 2015 - 23:29
Кызыл-Ункурдо жургондо баргам.тундосу ойногонбуз ошондо.ошол эсимде калыптыр
#165 06 Февраль 2015 - 02:25
Жайлоо дегенде буркураган кымыздын жыты мурдумду өрдөйт, элес элес билем чатырыбыздын бурчунда жыгач ящикте толтура кийик оттун үстүнө атам коён атып келип таштап койгон экен,анан таятамын боз үйүндө тайэнемин сары майга бышкан боорсогунан кымызга туурап жечүбүз,кошунанын кызы экөөбүз чатырдын үстүнөн мөндүр терип жегенибиз,агаларыбызды ат кылып минип алып ойногондорубуз кичине кичине эсимде. Анда мектепке бара элек элем. Алтын бешик жайлоосуна чыкчу экенбиз. Ошол убакытка кайра баргым келип кетти.Анда раматылык таята,тайэнем,
атам тирүү эле(((.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#166 06 Февраль 2015 - 02:42
Жайлоо,
нөшөрлөп төккөн жаан,кулак жарган чагылган,карышкыр чөөлөрдүн уулуганы.Жайлоого 10күнгө барып "Желкемдин чуңкуру көрсүң жайлооңорду"
деп ыйлап келгем. Свет жок. Апам иним мен үчөөбүз эле. таң атканча ыйлап чыгат элем жаш баладай болуп болбосо 9-класста окуйм. Көрсө мен күндүзү кечке уктап алат экенмин да түнү уктай албайт экенмин. Алар болсо күздүз жумуш кылып чарчап,баштары жерге тиери менен уйкуга кетишет экен.
Биринчиси жана акыркысы болгон. Жашаш кыйын ал жакта(((
Биринчиси жана акыркысы болгон. Жашаш кыйын ал жакта(((
Билдирүүнү түзөткөн: dinooou: 06 Февраль 2015 - 02:46
#167 06 Февраль 2015 - 13:35
Эх жайлоо кандай соонун бир керемет .Бизде Чон аксуу,кичуу аксуу деген жайлоолор бар кыскасы кырчын жайлоосу кандай соонун.
#169 06 Февраль 2015 - 23:14
Жайлоодоооо ооткон омур откончооооо.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#170 08 Февраль 2015 - 10:08
Тундуктон кирген кундун нуру козду уялтып уйкуну ачат. Сыртка чыксан жапжашыл айлана. Арчанын жыты келет. Гулдордун кооздугуна козун тойбойт..... Чон энемдин жаны тартылган каймагы. Кымыздын жыты мас кылат.
#171 14 Февраль 2015 - 16:22
Жайлоого барган эмесмин.
Тагдыр мени сынаса да ташка уруп, Талбай чуркайм көңүлүмдү жаз кылып!
#172 14 Февраль 2015 - 18:00
Эс алуунун туу чокусу деп- жайлоодо эс алууну эсептейт элем, колдун жээги, шаардын коздугу бул жакта эле калат го.
#173 14 Февраль 2015 - 18:38
жайлоо.. Ношор жамгыр,таза аба,кымыз жыттанган боз уйлор мн эсте калды .барбаганыма 7 жыл болуп атса да , тээ бир тун окумга чейин ак чолмок ойноп,адырларды жанырта ырдаган кундор дагы да коз алдымда.эхх ошол кундор кайтып келсе кана.дагы качан барар экем Ажике жайлоосуна .
#174 25 Июнь 2015 - 12:18
Жайлоо десе таттуу балалыгым эске тушот. Биздин жайлоо Жалпакташтагы Ийри-Суу жайлоосу. Менин эсимде жайкалган кок шибер мелжип куушуп ойноп,ышкын терип Алдаяр тоонун чокусуна отуруп алып дурбу салып торт тарапты карап, кыялданчу кундор коз алдыма тартылат. Аба ырайы бат озгоруп андан бетер коркуно корк берип турар эле. Жайлоонун туйшугу оор болгону менен жашоосу ушунчалык таттуу, аруу-таза деп ойлойм. Биздин журт эн тордо тагыраак айтканда Алдаяр тоонун тубундо жайгашкан. Тушко жуук чон атам койлорун тоонун бооруна чурултуп айдап тушчу. Нечен жолу ношорлогон жамгырда боз уйдун ичинде ушуп мештин айланып жылынып отурчубуз.
Айдын жарыгында тоо жаныртып ак чолмок ойноп жургон кундор...Тан эрте мененки корунуш да керемет Аппак тан... кок шибер шудурум менен... жымжырт... таза аба... куштардын сайрагы ушундай керемет каптап турчу. Эхх

#175 25 Июнь 2015 - 23:45
#176 26 Июнь 2015 - 09:59
Азыркы учурда жайлоого баргым келип,козум чачырап,жете албай жургон кезим.эхххххх.
....Барып бир ай,бир ай жашап келгим келтат.
Балам менин жашоомдогу эн чон-БАКЫТЫМ.
.
#177 09 Июль 2015 - 23:15
Тээ Кара–Шоронун жайлоосу тим эле кооз экен. Сүрөттөгүдөй . Сүрөт деле жашоодон тартылат дечи..
Таң эрте туруп , тоодон ээрип түшкөн муздак сууга бетти жууйбуз. Чай ичебиз. Анан даярданып, тоого чыгып кетебиз. Жайдын күнүндө да кары эрибей турчуу мөңгүгө 2 жарым саат дегенде араң жетип, өрмөлөп эле калдык. Чыккан бир азап, түшкөндө өзүнчө азап . Бирок, кооздугун сөз менен айтып жеткире албайсың.. Кайра түшүп келип чай ичебиз, тамак кылабыз, анан ойнойбуз). Түн киргенде жайлоодо ойногон өзүнчө бир керемет. Анан уктайбыз.. Түн бир убакта сыртка чыксаң дарыянын шар аккан добушу, кээде коркуп да кетесиң.
Наушникте ыр уккандан көрө ошол дарыянын үнүн угууп уктасаң кандай гана керемет ээ?
Эрте менен чайыттай ачык күн..
Жайлоодогу 3 4 күндүк практикабыз ушундай сонун болду.

Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 09 Июль 2015 - 23:16
#178 16 Июль 2015 - 16:00
Кичинемде жайлоодон жадасам,эми бир барып эс алып келгенге эки козум торт болуп отурам.
Эх жайлооо жайлоооо!
Кандай гана кереметсин!
Мактап буто албайм мекенимдеги жайлоолорду!
Эх жайлооо жайлоооо!
Кандай гана кереметсин!
Мактап буто албайм мекенимдеги жайлоолорду!
#179 16 Июль 2015 - 16:19
Падыша Ата жайлоосунда болдум....ата-
бабама мин мертебе таазим ушундай жаратылышын сактап,кастарлап биздин муунга таштап кеткени...суусу ушундай муздак экен,жуз чайыштан заарканасын)))суусундук,
дарбыз-коондорду алгач сууга салып койдук эле,кийин кайра суудан чыгарып койдук себеби любой холодильник жолдо кала тургандай болуп укмуш муздап кетиптир...жаш балдардын тамагы оорубаса экен деп корктук)))
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#180 16 Июль 2015 - 19:09
Тээ жаш кезимде жайлоого баргым келбесе ал эми азыр эки козум торт баргым келет. Кандай гана таза аба суунун шарылдаган добушу мал жандыктардын ызы-чуусу. Азыркы транспорттун ызы-чуусунан ошондогу мал жандыктын добушу мин эсе артык экен. Муздак суу ичкенинде тишинди какшатчу суулары, жайдын кунундода кетпеген монгулор. Тоолордун бойрогундогу оймо-чийме жолдор. Арча карагай шилби карагаттардан куралган токойлор. Ал токойлорду аралап калганында андагы чымчык канаттуулардын добушу озунчо эле керемет.
Азыр жайлоого аябай баргым келет. Жаанына куну кечке жасалчу жумуштарына жоголгон уй торпокту издоочу кунго,баарына баарына кайыл элем. Уй саалчу мезгилде ношорлоп жаачу жамгыры жаркылдап тушчу чагылганына деле кайыл элем. Ношорлоп жааган жамгырдан бечара торпоктордун тубу суу болуп эртеси аны кургатуунун айласын таппай кыйналган кундор. Жоголгон уй торпогунду чагылгандын тушконуно карабай тээ тун бир убакка чейин издеген кундор.Кээ мезгилде токтобой жааган жамгырдан улам отундар суу болуп сут бышыра албай калган кундорчу. Отун куйбой быкшып тутуну тамагынды бууп. Кургабай копко кармаган куруттар.
Баарынанда бышырып айранды гупко бышып жасаган майлар. Даамы таттуу кайнатылган курутттар. Гуптогу майы алынып буткон пышмасы(бизде ушинтип коет)азыркы Тан, Айрандарынан мин бир эсе даамдууго.
Ошол убактагы жапжашыл тээ кеч кузго чейин турчу жайлоо корку акыркы убакта август айында эле саргайып топурагы чыгып мал жандыктарга чоп тоют калбай баратыптыр. Аябай окунучтуу.
Жайлоо деген теманы окуп калдымда жайлоодо жургон кундоруму эстеп кеттим. Бир жайлоодон тоо аралап кыздар менен ойногону башка жайлоолорго кетип калчумун. Биз чыкчу жайлоого биз эле чыкчу элек негизи. Башка кошуналар болгон менен мен тендуу кыздары жок болчу. Тентип кошуна конуштарга ойногону кетип калчумун. Коркчуда эмес экенмин жыландар жолумда жатса аарыраактан отуп кете берчу экем. Ошол убактагы кундорумду сагынып кеттим.

" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"