Юлдуз Усманованын Кыргызстан мамлекетин “махаллага” окшотушу социалдык тармактардагы кызуу талкууларга себеп болууда. Юлдуз Усманованын “Америка добушу” радиосуна берген интерьвюда билдирген пикири жана БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Өзбекстанга болгон сапары алкагында президент Ислам Каримовдун 2010-жылдагы Ош окуяларынын айыптууларын жазалоо туурасындагы билдирүүсү менен кандайдыр байланыштуулугу барбы?
Ооба, Ош окуялары Орто Азиянын оорулуу чекитине айланды. Бул оорулуу чекиттен саясий күчтөр же чоӊ мамлекеттер геосаясий оюндарда пайдаланууга аракет кылышат. Каримов да Пан Ги Мун менен болгон жолугушуу учурунда Ош окуяларына айыптууларды таап жазалоо маселесин көтөрүшү Кыргызстандагы өзбектерди ойлогонунан эмес, балким “корккон биринчи муш көтөрөт” дегендей көрүнүштө иш кылып, өз өлкөсүндөгү мыйзам бузуулардан чалгытуу максатында теманы ушул тарапка бурду. Юлдуз болсо кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн сайрап жатат.
Зулумдардан тойгон, өз акысын талап кылып демонстрацияга чыккан тынч калкты ири калибрдүү автоматтар менен атып, кыргын кылууну эмне менен актоого болот? Өз калкын кырган диктаторду актоого аракет кылган бул артист акырындап алакалары кайрадан калыбына келип жаткан Кыргызстандагы эки улуттун ортосуна дагы кайрадан чагым салуунун ордуна – эгерде чындап эле өз калкы, анын кайгы-муӊу жөнүндө сүйлөмөкчү болсо – Өзбекстанда жүз берип жаткан адилетсиздиктер,
мыйзам бузуулар, ишке ашырылган кыргындарды ачып бербейби? Жок, ал бул нерселер тууралуу айтууга буйрулбаган.
Ошондуктан да Кыргызстан калкы ар кандай карамүртөздөрдүн чагымдарына,
ширин сөздөрүнө алданбастан,
окуяларга исламий көз караштан туруп баа бериши керек. Антпесе, Орто Азия калктары башкалардын кызыкчылыгы жолунда өз балдарын курмандыкка чала берет.
Баракча 1 - 1
Унутулуп жаткан ооруну жаӊыртуудан кимге пайда? .
#2 02 Июль 2015 - 14:36
Максаты эки мамлекетти уруштуруу.
Билдирүүнү түзөткөн: AMAHAT: 02 Июль 2015 - 14:41
Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун!!!
#3 02 Июль 2015 - 14:38
Эскертүү:
эрежелер бузулбасын!
Дароо чара көрүлөт!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 02 Июль 2015 - 19:23
Чыгармачыл адамдын журогу суттон ак болот дечу эле, кара муртоздугуно тан бердим.
Каримов буткул дуйного эле эмес, озунун элине жек корунду болгону качан. Бул журуш менен канчага узап бараар экен...
Каримов буткул дуйного эле эмес, озунун элине жек корунду болгону качан. Бул журуш менен канчага узап бараар экен...
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#5 03 Июль 2015 - 22:07
Юлдузун адам эмес экен. Бекеринен оз мамлекетинен качып журот дейсинерби
#6 01 Октябрь 2015 - 22:12
кысыып эле журбойбу. Ал ким экен.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
#7 01 Октябрь 2015 - 22:46
кысыып эле журбойбу. Ал ким экен.
Времени нет. Cерьезно?
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Это желания нет, а время есть всегда.
Есенин.
Баракча 1 - 1