Aruuzatym Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 33 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстандын архиви (22 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 08 Август 12
- Кароолор:
- 18 885
- Соңку аракети
23 Дек 2019 17:32
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Август 25, 1989
- Жынысы:
-
Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Umnaya_devushka
21 Апр 2020 - 13:43 -
nurai1994
01 Апр 2019 - 09:09 -
Nuri_260913
09 Дек 2018 - 21:57 -
Muslim1990
12 Ноя 2018 - 17:06 -
baha-1283
20 Окт 2018 - 09:15 -
oma0303
26 Апр 2018 - 14:22 -
zzz
26 Июл 2017 - 06:10 -
ilikgosh
08 Ноя 2016 - 09:46 -
luna.kg
01 Июл 2016 - 08:45 -
uluubek
12 Май 2016 - 20:31
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Монолог.
Жазылган күн: 5 Мар 2015
Менин жашоомдо бар болгон бардык адамдарга рахмат дегим келет. Жашоо ушундай экен, бирде бөксө, бирде толо. Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөйм. Силер аман болгула, оорубагыла. Дайыма жылмайып, жан дүйнөңөрдө жаз болуп турсун. Буюрса баары жакшы болот, мен ишенем!
Үшүгөн жокмун, болгону кыштынбы же жан дүйнөмүнбү абалынан муздап турам. Жылуу күндөрдүн үмүтүн берген айдын 5ин жашап коюпмун. Жылуу күндөргө салам эмесе! -
Темасы: Монолог.
Жазылган күн: 3 Янв 2015
Мен бактылуумун.
Кудайга шүгүр, менин жашоомдо баары жакшы. Ата-энемин амандыгы, бир туугандарымдын кайда болсо да аман жүргөндүгү мага топук. Баса, Жаңы жылга 2 чоң план түзүп койдум. Курбум экөөбүз биргеликте. Биринчиси, чет өлкөгө саякаттоо жана экинчиси аялдык милдетимди аткармакка аттануу.
Эми жашоомду башкача нукка түшүрүп, башкача багыт менен жашайм деген ойдомун. Жакшылыктарымды жар салганча. -
Темасы: Монолог.
Жазылган күн: 12 Июл 2014
Күүгүмдөр күн нурунан эрип күндө,
Күн батса Ай жарыгын берип түнгө,
Жашоонун арабасы жүрөт тура,
Жакшылар жүргөн үчүн жер үстүндө...
Жай жылбай, учат мезгил закымдаган. ..
Жашоонун мыйзамынан башым да маң...
Шордуу күн жакшыларды түгөткөндө,
Шол кезде болот тура акыр заман...
Жанымды соолуттурар жайдан качып,
Жакшыны жүргүм келет жандай басып.
Азгырык дүлөй кылып турган чакта,
Азандын үнүн угуу кандай бакыт...
Өзөктү санаа менен жерип күндө,
Өр ашам өзгөрүлүп келип күндө...
Жанашып алгычакты мен аларга,
Жакшылар жашаса экен жер үстүндө...
Жакшылар түгөнбөсүн жер үстүндө...
Бул ырды окуп алып ыйладым. Ушул кезге чейин кайсы бир деңгээлде өзүмдү жакшы адам деп билбесем да, жакшы болууга аракет кылган өздүк катары таанычу элем. Жок, менин аракеттерим адашыптыр, көрсө мен жаман адам болуп калган экенмин. Жакындарым, менин эң бир начар кадамымда да кечирип турган жакындарым, кечирим сурайм... Жүрөгүм ушунчалык кыйналып турат менин. Мен адамды мүнөзү аркылуу "жакшы" , "жаман" деп билчүмүн. Мүнөзүмдүн жумшактыгын билчүмүн. Адамдар мени капа кылып, кага сүйлөп коюушуна кээде кол шилтей албай кетет элем. Бир күндөрү мен да ал адамдарга дал өзүндөй болбосо да "жооп кайтара алчудай" адам болгум келди. Мен өзгөрөм дедим, өзгөрдүм дагы... Бирок, мен жаман адам болуп кетиптирмин да көрсө. Мен оңбой калдым го, кайра өзүмдүн көңүлүм ооруйт тура.
Жакшы адам болууга менде азыр аракет да, себеп да жок.
Мени катарына кошуп жүргөн адамдарга дуба кылайын Аллах үчүн. Алар жаман адам болушпасын эч качан. Алардын эң акырында болсом да жүрө турганыма шүгүр кылайын. Бир кичинекейим бар, ушунчалык жакшы адам. Мен анын көңүлүн канча ирет ооруттум. Кудайым мени кечир. Мага ыйман берчү көбүрөк. Ыйлаганымды билип курбум келди жаныма. Ал жакшы адам, мен жаман болсом да менин жанымда жүрө берет... Силер аман болгулачы асылдарым.. Мага үлгү болуп жүрө тургула.