жүгүрүп келип, мени жаздыкка жыкты да, алгач көрүп тургансып алая карады. Ыйлабайын десе да кирпиги нымдалышып,
эриндери кемшеңдеп кетти. Анан көкүрөгүмө бетин баскан бойдон солуктап ыйлап жиберди.
-Ой, эмне болду,Асел? Сен эмне?-деп мен шашып калдым. -Кичине тумоолоп калыпмын, анын эмнеси бар. Кайра сенин кашыңда болуп, Самат менен кумардан чыга ойноп албадымбы.-Уулубуз эмгектеп жүргөн, кичине таканчыктайын деген аракети бар. Деги кылыгы кызык кези.-Билесиңби,
мен дагы ушинтип ооруп жата турсамбы дейм.
-Койчу суук сөзүңдү! Ооруба!-деп Асел жаш аралаш жемелемиш болду.
Байкушум, мен ооруп жатканымда аябай эси чыккан тура.
Ал ортодо уулум ойгонуп калды. Асел аны жылуу бойдон апкелип койнума салды. Үчөөбүз керебетте жатып алып, оюнга кирдик. Самат жөрмөлөп, бир мени, бир апасыны тепсеп аймалайт. Куду мамалактын өзү... Э, ал бир майрам болду да!
-Мына, көрдүңбү, мындан артык ырахмат барбы!-дейм.
-А сен жатпа дейсиң. Жакында ата-энеңе барабыз, кечирбей кантип коюшат. Саматыбызды көргөндө эле элжиреп кетишпейби.
Ырас, өз айып, көп күнөөбүздү моюнга алып, бир баруу ойдо жүргөн. Кайын журтум кызына топурак түйүп бергидей тарынычта. Атүгүл, Нарындан каттаган бир кишиден айттырып жиберишиптир,
көзүбүзгө көрүнбөсүн,
өлсөк да келбесин, деп. Ошентип, бизди көрөйүн деген көздөрү жок. Бирок, барып алдыларына жыгылсак, күнөөбүздү кечирер деген үмүт бар. Ал үчүн отпуск алып, жол камын көрүш керек. Куру кол бармак белек, кемпир-чалга кийим-кече алыш керек.
Ошентип, жүргүнчөктү кыш түшүп калды. Теңир-тоонун кышы катуу, кар боройлоп, ак бороону көз ачтырбай жүдөтөт. Шоферлордун түйшүгү арбыйт, жолчулардыкы андан бетер. Алардын күндө алышканы көчкү. Көчкү жүрөр шектүү жерлерден озунуп көчкү жүргүзүп, жолду тазалап турушат. Ырас, ал жылкы кыш анчалык катуу болбоду. Же шоферлуктун машакаты менен жүрүп мен анча баа бербей калгандырмын.
Иши кылып, автобазага кошумча тапшырма жүктөлдү. Чынын айтканда аны чыгарга шоферлор өздөрү, озунуп чыккан мен. Аныма азыр да өкүнбөймүн.
Туура эле болчу. Бирок балээнин баары ошондон башталды. Ал мындай болду.
Бир күнү кечкурун автобазага кайтып келаткам. Алыбек Жантуриндин аялына алпарып бер деп, Асел бир түйүнчөк берген. Жолдон кайрылдым. Алыбектин аялы чыкты. Түйүнчөктү берип жатып:
-Алыбек кайда?-деп сурадым.
-Кайда болмок эле. Жүк түшүрүүчү станцияда. Элдин баары ошерде имиш. Эшелондор келип калыптыр дейт.
Мен да ошоякка чуу койдум. Эмне болуп жатканын билгим келди. Станция капчыгайдан көлгө чыга бериште. Темир жолдун түгөнгөн жери. Түн кирип калган. Капчыгайдан чыккан шамал улам күч алып, карагай башындагы фонарлардын жанын койбой, жер бетинде кар тозонун ызылдата кубалап жатты. Вагон сорттогон паравоздор аркы-терки жүрүп турат. Четки жолдо жебесин соймоңдоткон кран платформадан жүк түшүрүлүп жатат. Тунуке каптап, зым менен чырмаланган ящиктер-мунун баары Атбашы ГЭСинин курулушуна.
Чоң курулуштун жүгү да көп болот.
Чогулган машине көп, бирок, жүк жүктөгөн бирөө да жок. Баары бирдеме күткөндөй. Шоферлор бири кабинасында,
бири тепкичинде,
бири ящиктерге жөлөнүп, ар кимиси ар жерде. Менин саламымды жарытып эч ким деле алик алган жок. Тунжурап чылым буркуратышат.
Четте Алыбек туруптур, ага бардым.
-Буерде эмне болуп жатыры? Телеграмма келди дейби?
-Ооба. Станцияны мөөнөтүнөн мурда коё беребиз дешет.
-Коё берсе, коё беришет да.
-Кептин баары бизде болуп
"Делбирим" Чынгыз Айтматов
#22 30 Октябрь 2017 - 05:12
турат... Карачы, темир жолду бойлото канча жүк түшүрүп салышты. Дагы келет. Мунун баарын качан ташып бүтөбүз? Тыяктагылар болсо бизге ишенип, күтүп отурушат. Алар үчүн ар бир күн кымбат!...
-Аны эмне мага айтасың? Менин тиешем кайсы?
-Тиешем кайсы дегениң кандай? Сен эмне, башка мамлекеттин кишисисиңби? Же мойнубузга түшкөн милдеттин маанисин билбей турасыңбы?
-Сен соо эмиссиң го!-дедим да четке басып кеттим.
Ушул учурда автобазанан начальниги Аманжолов келип калды. Чылымын бир шофердон тамыщып алды да, элди тегерете карады.
-Ахыбал ушундай, жолдоштор,-деди ал,-Министерство менен сүйлөшүп көрөм, балким, жардам берер. Бирок, ишенип отура бергенге болбойт. Эмне кылышты билбей менин башым да катып турат...
-Мындай учурда бирдеме ойлоп таба коюш да кыйын, жолдош Аманжолов,-деген үн чыкты.-Жүктөр көлөмдүү экен, кузовго эки-үч гана батат. Күндүр-түндүр ташысак да жазга чейин бүтпөйт.
-Кептин баары ошондо болуп жатат,-деди Аманжолов,-бирок, ташып бүтүрүш зарыл. Бүгүнчө үй-үйүңөргө тарагыла да кабыргаңар менен кеңешип келгиле.
Ошентти да ал "газигине" түшүп, жөнөп кетти. Бирок, шоферлордун бири да ордунан козголбоду. Караңкы бурч жактан бирөө күркүрөгөн үнү менен кыжынып калды өзүнчө:
-Болбогон сөз! Ала койдун териси алты адамга тон чыкпайт. Башынан ойлонуш керек болчу!-деди ал чылымын өчүрүп, машинесине басып кетти.
Аны башка бирөө колдоду. Качан болсо ушу,-деди ал.-жан алкымга келгенде биз керекпиз, айланайын шопурлар, куткарбасаңар болбой калды деп жалынып-жалбарып турушат.
Башкалар аны төө бастыга алды:
-Айтсаң ойлоп айт, Ысмайыл болбосо кыпчылба!
Мен талашка кошулбадым. Бир маалда баягы ашуудан машине сүйрөп чыкканым эске кылт этти. Адатымча чыдай албай кеттим.
-Баш катыргандай эмнеси бар!-деп ортого кыйкырып чыктым.-Прицеп чиркеш керек!
Эч ким былк этпеди. Кээ бирөөлөр көз кыйыгын да салып койбоду. Акмактын ойуна эмне кирбейт дегендей кылышты.
-Баракелде! -деп Жантай ышкырып койду. Аны үнүнөн тааныдым.
Эки жагымды элеңдеп карап турам, болгон окуяны айтып берейин деп турам. Эңгезердей бирөө ящиктен түштү да колкабын кашындагы жигитке кармата коюп, мага келди. Жакаман уучтай кармап, тумшук тийиштире тартты:
-Ах дечи!
-Ах-х!-дедим бетине үйлөп.
-Сопсоо!-деп таң калды ал жакамды коё берип.
-Анда, акмак!-деди жолдошу. Анан экөө машиналарына барып минди да, айдап кетишти. Өмүрүмдө мындай шылдың болгон эмесмин. Өлбөгөн төрт шыйрагым турду ошерде.
-Коё турсаңар! Кетпегиле! -деп шоферлор арасында чебелектедим. -Чын айтам, прицеп алса болот...
Шоферлордун арасында бир улгайганыбыз бар эле, ошол киши жаныма капалана басып келди:
-Мен ушу жолдордо машине айдап жүргөн кезде сен нанды "нана", этти "быпый" деп жүрчүсүң балам. Тянь-Шань сага бий бийлөөчү аянт эмес. Элге мазак болбосоңчу. ..
Эл күлүп өз машиналарына тарай баштады. Ошондо мен чыдай албай станцияны башыма көтөрө кыйкырдым:
-Шофер эмей эле силер катын экенсиңер!
Өз башыма дагы бир балээ тилеп алдым. Тарап бараткандар токтой калды да кайра баары жапырт мага атырылды.

#23 30 Октябрь 2017 - 05:18
-Сен акмак! Башкалардын өмүрү сага оюнчукпу, ыя?!
-Наватор имиш! Өзгөчөлөнүп сыйлык алгың барбы?!-деп Жантай ого бетер көкүтүп жүрөт.
Баары чуру-чуу тушүп, мени ящиктерге матап келишти. Тытып кетеби деп, жерден тактай ала койдум.
-Эй, тургула мындай!-деп бирөө катуу ышкырды да элди жиреп кирип келди. Алыбек экен.
-Тынч!-деп барк этти,-Айт, Илияс, жөндөп айт! Тез айт!
-Айта турган эмнеси бар!-деп мен энтигип турдум. Топчумун баарын үзүп салышыптыр. -Ашууга өзүм машине чиркеп алып чыккам, жол участогуна. Жүгүм менен жүктүү машинени сүйрөп чыккам. Айтса, ушул.
Шоферлор ишене албай турду.
-Анан, сүйрөп чыктыңбы?
-Ооба. Долондон ашырып, жолчуларга жеткиргем.
-Ой ит оой!-бирөө таңданды.
-Жанын жейт,-деди дагы башка бирөө.
-Жанын жебесе, мына, Жантай айтсын. Өзү көргөн. Эй, Жантай, кайдасың? Айтчы, эсиңдеби, кыя жолдо жолукпадык беле?..
Бирок, Жантайдан дайын жок. Жер жутуп кеткендей. Аны кудай алсын. Көпчүлүк дуулдай баштады. Мени жактагандар да чыкты. Бирок, ортодон бирөө барын айнытты да койду.
-Курулай былжырап эмне,-деп жактырбай түнөрө сүйлөдү ал.-Бирөө бир жолу өткөн экен, болсо болор. Эмнелер болбойт. Биз бала эмеспиз. Биздин жолдо прицеп тартып жүрүүгө тыюу салынган. Эч ким уруксат бере албайт. Коопсуздук инженерине айтып көрчү ушул сөзүңдү,эмнесин көрсөтөр экен. Силердин айыңардан ал суракка түшө албайт...сөз бүттүбү? Анда ошол!
-Сен законуңду коё турчу!-деп башка бирөө чыкты.-Уруксат бере албайт дегениң кандай? Мына, Иван Степановичтин көзү турат, отузунчу жылдары полуторка менен ошол ашууну биринчи ашкан. Анда буга да эч ким уруксат берген эмес. Өзү кеткен. Мына өзү эле айтсын...
-Андай болгон,-деди Иван Степанович. -Бирок, шегим бар бул ишиңерге. Долондон жайында прицеп сүйрөп ашуу опурталдуу, азыр болсо кыштын кыраан кези...
Баятан бери унчукпай турган Алыбек сүйлөдү:
-Талашты койгула. Мурда болбогон иш, бирок ойлонуп көрүү керек. Илияс, сен да алабармансың. Сага окшоп эле келе прицеп, жөнөдүм деген жарабайт. Баарын таразалап, ойлонуп, кеңешип, сынап көрүш керек. Куру сөзүң далил эмес.
-Өзүм далилдейм! -дедим мен жанданып.-Силер ойлонуп, таразалап оутргуча мен далилдеп берем. Ошондо ишенесиңер!
Ар кимдин бир мүнөзү бар. Сабырлуу болгон жакшы го, бирок дайыма эле кармана албайсың да. Эки колум рулда. Бирок машине айдап баратамбы, бараткан жолум жолбу, сезбейм. Ачуу ыза менен көшөргөн көктүгүм боюмду бийлеп алган. Жок, мен силерге баары бир дадилдейм. Адам сөзүнө ишенбейт деген, адамды шылдыңдаган кандай экен силерге көрсөтөм. Жалтайлап, сактана бергениңди да көрсөтөм. Алыбекти да жигит деп... Ойлонуш керек, даярданыш, сынаш керек деп... Акылдуусунуп, токтоосунуп! Урдум токтоолугуңду! Айттымбы, болду, ошондо өзүңөр ит болосуңар! Карап тургула!
Машинени гаражга коёрун коюп, бирок, айланчыктап бир топ жүрдүм. Сыртым тынч көрүнсө да ачуум ичке толуп, жазыла албайм. Ойлогонум эле ошол, прицепти чиркеп алып, ашууга бет алуу. Эмне болсо да, анпесем болбой калды. Бирок, прицепти мага ким берет?
Ушул ойдун кыжаалаты менен короодо жүрө бердим. Түн бир убак. ДИспетчердин гана терезеси жарык болуп турду. Токтой калдым: диспетчер бар эмеспи! Анын колунан баары келбейби! Бүгүн Кадийча дежур болушу керек. Эң сонун! Ал менин айтканымдан чыкпайт.

#24 30 Октябрь 2017 - 05:20
Деги мен кылмыш кылып жаткан жерим жок го. Пайдалуу иштин өтөөсүнө чыгайын деген эле ой!
Диспетчердин бөлмөсүнө жакын келип бирдеме эсиме түштү: көптөн бери ичкери киргенди койгон экем, эл катары терезеден гана жол кагазымды алып кетип жүрөм. Тайсалдап токтоп калдым. Аңгыча эшик ачылды. Босогодо Кадийча өзү туруптур.
-Мен сага келдим Кадийча. Ордуңан тапканым жакшы болбодубу.
-Кеткени жаттым эле.
-Жүр анда, үйүңө узатып коёюн. Кадийча таңыркай кашын керди да күмөндөнө карап туруп, анан, күлүп жиберди.
-Жүр.
Сыртка чыктык. Түн караңгы. Көл шарпылдап, суук шамал уруп турду. Кадийча колтуктап басып, шамалдан ыктай мага жабышты.
-Үшүдүңбү?
-Сенин жаныңда үшүбөйм,-деп тамашалап койду.
-Эртең кайсы учурда иштейсиң, Кадийча?
-Экинчи смена, эмне экен?
-Бир иш болуп калды. Өтө маанилүү иш, сенин колуңан келет...
Айтсам, оболу ал уккусу да келбеди, мен болбой көшөрө бердим. Экөөбүз бурчта, фонардын түбундө турабыз.
-Ай, Илияс, ай!-деп жиберди Кадийча көзүмө күлө тиктеп.-Куру бекер убара болбосоңчу бул ишке.
Баары бир менин айтканымды аткарарын билип калдым. Колдон алдым:
-Мага ишене бер! Кадырың жан болсун! Эмесе сүйлөштүкпү?
Ал күрсүнүп алды:
-Болуптур, сага амал барбы!-деп башын ийкеди. Мен баамсыз ийининен капшыра кучактадым.
-Жигит болуп туулсан болмок,Кадийча! Болуптур, эртең көрушкөнчө! -деп колун бек кыстым.-Кечке чейин керектүү кагаздарды даярдап кой, ээ?
-Ашыкпа!-деди Кадийча колумду коё бербей. Анан толгоно берди.-Бар эмесе... бүгүн жатаканага түнөйсүңбү?
-Ооба.
-Ыйманда жат.
Эртеси техосмотр жүрдү. Инспекторлор ар качантан бир качан кысталышта келет. Быякта иш кычып жатса, алар маалкатып баарын текшерип, актыдан акты жазышып, элдин мазесин кетирди.
Өз машинем тың экенин жакшы билем. Ошондо да Кадийчанын ишке келишин күтүп, тигилерден чет болдум, ремонттогонсуп күймөнүп жүрө бердим. Мени менен эч ким сүйлөшпөдү, кечээ күнкүнү эскеришпеди. Анын себеби, баары техосмотрдан эртерээк өтүп, жоготкон ыбактысын кууп жетүү. Антсе да мен ич күптүүмүн.
Мен техосмотрдан түштөн кийин өттүм. Инспекторлор кетишти. Тегерек жымжырт боло түштү, гараж ээн калды. Короонун төрүндө ачык-асман астында прицептер турат. Аларды кээде тегиз жолдо пайдаланышчу. Ичинен мен өзүмө бирин тандап койдум. Кадимки эле төрт дөңгөлөк прицеп. Ага эмне элдин баары ызы-чуу түшөт?.. Алдыда дагы эмнелер күтүп турганын мен анда кайдан билдим. Жакшылап тамактанып, бир саатча уктап алайын деп, жатаканага жөнөдүм. Жол кыйын. Бирок баары бир уктай алдбадым. Ооналактап жатып-жатып, күүгүм талаш кайра автобазага келдим.
Кадийча ордунда экен. Баарын даярдап коюптур. Жол казагды алдым да, гаражга жүгүрдүм. “Эми силердиби”. Машинени буруп, прицепке апкелдим. Моторду өчүрбөй сыртка чыгып, тегерегимди карадым. Ремонт мастерскаясындагы станоктордун шакылдаганы менен жээкте көлдүн шарпылдаганы гана угулат. Жанымдагы машиненин мотору дүрсүл какса менин да жүрөгүм кошо түрсүлдөйт. Чылым чегейин деп, кайра папиросту ыргытып салдым. Анан чегермин.
Дарбазадан чыгып

#25 30 Октябрь 2017 - 05:22
баратканда кароолчу токтотту.
-Токто кайда?
-Жүктөнүшкө аксакал,-дедим камаарабагансып. -Мына пропускуңуз.
Абышка кагазга үңүлүп, фонардын жарыгында эчтемени ажырата окуй албай жатты.
-Кармабаңыз, аксакал!-деп чыдамсызданган болдум.-Иш токтоп калды.
Жүктү жолтоосу жок жүктөдүм. Кузовума эки орун, прицепке эки орун. Эч ким- эчтеке дебегенине өзүм да таң калдым. Анан чоң жолго чыккан соң гана чылым тарттым. Оңдонуп отуруп, фарды жагып, газды басып-басып алдым. Жол үстүндөгү караңгылык чайналып алдыман буйтай качып баратты. Машиненин жүрүшү жеңил, арттагы прицептин оордугу сезилбейт. Ырас, бурулуш жерлерде гана куйругум четке бултаңдай түшүп баратты. Кайра жолго түздөш кыйыныраак өңдөндү. Бирок анын баары көнбөгөндүктөн. Көнүп алыш оңой. “Кайдасын Долон! Кайдасың Атбашы!” деп өзүмчө кыйкырып алдым, байгеден сурулуп чыккан чабандестен бетер рулга эңкейип, алдыга шукшурулдум. Жол тегизде убакыт уттуруп алайын дегеним. Түн ортосу ченде Долон менен алышуу бар.
Бир топко эсебимден озуп бараттым. Бирок тоо аралай бергенден баштап абайлашка туура келди. Мотор жакшы эле тартып баратты, анда кеп жок. Жүрүшүмдү кашаңдаткан тоо ичиндеги бирде өр, бирде эңиш жерлер болду. Айрыкча, ылдый түшкөн жерлерде прицеп бултаңдап жолдон четтеп, машинени да жолдон тайдырып, убара кыла берди. Улам ылдамдыгын өзгөртөм, тормоз берем, нары бурам, бери бурам. Оболу менен баарын көңулгө албадым, алгым келбеди. Бирок, барган сайын кыжырымды келтирип, тынчымы кетире бердим. Тоо арасында канча өр, канча эңиш бар ким эсептептир. Антсе да дымагым азая элек. Келе коёр коркунуч деле жок, болгону барган сайын чарчагансый бердим. “Эчтеме эмес,-деп өзүмдү өзум кубаттадым. - Ашуунун түбүнө кичине эс алып алам. Анан чыгып кетебиз!” Баягы күздө машине сүйрөп чыккандагыга караганда азыр эмне кыйыныраак болуп баратканын мен түшүнө бербедим...
Долон жакын калды. Фардын шооласы капчыгайдан түнөргөн кара аскаларына соймоңдоп барып-жабыша калып жатат. Жар таштар кардан жака жамынган. Зампарлап кар жаап келди. “А балким жогортон жел үйлөп жаткандыр”, дедим ичимен. Жылымчы зампарлар айнекке жабышып, ылдый эрип кетип жатат. Демек, көктөн эле жаап жатканы. “Башкасы жетишип, ушул эле калды эле!..” деп ызырындым. Шыпыргыычты иштетип койдум.
Ашуунун түнкү кыялары башталды. Мотор кулакка тааныш ыйын баштады. Уңулдаган доошу караңгы жолдо жаңыра албай боорго сиңип кетип жатты. Ылдый түшө бергенде мотордун доошу өзгөрүп, машиненин көчүгү бултаңдай түшөт. Прицеп арттан түртүп келатканын далым сезет. Чиркелештин ашташындагы темирлер чыйкылдап, кулак-мээни көзөйт. Дөңгөлөктөр тормозго бой бербей, эрип жааган сыйгалак карда аркы-терки жылбышат. Машине сүрдүгүп барып жолго тууралана токтоп калды. Эптеп тумушугун бурдум да, токтоттум. Алсырап отуруп калдым. Жарыкты да, моторду да өчүрдүм. Колдорум талып, сенейип калыптыр. Чалкалай отурганымда кышылдай дем алып жатканымды туйдум. Бир аз дем алып отурдум, анан чылым чектим. Айлана-тегерек көзгө сайса көрүнгүс, долу түн. Кабинанын жылчыктарынан гана шамалдын ышкырган үнү угулат. Эми дагы жүргөндө алдыда эмне болоорун элестетүүдөн корком. Мына ушерден баштап кыя жол тикеленип кетет. Мотор менен эле кодун шору. Бирок кар лыпылдап жаап жатат, ойлонуп отурар чак эмес.
Моторду от алдырдым. Машине ынтыга козголуп, жер тырмалай өргө жылды. Жаагым карышканча тиштенип, кыядан, кыяга, бурулуштан бурулушка жармашып баратам. Мына кыя да бүттү. Эми тик ылдый куюлган түз жол. Анан, апайтөштөн кеткен

#26 08 Ноябрь 2017 - 08:14
Azamatsyz ejekooou,maga okshop tappai jurgondorgo soonun kyldynyz,kyzkartpai baaryn jazynyzchy ubaktynyz bolgondo tezireek,kutup okuim...
жашоо -жакшы, жакшы жашаш Андан да мыкты!
#27 02 Январь 2018 - 14:48
өр талаш да, ага жеткенден кийин эле жол участогу. Андан нары ашуунун акыркы айласы гана калат. Ылдыйга араң түштүм. Төрт километрче келген түз эңкейиш жолдо машинен күүлөнтө айдадым да, ошол күүсү менен наркы айпөшкө жабыштым. Бирок, күүм көпкө жетпеди. Машине кашаңдап баратат. Экинчи, анан биринчи ылдамдыкка салдым. Рулду бек кармап, чалкалай отурдум. Булуттардын арасынан жылдыздар жарк-журк көрүнө түштү. Андан ары жыла албай калдым. Дөңгөлөктөр бир ордунда чимирилип, жолдон четке жылбышып барат. Акселераторду түбүнө жеткире бастым.
-Дагы! Дагы кичине! Чыда!-деп чыдай албай кыйкырып жибердим.
Уңулдап ыйлап бараткан мотор бир маалда онтоп ийип, калчылдап барып үзүлдү. Машине артка жылбышып жөнөдү. Тормозду басып атам, токтоор эмес. Прицептин салмагы менен тартылып кете берди. Аскага карс урунду да, токтоп калды. Айлана жымжырт боло түштү. Мен эшикти түртүп ачып, калчая карасам, ойлогондой эле болуптур. Прицепкюветке түшүп калыптыр.Кудай урган экен! Эсим чыгып кетсе керек, машинени от алдырып алдыга жулкунттум. Дөңгөлөктөр чимирилип, машинен жакшы эле чымырканды, бирок ордунан жылган жок. Ыргып түшүп, прицепке жүгүрүп бардым. Дөңгөлөктөрү кюветке батып калыптыр. Эмне кылам? Оюма эчтеме келбей, бар күчүм менен прицепти итердим. Ага болорбу. Астыга кирип, жонго салып башым зыңылдап оруганча көтөрдүм. Буга болорбу. Анан, алдан тайып, жол жээгине жүз төмөнүмөн күп эттим да, ызама чыдабай ылай аралаш карды эки колдоп шилеп боорума тартып, ыйлап жибердим. Бир топтон соң туруп, теңселене басып барып, машиненин тепкичине отурдум.
Алыстан мотордун үнү угулду. Балбылдаган эки көз апайтөш жолдо ылдыйлап келатат. Ал шофер ким экенин, жети түндө анын кайсы шайтан кайда айдап баратканын ким билсин, бирок, мен колго түшчү ууру сыяктанып коркуп кеттим. Алактап прицепке жеттим да , чиркелишкен жериндеги сырганы чыгарып таштап, прицепти таштап, машинемдин өзүн жогору айдап жөнөдүм.
Алдагандай бөөдө коркунуч боюмду бийлеп алды. Прицеп артыман кууп келаткансып, азыр кууп жетип желкеме чап жабыша тургансып, далым муздак дирилдейт. Машинени жин ургандай айдадым. Бул жолду жатка билип калганыман гана аласалып кетпедим окшойт.
Таңга маал бекет базарга жеттим. Ошо жин ургандай калыбымда үйүмдүн эшигин эки муштумум менен тарсылдата урдум. Эшик ачылды, Аселди бир карап койбостон шатала баткак кейпим менен үйгө жулунуп кирдим. Энтигип барып, жумшак бирдемеге отура кеттим. Ал жуулган кир экен. Папирос издеп чөнтөгүмө кол салдым эле машинени от алдырар ачкычы урунду. Аны ыргыта урдум да, башымды салаңдатып, ал-күчтөн ажыраган, үстү-башыман бери баткак болгон кейпимде уңкуюп отуруп калыпмын. Жалаңаяк Аселдин буттары стол түбүндө тыбырайт. Бирок мен эмне демекмин? Асел жерде жаткан ачкычты алып, столго койду.
-Жуугансыңбы? Суу жылытып отурам,-деди ал акырын.
Мен башымды араң көтөрдүм. Назик колдорун көкүрөгүнө басып, жалаң көйнөкчөн Асел титиреп маңдайымда турат. Көздөрү алайып, мага боору ооруп, чочулай тиктейт.
-Ашууга прицепти кулатып келдим,-дедим өз үнүмдү өзүм тааныбай.
-Кайсы прицеп?
-Темир, көк, 02-38! Кайсы экенин сага айырмасы канча?-деп бакырып алдым.-Уурдап келаткам аны! Уурдап!
Асел оозун ачкан бойдон керебетке отуруп калды.
-Эмне үчүн?
-Эмне үчүнүң эмне?-Түшүнбөгөнүнө ого бетер жиним келди. –Ашуудан прицеп сүйрөп

#28 02 Январь 2018 - 14:50
өткүм келген. Түшүндүңбү?
Айтканымды далилдейин дегем... Мына эми күйүп отурам!..
Мен кайрадан башымды мыкчып калдым. Бир топко экөөбүз тең унчугушпадык. Бир убакта Асел шарт турду да, кийине баштады.
-Эмне отурасың?-деп заарлана айтты.
-Анан эмне кылам?-деп булдурадым.
-Автобазага кайтып бар!
-Эмне дейт? Прицепти таштаппы?
-Барып айткын.
-Сага эмне,-деп бакырып алып, үй ичинде аркы –терки баса кеттим.-Прицепти кайра сүйрөтүп кайсы бетим менен барам? Ит болдум,куш болдум, кечирип койгула деп барамбы? Бутуна жыгылып жалынамбы? Жо-жок! Эмне кылышса ошо кылышсын. Урганым жок!
Менин бакылдаганыман улам керебетте уктап жаткан Самат ойгонуп кетти. Ыйлап калды. Асел колуна алса, ого бетер күчөп ыйлады.
-Бок жүрөк экенсиң!-деди Асел. Акырын айтса да катуу айтты.
-Эмне-е?-Токтоно албай муштум кезеп жетип барып, бирок, ура албадым. Аселдин таң кала алая караганы токтотту. Анын карегимден өзүмдүн суук үрөйүмдү көрдүм. Четке булкуп салдым да эшикти шарт жаап чыгып кеттим.
Таң агарып калыптыр. Жарыкка чыкканда түндөгү окуя ого бетер маскаралык, орду толбос өкүнүч болуп желкеме басты. Бу машинедеги жүктү жетер жерине жеткирейин, андан ары не болсо ошол болор... Оюма ушу келди.
Кайра кайтып келатканда үйгө бурулган жокмун. Асел менен урушуп алганыман эмес, жан адамга көрүнгүм келбеди. Башкалар кантерин билбейм, бирок, мен өзүм мындай учурларда кишилерден качып, өз кайгымды өзүм тартканды туура көрөм. Башка бирөөнүн башын оорутуп эмне. Колуңан келсе, ачууң таркап, өкүнүч басылганча өзүңчө кыйнал...
Жолдо келатып, жүргүнчүлөрдүн түнөк үйүнө түнөп өттүм. Ашууда прицепти издеп жүрүпмүн түшүмдө. Түш эмей эле кыйноо. Изи жатат, прицеп жок. Ары-бери далбастап, сурамжылап жан-алакетте түшөм...
Кайра кайтып келатканымда прицеп чын эле ордунда жок экен. Кийин билдим: Алыбек автобазага сүйрөтүп кетиптир.
Прицептин артынан эртеси автобазага мен да келдим сандалып. Кабинадагы күзгүдөн көрсөм, өңүм азып, карайып кетипми. Өзүмү тааныбай калдым.
Автобазада кадимки шоферлордун тиричилиги жүрүп жатыптыр. Тек мен гана башка жактан келген жат бирөөдөймүн. Дарбазага кооптонуп келип, акырын кирдим да, гараждын оолагырак түпкүрүнө айдап барып, бир бурчуна токтоттум. Кабинадан да дароо чыга албадым,эки тарабыма байкоо салып, жүрөксүп отурдум. Тургандардын баары мени карап калышты. Атаң көрү азыр баш ооп, көз көргөн жакка аййдап кетип калар болсом! Бирок, кайда кетем? Кабинадан чыктым акыры. Бар күчүмдү жыйнап, короонун как жара диспетчер жакка бастым. Калбаат эле болоюн дейм, бирок кылмышкер аскер сап алдынан өткөндөй калтылдайм. Баары артыман тиктеп турушканын сезип, желкем дирилдейт. Эч ким чакырбады, эч ким урушпады. Алардын ордунда болсом, балким, мен деле ошентмекмин го.
Ьамандырактан чалынып кеттим. Кадийчаны уятка калтырдым ээ деген ойго жүрөгүм да солк этип чалынып алды.
Далистин төрүнө “Чагылганды” (дубал гезиттин аталышы) илип коюшуптур. “Маскаралык” деп чоң-чоң тамгалар менен бадырайта жазыптыр да этегине тоого таштап кеткен прицепти тартып коюшуптур...
Бетим чымырап, бурулуп кеттим. Жаакка чапкандай эле болдум.

#29 02 Январь 2018 - 14:51
Диспетчердин үстүнө кирдим. Кадийча телефон менен сүйлөшүп отуруптур. Мени көрүп трубканы илип койду.
-Ме!-деп каргашалуу жол кагазды столго таштадым.
Кадийча жалооруй карап калды. Чаңырып, ыйлап жаңжал салбаса эле болгону деп турам. “Башка жерде сал жаңжалын болсо, буерде антпе!”-деп суранып турам оюмда. Кадийча оюмду тушүнду эчнерсе айтпады.
-Ызы-чуу болдубу?-деп сурадым акырын. Кадийча башын ийкеди.
-Мейли!-дедим тиштенип, ага кайрат бергенсип.
-Сени трассадан алып салышты,-деди.
-Таптакырбы?
-Таптакыр алып, ремонтко отургузуп коёлу деди эле... жигиттер арачыга түшө калышты... Азырынча жергиликтүү рейстерге гана чектеп коюшту. Начальникке кир, издеткен болчу.
-Кирбейм! Менсиз, өздөрү чечсин! Өкүнөр жерим жок...
Сыртка чыктым. Далис менен шылкыя бастым. Бирөө каршы келаткан. Тише тиктеп, ызырана күбүрөдү.-Ии, баатыр, далилдегениң ушулбу? Далилдегениң ушулбу дейм, иттин баласы!
-Болбоду кантейин! -деп күңк эттим.
-Былжырапсың! Өзүнчө көзгө көрүнөйүн дегенсиң. Керт башыңдын даңкын ойлогонсун да! Мына эми жакшынакай ишти бүлдүрдүң. Прицеп сүйрөтсө болот деп эми элди көндүрүп көрчү! Заары башына чыккан айбан!
Өз ызалыгымдан башка эчтеме сезбедим, түшүнбөдүм. Керт башымын даңкын ойлопмун, бу натура да. Калп экенин өзүм билем.
-Тур биякка!-Алыбекти четке түртүп салдым.-Сенсиз да жети өмүрүм жерге кирип туру!
Оозго чыктым. Ызгаар шамал короодогу кар тозоңун удургута айдап турган экен. Өткөн-кеткендер мени акырая карап өтүшөт. Өлмөк белем, эки муштумумду шымымын эки чөнтөгүнө тумпуйта салып, сыртка жөнөдүм.
Чалчык-чалчык суу бетиме тоңгон муз бут астымда качырап сынат. Бутума бир бош банке урунду. Аны дарбазадан ашыра тептим да, өзүм артынан чыга жөнөдүм.
Кечке чейин көчөдөн-көчөгө, пристанда сандалып басып жүрдүм. Жээктеги баржаларды чайпап, көл толкуп турган экен.
Бир маалда чайханада отурдум. Маңдайымда саал бөксөргөн бир шише арак, анан дагы тарелкада кайсы бир ачуу басма. Биринчи стаканды тартып жиберип, кеңгирей түшүп отурган чагым.
-Жылдызың жерге түшүп калыптыр да, жигит?-деген мээримдүү, саал ойноктогон үн угулду. Башымды аран көтөрүп карасам Кадийчча экен.
-Эмне, жалгыз иче албай отурасыңбы? -деп жылмая жаныма отурду.-Кел анда экөөлөп ичели.
Өзү арактан эки стаканга куйду да, бирин мага жылдырды.
-Ал!-Экөөбүз атайы көңүл ачып кетүүгө убадалашып келгенсип ойсоңдой каш кагып, көз кысып койду.
-Табаң канып атабы?-дедим мен нааразыланып.
-Кайгыргандай эмне? Сен жанымда турганда, Илияс, мага эчтеме сөз эмес. Мен сени бек жигит го дечү элем. Э, кайда калбаган кайран жан!-Акырын шыңк күлүп, жакындай отурду да, наздаган кара көздөрүн көзүмөң албай стакан кагышты.
Ичип жибердик. Мен чылым чектим. Кичине жеңилдей түшкөнсүдүм, бүгүн биринчи жолу ууртум тартылып., жылмаюу кирди жүзүмө.
-Жарайсың, Кадийча!-деп колун кыстым.
Анан

#30 02 Январь 2018 - 14:53
Ошентип, ээрчишип отуруп, автобазага жеттик.
Гаражга барбай, түз эле кеңсеге бет алдым. Башкы инженердин кабинетинде адатынча эрте мененки беш мүнөттүк чогулуш жүрүп жатыптыр, гүүлдөп үндөр угулат. Азыр түз эле кирип барып, бир терезенин кырына отуруп, бутту бутка арта салып коюп, чылым чекким келди, шоферлордун адаттагы ачуусу жок кыжылдашканын уккум келди. Жолдоштордун арасындагы көнүмүш учурумду мен ушунча каалайм деп эч ойлогон эмесмин. Бирок, кире албадым. Коркконуман эмес. Дагы эле кечээгимдей итче жиним кайнап, натууралык кылсам да болбой кекирейип жүргөм. Кадийчанын койнунда түнөп чыкканым жүрөгүмдү дүрбөлөңгө салды, ошондон коомайландым. .. Анын үстүнө, эл менин жоругумду али унута элек окшойт, ичкериде мен тууралуу сөз болуп жатканын туйдум. Бирөө бакылдады:
-Бул кандай ээн баштык! Сотко бериш керек, силер болсо маңдайынан сылап отурасыңар! Анын ою туура деп дагы бирөө ушерде уялбай жактап коёт. Прицепти ээн тоого таштап кеткенин кантесиңер? ..
Анын сөзүн башка бирөө жула качты:
-Туура айтат! Андай эрдемсингендердин далайын көргөнбүз. Башкалардан акылдуусунуп. Эл кол чаап, ага өнтөлөп сыйлык берсе ээ!.. Мына, эрдемсинген немеңер мыш болду да калды!
Көпчулүк талаша кетти. Мен чыгып жөнөдүм. Алардын сөзүн тыңшамак белем.
Эл да тараган белем, артыман кажы-кужу үндөрдү угуп, ылдамдай бастым. Жигиттер дале дуулдап келатышты. Алыбек бирөөгө жан-алы калбай далилдеп келатат.
-Өз базабызда эле прицептерге тормоз жасап алабыз. Анын эмнеси кыйын, компрессордон шланг созуп барып, дөңгөлөктөргө колодка кийгизип коёбуз да, болду!..-Анан мени көрө койду окшойт.-Тетиги Илиясбы! Эй, Илияс токточу!
Мен токтобой гаражга кете бердим. Алыбек артыман кууп жетип, ийинимен булка тартты.
-Ох, билесиңби, көпчүлүктү аран көндүрдүм окшойт. Даярдан, Илияс! Мага өнөк болосуң. Прицеп сүйрөтүп чыгып, сынап көрөбүз.
Ачуум келип кетти. Жолу болбогон жолдошуңду өзүңө чиркеп алып, эл сөзүнөн куткарайын дегенсиң го! Өнөк кылып алат имиш! Ийинимдеги колун кагып жибердим.
-Прицеп экөөңдү тең урдум!
-Сен эмне жиндейсиң эй? Өзүң бүлдүрүп алып, эми.. Баса, унутуп калган турбаймынбы. Володка Ширяев жолуктубу?
-Жок, эмне экен?
-Эмне экен. Кайда жоголуп жүрөсүң. Асел жол боюнда күтүп жүрөт дейм, өткөн-кеткен биздин шоферлордон сурамжылап, тынчы кетип жатса керек. А сен... кыз боозуп, энесин коркутат болуп!
Көзүм тунара түштү. Жаным кашайып, жердин катуулугунан гана калдым. Алыбек болсо улам жеңимен тарткылап, прицепке бирдемелерди жасай турганын какшап жатат, эчтемесин түшүнгөн жокмун... Тигиндейрээкте мылжыңдап карап Жантай турду.
-Кетчи ары!-деп колумду жулкуп алдым.-Эми эмне кыл дейсиң. Жетишет. Бере бер. Берер сотуңа. Прицеп-мрицебтңдин кереги жок. Эч кимге өнөк да боло албайт экем... Болдубу?
Алыбек жаак эттери диртилдеп, түксүйө түштү.
-Өзүң баштап, өзүң баарын бүлдүрүп салып, эми чыга качтыңбы? Ушундайбы?
-Кандай десең, ошондой де! Машинеме бардым. Колдорум калтырап,эмне кыларымды билбейм. Эч себепсиз машиненин астындагы чункурга түштүм. Чуңкурдун капталына калаган кирпичке мандайымды бастым.

#31 02 Январь 2018 - 14:55
-Илияс, бери карачы!-деп үстүмөн бирөө күңк этти.
Дагы кимиси болуп кетти деп, башымы көтөрсөм, чычкан аңдыган кулаалыдай далбайып, кытмыр көздөрүн кымындатып коюп, чуңкурдун кырында Жантай отурат.
-Ырас гана кылдың да!
-Кимди?
-Алыбекти. Активист имиш. Тишине таш тийгендей болду. Анан калса жаңычылдыгын кантесиң!
-Сенин ишиң эмне?
-Ишим ошол. Өзүн деле түшүнгөндөй болбодуңбу, бизге прицептин кереги жок. Билебиз го: бирөө эле норманы көбөйтүп, жүрүштү азайтса, баарыңар ошого теңелгиле деп кыйноого алышмак. Аралык менен жүккө төлөй турган акчаны да кесип коюшат. Өз ырыскыбызды өзүбүз кыйып,эмне бизге жин тийиптирби? Бир күн макталып, миң күн азабын тартасың. Биз сага ачууланбайбыз, ушу калыбыңдан жазба.
-Биз дегениң ким?-деп, кара күчкө токтоо сурадым.-Биз дегениң сен өзүңсүнбү?
-Жалгыз эле мен бекем,-деп Жантай бирдеме сезген чычкандай көздөрүн кыбындатып калды.
-Былжырапсын, көркоо ит! Дал сен үчүн прицеп менен жүрөм... Жаным чыгып кетсе да, көрсөтөм сага. Жогол ары көзүмо көрүнбөй. Сага эле калгандабы, карап тур!
-Эй, эй, оозуңа карап сүйлө!-деп Жантай кайра арр этти.-Сенин да периште экениңди билебиз... Көрсөң! Бирок аны мен кеп кылган жерим жок, ойноор кезде ойноп ал, короп атты беле!
-У энеңди!..-деп кармана албай кулак түпкө коюп алдым.
Ал отурган ордунда чалкасынан кетти. Тумагы башынан учуп, андан ары тоголонду. Мен чуңкурдан ыргып чыгып, дагы атырылдым. Бирок Жантай четке кача берип, гаражды башына көтөрө бакырды.
-Хулиган! Бандит! Муштасасыңбы? Кутурган экенсиң. Сенин мойнуңду толгоп алар күч жок дейсиңби? Ачууңду менден чыгарайын деген экенсиң го?..
Тегеректегилер жүгүрүп келишти. Алыбек да жетип келди.
-Эмне болуп кетти? Эмнеге урдуң?
-Чындыкты көзүнө айтсам...-деп Жантай тажаалдана кетти.-Прицепти уурдап кеткен өзү, ашуунун белине жыгып кеткен өзү, баарын булгап-бүлдүргөн да өзү, анан башкалар итчилигин бетине айтып, оңго салайын десе, кол көтөрөт! Ашыккан даңкка жетпей калганына ичи күйүп жатпайбы! ..
Алыбек тике маңдай келди. Кумсарып, ачуусунан үнү буулат:
-Ит экенсиң!-деди көкүрөктөн түртүп.- Кутурган экенсиң! Ашуудагы кылгылыгыңдын өчүн алмаксың го? Болуптур, сенсиз да бүтүрөбүз! ..
Мен лам дебедим. Тим гана калчылдап туруп бердим. Жантайдын каратып туруп калп айтканына тилим байланып калды. Жолдошторум олурая карап турушту.
Кетиш керек....кетиш. ..-башка ой келбеди. Машинеме ыргып миндим да, дуулдаткан боюнча автобазадан атып чыгып кеттим.
Жолдо келатып ичип алдым. Бир дүкөнгө кирип жутуп чыксам, күчү кетпеди, дагы бир жерден токтоп, бир стаканды тартып алдым. Анан, дүйнө чааралкей болду да кетти. Жол четиндеги белгилер.ю көпүрөлөр, каршы келаткан машинелер... баары көзгө илинбей зуу-зуу кетет. Көңүлүм ачылды. “Эй!-Бузулбаса талкаланып кетсин баары! Сага эмне жетпейт, машинеңди кубалап жүрө бер! Кадийча эмне... башкалардан эмнеси кем? Жаш десең, жаш, сулуу десең, сулуу. Мен дегенде жанын аябайт... Ошону да билбей...акмак экенмин го...”
Үйгө кечинде жеттим. Эшик алдында теңселип турам. Бир

#32 02 Январь 2018 - 14:56
жеңи гана кийилген чолок тонум салбырап кеткен. Кээде рулду кармоого оңтойлуу болсун деп, оң жеңими чечип салчумун. Ошентсем керек. Бала күнүмдө чикилик чаап жүргөн кезден бери калбайт ушул адатым.
Асел умтула жүгүрүп келди:
-Ай, эмне болгонсуң, Илияс?-Анан байкай койду окшойт.-Эмне турасың? Чарчап, тоңуп бүтүпсүң го? Чечин!
Жардамдашайын деди эле, мен унчукпай итерип салдым. Уятымды оройлук менен жаппаска айла жок. Мүдүрүлүп-чалынып, үйгө кирдим, жолдо бирдемени калдырата тээп алдым да барып стулга күп отурдум.
-Бирдеме болдубу, Илияс?-деп Асел мени мас көзүмө үңүлө карап, түшүнө албай жатты.
-Сен эмне, билбейсиңби? -Тик багып карай албай башым шылк этти. Асел качан көр жемеге алып, тагдырына наалат айтып ыйлактай баштаар экен деп күтүп турдум. Бирок ал үн катпады, жанымда бары-жогу билинбеди. Акырын баш көтөрдүм, Асел мага далысын салып, терезеде туруптур. Көзүн көрө албасам да ыйлап турганын туюндум. Жүрөгүм мыкчылып, аяп кеттим.
-Асел, билесиңби, сага айтайын деп...-Тайсалдап сөз баштап келатып, токтоп калдым. Айтууга даай албадым. Айтканым өлтүрө чапкан менен барабар болмок. Аядым, бирок айтсам да болмок экен...-Быйыл биз сенин ата-энеңе бара албай калабыз го,-деп сөздү башкага буруп жибердим.-Кийинчерээк барабыз. Азыр чама болбой калды.
-Шаштырып жаткан мен жок го...-деп Асел көзүнүн жашын сүртүп, кашыма келди.-Азыр ага капаланбай эле койчу, Илияс. Сааты чыкканда болор. А көрө өз жайыңды ойлочу. Кийинки күндөрү башкача болуп кеттиң. Эмнеге өзгөрүп кеттиң. Илияс?
-Болуптур! -өзүмүн жалтактыгыма келген ачуумду андан чыгарып, сөзүн бөлүп салдым.-Чарчадым уктайм.
Бир күндон кийин кайтып келатып, ашуунун аркы бетинен Алыбекке жолуктум. Прицеп тартып келатыптыр. Долон жеңилген экен.
Мени көрө сала кабинасын ачып, кол булгалады. Мен жайлата айдадым. Алыбек жолго түштү, көңул көтөрүңкү, жүзү жарык.
-Салам, Илияс! Кел, чылым чегели!-деп кыйкырды.
Мен тормоз бердим. Кабинасында дагы бир боз бала отурат, жардамчы шоферу. Машинени дөнгөлөгүнө чынжыр орошуптур. Прицепке пневматикалык тормоз орошуптур. Аны дароо эле байкадым. Мен кайра жүрүп кеттим. Ичим күйдү белем. Таапсың, жакшы болуптур. Бирок мага тийбе!
-Токто,эй! -деп Алыбек артыман чуркады.-Ой, Илияс, токто сөз бар! Ай иттин баласы, дале баягы бойдонсуңбу? .. Мейлиң, өзүн бил...
Машинени катуу айдадым. Кыйкырсаң, кыйкыра бер, экөөбүздүн ортобузда сөз жок. Менин чарбам күйүп кеткен...
Алыбек жан досум эле. Бекер айрылдым. Чынында акыйкат аныкы болчу. Эми түшүнүп отрубаймынбы. Бирок, анда ичим күйгөнү ырас. Мен жан талашып өлүп-талып жетпей калган максатка ал опоңой гана жетип алганына ичим күйгөн.
Алыбек байсалдуу, акылдуу жигит эле. Мага окшоп ал ашууга ээнбаштанып жалгыз жулунмак эмес. Жанына өнөк алып, туура кылган. Тегиз жерде берки бала айдаса, эс алып калган Алыбек ашууну оңой эле ашпайбы. Ашуу ашарда мотордун күчү, колдун каруусу, акылдын токтолуугу керек. Анын үстүнө жаныңда өнөгүң баратса, улам алмашып айдап, жол да эки эсеге кыскарат. Алыбек анын баарын ойлоп чыккан. Прицепке тормоз орноткон. Кадимки эле чынжырды дөңгөлөккө орогонучу. Дегинкиси, ал алактабай ашууну акыл менен жеңди. Өзгөчөлөнгүсү келбеди.
Алыбектен кийин прицеп сүйрөткөн

#33 02 Январь 2018 - 14:57
машинелер көбөйдү. Ар кандай иште баштап берүү маанилүү да. Ал учурда башка аватобазадан да машинелер келип, унаа көбөйдү да калды. Тянь-Шандын кан жолу бир жарым жума машинелердин дөңгөлөктөрү астыда дүнгүрөп турду. ГЭСтин суроосун аткаруу канчалык кыйын болсо да аткарышты. Мен да иштеп жүрдүм...
Анын баарын азыр мен жайбаракат айтып отурам. Көп жыл өттү, көтөрүлгөн чан басылды дегендей. Ал күндөрү болсо жин ургандай журүпмүн. Бир мүдүрүлүп алган соң кыйын экен...
Анын баарын бир башынан айтайын.
Алыбекке жолуккандан кийин автобазага кеч келдим. Жатаканага баратып, дагы бир жолу чайханага бурулдум. Ушу күндөрү кызык болуп кеткем. Эс-учум танганча ичип, болгон иштеримди бүт унуткум келген. Көп эле ичтим, бирок, арактын таасири жетпеди. Чайханадан эс алып чыкпай эле, кайра кыжырланып, капаланып чыктым. Караңгы түндө көчө аралап бир аз бастым да, ойлонбостон эле Кадийчага жөнөдүм. Ал да мени күтүп отуруптур.
Ошол ошо болду, анан кете бердим. Ошентип, эки бирдей оттун ортосуна түштүм. Күндүз жумуштамын. Автобазага кеч кайткан күнү ар дайым Кадийчаныкындамын. Мени бирдеме ошоякка тартат да турат. Кадийчанын жанында болуу мен үчүн тынчыраак, жайлуураак. Журт көзүнөн, ачуу чындыктан, өзүмдөн качканда Кадийчанын коюнуна барып пааналайм. Кадийча мени сүйөт, түшүнөт деп ойлойм. Өз үйүмө кайрылганда кеткиче шашып турам. Аселим, алда байкуш Аселим! Ишенчээктиги, дилинин аруулугу менен мени үйдөн кубалап жатканын билсе го. Ага тең боло албай жатканымды, анын мага кылган камкордугун актай албай жатканымды мен өзүм моюга алгым келбеди, алдагым келбеди. Нечен жолу үйгө мас болуп келдим. Асел жадегенде урушуп койго боло. Ал эмнеси, чабалдыгы, жумшактыгыбы, же боору ооруганданбы, же акыры оңолот деп мага ишенгениненби, ушул убакка чейин түшүнө албайм. Ырас, акыры бир күну өзү эсине келет, бу запкысын силкип таштап, баштагысындай болот деп ал ишенип жүрдү мага. Бирок, андан көрө урушуп, мени зордоп токтотуп калса го, атаганат. Ичимдегини бүт айттырса го!.. А балким, мен тартып жүргөн азап жалаң гана иштеги чыр эмес экенин Асел билсе, жооп талап кылып көгөрөт беле!.. Ичимде бороон жүрүп жатканын ал кезде туйбады. Мен болсо аны аяп, сырымды айтууну күндө эртеңге калтырып жүрө бердим. Күндө эртеси кайра эле аны аяп, ортобуздагы сүйүүбүздү, үй-бүлөмдү аяп, айтпай кетем...
Акыры жолу жолукканда Асел мени кубанычтуу тосуп алды. Жүзү жадырап, көзү жайнап, көңүлү чак. Чолок тончон, өтүкчөнүмө карабай төркү бөлмөгө сүйрөп кирди.
-Карачы, Илияс! Биздин Саматтай туруп калды!
-Ыя! Кайда жүрөт?
-Тигине, столдун астын кара.
-Баспай эле сойлоп жүрбөйбү.
-Азыр көрөсүң! Кана, уулум, атаңа көрсөтчү тай-тайыңды! Бери кел, келе гой, Самат!
Түшүндүбү, жокпу, иши кылып Самат столдун астынан эмгектеп чыкты. Анан, керебеттин бутун кармап, кадыресе турду. Калтаңдап эптеп турду, ырсалаңдап күлүп турду, отура калбаска аракет кылып чымырканып турду. Анан, ошол чымыркана күлгөн боюнча полго дүп отура калды. Жетип барып эки алаканым менен сузуп алдым да боорума кыстым, ууз-туңгак жыттанган назик жытынан шоркурата жыттап өптүм. О, ал жыт азыр да каңылжаарымдан кетпейт. Баланын жыты, Аселдин жыты!
-Тумчуктарсың эми,Илияс, абайласаң! -Асел уулун колуна алды.-Ии, чын бекен? Чечин. Жакында уулум чоң жигит болуп калат, ошондо апасы да иштей баштайт. Жакшылык тилесек, баары жакшылык менен бүтөт, ушундайбы, уулум? А сен болсоң,-Асел мени мунайым

#34 02 Январь 2018 - 14:58
күлүмсүрөй карады. Мен орундукка отуруп калдым. Көптөн бери көкүрөгүнө толгон бугун Асел ушул сөзү менен айтканын түшүндүм. Бул сөзүндө жеме да, өтүнүч да, үмүт да бар эле. Мен айтар сөзүмдү айтсам, азыр айтышым керек эле. Кантип айтам? Андан көрө кеткен жакшы. Аселдин оюнда азыр эчтеме жок, көңүлү чак, эчтемеден шеги жок. Мен ордуман турдум.
-Мен жөнөдүм.
-Кайда барасың?-деп Асел чочуп кетти.-Бүгүн да үйдө түнөбөйсүңбү? Жок дегенде чай ичсең боло?
-Чоло жок. Жөнөбөсөм болбойт,-деп булдурадым. Өзүн билесиң азыр иш кычып турган кези.
Жок, мени үйдөн кубалаган иш эмес эле. Рейске эртең эрте менен гана чыкмакмын.
Кабинага кирип, шылк отурдум да, ич күйүтүмө чыдабай онтоп жибердим. Ачкычты көнүмүш тешигине сала албай убара болгонумчу. Анан, жолго буруп чыктым да артымдагы үйлөрдүн терезелериндеги жарык көрүнбөй калгыча токтобой жүрүп отурдум. Капчыгайга кирген жердеги көпүрөдөн өткөндө машинени жолдон чыгарып, бадалдын ичине айдап кирдим да токтотуп, жарыгын өчүрдүм. Ушерге түнөмөкчү болдум. Папирос алып чыгып, тамызайын десем, ширенкемде бир гана чий калыптыр. Чырк этти да өчүп калды. Папиросун да, ширеңкесин да терезеден ыргыттым, чолок тонумдун жакасына башымы катып, орундукка бүрүшүп жата кеттим.
Айдын күңүрт шооласы карайган тоолордун жонун муздак жалайт. Капчыгайдын кара шамалы ышкырып, кыңая ачык турган кабинанын каалагасын кыйчылдатат. Ишимдеги жолдошторумдан, үйүмөн, элден айрылып жалгыз калганымдын кусалыгын эт-жүрөгүм мынчалык оор сезген эмес. Мындан ары минтип жашоо болбосуна көзүм жетти. Автобазага барар замат Кадийчага барып түшүндүрүп, ортобузда болгон нерсени унутууга шерт кылып, кечирим суроону бүтүм кылдым. Ушинткеним адилетчилик, акыйкатчылык болчудай.
Бирок, турмуштун бутүмү башка экен. Андай болот деп ойлосом оюма, күтсөм күндөрүмө кирген эмес.
Бир күндөн кийин кайрылып бекет базардагы үйүмө келдим. Эшик ачык турат, үйдө эч ким жок. Асел отун-сууга чыгып кеткен го деп ойлодум оболу. Тегерет карасам, үй ичи астын-үстүн түшкөн. От жагылбаган кара мештен келген муздак илеп үйүн ичин көрдүн ичиндей суук көрсөттү. Саматтын керебетин барып карасам, бош.
-Асел!-деп чыга шыбырадым, “Асел” деп шыбырады муздак дубалдар.
Атырылып эшикке чуркадым.
-Асел!
Эч жооп болбоду. Коңшуларга жүгүрүп бардым, эч ким жөндөп билбейт. Билгендери: кечээ күнү Асел уулун көңшуларга таштап коюп, бир жакка барып келген, кеч келген дешти. “Кеткен экен да, билип алган экен да!”-деген ой буткөн боюмду шыргалан куйгандай муздак титиретип жиберди.
Шорго малынган ошол күнүмдөгүдөй болуп Теңир-Тоону аралата машинени мен эч качан анчалык кубалаган эместирмин. Тиги бурулуштан, же наркы капчыгайдан, же нараак жолдон кууп жетермин деп, дайынсыз үмүт мени кубалады. Алдымда бараткан машинени болсо, шукшурулган бүркүттөн бетер баса калам, анан, жайлатып катар айдап, кабинасынын ичин, кузовун аңтара карайм да жок экенин көргөн соң андан суурулуп озом. Ошентип, токтолбостон үч саат куудум. Акыры радиаторумдагы суу кайнап чыкты. Токтоп, кабинадан ыргып туштүм да радиаторго кочуштап кар чачтым, суу апкелип чачтым. Радиатордон калың буу көтөрүлүп, машине зоруккан аттан бетер өпкө кагып турду. Жаңы эле рулга отуруп жатсам, бет алдыман прицеп сүйрөткөн Алыбектин машинеси көрүндү. Кубанып кеттим. Экөөбүз араздашып жүрсөк да, эгер Асел алардын

#35 02 Январь 2018 - 15:00
үйүнө барган болсо, айтар дедим. Жолго жүгүрүп чыгып, кол көтөрдүм.
-Токто, токто, Алыбек!
Айдап бараткан өнөк баласы Алыбекке бурулуп суроолу карады. Алыбек кабагын чытып, толгонуп кетти. Машине зуу деп жаныман өтө берди. Жол боюнда бүткөн боюм бүт кар, колумду серейте көтөргөн бойдон туруп калдым. Анан, бетими арчыдым. Кантейин, келме кезек деген ушул. Бирок, мен азыр Алыбекке тарынар чагым эмес эле. Демек, Асел алардыкына барган эмес экен. Иш кыйындай баштады. Башка барар жери жок эле, демек, айылына төркүнүнө кетип калган экен да.
Үйүнө кантип кирип, эмне жооп айтты экен? Ата-энеси маскара болуп кайтып келген кызын кантип тосуп алышты экен? Жалгыз өзү, көтөргөн баласы, каруусуна илген түйүнчөгү бар. О, шордуу!..
Токтоосуз айылга барыш калды.
Тезинен жүктү түшүрдум да, машинени көчөгө коё коюп, диспетчерге жүгүрдүм. Документтерди таштап кетиш керек эле. Өтө берип бөлмөдөн Жантайга оро-пара келдим. Ошондогу анын мыскылдуу мылжыңдаганын!
Көзөнөк терезеден баш багып, жол кагазды столго таштаганымда Кадийча элейе карап калыптыр. Менин кебетем укмуш болсо керек. Кадийча бир эсе чочулап, биресе күнөөлүү тиктей берди.
-Тезирээк кабыл ал!-дедим.
-Бирдеме болдубу?
-Үйдө жок, Асел кетип калыптыр.
-Койчу ай!-Кадийча ордунан кумсара туруп, эрдин тиштеди.-Кечир, кечир, мени, Илияс! Ушунун баарын мен...мен...
-Кандайча болуп кеткенин өзүм да билбей калдым. Кечээ вахтер терезени кагат. Бир кыз келиптир, сага жолугайын деп атат дейт. Аселди дароо эле тааныдым. Телмире тиктеп турду да: “Ошол ыраспы”?-деди. Эмне болгонумду билбейм, өчөшкөнсүп: “Ырас, ошондой. Баары чын. Ал мендик. Ал азыр мени менен!”-депмин. Ал терезеден шарт бурулуп кете берди. Мен стол кучактап жыгылып, жиндиден бетер: “Ал мендик! Мендик!”- деп ыйлай бердим. Башка көрө албадым... кечир мени!
-Коё турчу, Асел кайдан билип алыптыр?
-Баарын кылган Жантай. Мени да келип коркутуп кеткен. Жантайдын ким экендигин билбейсиңби? Сен бар, Илияс, Аселди тап. Мен эми силерге жолтоо болбойм, бир жакка куруйм...
Кар баскан талаада бараттым. Жер тоңголок. Шамал кыраң жердин карын арыкка киргизе кууп, таптап салган, кумсарган жердин бети менен калмакты далбактата кууп жүрөт. Алыстан шамалга туурулган айылдын тамдары, кара жалбырагынан ажыраган бак-дарак көрүндү.
Кечке жуук айылга кирип бардым. Тааныш короонун тушуна токтоп, энтиккеними басып алууга папирос чектим. Аны бат эле кайра өчүрүп, сигнал бердим. Бирок, Аселдин ордуна ичигин жамынып, апасы чыкты. Мен тепкичке түшүп , сыпайы саламдаштым:
-Арбаңыз, апа!
-Ии, бу шүмшүйүп келген сен белең?-деди апасы түксүйө тиктеп.-Кыларын кылып, кыл жип менен бууп коюп, эми мени апа деп турганын кара! Жогол көзүмө көрүнбөй. Сандалган өлүгүңдү көрөйүн, алмончоктой баламды азгырып, эми уялбай келип турганын көр! Дагы тиктеп коёт, о тикчийген көзүң менен жерге кир! Жадыраган турмушубузду бүкөн-байран кылдын го, жакшылык көрбөгүр! ..
Кемпир мага ооз ачтырбады. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жатты. Анын үнүнө коңшу-колоң, бала-бакыра чогула баштады.
-Жогол дейм көзүмөн, болбосо, азыр элди чакырып, териңди тескери сыйрытам! Каргышым соо койбосун сени, ылайым!

#36 02 Январь 2018 - 15:02
Көзүм көрбөгөнүм сен болсун!-деп жаалданган кемпир ичигин ийининен силкип таштап, мага атырылды.
Кабинага отуруп, айдабастан башка чара калбады. Асел чыгып көргүсү келбеген соң кетиш гана калды. Машинени таяк менен сабап, балдар ташка ала баштады. Ошентип, айылдан узатып чыгышты...
Ал түнү көлдү жээктей басып көпкө жүрдүм. Көл буркан-шаркан түшүп, айдын жарыгына ала көлөкө болуп жатты. О, Ысык-Көл, сен ал түнү суурданып суук болдуң. Мен жээкте көмкөрүп салган кайыкта отурдум. Толкундар албууттана жайык жээкти жаба берип, өтүгүмдүн кончун орой калат да оор үшкүрүнүп кайра тартат...
...Бирөө жаныма келип, колун аярлай менин ийиниме койду. Кадийча экен.
Көп өтпөй Кадийча экөөбүз Фрунзеге кетип калдык. Анархай талаасынын жайытын изилдей турган экспедицияга орноштук. Мен шофер болдум, Кадийча жумушчу болду. Ошентип, жаңы турмуш башталды.
Экспедиция менен биз Анархайдын түпкүрүнө, Балхаштын жээгине кеттик. Өткөн турмуштан кол үзгөн соң биротоло үзүлсүн дедим.
Алгачкы мезгилде ич куйкалаган кусалагымды иш менен басып, иш менен алаксытып жүрдүм. Иш көп болчу. Үч жарым жылдын ичинде Анархайдын тиги четине да, бу четине да чыктык. Канча кудук казбадык, канча жол салбадык, канча кашар курбадык. Азыр Анархайдын мурдагысындай чак түштө адаштырган дөбө-дөңдүү, шыбактуу уч-кыйырсыз ээн талаа эмес. Малчылар жай алды. Маданий борборлорду, короо-жайлары бар. Эгин эгип, чөп чабышат. Ырас, Анархайда али да болсо жумуш көп. Асыресе, биздин шофер журтубузга жумуш табылбай калчу беле. Бирок, мен кайра кеттим. Үйрөнбөгөн жерде жатыркагандан эмес. Көнүп кетиш оңой эле. Кадийча экөөбүз кыйынчылыктан коркчу эмеспиз, жакшы турдук, сый-урматка жашадык. Бирок, сый-урматтын жөнү бир бөлөк, сүйүүнүн жөнү бир башка экен. Эки жубайдын бири сүйүп, экинчиси сүйбөсө, анын эмнеси жашоо. Башкалар да мендейби, же мен эле ошондой жаралгамбы, айтор, бирдеме кекчил сыяктанып жүрө берди. Ал кемчилигимди ишим да, жакшы мамиле да, мээрим да, сүйгөн аялымдын көңүлү да толтура албады. Аселди дагы бир жолу издеп чыкпай, аны кайрып апкелишине дагы бир жолу аракет кылбай кете бергениме жаным кейүүчү болдум. Анархайда өткөн соңку жылда Аселди да, Саматты да катуу сагындым. Түнкүсүн уйкумдан айрылдым. Калтандап жаңыдан тай турган Саматымдын элеси көз алдыма келе берет. Анын буруксуган назик жыты өмүр бою көөдөнүмо сиңип калгандай. Чыдай алар эмесмин. Теңир-Тоонун адыр-жондоруна, чалкыган Ысык-Көлүмө, алгачкы жана акыркы сүйүүмдү тапкан адыр этегиндеги талаага тартылып туруп алдым. Кадийча сезип жүрдү мунун баарын, бирок, мага күнөө жаап, ыйлактаган жок. Бирге жашай албасыбызга акыры экөөбүздүн тең көзүбүз жетти.
Ошол жылы Анархайга жаз эрте келди. Кар бат жукарып, дөбөлөрдүн чокулары карайып, күңгөй беттер жашыл араң жамынды. Жылуулук менен нымды соруп, талаага жан кирип келатты. Бирок, түнкүсүн аба чыкыроон, асманда жылдыздар чыйрыгат.
Бургулоо мунарынын түбүндөгү чатырда жатчубуз. Уйку качкан. Алда кайдан талаанын тынчтыгын бузуп, паравоздун доошу угулду. Бу тегеректе темир жол жок, бизге кантип жеткенин билбейм. Темир жолго чейин жарым күндүк жол. Же мага ошондой угулдубу, билбейм. Эмнеси болсо да солуктап жаткан жүрөгүмдү жулкунтуп, туйлатып кетти. Өрөпкүп жолду эңсеп туруп алдым.
-Мен кетпесем болбойт, Кадийча,-дедим.
-Мейлиң, Илияс. Ар кимибиз өз жөнүбүз менен бололу,-деди ал.
Ошентип, экөөбүз ажыраштык. Кадийча түндүк Казакстандагы дың жерге

#37 02 Январь 2018 - 15:03
кетти.
Жолуң болсун, багың ачылсын деп чын ыкластан тиледим. Өздөрү билбей издешкен кишиси бардыр, тагдыр экөөн туш кылса ажап эмес. Кыз тийген куйөөсүнөн багы ачылбады, мени менен турмушу болбоду. Эми таап калгысы бардыр. Чыныгы сүйүү эмне экенин, бирөөгө сүйүктүү болуу, бирөөнү жаныңдан артык сүйүү деген эмне экенин билбесем, мен деле Кадийча менен ысык жашай бермекмин го. Бул өзү адам айтып түшүндүрө алгыс нерсе экен.
Кадийчаны полустанокко алпарып, поездге түшүрдүм. Вагон менен жарышып, бир далайга жүгүрдүм. “Жолуң ачылсын, Кадийча, жаман ойдо кетпегин! ..”-деп өзүмчө күбүрөдүм акырында.
Каркыралар желе тартып, түштүккө учуп баратышты, мен болсом Теңир-Тоому бет алып, түндүккө жөнөдүм.
Келерим менен эч аялдабастан түз эле айылга жөнөдүм. Жол улаш машиненин кузовунда баратам. анда эмне болот деп ойлогум келбейт. Сүрдөп да, кубанып да баратам. Асел экөөбүз алгач жолуккан жолдо баратам. Жол азыр баштагыдай кара жол эмес, таш жол болуптур. Көпүрөлөрү бетондолуп, жол жээгинде белгилер коюлуптур. Мурдагы кара жол өзгөрүпк еткенине ичим ачышкансып баратам. Менин машинем тыгылган арыкты таныбай калыпмын. Асел отурган жол жээгиндеги корум таш ордунда жок.
Айылга жуук кирип барган жерде кабинанын төбөсүн кагып токтоттум.
-Эмне болду?-деди шофер башын чыгарып.
-Токтот. Түшөм.
-Талаагабы? Коё тур, азыр жетебиз.
-Рахмат. Аз эле калды,-деп секирип түштүм.-Жөө эле жетип алам,-деп акча сундум.
-Жөн кой. Өз кишибизден албайбыз.
-Алсаңчы, менин чекеме жазып коюптурбу.
-Баскан-турганыңдан билип турам.
-Андай болсо болуптур. Жолуң болсун.
Машине кетти. Мен эс-акылымы жыя албай жол үстүндө тура бердим. Сигаретаны оозума алпарсам, колум калтырайт. Эки-үч сордум да, жолго таштап, тебелеп салдым. "Мына келерин келдим",-деп өзүмчө күбүрөндүм. Жүрөгүм тарсылдап, кулагым зыңылдайт, бирөө балкалап башка салып жаткансыйт.
Айыл кадыресе өзгөрүп кетиптир. Шифер жабылган жаңы тамдар көбөйүп, этеги жайылыптыр. Көчө бойлой зым карагайлар орноп башында радио сүйлөп турат. Мектебине жүгүрүп балдар баратат. Эс тарткан өспүрумдөр каада күтүп, мугалими менен сүйлөшүп каадалуу басат. Баягы мени ташка алып кубалашкан мадыра баштар ушулардын ичинде бараткандыр. .. Убакыттын өткөнүн карачы.
Мен ашыга бастым. Мына, талы бийик өскөн, дубал курчаган тааныш короо. Демимди басып, токтоп калдым. Анан, оюм дүрбөлөңдөп, буткөн боюм муздап, каалганы барып кактым. Колуна портфель алган кичинекей кыз жүгүрүп чыкты. Баягыда тилин көрсөткөн кыз. Мектебине шашып бараткан экен. Мени таңыркай карап калды.
-Үйдө эч ким жок,-деди анан.
-Эч ким жокпу?
-Жок. Апам лесхозго мейманга кеткен. Атам тракторго суу ташыйт.
-Аселчи? Ал кайда?-дедим апкаарып, тамагым кургап.
-Асел эжеми айтасызбы?-деп тан калды кыз.-Эжем алдагачан кетип калган...
-Ошо бойдон такыр келген жокпу?
-келип турат, жыл сайын жездем экөө келип турат. Апам айтат, жездем жакшы киши дейт.
Башка эчтеме сурабадым. Кыз мектебине чуркап кетти, мен кайра тарттым.
Бу кабар жаныма катуу батты. Кимге чыкса да, качан чыкса да эми мага баары бир болуп калды.

#38 02 Январь 2018 - 15:06
Билгенде эмне? Асел башка бирөөгө тийип кетет деп мен такыр ойлобопмун.
Ал боло турган иш эмес беле. Мени качан келет деп ушунча жыл тирүүлөй жесир болуп отура бермек беле.
Машине күтпөй жол менен кете бердим.
Ырас, жол жаңырган экен, шагыл төшөлүп, бекем тапталыптыр. Талаа гана баштагысындай, айдоо жери карарып, аңыздары кубарып жатат. Бир чети тоого асылып, бир чети коого барып чорт үзүлөт. Кары жаңы кетип, жалыначтанып, тердеп жатат. Кайдандыр жаздык айдап жүргөн тракторлордун дабышы чыгат.
Райборборго түндө жеттим. Эртеси автобазага эле барбасам болбойт дедим. Болору болду, баары бүттү. Жашоо керек, иштөө керек, андан нары кудайдын айтканы болор...
Тянь-Шандын кан жолу машинелердин астында кадимкисиндей гүүлдөп жаткан экен. Убап-чубаган машинелер, менин издегеним автобазаныкы. Акыры бирөөнө кол көтөрдүм. Машине күүсү менен өтө чыкты да, сүрдүгө токтоду. Чемоданымды ала шаштым, шофер кабинасынан чыга келди. Карасам, аскерде бир жүргөн Эрмек. Аякта шоферлукту менден үйрөнгөн. Боз баш бала эле. Бүшүркөп тааный албай, күлумсүрөп турду.
-Тааныбай турасыңбы?
-Сержант Илияс!.. Илияс Алабаев эмессизби?-деди эстей коюп.
-Ошол өзү!-деп күлдүм, бирок, көңүлүм сыздады: эл тааныбай калыптыр, аябай эле өзгөргөн экем да!
Жөнөп кеттик. Ардеменин башын бир сүйлөштүк, аскерди эскердик. Менин турмушумду сурабаса экен деп заарканып баратам. Эрмек билбейт окшойт, сурабады. Көңүлүм тынчыды.
-Аскерден качан келдиң эле?
-Иштегениме эки жыл болуп калды.
-Алыбек Жантурин кайда?
-Билбейм. Мен ишке келгенде ал жок экен. Памирдеги бир автобазада башкы механик болуп иштейт деп сөз кылып жатышканын уккам...
"Жарайсың, Алыбек! Азаматсың, досум! Башынан эле мыкты жигит болчусуң?" -деп ичимен кубанып калдым. Акыры көздөгөнүнө жеткен экен. Ал аскерде жүргөндө эле автожол техникумунда сырттан окучу, интститутту да сырттан бүткөн деп жүргөн.
-Начальнигиңер Аманжоловбу?
-Жок, жаңы. аманжолов министерствого көтөрүлүп кеткен.
-Мени ишке алар бекен, кандай дейсиң?
-Сени албаганда кимди алат! Мыкты шоферсуң. Аскерде эле макталып жатчу эмес белең.
-Бир кезде болчумун,-дедим өзүмчө кейип.-Жантай дегенди билесиңби?
-Бизде андай неме жок. Уккан эмесмин. "Автобазада өзгорүш көп экен го..." -деп ойлодум, анан дагы сурадым:
-Ашуудан прицеп менен өтүп жүрөсүңөрбү?
-Өтпөгөндө эмнеси бар экен,-деди Эрмек.-Жүккө жараша. Керек болгондо чиркеп алып кете беребиз. Азыркы машинелер күчтүү чыга баштабадыбы.
Ошо прицеп чиркештин азабын мен канча тартканымды бу кайдан билсин.
Ошентип, автобазама кайра келдим. Алгачкы күнү Эрмек үйүнө чакырды. Жакшы күттү. Аман-эсен жолугушканга деп, ичкилик сунду. Оозума албаганга көп болгон, ичпедим.
Автобазада жакшы тосуп алышты. Жумушка кирип, жатаканадан орун алдым. Жай-күйүмдү мурунтан билген жолдоштор ардемени сурагылап маземди албаганына миң мертебе ыраазымын. Четте жүрүп келип, кайра көнгөн жумушумду ак пейил, адал ниет менен иштеп жүргөнүмдү көрүп турушат. Өткөнду козгоп эмне кылат? Өзүм да баарын биротоло унутууга тырыштым. Баягыда үй-бүлөм менен бир турган жайдан буйтап өтөм. Жан-жагыма кылчайбайм. Бензоколонкага

#39 02 Январь 2018 - 15:07
да кайрылбайм.
Бирок, кайда качып кутулмакмын.
Акыры барып тутулдум.
Ишетегениме бир топ болгон. Жаңы машинеге жатыгып, моторумун сырын билип калгам. Иши кылып жумушумду беш колдой билип алгам...
Ошол күнү рейстен кайтып келаткам. Оюмда эчтеме жок. Чылымымды чегип, бир калыпта келаткам. Айлана-тегерегиме көз салам. Жер-дүйнө жаздын күнүнө магдырап жатат. Малчылар жаздоого чыгып, кээ коктуларда боз үй көрүнөт. Чамгарактап түтүн созолонуп, береги жол боюнда кой жайылып жатат. Айгыр азынап, үйүр кайрып жүрөт. Бала кезим эске түшүп, ичим ачышкансыйт. .. Анан, көлгө чыга берип селт эте түштүм: көлдө ак куулар жүрүптүр!
Ысык-Көлгө жазда келген ак кууларды өмүрүмдө экинчи жолу көрүшүм. Көпкөк мелтиреген көл бетинде аппак болгон жарыктыктар көңүлүмдү удургутуп жиберишти, жолдон чыгып, дың талаа менен түпсүз көлгө айдаганымды өзүм билбей калыпмын.
О, кайран Ысык-Көл! Ысык-Көлүм-өмүр бою ырдалып бүтпөс ырым!.. Дал ушул жар кабактын боюнда Аселди кучактап турган күндү кайра эстедим! Баары дал ошол күнкүдөй: ак чалгындуу көк толкундар кубалашып келип, сары жээкке жаба берип жатат. Тоо артына күн батып, наркы жээктин тоолору тамыжып мунарланат. Ак куулар кыйкуу салып көл үстүндө айлана кайып, кайрадан көлгө конгондо ак көбүк чачыратып, алкак-алкак толкундарды таратат. Баары дал ошол күнкүдөй. Бир гана Аселим жок жанымда. Кайдасың сен, кызыл жоолук делбирим?
Жээкте көпкө турдум. Анан, автобазага келдим да, токтоно албадым... жанымды кыйнаган кайгыны басайын деп, чайханага кирдим. Аерден кеч чыктым. Асманды кара булут каптап алыптыр. Боомдон чыккан шамал тал-теректи жерге жеткире ийип, зым карагайлардын башында зуңулдап ыйлап, кум-таш аралаштыра бетке чабат. Көл күрүлдөй толкуп, оор онтоп жатат. Жатаканага араң жетип, чечинбестен куладым.
Эртеси эртең менен башымды көтөрө албай калыпмын, сынып ооруйт. Сыртта кар аралаш жүдөткөн жамгыр жаап турат. Ишке чыккым келбей үч сааттай жаттым. Иш да көңүл иренжитет. Бирок, акыры уялдым, ишке кеттим.
Машинем илбип келет. Машине эмес, өзүм илбип калыпмын. Анын үстүмө, күн да минтип көз ачырбай турат. Каршы жолуккан машинелердин үстүндө жуккан кар бар, демек, ашууга кар жааган экен. Мейли, кар жаамактан бороону соксун, коркор жерим жок, акыры башта бир өлүм...
Көңүлүм жаман түнөрүп бараткан элем. Маңдайымдагы күзгүдөн карансам, сакалым өскөн, оорудан жаңы тургансып шишип-көөп алгам, өз өңүмөн жипкирдим. Жолдо бир жерден шам-шум этип алсам болор эле, эртеден бери наар ала элекмин, бирок, көңүлүм чаппайт, ичким келип баратат. Бир жолу тайсаң, кайра оңолуш кыйын экени белгилүү эмеспи. Закусочныйга токтодум. Биринчи стакандан кийин кичине оңолгонсуп калдым. Машинем да көңүлдүүрөөк жүргөнсүйт. Анан, дагы ичтим. Анан, көрүп ал. Жол зымырап, айнек шыпыргычым шакылдап эле калды. Жуткүнө отуруп.ю сигаретаны чайнап барам. Айнегиме балчык чачыратып, машинелер жанымдан зуу өткөнүн гана билип калам. Күн кечтеп баратты эле, мен да ылдамдадым. Түнөргөн капкарңгы түн мени ашуудан кууп жетти. Мына ошондо арактын күчү бастады. Шалдырап, такылшый баштадым. Көз алдым караң-кураң этет. Кабинанын ичи тумчуктуруп, жүрөгүм айныды. Мынчалык эч качан катуу мас болбосом керек. Көз ачыштырып, маңдай ылдый тер төгүлөт. Машинеде баратпай эле алдымдагы соймоңдогон эки устун жарык шооланы минип, кайдадыр бир жакка учуп бараткансыймын. Эки шоола менен кошо бирде эңишке түшөм, кайра аска-зоону жалмалап өр талашам, бирде бурулуш издеп аркы-терки кайсалдайм. Күчтөн тайып баратканымды сездим, бирок, токтободум, анткени, рулдан колумду алсам эле машиенин кайра айдай алчудай эмесмин. Каерде баратканымды да билбейм, ашуунун

#40 02 Январь 2018 - 15:10
бир жеринде болушум керек эле.
Ох, Долон, Долон, Теңир-Тоонун алпысың! Оңой-олтоң жол бербейсиң! Айрыкча, түн ичинде, төтөн, мас шоферго бүтпөс азапсың!
Машине кайсы бир өрдүн кырына ыйлап отуруп араң чыкты да тик ылдый зуулдаган бойдон кетти. Башым айланып, түн аңтар-теңтер боло түштү. Колдоруму башкара албай калдым. Машине улам күүлөнгөндөн күүлөнүп ылдый кетип барат. Анан, бир маалда күрс эткен дабыш уктум, жарык жалт-жулт этти, көзүмо эчтеме көрүнбөй калды. Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө гана "Авария! " деген ой акырын зырп эткендей болду.
Канча жатканымды билбейм. Кулагыма кебез тыгып алгансып, алыстан акырын үндөр чыгат: "Кана, жарык кылчы!" Кайсы бир колдор башымды, ийинимди, көкүрөгүмдү сыйпалап жатты. "Жаны бар, мас тура",-деди үн. Башка үн унчукту: "Жолду бошотуш керек".
-Кана, достум, кичине жылып отур, машинени жолдон чыгарып коёлу,-деп бир үн акырын ийинимден сүрө итерди.
Мен онтоп алып баш көтөрдүм. Башым ылдый бетими жууп, кан агып туруптур. Түзөнө албайм.ю көкүрөгүдөн бирдеме мыкчып турат. Тиги киши ширеңке чагып, жүзүмө карады. Ишенбей калгансып, дагы ширеңке чагып, дагы карады...
-Сага эмне болгон, дос? Бу кылганың эмне?-деди ал караңгыда кейиштүү үн менен.
-Машине...катуу сыныптырбы? -деп араң сурадым кан түкүрүп.
-Анча эмес. Аскага тийип, жолго туураланып калыптыр.
-Анда коё бергиле, азыр жөнөйм!-калтыраган колум менен ачкыч издеп, стартер бастым.
-Токтот!-деп алиги киши мени капшыра кучактады. -Жетишет, бейбаштыгың! Түш! Түнөп ал, эртең көрө жатабыз...
Мени кабинадан сүйрөп чыгышты.
-Кемел, машиени четке чыгарып кой, анан териштиребиз!
Колуму ийинине арта салып алып, караңгыда мени кайдадыр сүйрөп жөнөдү. Узак жүрдүк. Анан, бир үйгө киргизди. Оозгу болмөдө чырак күйүп туруптур. Алиги киши мени орундукка отургузду да тонуму чече баштады. Ошондо гана баш көтөрүп, жүзүнө карадым. Тааный койдум. Бул баягыда ашуудан машине сүйрөтүп чыкканда жолуккан жол мастери Байтемир экен. Бетим чымырай түштү, бирок кубанып да калдым. Кечирим сурап, ыраазылыгымды айтайын дегиче жерге дабырап кулаган отундун дабышы оюмду бөлүп кетти. Кылчайып карап алып, акырын ордуман өөдө боло бердим. Ооздо чачылган отундун үстүндө Асел туруптур. Нес болуп калгандай селейе катып, алая тиктеп турат.
-Бул эмне?-деди акырын.
"Асел!" деп бакырып ийе жаздадым. Бакырат элем, бирок, Аселдин жылуулук сезилбеген жат көз карашы оозуму ачтырбады. Жети өмүрүм жерге кирип, башым шылк этти. Бөлмө ичи тунжурай түштү. Байтемир, болбосо, билбейм эмне болмогун. Капарында эчтеме жок, мени ордума кайра отургузду.
-Коркпо, Асел,-деди ал токтоо.-Бул шофер жигит саал жараланып калыптыр. Жатып тыныксын.... А көрө бизге йод берчи...
-Йодбу?-Аселдин үнү жумшарыңкы, калтыраай чыкты.-Йодду кошуналар алды эле... Азыр...-шашкан бойдон чыгып кетти.
Тиштенип, мизбакпай отурам. Мастыгым тарап, көзүм умачтай ачылды. Чыкыйымдан гана кан тамырым жарылып кетчүдөй зырп-зырп согуп турду.
-Алды менен канды жууп салыш керек,-деп Байтемир чекемин айрылган жерлерин көрдү да, чака алып, сыртка чыгып кетти. Төркү бөлмөдөн жалаң көйнөкчөн, беш жашар бала баш бакты. Көзүн ачып-жумуп, мени таңыркай тиктейт. Көргөндө эле тааныдым, мен эмес, жүрөгүм тааныды.
-Самат!-деп үнүм кардыгып чыгып, кол суна жүткүнө