kmb3 18 Август, 2014 Адабият Кыргыз маданият борбору.
СЕН КӨРҮНСӨҢ
Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Сен жуунсаң – суу мас болот, жылалбайт.
Тамган тамчы кайра сени өбөм – деп
Бууга айланып буулуккансып улам жаайт…
Сага жоолук болсок дешет булуттар,
Сени мактап сайрайт бакта бүт куштар.
Көлдөн көккө бир секирип өзүңдү
Көрүп жыргап кайра чумкуйт балыктар.
Табияттай эң жөнөкөй, эң татаал,
Сыйкыры көп, сырлар арбын аялда ар,
«Кош!» айтышып кай тарапка баспасын,
Бардык тарап күтүп турат аны аяр.
Ким көрбөсүн бул аялды баскан жай,
Кубанышат жоготконун тапкандай.
Үйдөн чыгып үйгө баткан ал бир Күн,
Арзуу анда аягы жок асмандай…
Ай-ааламдын бетиндеги кызылы,
Карт дүйнөнүн кайталангыз кызыгы.
Кыска өмүрдүн кыскалыгын билдирбес
Ал керемет көргүң келген утуру…
… Сен көрүнсөң – күзгү өзүнөн чыгарбайт,
Көрүнбөсөң көңүл түтөйт, ылаңдайт.
Уланышы мүмкүн ушул дайранын,
Бирок ушул дүйнө ушундай уланбайт.
Билдирүүнү түзөткөн: Aitunuk: 21 Август 2014 - 20:48