Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 00:49
"Ант" Автор:Н.Кадырбеков.
#21 05 Август 2020 - 00:48
#22 05 Август 2020 - 00:54
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 00:54
#23 05 Август 2020 - 01:04
- Атаӊдын кулагы десе, үйгө келсеӊ эле чыр баштайсыӊ да, бар үйүӊө кет, - деди кабагын түйгөн болуп.
Атамдын мени эркелетип ошентип жатканын түшүнбөй, шагым катуу сынып, унчукпай гана пальтомду кийип, чоӊ атамдыкына кетип калдым. Муӊайып, барып момоюп олтуруп калганымды көргөн чоӊ атамдын аябай зээни кейип, чоӊ энеме карап:
- Баламдын көзүнө жаш кылгырып, маанайы чөгүп кирди. Куугунтук жеп келген окшойт, деп ачууланган. Менин маанайым пас болуп кирип келгеним чоӊ атамдын жүрөгүнө канжардай сайылганын кийин өзүм сүйүктүү неберелүү болгондо түшүндүм.
Бир күнү бир туугандарым менен ойногону келсем, атам мага кайрылып:
- Эй, сен эмне чоӊ атаӊа арызданып бардыӊ? – деп күлө сүйлөдү.
- Айткан жокмун, унчукпай олтурсам эле өзү билип алды, - атамдын алдында уялганымдан жерге кирип кете жаздадым.
Кийин билсем,чоӊ атам менин муӊайганым жанына жай бербей, «балама катуу тийбегиле» деп ата-апамы кекетип кетиптир. Алар болсо «эчтеме деген жокпуз, эжеси менен урушуп жатканынан кой урушпагыла деп айттык эле» деп актанып кутулушуптур.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:06
#24 05 Август 2020 - 01:09
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:10
#25 05 Август 2020 - 01:13
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:14
#26 06 Август 2020 - 17:41
- Ме, жейсиӊби?
- Бул эмне? –дедим мен колумду сунуп жатып.
- Шимисеӊ, аябайтаттуу. Бул короз момпосуй, - деди жылмайган тейде берешендиги тутуп турган эжем, - Бирок апама көрсөтпөгүн.
«Апама көрсөтпөгүн» деген шектүү эскертүүдөн кийин эшиктен бирөө кирип көрүп калбасын деп алган момпосуйду шимип олтурбай эле качыратып чайнап арыдан бери сугунуп койдум. Ушунчалык шашканымдан жегенимдин даамын деле жарытылуу сезбей калдым. Бирок, беш жашар мага момпосуйдун ширин даамынан да анын короз келбетинде ширеӊкенин данына ширелип турганы кызык көрүндү. Менин ошол кызыгуумду алдыртпай сезген эжем, мага жакыныраак келип шыбырады:
Эгер бүгүн биздикинде калсаӊ мен сага мындайдан дагы көө-ө-п берем. Короз момпосуй деле эмес козу, кулун, жоогазындары да бар. Жашыл, көк, сары, кызыл. Каласыӊбы?
- Билбейм.
Эмне деп жооп береримди чече албай дендароо болгон абалда ушинттим. Бир жагынан эжемдин айткандары напсимди азгырып, көӊүлүмдү тартып, кызыктырып жатса, экинчи жагынан, мени саргая күтүп олтурган чоӊ атамдын атамдыкында калып калган мага таарынычтуу караган элеси жаныма жай бербей турду. Чынын айтсам, андай момпосуйларды ага чейин такыр көрбөгөм. Согуштан кийинки жылдары ошондой даам татуу бактысына сейрек гана балдар, анын ичинде атабыз колхоздо башкарма болуп иштегендиктен менин бир туугандарым да ээ болгон экен. Сатуучулар дүкөнгө келген дүр-дүйнөнү жашыруун тескеп-иргеп, чанда гана болуучу товарларды адамдардын кадыр-даражасына жараша ылгап саткандыктан, таӊкыс дегендердин баарын айылдагы саналуу гана аткаминерлер алышчу. Ошолордун бири колхозду башкарган менин атам эле.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 06 Август 2020 - 17:44
#27 07 Август 2020 - 15:51
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 07 Август 2020 - 15:53
#28 07 Август 2020 - 16:06
- Чай ичесиӊби? –деп сурады.
-Ичем, - дедим үнүмдү акырын чыгарып, анчейин каалабай турсам да. Ичпейм десем чоӊ атама биротоло менден жүз үйрүп кетчүдөй, экинчи сүйлөшпөй койчудай сезилди.
Аӊгыча энем да сөзгө аралашты:
- Чоӊ атаӊ экөөбүз сени кечээ кечке күтүп отурдук.
Энемдин ушул сөзү башыма балка менен ургандай эле тийди. Өзүм да уялгандан кирерге тешик таппай турганда, эркелеткен жүз менен айтылган ушул сүйлөм уятымды убайран кылып таштады. Актанууга же башыма сөз келсе эмне. Сөзү менен азыткыдай арбап алып калган амалкөй эжеме ачуум келди. Өзүмдү саткынчы сезип, экөөнүн көздөрүн карагандан тартынып, жүгөрү ундан жасалган «загра нандан» бир сындырым сындырып, жеген түр көрсөтүп олтуруп калдым. Деген менен алардын жүздөрү акырындап жаркылдап, кадимкисиндей мени ортого алып, жалынып-жалбара эркелете башташты.
Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 07 Август 2020 - 16:07