Внематочная беременность деген эмне?
#1 25 Ноябрь 2012 - 22:37
Эгер кайсы бир аял ушундай нерсеге туш болсо, созсуз турдо боюнан алдыруу керекпи?
Эгер аял ушул себептен эки жолу боюнан алдырган болсо, ал аял кийин торой алабы?
Кыскасы ушул темага байланыштуу ким эмне билет?
#2 25 Ноябрь 2012 - 23:13
#3 25 Ноябрь 2012 - 23:25
#4 25 Ноябрь 2012 - 23:36
Бир келип кетчи мен жакка.
#5 26 Ноябрь 2012 - 00:01
Daud (25 Ноябрь 2012 - 23:25) жазган:
Тилекке каршы кайсы документалдык тасма экенин так айта албайм.
Медиа порталга бир видео жүктөдүм эле. Ошону карап көрсөң, балким, ошол жакта бардыр.
"День рождение" ымыркайдын төрөлүүсүнө тамеки, ичимдиктин таасири жөнүндө даректүү тасма.
Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 26 Ноябрь 2012 - 00:03
#6 26 Ноябрь 2012 - 01:52
Daud (25 Ноябрь 2012 - 22:37) жазган:
Эгер кайсы бир аял ушундай нерсеге туш болсо, созсуз турдо боюнан алдыруу керекпи?
Эгер аял ушул себептен эки жолу боюнан алдырган болсо, ал аял кийин торой алабы?
Кыскасы ушул темага байланыштуу ким эмне билет?
Саламатсызбы Дауд мырза,сиздин суроолоруңузга атайын менин апамдан жооп алдым.Апам,акушер- гинеколог болуп ушул тармакта көп жыл иштеп азыр aрдактуу эс алууда.
1)Внематочная беременность- жатынга жетпей жатын түтүкчөдө же жатын моюнчасында түйүлдүктүн бүтүшү.
2)Ооба,сөзсүз алдырыш керек,антпесе аялдын жатын түтүкчөсү жарылып,арты жаман аякташы мүмкүн.Mындай убакта оперативдүү жол менен алдыртып коюшат.
3)Көбүнчө убакта мындай оору болгондо экинчи-үчүнчү жолу да кайталанышы мүмкүн жана кийин нормалдуу бойго бүтүүгө да шанс 2 эсе төмөн болот.Бирок, жакшылап дарыланыш керек жана эң башкысы каалоодон.Доктурлардын айтканын аткарып,реабилитациялардан өтүп ар кандай анализдерди тапшыруу керек. Мурун жатын түтүкчөсүнө түйүлдүк бүткөн аял кийин инфекцияларга анализ тапшыруулары керек:хламидиоз жана гоноряга.Мындай оорудан кийин спайка же өнөкөт ооруларды алып келиши мүмкүн.
Азыркы учурда мындай оорудан кийин физиотерапия же лазер менен дарыланат.Ж. о.э УЗИден дагы өтүү керек жатын түтүкчөсүнүн формасынын өзгөргөндүгүн байкоо жана кистанын жок экенин билүү үчүн.Мындай дарылануу-ички секрецияларды текшерүү(эндокринологическое обследование)деп аталат.Эгерде аял төрөгүсү келсе 2-3 жылдан кийин гана төрөсө жакшы болот.Ал убакка чейин ден соолугун чыңап,жакшы даарыланыш керек.
Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 26 Ноябрь 2012 - 01:57
#8 26 Ноябрь 2012 - 20:57
#9 19 Апрель 2013 - 22:15
#10 26 Ноябрь 2013 - 13:02
#11 06 Февраль 2014 - 19:45
#12 07 Февраль 2014 - 14:46
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#13 10 Июль 2014 - 17:16
#14 11 Июль 2014 - 22:23
Внематочная беременность б.а жатындан сыртка бойго бутуу соссуз эле жаман жургон же ооруган адамда бутуп калбайт. Бул соо адамда деле бутуп кала берет. Негизи эркектин спермотизоиддери менен аялдын жумуртка клеткалары дал ушул жатын тутукчосундо кезигишип, анан тиги жатынга барып бекийт да ошол жерден осо башташы керек. А жатындан сырткары дегени ошол тутукчодо эле осуусун уланта берет да. Натыйжада тутукчодо оору пайда болот, аялга температура чыгат.мындай бойго бутуу кобунесе операция менен коштолот. Операцияда жатын тутукчо бир жолу алынып салынат. Аялда бир эле жатын тутукчосу болуп калат. Бир эле жатын тутукчосу менен да бойго бутуп торой алат.
Азыркы тапта медицина онугуп, атайын аппаратуралар чыккан. Уч жерден тешилет табарсык жак камерасы бар аппараттын жардамы менен сордуруп алып салат.тилеккке каргы мындай технология бизге жетелек. Москвада ж.б онуккон мамлекеттерде бар.
Эгер аял эки тутукчосунон тен айрылса демек аял торобос болуп калат. Менин бир таанышым эки уулунан сон ушинтип операция болуп бир жылдан сон жакшынале тороп алган. Мындайдан кудай озу сактасы....
#15 12 Июль 2014 - 17:55
кидают камень, отвечайте плодами»
#16 15 Июль 2014 - 18:11
rumaika5544 (12 Июль 2014 - 14:55) жазган:
Жарым жан болгон адамга биринчи кезекте моралдык жардам керек. Внематочныйды озу тилеп албады да кудайдын бешенеге жазганы. Аны айланадагы адамдар туура тушунуусу абзел. Эгер бир турбасын алдырган болсо бир турба менен торой берет. Бир яичник бар го. Ага деген жакшылап дарыланып и сабыр кылуу керек. Жогоруда айтып кеттим. Бир турба менен бойго болуп эле учту тортту торогондорду билем. Ылайым балалуу болуп калышсын...
#17 16 Июль 2014 - 12:31
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#18 16 Июль 2014 - 12:54
momuntay (15 Июль 2014 - 18:11) жазган:
Тилеке каршы эки турбасын тен алдыртып салыптыр.
кидают камень, отвечайте плодами»
#19 16 Июль 2014 - 22:08
Janyla (16 Июль 2014 - 12:31) жазган:
Белгилери ошо туш ооруйт- эгер сол тарапта оорутса апендицит менен чаташтырып алуу мумкун, бир аз кан келет- 10 жумага чейин эле дайын болот.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 16 Июль 2014 - 22:12
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.