Ден соолук жана сулуулук - ички форумдар
Форум | Статистика | Соңку билдирүү | |
---|---|---|---|
АллергологияАллергология – медицинанын аллергиялык реакциялар менен оорулардын пайда болуу себебин, өрчүү механизмин, клиникалык белгилерин изилдөөчү жана анын алдын алуу методун иштеп чыгуучу бөлүгү. |
|
|
|
ГастроэнтерологияГастроэнтерология — тамак сиңирүү функцияларын жана системин, ошондой эле ичеги-карын ооруларын, дарт аныктоо ыкмаларын, дарылоонун жана алдын алуунун жолдорун изилдөөчү бөлүм. |
|
|
|
ГинекологияГинекология — клиникалык медицинанын бөлүгү: аял организминин ар кандай мезгилдеги анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгүн, ошондой эле аялдардын жыныс органдарынын ооруларын, аларды дарылоо жана алдын алуу чараларын изилдейт. |
|
|
|
ДерматологияДерматология — медицинанын тери жана анын оорулары жөнүндөгү бөлүгү. Дерматология теринин функциясын, түзүлүшүн, тери ооруларынын организмдин түрдүү патологиялык абалына байланышын изилдейт, түрдүү тери ооруларынын себебин түшүндүрүп, анын диагностикасын, дарылоо жана алдын алуусун иштеп чыгат. |
|
|
|
ИммунологияИммунология – организмдин коргонуу касиети жана иммунитети жөнүндөгү медицина-биологиялык илим. |
|
|
|
КардиологияКардиология – медицинадагы кишинин жүрөк жана кан тамырлар системин иликтөөгө арналган атайын тармак. Бул тармак жүрөктүн жана кан тамырларынын илдеттерин алдын алуунун жана аларды айыктыруу усулдарын да иштеп чыгат. |
|
|
|
НеврологияНеврология – борбордук жана перифериялык нерв системдеринин ооруларынын себептерин, ошондой эле алардын өрчүү механизмдерин изилдөөчү клиникалык медицинанын тармагы. |
|
|
|
НефрологияНефрология — медицинанын бөйрөктүн түзүлүшүн, функцияларын, анын ооруларынын пайда болуу себептерин, өрчүү механизмдерин изилдөөчү бөлүгү. |
|
|
|
ОнкологияОнкология — медицинанын шишиктердин пайда болуу, өрчүү механизмин, клиникалык жүрүшүн изилдөөчү жана анын диагностика, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. |
|
|
|
ОртопедияОртопедия – медицинанын таяныч-кыймыл аппараттын (сөөк менен булчуңдар) тубаса жана кийин пайда болгон деформацияларын жана функцияларынын бузулушун изилдөөчү, алардын алдын алуу жана диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. |
|
|
|
ОтоларингологияОтоларингология – кулак, мурун, тамактын ооруларын дарылоо жана алдын алуу жолун изилдөөчү тармак. |
|
|
|
ОфтальмологияОфтальмология - клиникалык медицинанын көрүү органынын анатомиясын, физиологиясын, көз ооруларын изилдөөчү жана диагностика, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу бөлүмү. |
|
|
|
ПедиатрияПедиатрия – клиникалык медицинанын балдар организминин анатомия-физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, алардын ден соолугун, ооруларынын себептерин, өрчүү механизмдерин изилдөөчү жана билүү, дарылоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуучу тармагы. |
|
|
|
Пластикалык жана эстетикалык хирургияАзыркы учурда адамдын келбетин өзгөртүүчү кеңири жайылган тармак. |
|
|
|
СтоматологияСтоматология — медицинанын ооз көңдөйүндөгү органдардын жана жаак-бет ооруларынын пайда болуу себебин, клиникалык белгисин жана аларды дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. |
|
|
|
УрологияУрология — клиникалык медицинанын эркектердин заара бөлүп чыгаруу системинин жана жыныс органдарынын ооруларын, алардын пайда болуу себептерин жана диагнозун коюу, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын изилдөөчү тармагы. |
|
|
|
КосметологияКосметология — түрдүү косметикалык кемтиктин пайда болуу себептерин изилдөө, дарылоо жана алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу илим. |
|
|
|
ПсихиатрияПсихиатрия — медицинанын психикалык оорулардын себебин, белгилерин жана өөрчүшүн изилдөөчү, аларды дарылоо, алдын алуу, психикалык ооруларга жардам уюштуруу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү. |
|
|
|
ДиетологияДиетология - туура тамактануу жолдорун изилдөөчү илим. |
|
|
|
АкушердикАкушердик - кош бойлуу айымдардын организминдеги физиологиялык жана патологиялык өзгөрүүлөрдү изилдеген тармак. |
|
|
|
ТрихологияТрихология - чач жана баштын түктүү бөлүгүн изилдөөчү илим. |
|
|
|
ГепатологияГепатология - боор, өт, өт түтүгүн, алардын түзүлүшүн, функцияларын, ооруларын, дарылоону изилдеген медицина бөлүмү. |
|
|
|
МаммологияМаммология - сүт бездеринин ар кандай ооруларынын дартын тактоочу, дарылоочу медицина бөлүмү. |
|
|
|
ГематологияГематология - кан жана анын ооруларын, кан жараткыч органдарды изилдөөчү бөлүм. |
|
|
|
ЭндокринологияЭндокринология - клиникалык медицинанын ички секреция бездеринин түзүлүшүн, функциясын жана алар иштеп чыгарган гормондордун организмге физиологиялык таасиринин механизмин, ошондой эле ал бездердин функциясы бузулганда пайда болуучу ооруларды изилдеп, аларды алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуучу тармагы. |
|
|
|
ХирургияХирургия — клиникалык медицинанын көбүнчө операция жолу менен дарылоочу ооруларды жана ал операциялардын техникасын, ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. |
|
|
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »