MACKA Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 3 503 (0,96 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (2283 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Июнь 14
- Кароолор:
- 31 052
- Соңку аракети
- 08 Фев 2015 17:13
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосу.
Жазылган күн: 28 Июл 2014
Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты (фоторепортаж)
Бүгүн, 28-июлда Бишкектеги кичи маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу иш ташташып, күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышты. Ал эми маршруттардын каттамы токтотулганына байланыштуу шаар тургундары жумуштарына бара албай аялдамаларда турушат.
Айдоочулар майдын кымбатташына жана жол эрежесин бузгандарга айып пулдун көтөрүлүшүнө нааразы болушууда. Ошондой эле күйүүчү май кымбаттап, эмгек акталбай жатканын айтып жатышат. Шаардагы №286-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу Төлөгөн Кабылов мына буларды билдирди:
“Күйүүчү майдын баасы кымбаттап кеткендигине байланыштуу биз өз ишибизди бүгүн токтоттук. Анткени майга кеткен каражат өзүн актабай жатат. Маселен, 470 сомго май куйсак, тү шкөн киреше 360 сом болуп жатат. Тескерисинче, биз үйдөн кайра акча коротуп жатабыз. Биз өкмөттөн майга болгон баанын төмөндөтүш үн талап кылабыз. Эгер талап аткарылбаса, жол кирени жогорулатууга мажбур болобуз. Андан сырткары эл аялдамадан башка жакка туруп алып маршрут тосушат, албай өтүп кеткенге да болбойт, токтосоң МАИ кызматкерлери 500 сомдон айып салып жатышат. Бул нерсеге да чара көрүү талабын коёбуз”.
Ал эми жүргүнчүлөр бул маселени өкмөт эки тараптуу кылып чечүү керектигин айтышууда. Шаар тургуну Майрамгүл Карыбекова маршруткалар жол кирени жогорулатса, өкмөт айлык акыларды да көтөрүш керек деген пикирин билдирди.
“Мен жумушка башкалар сыяктуу эле маршруттук такси менен барам. Эгерде айдоочулар “май кымбаттады” деп жол акысын 12 же 15 сом кылса, биз да өкмөттөн айлыкты эки эсе жогорулатууну талап кылабыз. Ошон үчүн өкмөт эки тарапка тең маселе жаралбашы үчүн Казакстан, Орусия менен жакшылап сүйлөшүп бул маселени чечиши керек. Айлык көтөрүлбөй туруп эле жол акы кымбаттап кетсе, карапайым элдин жашоосу кандай болот? Анан, албетте, базардагы азык-түлүктүн баасы да эки эселеп өсөт”,- дейт Карыбекова.
Учурда шаардагы кичи маршруттар токтотулганы менен, өкмөт карамагындагы автобустар өз иштерин улантышууда.
Айта кетсек, жүргүнчүлөр үчүн кичи маршруттарга жол кире күндүз 10 сомдон болсо, кечки 21:00 дөн кийин 12 сомдон төлөшөт. Ал эми автобус жана троллейбустарда жол кире үчүн 8 сомдон төлөнөт.
Комментарийлер
MACKA ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?