- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
А. Келдибековдун камалышы. Оюнар кандай?!
#1 22 Ноябрь 2013 - 03:33
Азыр интернет булактарынан окуп калдым, А. Келдибеков камалыптыр дегенди. Коррупционер дешиптир. Сиздин оюнуз кандай?
Менин оюм бул убактылуу эле камалып атса керек. Ташиев деле кичине отуруп чыктыго. Ал деле кичине отуруп чыгатко. Эртен эле Алай эли барып тополон кылып жиберишсе, эски нерселерин айтып чыгарып коюшат.

#2 22 Ноябрь 2013 - 03:35
Чыгарышат Мирлан байке менден гарантия
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#3 22 Ноябрь 2013 - 03:36
Интернет булактарынан алынган маалыматтарды да илип койсом кап этпейсиздер деп ишенем:
"Ата-Журт" фракциясынын депутатын кармап, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камашты.
Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда маалымат агенттиктерине экс-депутат Камчыбек Ташиев билдирип чыкты.
Жеке К.Ташиев өзү Келдибековдун кийим-кечесин УКМК СИЗОсуна, А.Келдибековго алып келип берген. Анын айтымында А.Келдибеков 10 жылы мурунку социалдык фонд төрагалыгы мезгилиндеги иштерине байланыштуу болушу мүмкүн.

#4 22 Ноябрь 2013 - 03:37
Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт"
фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун кармалышынын себептери боюнча Башкы прокуратура бүгүн кечке жуук маалымат таратты.
Анда 19-ноябрда Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш кодексининин 303-беренеси (коррупция), 304-беренеси (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогону айтылат. Келдибеков 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон, ошондой эле 2003-2004-жылдары мамлекеттик казынага чогултулган салыктан 10 миллион сомду кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Акматбек Келдибековду УКМК кызматкерлери кармап кетип, сурак берип жатканы бүгүн түштөн кийин белгилүү болгон. Бирок анын кармалышынын себептери айтылбай жаткан.Учурда Келдибеков УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Акматбек Келдибеков президент Акаевдин тушунда Социалдык фондду, президент Бакиевдин учурунда Салык кызматын жетектеген. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка келип, Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.(BkA)

#5 22 Ноябрь 2013 - 03:42
Бул А. Келдибековдун камалаар алдында элге кайрылуусу экен:
Бүгүн, 20-ноябрда саат 11.00. дөрдө КР ЖКнын Каржы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков журналист Үмүт Муканбетованы чакырып: "Менин Генпрокуратурадагы айрым булактарым кабарлагандай бийлик менин "Кумтөр" жана "Кыргызгаздын" сатылышына каршы позицияма ачууланып, кылмыш ишин ачып жатышыптыр. "Жаман айтпай жакшы жок" дегендей адын-ала кайрылуу жасап койоюн" деп видеокайрылуу жасаган. Ошол видеокайрылуунун текстин жарыялайбыз:
"Урматтуу элим! Мен бул кайрылууну алдын-ала берип жатам. Мага жеткен маалыматтар боюнча Генпрокуратура менин үстүмөн ар түрдүү иш козгоо, каралоо жана башка аракеттерди кылып жатат. Бүгүнкү козголуп жаткан иштердин баардыгында булар айткандай финансылык же административдик мыйзам бузуулар болгон дегени эч кандай чындыкка жатпайт. Менин үстүмөн кылмыш ишин ачуу аракеттери мен спикерлик кызматтан кеткенде эле башталган. Андай тапшырма менен мени иликтеген СНБнын юристи жана бир кызматкери "далилдүү эч нерсе жок" деген бүтүмү үчүн экөөсү тең кызматтан кетирилген. Андан кийин мындай тапшырма прокуратурага берилип, мына бүгүн генпрокуратура каалагандай иш козгоп жатат. Буга чейин бийлик унчукпай жүрүп, мына азыр биздин фракция "Кумтөр" боюнча келишимдерди денонсация кылуу демилгесин көтөрүп, ошол чечим өттү.
Эми "Кыргызгаздын" сатылышы боюнча мен чындыкты айтып жатам. "Кыргызгаздын" 100% ын берип койбой 51% ы бизге калсын же жок дегенде 50%ы калсын деп жатам. Бул мага каршы ачылган иштер заказ экенин прокуратуранын балдары айтып жатат. Прокуратуранын балдары менен сүйлөшкөндө "Сизге эчтеке жок, бирок, бизди кыйнап жатышат. Коркконубуздан эле ушундай жалааны жазып жабууга мажбур болуп жатабыз" деп мен прокуратуранын көп балдарынан муну уктум. Учурунда Максим Бакиев эки налоговикти кызматка албай койгондугум үчүн, анын тилин укпаганым үчүн ушундай куугунтуктоо болуп, менин үстүмөн иш козгогон. Бул болбогон нерсе. "Бизнес-Партнер" деген фирмага патент жазууну мыйзамсыз берип койгон деп жатпайбы, бул КР Салык кодексинин 47-статьясында бар. Ошол мезгилде, мен иштеген жылы мага чейин иштегендерге салыштырмалуу салык жыйноо 134% өсүш болгон. Анан бул Максим Бакиев ачкан иш бир эмес төрт жолу эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп жабылды. Ага карабастан, 2010-жылы шайлоо алдында кийинки бийлик да кайра бешинчи жолу баштап, бирок СНБ кайра жапкан. Азыр эми кайра козгоп, эптеп кынтык тапканы аракет кылып жатышат. Экинчиден, ар кандай схемаларды айтып, ар нерсени ойлоп табышы мүмкүн. Бул бийликтен баарын күтсө болот.
Ошон үчүн мен баарын ачык-айкын айткым келет, сотто болобу, кайсы жерде болот, менин ошол мыйзам бузуулар бар дегендери боюнча баардыгына далилдүү түрдө жооп айтып бере алам. Элдин алдында болобу, эл соту болобу же болбосо жөнөкөй сот болобу эл алдында эч качан башымды ылдый салбай, бийик көтөрүп туруп айта алам. Ошон үчүн эгер бийлик мындай кадамдарга барып, каралоо, эптеп мына "Ата-Журт" партиясына, мага иш козгосо бул 7-депутатка козгогон болот. Менден кийин да калгандарына козгобойт деп айта албайм, козгойт.
Себеби, "Ата-Журт" бүгүн чындыкты элге айтып жаткан, чындык маселелерин көтөрүп жаткан фракция болуп эсептелет. Үчүнчүдөн, "коррупция, коррупция" дейт, мына ошол эле СДПКдагы ликер-арак заводун сатып алган, "Акылинвестбанкты" Максим Бакиевден түздөн-түз 5 миллион долларга сатып алып, Максимди бир колу менен жамандаса экинчи колу менен анын буюмун сатып алып, акчаны которуп берип жатканкандарга да толук далилдер бар. Мародерчулук боюнча эмнеге алигиче кылмыш иши каралбайт? Мунун баардыгы ич ара соодалашуу "эгер сен мародерчулук боюнча иш ачсаң биз сенин Убактылуу өкмөттөгү иштериң боюнча ачабыз" деген соодалашуу менен ушул ишке барып олтурушат. Ошон үчүн мен башты бийик көтөрүп туруп дагы бир жолу айтамын, булардын койгон дооматтары жана башкасынын баары кыпындай да кылы жок, эч нерсеге жарабаган нерселер. Мен эки гана структурада иштедим. Социалдык фонд жана Салык кызматында. Эки жерде иштегенимде тең мен өсүш жана ошол структураларды жакшынакай калыпка келтиргенге коллектив менен жетиштим. Буга далил цифра же жөнөкөй сөз эмес, иштин жыйынтыгы далил болуп эсептелет. Ошон үчүн урматтуу элим, эгерде булар мыйзам бузуу менен ушундайга барса мен ойлоймун, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт."

#6 22 Ноябрь 2013 - 11:42
Туура оз жазасын алсын, Салиева Азамат!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#7 22 Ноябрь 2013 - 11:51
уч жолу иш козголуп далил жок кайра жабылыптыр менимче бул кандайдыр бир саясий буйрутма а коррупция маселесине келсек А.Салянованын бул кызматта олтурууга мынтип кылмыш ишиш козгоого моралдык укугу жок.! Кыргызды кордогон башкесерди абактан качырып жиберген адамдан жакшылык кутпош керек.!
#9 22 Ноябрь 2013 - 14:27
Салянованы колдойм! Ушунусунан жазбай иштесе мындан ары көп кылмышкерлер кармалат!
Элдин баары билет Келдибековдун мулкун. Мам.кызматта иштеп, бул кишиникиндей байлыкты туптоо болушу мумкун эмес. Демек, бул бир жерден жеп же алып жургон. Бул кишинин элитный сауналары бар деп уккам.Ошолорду таап чыгышса экен.
Салянованы колдогондор эл арасында коп.
Митингди Келдибековдун эле туугандары уюштуруп жатышат. Кандай тажабаган адамдар. Митинг деген созду укканда журок айланчу болду. Эми бир тууганын чыгарабыз деп ОБОНчуларды жалдап атышып,байлыгын чачып салышпаса болду. Чачса деле эмне? Баарыбир конфискация болот, ошого улгуруп кичине болсо да коротуп калалы дегендегилери го чамасы ))

#10 22 Ноябрь 2013 - 14:33
Салянова биринчи Бакиев улуу, Бакиев кичууну жана Акаевди алып келип камап алсынчы, АШАнын айтканын кылбай. Олгону калды ушул Салянова.
#11 22 Ноябрь 2013 - 14:35
Piligrim (22 Ноябрь 2013 - 14:33) жазган:
Салянова биринчи Бакиев улуу, Бакиев кичууну жана Акаевди алып келип камап алсынчы, АШАнын айтканын кылбай. Олгону калды ушул Салянова.
Буларды камай албай калдым деп, калганын жон коюшу керекпи? Ошо Бакиев менен Акаевдин ушул олкодо жургон сасыткыларын эле тазалап салса, КР онугот. Мына бироо кеткени калды.
Билдирүүнү түзөткөн: Compact: 22 Ноябрь 2013 - 14:35
#13 22 Ноябрь 2013 - 16:31
Ушул адамга кудай башты да, кебетени да, байлыкты да берип коюптур. Берет деген ушул деп 5 колун тең салбай чыпалак менен жесе деле өлбөйт болчу. Эми тиги аталган байлыктын баары аялына катталган экен анысы аз келгенсип бир күбөсү качып кетиптир. Аягы Кудайдын колдоосу менен мамлекетке пайдасын алып келген жагына чечилсе эле болду...
...
#14 22 Ноябрь 2013 - 16:59
Эх сассык саясатчылат,
силердин баарынарды камап салуу керек!
Важно не то, кем тебя считают...
Важно - кто ты на самом деле
Важно - кто ты на самом деле
#15 22 Ноябрь 2013 - 16:59
19-январга чейин СИЗОдо калмай болду, Келдибеков.
Жылдап топтогон байлыгы эми адвокаттарга, сотторго, митинг уюштурууга жумшшалып, кыскасы, чыгым болот го, байкуш киши...

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#17 22 Ноябрь 2013 - 20:43
Менин оюмча бул андай , бул мындай деп күнөөлөп жатып чарчадык окшойт. Садыр Жапаров азамат жигит экен,ким кандай иш кылганын толук жазып жеткирип койду.Эсиңиздерде болсо"Ууланган Кумтөр баяны"-деген китебин окуп чыгып, Акаевдин да Бакиевдин да азыркы бийликтин да кымындай уяты жок экенине ынанадым.Бийликтегилердин бири а эл жөнүндө ойлобоптур,
кантип байып алыштын жолун гана ойлоптур. Теледен айтып жатпайбы көлдүк туугандар;"
Центерраны"
иштеткендер "Кумтөрдү"
залоко коюшуп анан кредит алып, ишти баштаган экен. Ошондо баары кыргызстандыкы болуп жатпайбы. Муралиев, Чынгышов, Карашов, жана башкалар кол коюшканын жазыптыр. Кыргызстан дүйнөдө алтын боюнча 7-орунда турат экен. Бул байлык боюнча жогорку көрсөткүч. Эгер алтынды өзүбүз иштеткенде мугалимдер 1000 долларга чейин айлык алмак экен. Ушундай байлыкты Канадалыктарга ит арзан берип коюп, өздөрүнө бир аз жем таштап койсо , ошого макул болгон жетекчилерди айтам да. Бизге бир жарытылуу жетекчилер келбеди. Кайсы жердин эли байгер жашайт? Президенти жана жетекчилери элди ойлогондо, ошолор байгер жашайт экен. Коңшулаш Казакстанды карагылачы,
биздин жаштарга окшоп тентиреп жүргөндөрү жок , алар чет мамлекеттерге окуп билим алуу үчүн гана барышат. Ошондуктан бийликти карап кол куушуруп отура бербей өзүбүз аракет кылышыбыз керекү Эң жаман жерибиз түндүк -түштүк болуп бөлүнүп отурганыбызда болуп жатат. Түштүктө да түндүктө да акыл-эстүү кишилер көп,ошондой эле акыл-эси толук жетишпегендер да бар эл блгондон кийин баары болот. Азыр түндүк-түштүк жоюлуп деле кетти, түндүктүн канча кыздары түштүктөү түштүктүн канча кыздары түндүктө жүрөт, Алар бизди бириктирип салды. Ошонун баарын билип туруп эле бөлүнө бермейибиз бар.Биз бир муштум болуп биригип, ошол жегичтерге каршы күрөшүш керек. Алындарды уурдагандар,
жерлерди саткандар, завод-фабрикаларды ээлеп алгандар ж. б лар. Алар эки тарапта да жетиштүү. Азыр да тынымсыз уурдап жатышат. Алар тоюшпайт, ким ууру болсо жазасын тартсын. ОО Элим өзүбүз да бир аз сезимдүүрөөк бололучу, кен казгандар кимдер алар кыргызстанга пайдасы тиеби же алдап жүрөбү, аны ойлобойбуз.
Келгендер менен бийликтегилер сүйлөшүп каалаганын жасап жатышат. Биз болсо "Алар кен иштеткендер экен"-деп коюп кенебей жүрөбүз. Ушул кенебестигибиз башыбызга жетип эми "Ууланган Кумтөрдү"
ээлеп отурабыз. Садыр Жапаров жазган экен"Биз алтын тебелеген кедейбиз, дагы он жылдан кийин уу клдыктарды тебелеген кедей болобуз"-
деп. Мына эми Садыр байке айткандай 300 миң гектар цианит калдыгына ээ болдук. Бул биздин күнөөбүз элим!! Ушунчалык да момун, ушунчалык да ооз ачылма болобузбу? Садыр байке баштап берди калган байлыктарыбызды алдырбайлы элим!! Жедирбейли ошол жеп жаткандарды ооздуктап, чоң жана кичи ишканаларды куралы. Келдибековбу,
Саляновавы,
Текебаевби,
Отунбаевабы,
Атамбаевби,
Ташиевби, баардыгы мамлекеттен алган акчаларын бериш керек.
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#18 22 Ноябрь 2013 - 20:52
Байлыктарынын тизмесин угуп жатып оозум ачылып калды,Аида Салянова айтмакчы "Ошол акчаларга мектептер,больницалар курулмак" деп,мен да ошентип ойлойм да,кантип эле ошончо акчаны мээнет менен тапсын!
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#20 22 Ноябрь 2013 - 21:35
Акматбеков да Бакиевдин майлуу куйругу!Актанып кайрылуу жасаса эле ак боло берет бекен!
- (4 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »