Кечээ гана чыңыртып кулун байлап, азынатып азоосун айдап, аксакалдары дөбөгө чыгып узун сабак аңгеме куруп, кыз-келиндери саймасын сайып дегендей, бейкапар жаткан айыл бат эле кыйсыпыр түшүп бүлүнүп жатып калды. Капилеттен кирип келген калмактар анча-мынча аттана калган эркектананы аңтара сайып, антаңдай качкан катын-калач, бала-чаканы омуроого салып көмөлөтө коюп тебелеп, же кылыч мизи менен бөлө чаап, кызыл-кыргын кылып жиберди бир заматта. Үлгүрүп ат минип алган жигиттер колуна тийген союл-моюл менен карсылдаша чабыша калганы менен, курал-жарагы шайлануу жоого түтө албай, кайра жалп этип тоголонуп кулап жатты. Нарыраак четке конгон Бердибек эч нерседен бейкапар, үйүндө баласы менен упай ойноп отурган эле. Ат дүбүртү угулуп, эл кыйсыпыр түшүп калганда өтүгүн коңултактай кийинип, керегеде илинип турган болот кылычын көтөрүп чыга калды да, дал тушуна жетип калган жоонун найзасын шамдагайлык менен кагып жиберип, өзүн ээрден оодара тартканга үлгүрдү. Атынан кулап түшкөн баскынчы кайра тура калгыча күн нуруна жарк эте көтөрүлгөн болот кылыч ийинден башын үзүп түштү. Чылбыры ээсинин колуна илинип, тегеренип токтоп калган атка шарт секирип минген Бердибек, нары жакта үйдү айлана качкан аялын кууп бараткан калмакты көздөй ат койду. Байкуш Жибеги колуна тестиер уулун жетелеп алып, өзөндү жээктей өскөн караган-черди көздөй чуркап калган экен. Түшүнүксүз чаңырып артынан түшкөн калмак бир заматта жете барып, найзасы менен айдалыга сайып каларда аял бир нерсеге чалынып жыгылып кетти. Найзасы куру кеткен душман, аттын күүсү менен бир топ өтүп барып, кайра кайрыла бергенде оозун араандай ачып айкырган Бердибек жете барып, албарстай жанган кылычын шилтегенче өтүп кетти. Бала кезинен кылыч менен машыгып, далай чабышка катышкан неме койобу, аттын оозун тартып кайра кайрылган кезде, беркинин башы жок денеси жаны чыга албай тыбырап жерде жаткан. Ар бир үйдү жанталашып талап жаткан жоонун аскерлери четки боз үйдүн далдоосунда болуп жаткан бул окуяны байкабай калыштыбы айтор, буларга эч ким көңүл бурган жок. Бердибек элпектик менен тиги тоголонуп жаткан баштын чопкутун эңип алып башына кийе калды да, наркы жыгылган жеринен жаңы бой көтөргөн аялын “тиги черди көздөй кач” деп жаңсап коюп, өзү кыйсыпыр түшүп жаткан айылды акмалап туруп калды. Балким, тигилер токойду аралап кеткиче бирди-
жарым душман бала-чакасын көрүп, кууп калса, жолун тосуп чыкканга ниеттенип, даяр турду. Ана, өз үйүнөн чүпүрөк-чапырак көтөрүп чыккан жуңгардын бирөөсү олжосун канжыгага байлап жатып буларды көрүп калды. Бердибек ошол замат алчактап араң турган атты күрсө-күрсө теминип, тигини көздөй ат койду. Качып бараткан бүлөсүн башкаларга жарыя кылып ийгиче тигинин башын ыргыта чабуу керек болчу. Шукшурулган бүркүттөй атырылып барып ээрине оңдонуп отура элек немеге болот кылычын жана бир шилтеп өтүп кетти. Бирок, бул жолу тигини жан таслим кылганы менен, өзү бир топ калмактын чок ортосуна аттын күүсү менен кирип калган эле.
Көз көрүнөө өз кишисин өлтүрүп жаткан немеге баскынчылар туш тараптан чабуул койуп калышты. Ыкчам кыймылдаган Бердибек шамдагайлык менен дагы
экөөнү жалпайтканга жетишти. Ушул арада кургурдун жан адамга байкатпай көз салганы эле тиги караганчер. Кудай жалгап тигилер дагы токой аралап кирип
кеткен окшойт, акыркы жолу көз кырын салганда алтараптан эч кимди көрө алган жок. Мына ошондо ал жан аябас салгылашты баштады. Эч бир жакка кылчактабай, улам бирөөнө ат коюп, олжо-буйлага байлана түшкөн баскынчылардын дагы үчөөнү бир заматта канга бойоп жиберди. Бирок, жалгыз адам көптүн көзүнө топурак чача алабы. Алды-артына өтүп, тегеректеп алган жуңгарлардын бирөөсүнүн жебеси ай далыга шып эте сайылды. Кудум бирөө барскан менен коюп жибергендей ат жалына өбөктөй түшүп, кайра турган Бердибек, алдынан чыккан жуңгардын шилтеген кылычын кагып жиберип, өзүн алка-жака дан алып силке тартты да, бет талаштыра сүзүп калды. Тийген соккудан эсин жоготуп койдубу, же жаны чыгып кеттиби айтор, шалкылдай түшкөн душман суудай куюлуп аттын таманына кулады. Андан кийинки жуңгар ай балтасын шилтеп калган экен, аттын бир тарабына ооп буйтады да, көзгө илешпес тездик менен кылычын жанып жиберди. Болот кылыч аны да соо койбоду. Башы топтой тоголонуп, күрөө тамырдан атырылган кан, аттын омуроосунан ылдый жаба берди. Дал ушул учурда Бердибекке дагы үч жебе удаа сайылды. Ошондо гана анын биротоло каруусу кетип, колундагы кылычына ээ боло албай түшүрүп жиберди. Өзү болсо душман туягына тебеленгиси келбегендей ат жалын кармап чымырканып жатып кайра түзөлдү. Өлөрмандын багынбай жатканына жиндери келди окшойт, дагы бир нече жебе удаама-удаа денесине кадалды. Бирок, бу саам Бердибек былк эткен да жок. Анын жансыз денеси кудум ат үстүнө байлап койгонсуп, туруп калды. Туш тараптан тегеректеп турган калмактар баатырдын жаны чыкканына көздөрү жетпей бир саамга абайлап карап турушту. Качан баары анын жансыз экенине көздөрү жеткенде гана, тарап-тарап бастырып кетишти.
Билдирүүнү түзөткөн: Eltuzor: 06 Июнь 2015 - 12:06