KGZ_avtoritetka Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 47 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (11 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Апрель 14
- Кароолор:
- 12 560
- Соңку аракети
- 28 Авг 2017 20:10
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Кызыгуусу:
- Ар бир адамдын жан дуйносуно кызыгам.
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
Мен ачкан темалар
-
Жан биргем
Жазылган күн: 11 Май 2017
“Аял кара күч жагынан алсыз болсо да, анын жан дүйнөсүндөгү күчтүн улуулугуна ар дайым башымды ийип келем” деген экен бир улуу инсан..
«Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам».
Жүрөгүмдү уйгу- туйгу кылып, тынчтык бербей жаткан менин аруу, таза ак сүйүүмдү ушул жерге баяндап берүүнү чечтим.
Сөз башынан болсун))) Бактылуу үй- бүлөнүн эрке кызымын. Үй- бүлөдө 5 бир тууганбыз. 3 кыз, 2 эркек. Ата- эне үчүн ар бир баласы таттуу эмесби... Бирок эмнегедир жаштайымдан көп ооругандыктанбы ата- энем көзүмө карап, эрке өстүрүштү. Эмнени алам десем, эмнени кийем десем эртеси эле атам алып келип берчү. Көздөгөн нерсеме жетпей калсам, үйдө ызы- чуу чыгарып, ыйлап отуруп, максатыма жетчүмүн. 6- класста окучумун. Телефон жаңы чыгып жаткан учур. Айылда анча- мынча эле адам да болбосо, көбүндө жок болчу. Телефон деген проблема башталды биздин үйдө. Алып бергиле деп туруп алдым. Ата- эне экен да өздөрү көтөрбөгөн, өмүрү көрбөгөн телефонду көп өтбөй эле мага Бишкектен алдырып беришти. Нокия 27 00 болчу телефонум. Эч кимге карматпайм, бербейм. Бир күнү телефонумду бөлмөмө зарятка койуп, эшикте майда - чүйдө жумуш кылып жүргөм. Кубалашып ойноп жүргөн синдим менен инимдин тынчып отуруп калганын байкап, бөлмөмө кирсем менин телефонумду ойноп отурушат. Бала да телефон кызык болсо керек.... Кобурашып сонун экен ээ деп кубанып, оюн ойноп жатышыптыр. Ачуум келип, эмне менин уруксатым жок кармайсыңар? , деп инимдин колунан жулуп алып, дубалды көздөй ыргытып жибердим. Жаңы алган телефонумдун эч нерсеси жок чачылып кетти. Чогулта калып ыйлап жибердим. Атам келсе силерди айтам деп. Күн батып, аска- зоом атакем жумуштан келди. Чуркап барып эле атама арызданып жаттым. Кызыгы өзүм сындырып алганымды угуп, атам урушкан жок. Кайра жаңы телефон алып бересиңер деп баштадым. Ал кезде жаш болсомда атакемдин айткан сөздөрүн ушул күнгө чейин кулагыма түйүп келем. Кызым, алтыным келчи бери сүйлөшөлү деп атам мени жанына чакырып сөз баштады..
—Сен каалаган нерсе дүйнөнүн аркы бетинде болсо да, баарын алдыңа алып келем. Болгону майда- чүйдө нерсе үчүн ыйлаба балам. Көз жашыңа чыдай албайм деп эркелетип, бетимден сүйүп койду. Эсимде ошондо атамдын да көзүндө жаш бар болчу...
Достору
KGZ_avtoritetka Досторду кошо элек
Комментарийлер
KGZ_avtoritetka ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?