Кайненем жана мен((( кеңеш күтөм, достор.
#21 03 Ноябрь 2015 - 09:30
Биринчиден ата-энени нааразы кылбаш керек болчу.Экинчиден сен шашылгансын,
ал адамды жакшы билбей туруп эле турмуш курууга макул болгонсун.Ырас тийдинби эми кайненем минтти,тигинтти дебей чыдап жашаш керек эле,сенин башындан откон нерселер копчулук эле келиндердин башынан отот,болгону убакыт керек,унчукпай кызматынды кыла берсен акыры бир куну кайнене деле ийилет,жибийт.
Озун басып келе берипсин,чалсан жооп болбосо бул жагы тушунуктуу да...Келгенине канча убакыт болду?
#22 03 Ноябрь 2015 - 10:58
Күйөөң дин жолунда жүргөн адам болсо сен дагы динге толук кирсең ошондо бир багыттуу жашоо болмок.Кечке мечитте жүрө бергенин,түн бир убакта келгенин түшүнүү алда канча жеңил болоор эле.Айтчы, дайыны жок ичимдик ичип,боталасы чыгып,мастык менен бироолордон таяк жеп,бети башы когоруп,кийимдери айрылып келчү адамды жүрөк заада болуп күткөн жакшыбы же өз парзын аткарып,ыйманын бекемдеп кирчү адамды тосуп алуу жакшыбы?Заманаң түлкү болсо түлкү бол дегендей ырас өз тандооң менен тийдиңби ошол адамдын жагдайына карап кубулуп жашоо керек болчу.Кайнененди биле туруп чыгыпсың,сырын билген сырттандын сырт жагына чыкпагын дейт.Убактынча анча-мынча сөзүн көтөрүп койсоң муз деле бара-бара ээрийт эмеспи.
#23 03 Ноябрь 2015 - 11:03
Жаштык менен ата-энең тараптан мээңе мөөрдөй басып алган "кайненең жаман"деген ой негизги душманың болуп жүрбөсүн.Ушул ойду жада калса ата-энеңдин да башынан алып таштоо,кайненем алтын адам деп баруу сенин колуңда болчу.
Баары буйруктан дейбиз,бирок жалгыз өзүбүз себепкербиз жазылган тагдырга.Сабр кылып күтө тур.Кайра жарашкың келсе жогорку жазгандарыма бир сыйра көз жүгүртүп алаарсың.Бактылуу бол!
Баары буйруктан дейбиз,бирок жалгыз өзүбүз себепкербиз жазылган тагдырга.Сабр кылып күтө тур.Кайра жарашкың келсе жогорку жазгандарыма бир сыйра көз жүгүртүп алаарсың.Бактылуу бол!
#24 03 Ноябрь 2015 - 11:20
Баардык кайнене ошентип суйлойт,апабыз деле келиндерине суйлонот. Бирок ал биздин апабыз болгон учун билинбейт. А жат адам суйлосо бизге оор тиет. Кайненен суйлогон убакта эртен ким бар, ким жок дегенди ойлоп,анын создоруно конул бурба. Баарыбыз эле эртеби кечпи бул жашоодон отобуз. Эгер жолдошун суйсо кайра келет. Келбесе ал мн байланышты узгонун он. Окуунду уланта бер, иште. Келечегин алдыда. Бактылуу бол!
Билдирүүнү түзөткөн: Lady_90: 03 Ноябрь 2015 - 11:25
#25 03 Ноябрь 2015 - 11:32
Кайын журт канчалык жакшы болсо дагы, баары бир келин жакпайт экен. Же кайненелер келинден балдарын кызганабы билбейм. Бирок баласына апасынын жолу башка,аялынын жолу башка эмеспи. Келиндер уй булоону сактап калам десек чыдаганга мажбурбуз. Мен кайнененин закымынан ушунчалык жадаганда, мен келин алсам эч качан ундобойм деп озуму озум сооротом. Же ичемен суйлонуп суйлонуп озуму алакмытам. Эгер куйоондо конулун болсо, кайра жарашып чыдап жашасан болот. Эгер конулун жок болсо, анда жарашпай эле койгонун он. Сага эч жактан колдоо болбосо, жок дегенде куйоон колдобосо анда ажырашып эле кеткенин он го деп ойлойм. Баарынын кенешин ук акыркы чечимди озун чыгар.
#26 03 Ноябрь 2015 - 12:02
Салам автор!Коп кайгыра бербениз демекчимин.
Келин болуп ботон уй-булоого конуп кетиш аябай эле кыйын, ар бир семьянын озулорунун закондору болот, тарбиясы болот дегендей.Аллахым сизге туз туура жолун корсотсун оомиин.
#27 03 Ноябрь 2015 - 12:06
экоонор бири биринерди туура эмес тандагансынар менимче ичпегени чекпегени баары жакшы бирок экоонордун мунозунор эки башка болуп бири биринерди тушунгунор келбей жатат ушундай болушу мункун кайнене деле кайнеже деле ажыраталбайт эгер эки жаш бири бирин толук тушунуп суйуп ортодо бир сезим болсо ажырашалбайт эленер озун ойлоп чечимди озун чыгар.
#28 03 Ноябрь 2015 - 12:20
Бул да болсо тагдыр. Жашабай эле кой озунду кор кылып. Андан коро окууну бутуп иштеп алсан жакшы болот деп ойлойм.
#29 03 Ноябрь 2015 - 12:46
Orusiyada jawap birotolo butuwkon ekenda! A din jonundo suilogonu al jon gana fiwkasy kuioonordun! Azyrkylardyn ozuno konul burduruu jolu!
Anan ozun kele bergenden kiin kaira nege sms jazyp chalasyn? Namysda kkda. Je birotolo akyryna chein chydashyn kk bolchu!!!
Anan ozun kele bergenden kiin kaira nege sms jazyp chalasyn? Namysda kkda. Je birotolo akyryna chein chydashyn kk bolchu!!!
#30 03 Ноябрь 2015 - 12:47
kyzdy kunoolop, kaiyn-jurtuna tartpai ele koigula. Dagy dele bayagy kelin kunoluu kylbai.
#31 03 Ноябрь 2015 - 13:19
Куйоону жакшы корсон,апасында жакшы кор сыйла .Анткени ошол кайненендин канынан жаралган куйоон ..куйоону жакшы коруп тийгенсинда ..жашын 93жылкы экенсин экообуз тен экенбиз.. Жаман суйлосо деле жакшы суйлосо деле жаркылдап жайнай бер жениш сен тарапта болот..кайненен мынаны мынтпепсин ананы тигинтпепсин дегенде ии апа азыр жасайм деп эле жылмая берсен бир кун болбосо бир кун сынат..куйоон сен мыктысын сен молодецсин деп сени мактабайт тымызын ичинен ыраазы болот..куйоонун ыраазычылыгы сени бейишке алып кирет..бардык келиндердин башынан отот мындай нерсе..сен да кайнене болосун артынды ойло..бир эрден чыкты дегенге калбай кайра бар озун эч нерсе болбойт ..суйлонуп суйлонуп кала берет..ажырашкан эн жаман ажырашуу деген созду Алланын тактысы которо албайт экен..алар сага суйлой баштаганда кунт коюп ук кабагынды туйбо .бир аздан кийин апа мына туура кылдымбы деп кулуп сура ар бир билбеген нерсенди сурай бер ..анткени сен жашсында ..тороп бер ..тыкылдап кызматыны кыла бер ..кайнилерин болсо аларда уйлонот анан сенин кадырыны билишет..кылып атам деп милдет кылба..1болуп милдетти шайтан кылган"э алла мен сага ушунча жыл ибадат кылдым сен мага эмне бересин"деп.
. Ар бир ишинди "алла ыраазылыгы учун"деп жасай бер анан коросун ..куйоон да сынат ..ичинен сага билгизбей сени жакшы корот куйооно коп эркеле..менин кайненемин насааттары.
.мен да ушул нерселерди аткаргам ..жашоон 5ке болот анан..
#32 03 Ноябрь 2015 - 13:42
Менин да башымдан откон ушул ичпейт чекпейт молдо деп тийген адам кайра кызганчак уйдон чыкпай айтканын кылып жашасан деле жакпадым. Бир адамдын айтканын айткым келет Тукургон тукурукту кайра жутпа. Башында болбодубу болбойт акырына дейре. Мен кайра жарашып жашап кордум мурдагыдан да хуже болду озун келгенсин дегенсип мамиле кылып. Алла Таалам бешенеге жазганын коробуз. Айдын он беши жарык он беши карангы деп коет карангы кундорун ошол откоргон кундорун болуп кетсин мындан кийин жарык кундорду откор. Бактылуу бол!
#33 03 Ноябрь 2015 - 13:44
Мин аракет кылганын менен туртуп кагып силке берсе андай жашоо кереги жок биз деле адамбыз бир кун келип ал деле тушунот ошондо аттин кылат бирок кеч болуп калат
#35 03 Ноябрь 2015 - 13:51
Саламатсынбы?
Сага кенешим - сенин жазгандарындын барын окуп чыгып мындай ойго келдим.баары еле чыда тороп бер жениш сен жакта больт дептир,башынан жактырбадыбы аягына чейин жактырбай какшыктап ичи ирийт,онолбойт тапанын ###### кызматын кылсан да,жакшы гылыпсын бала тороп бойвна буто електе балалуу болгонунда судуролуп ортодо чайналатлен ошондо чыныгы служанкага айланасын еч жак геталбай балам учун жашайын деп еч жака батпай балан менен.азыр жаш ын жалгыз жаныны багып аласын атаенен н уйыно намыстанбай кенири журосун.айтарым жарашпа онолбойт.окууну бут иште келечеа алдыда.алар менен гана чектелбе
ЖИ
ВИ ка
к хо
чеш
ь, все равно тебя будут осуждать до конца жизни...!
#36 03 Ноябрь 2015 - 16:19
беш кол тен эмес мин тартып тенесекта тен келбейт ошонун сынарындай диндар адамдардында баары ыймандуу эместа кенешип кескен бармак оорубайт дегендей ата энениз менен кенешип корун
#38 03 Ноябрь 2015 - 16:30
zaika.tvo9.1990 (03 Ноябрь 2015 - 01:51) жазган:
Кайненеңиздин сиз тууралуу айтканында:
Чын эле кемсөзсүзбү,
көп күлбөйспү? Андай сындардан мен дагы өткөм, сизди жакшы түшүнүп турам. Мен самынды көп иштеткеним үчүн, бир кир чечишсе эле сразу жууп салчумун. Топтогонду жаман көрөм. Идишке мила кошконум үчүн, анда миланы неге апкелет деп ыйлайт элем. Очокко гөң салганда огородтон майдаларын терип жүрүп тамак бышырат элем. Эки үч жылдык кылып гөңдөрдү жыйып коюшат эле. Ошолордон алам деп бир жолу өллө уруш уккам. "Эмнесине колуңду тийгизип, качан кыйратып койдуң эле " деген. Кыштын күнү печка курулбаган муздак үйдө үч айлык кызым менен таң аттырат элем, үшүп уктай албай чыгат элем, кызымды эмизгенде тиши тишиме тийбей титирейт элем. Ошолордун баары сабак мага. Ошол күндөрдү көрбөгөндө мен мынчалык чыйралбас элем. Азыр өзүмө сөз тийгиздирбегенге аракет кылам. Баардык нерсеге көзүм жетип, каерде не кылыш керек экенин билем. Кай жерде күлүп, кай жерде сүйлөш керек экенин дагы. Мындайча айтканда жеңиш мен тарапта. Унчукпасаң үйдөй балаадан кутулат экенсиң ![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
![:)](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Jazgandarynyzdy okup, chooon tamga mn AZAMATSYZ degim keldi
#39 03 Ноябрь 2015 - 16:46
Жакшы корсон жаша,болбосо жашабай эле кой.Баланар да жок экен,куйон озумчул болсо,только озун ойлойт.Эми озун терен ойлонуп чечесин.
[color="blue"]Салам[\
blue]
#40 03 Ноябрь 2015 - 18:27
Эмне деп кенеш берууну да билбей турам. Эрк озунуздо эмес экен. Жолдошунуз да аракет кылуусу керек. Ага Аллах озу туура жол корсотсун. Балким жолдошунуз жаштык кылып жаткандыр. Баарын убакытка коюп бериниз, убагы келсе баары озу таразаланат.
Сизде азыр 2 жол турат экен. Ажырашып жаны жашоо баштоо же алгачкы турмушунузду сактап калуу учун курошуу. Балким балалуу болгонунуздарда,
бала ортодо шам чырак болуп берет беле... Эмнеси болсо да баары жакшылыкка деп турунуз, адам баласы бешенеге жазгандан качып кутула албайт экенбиз..
Билдирүүнү түзөткөн: Mediziner: 03 Ноябрь 2015 - 18:29
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!