Эмнеге кыргызча сүйлөгөндөр шаарыбызда аз? Эмнеге кыргызча сүйлөгөндөр шаарыбызда аз?
#301 05 Февраль 2015 - 15:48
Азаматсыз, сыйлаганыныз учун раазычылык!
Негизи кыргызсызбы,
же казаксызбы?
Сабырынызга балли, кандай гана жагымсыз создор айтылбасын токтоолук менен женип жатасыз. тепкилегендердин арасында менда бар элем.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#302 05 Февраль 2015 - 17:15
http:/
/www.super.kg/kabar/news/
99029/
Супер.кг сайтынан:
Чиновниктерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирчү мыйзам долбоору комитетте 3-окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын демилгечи депутат Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.
10:39 03-02-2015
Автор: Жамалидин Парманкулов
Супер.кг сайтынан:
Чиновниктерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирчү мыйзам долбоору комитетте 3-окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети 3-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендире турган мыйзам долбоорун карап, 3-окууда жактырды. Демилгечилердин айтымында, бул нормага ылайык, ар бир мамлекеттик кызматкер керектүү деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсү шарт. Андан сырткары мыйзам нормалары кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин аныктайт. Аталган демилге боюнча 2-окууда берилген сунуштар кабыл алынганын демилгечи депутат Кожобек Рыспаев комитет мүчөлөрүнө билдирди.
10:39 03-02-2015
Автор: Жамалидин Парманкулов
#303 08 Февраль 2015 - 10:13
Мен кыргызча эле суйлойм. Орусча суйлошсо кыргызча жооп берип койом. Кыргыз болуп туруп неге орусча суйлошот тушунбоймда.
Билдирүүнү түзөткөн: bikusim: 08 Февраль 2015 - 10:32
#304 21 Февраль 2015 - 04:12
#305 21 Февраль 2015 - 04:22
#307 26 Февраль 2015 - 10:06
#308 18 Март 2015 - 15:49
Мен да патриотмун шаарда аялдамага токтотуңуз десем кээси таң калса кээси күлгөн
Кандай көрүнсөң ошондой бол же кандай болсоң ошондой көрүн!
#309 22 Март 2015 - 15:36
Eger oruscha soz bashtasa oruscha joop berem,a ozum ar daiym kyrgyzcha ele suiloim.Kee birleri bar kg.cha suiloson oruscha joop berishet ushundaida aiabai jinim kelet,bir jaktuu suiloshso (jalan orus4a je jalan kyrgyzcha),aralashtyryp chulduragandardy zamatta kyrgyzchalatyp koiom go chirkin...
#310 22 Март 2015 - 15:54
Мен деле кыргызча суйлойм.азыр россиядамын орустарга деле кыргызча суйлоп койом тушунуп эле калышыптыр тушунбой кетсе гана орусчалайм!
кыргызстанда кыргызча суйлосом тпой болуп калам деп ойлойбу копчулугу билбейм. Эне тилди сактайлы,барктайлы!
#311 22 Июнь 2015 - 19:37
Алыста журуп кыргыз тилин сагынып келсен,кыргызча суроого орусча жоопту шак алып,эмне дээринди билбей...Апкаарыган кундор коп эле болду!
#312 23 Июнь 2015 - 17:42
Кыргызча суйлогон кандай жакшы ! Жонокой создорду орусчасын жаттап алышып эле, оздорун сезип алгандары канча,чын эле орусча суйлой баштасан эле,бирдиктери тугонуп "воот, ну типа, тамА"деп эле очо баштап,анан жарымы кыргызча,жарымы орусча тантырагандары канча... Арийне,КЫРГЫЗЧА суйлосон ошол - сыймык !
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#313 23 Июнь 2015 - 23:35
Кыргыз болгон соң, кыргыз тилинде эле сүйлөсө, таң гөрү мадыра баштар... Орусча өтө кыйын билсең да, сүйлөбө эмес сүйлө, сүйлөчү жерде сүйлө. Керек болсо Кыргызстанда жашаган орустарды кыргызча сүйлөтүп салыш керек. Кыргыздар неге мындайбыз, Өзбектерге өзбекче, Орустарга орусча сүйлөйбүз, неге алар Кыргызча сүйлөбөйт. Сат сат сат баарын сат, тилиңди сатпа, диниңди сатпа!
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#315 24 Июнь 2015 - 00:59
Ар тилде сүйлөгөн киргиздер кыргыз тилибизди кызганышат да аралашып кетпесин таза сактайлы деп)) (тамаша анан...) Негизи эптеп септеп орусча же башка тилде беш алты сөз үйрөнүп алып койкоңдондор аман эле болсунда, тилин чанса да каны кыргыз баарибир
#316 27 Июнь 2015 - 06:01
Тайларым жакта, тагыраак жазганымда Ысык-Көл областында орус балдар орусча билбейт. Жалаң кыргыз балдар менен достошуп нукура кыргыз болуп калгандар бар.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#317 07 Июль 2015 - 01:07
alesh22 (09 Июнь 2007 - 12:32) жазган:
Ойлонбоюн десем да болбойт.
Оюмду толгойт.
Намыска тийип.
Кыргыздар орусча ойнойт.
Оюмду толгойт.
Намыска тийип.
Кыргыздар орусча ойнойт.
Тогуз жыл мурда ачылган тема экен. Бул нерсе азырга чейин орчундуу болуп келе жаткан маселелердин бири. Бул боюнча менин да темама баш баксаңар болот. Бул жерде.
Ыңгайлуу кутуңдан чык
#318 15 Январь 2016 - 22:39
Алар айлана-чойрого жараша калыптанышкан да, бала-бакчадан баштап кыргызча болсо баары кыргызчадан башталмак, орусчадан башталган ошон учун орусча да .
#319 15 Январь 2016 - 23:46
Буйруса кыргыз тилинде бала бакча,мектептер кобоойуп,окуу жайларда лекциялар,китептер которулуп,медицина,
техника терминдеринде да которуулар кобойуп баратат
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!