ИГИЛ Кыргызстан үчүн коркунуч жаратабы?
#1 16 Февраль 2015 - 23:31
ИГИЛ - Ирак жана Левантанын ислам мамлекети деп чечмеленет. Акыркы кезде ИГИЛдин кулачы кенен болуп баратканына байланыштуу бир гана Ирак менен Левантага байлабай Ислам мамлекети деп гана атап калышты. Бул расмий таанылбаган мамлекет Сириянын түндүк чыгышы менен Ирактын "суннит үч бурчтугу" аймагын көзөмөлдөгөн, шарияттык мыйзамдарды карманган согуштук террористтик уюм. Алар өздөрүн террористтик уюм деп атабаганы менен АКШ тарап бул уюмга "тозоктун жүрөгү" деп ат коюп, мурда "Аль-Каиданы" №1 душманыбыз десе, азыр ИГИЛди бул орунга коюшту. Сириянын Ракка шаарында штаб-квартирасы орун алган бул уюм 2014-жылдын 29-июнунда расмий түрдө өздөрүн халифат деп жарыялашкан. Ошентсе да ИГИЛдин тарыхы 9 жыл мурда башталат. 2006-жылы "Аль-Каиданын" 11 майда топторунан куралган бул уюм Иракта түзүлгөн. Ошондон бери катуу даярданышып келип, эми ачыкка чыгып отурушат.
Халифат
Уюмдун эң чоң максаты - бир гана ислам динин кармангандарды эле эмес, бүткүл дүйнөнү басып алып халифат куруу. А жакынкы максаты - аймактагы мусулман өлкөлөрүн бириктирип ислам мамлекетин куруу. Мурунку чачырап кеткен Осмон халифатын кайра түптөө жана сунниттик ислам мамлекетин болбоду дегенде Ирак, Шама (Леванта) - Сирия, Ливан, Израил, Палестина, Иордания, Түркия, Кипр, Египеттин алкагында куруу.
ИГИЛдин
"Аль-Каидадан" айырмасы
АКШнын №1 душманы деген "наамды" ИГИЛ "Аль-Каидадан" кантип тартып алды? Алар "Аль-Каидагыдай" болуп кетирген каталарды жакшылап байкап көрүп, жыйынтык чыгарып анан ойдогудай уюм түзүштү. Мисалы, "Аль-Каида" жалаң гана салафиттердин динин элге таңуулай бербей жалпысынан ислам динин гана туу тутуп, бардык исламчыларды өзүнө тарта алды. Айырмачылык менен бөлүү өз ара душмандарды жаратаарын булар жакшы түшүнүшкөн. ИГИЛ "Аль-Каидадан" айырмаланып, мусулмандар жашаган жакыр аймактарга оорукана, мектеп сыяктуу нерселерди куруп берип жакшы көрүнүп жатышат. ИГИЛ пайгамбар түзгүсү келген халифатты түзөбүз деп, ошол кездеги башка диндеги адамдарды кул катары колдонуу сыяктуу эрежелерди киргизди. Ислам мамлекетинин талаа командирлери аялдын укугун тебелебей, аял да эркектер сыяктуу чоң күчкө ээ, алар деле согуша алат деп, аялдарга дем-күч берип аларды да жоокер катары колдоно баштады. Ислам мемлекетинин түзүмүндө жалаң өз тармагын мыкты билген адистер иштешет. Алар улутуна же жерлигине бөлүшпөйт. Мисалы, Каржы министри түбү австралиялык башка динден өткөн адам экени таң калтырбай койбойт. "Аль-Каидадан" айырмаланып булар кичинекей балдарды да жашынан согуш өнөрлөрүнө окутуп, бүткүл дүйнөлүк халифат курууда согуш көп жылга узарышы мүмкүн деп катарын толукташууда.
Американын атайын кызматтарынын билдиргенине таянсак, ИГИЛдин катарына ай сайын 1000ден ашык жаңы даярдалган аскер кошулуп жатыптыр. Уюмдун катарында Сирия менен Ирактын атуулдарынан сырткары дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн согушка катышуу үчүн баргандар бар. Алардын көбү Франция, АКШ, Канада, Марокко, Германия, Россия жана мурунку Советтер Союзунун курамынан баргандар. Мындан сырткары бардык өнүккөн өлкөлөрдө ИГИЛдин атайын даярдалган жашыруун топтору бар. Алар буйрук берилсе дароо ошол өлкөдө терракт уюштурууга жөндөмдүү.
Баса, башында "Аль-Каида" ИГИЛди өзүнөн бөлүнүп чыккан баласындай көргөнүн жашырбай келген. Анткени жаңы уюмдун катарында көбүнчө"Аль- Каидадан" тарбия көргөн жигиттер көп болчу. Кийинчерээк ИГИЛ "Аль-Каида" жактаган салафиттерди аеосуз өлтүрө баштаганда ИГИЛдин майда топтору арасында согуш чыгып, үч миңдей адам кырылып кеткен. Андан кийин гана биз жалпы душманыбызды жеңгенче өз ара араздашпайлы деп бул согушту токтотушту. Ушул окуядан кийин "Аль-Каида" лидери Айман аз-Завахири расмий түрдө ИГИЛ биздин топко тиешеси жок, биз менен байланыштырбагыла деп айтып чыккан.
Ирак ИГИЛдики
Учурда Ирактын жарымынан көбүн басып алган ИГИЛ өлкөнүн учурдагы шейиттик бийлигине каршы согушуп келет. Ага чейин ИГИЛ 2013-жылы Сириянын бийлигине каршы оппозициянын катарында согушуп, дүйнөдөгү эң зөөкүр, эң канкор топ катары өзүн көрсөтө алган. Былтыр Иракка кол салып жатканда ИГИЛдин катарында 14 миң жоокери бар болсо, учурда 200 миңден ашканы таң калтырбай койбойт. Анткени Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдөн азгырылып баргандардын саны күн сайын эмес, саат сайын өсүп жатат.
Бензинди ИГИЛ арзандатты
Элдин баары бензинди Россияга каршы өнүккөн өлкөлөр арзандатып жатат деп аналитик, эксперт болуп болжолдоп ийишти. Атасынын башы! Бензинди дал ушул ИГИЛ арзандатты. Алар басып алган жерлердеги нефтилерди арзан баада сатып, дүйнөлүк бааны төмөндөтүүгө түрткү болушту. Ушул жерден ИГИЛдин каржылоо булагына токтолобуз. Адистердин айтымында, ИГИЛдин негизги финансылык булагы бул криминалдык кадамдардын натыйжасында түшкөн акчалар. Негизинен талап-тоноо, барымтага алуу. Ирактын ири банктарын тоногондон кийин ИГИЛдин акчасы 7 миллиард долларга жеткен. Мисалы, бир гана Мосул шаарынын банкынан 500 миллион доллар акча алышкан. Ирактын борбордук банкынан 900 миллиондон 2 миллиардга чейинки акча табышкан. Мындан сырткары бул уюм Персид куймасына жакын жайгашкан өлкөлөрдөн жардам алып турат. Кувейт, Сауд Арабиясындагы Башар Асаддын бийлигине каршы маанайдагы байлар бул уюмга колдоо көрсөтүп келет. Мисалы, Сауд Арабиясынын айрым топтору эле ИГИЛге жалпысынан 4 миллиард жардам көрсөткөнүн Иран парламентинин депутаты Мохаммед Салех Жокар айтып чыкты. ИГИЛ халифаты Ирак менен Сириянын нефтисин "черный рынокто" баррелин $25-$60дан сатып күнүнө $3 млн. доллар пайда көрүп жатат. Барымтага алуудан эле $45 млн. пайда тапканын да айтып чыгышты.
ИГИЛ анатомиясы
Эң жогорку катмар - буйрук берүүчүлөр. Формалдуу түрдө башында Абу Бакр аль-Багдади турат. Ал өзүн Мухаммед пайгамбардын түз урпактары экенин айткандан кийин аны ээрчигендер көбөйгөн. Жогорку жактын маанилүү кызматтарын Саддам Хусейндин армиясында кызмат өтөгөн офицерлер ээлейт. Алар чалгындоо, логистика, коргонуу жактарына жооп беришет. Булар көптөгөн согуштарды көргөндүктөн ушул убакка чейин согуштук операцияларды уттура элек.
Экинчи катмар - жогорку квалификациялуу адистер. Алар согуш иштерин, илимий техниканы, логистика, чалгынды мыкты билген жалданма адистер. Булар башка динде болсо деле акча үчүн ИГИЛге кызмат кылышат.
Үчүнчү катмар - боевиктер. Жергиликтүү дин фанаттары, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштан азгырылып келинген деклассировкаланган жаштар. Аларды кыска мөөнөттө согуш өнөрлөрүнө окута коюшуп дароо согушка жөнөтүшөт. Башка дагы жаштарды кызыктыруу үчүн айрымдары бир ай согушуп, убада кылынган акчаны алып кайра мекенине барып бай жашап калып жатышат. Андайларды көргөн анын теңтушу да Сирияны көздөй багыт алганы ошондон. А эгер өлүп калса ага эч ким жооп бербейт. Себеби, ал жакка баргандар эч кимге айтпай кетет дагы, дайынсыз жоголгон болуп кала берет.
Медалдын аркы жагы
ММКда ИГИЛди АКШ өзү түзгөн деген айыптоолор акыркы кезде көп айтыла баштады. Буга АКШдан качып кеткен ЦРУнун экс-агенти Эдвард Сноудендин айтканы түрткү берди. Сноуден АКШ бул уюмду атайын ушул аймактагы элдин жүрөгүнүн үшүн алып, аларга каршы туруп беребиз деп континентке кирүү үчүн жана АКШнын эң корккону исламчылардын баарын бир уюмга топтоп туруп ошол жерден жок кылууну каалаган деп айтып чыкты.
Эксперттердин айтымына таянсак, ар бир кылмышкердин же кылмыштуу топтун өзүнүн "почерки" болот. Ал эми ИГИЛдин жасап жаткан иштери эч кимге окшошпойт жана алар бир да жерден жаза баспай ар бир кадамын жогорку деңгээлде жасап жатышат. Ушундан улам мунун артында турган күч аябай кыйын тарап болушу мүмкүн экенин белгилешти. Эгер конкреттүү аттарга таянсак, АКШнын кылмышкерлерди кармоочу "Кэмп-Букка" түрмөсүндө Умм Каср, ИГИЛдин азыркы жетекчиси Абу Бакр аль-Багдади жана Хусейндин офицерлери камалып чыккандан кийин эле ушундай уюм түзө калганы өтө чоң шек туудурбай койбойт. Болжолдуу түрдө алардын мээсин ошол жактан тазалап, өздөрүнө иштөөгө программалашкан сыяктанат. Көпчүлүктүн баамында ИГИЛдин артында Израил, Улуу Британия жана АКШнын атайын кызматтары турушу мүмкүн экен.
Кыргызстан кантет?
ИГИЛ Фергана өрөөнүндө башаламандык уюштуруу үчүн 70 миллион доллар бөлгөнүн өткөндө Кадыр Маликов айтып чыкпады беле, ошол чын экен. Бул теманы иликтеп отуруп эл аралык маалымат булактарынан да бул кабарды кездештирдик. ИГИЛдин жетекчилеринин ою боюнча халифаттын пайдубалынын бекем базасын Орто Азия чөлкөмүндө арзан жана бат куруп алса болчудай экен. Анткени Тажикстан тарыхый жактан өзүнө тиешелүү жерлерин кайтаруу үчүн Өзбекстан менен согушушу мүмкүн болсо, Каримов кокус бийликтен кетсе бийлик талаштын шылтоосу менен Өзбекстанда да көзөмөл жоголот. Ал эми Кыргызстанда акчанын күчү менен жана диний фанаттардын идеологиялык максаты аркылуу оңой эле халифатты жактоочулардын санын көбөйтсө болот деп болжошкон. Ошол себептүү учурда казактар чек араларын бекемдеп жатышат. Ал эми Афганистандын Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен аймактарында көптөн бери ислам мамлекети аскерлерди даярдап машыктырып жатканы байкалган. Буларга өзбек бийлигине каршы күрөшүп келген ИДУ уюму да кошулат. Анткени алар каржылык жактан алсырап, көптөн бери эч кандай аракет көрбөй келишет.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ
#2 16 Февраль 2015 - 23:54
#3 17 Февраль 2015 - 00:04
0.0000001% Коркунуч жаратышы мумкун.
#4 17 Февраль 2015 - 00:47
Nurmuxammet (17 Февраль 2015 - 00:04) жазган:
0.0000001% Коркунуч жаратышы мумкун.
#5 17 Февраль 2015 - 01:02
#6 17 Февраль 2015 - 01:05
#7 17 Февраль 2015 - 01:13
#8 17 Февраль 2015 - 02:29
Сак болойлу да озубузго. Баш аламандык болуп кетчуу болсо, колго курал алып мекен эл учун согушабыз да.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#9 17 Февраль 2015 - 11:08
70 млн $ доллар бөлүптүр деп уктумбу
#10 17 Февраль 2015 - 12:52
--Сирияга кеткен мекендештерибизди кетирбей алып калуунун кандай жолун сунуштай аласыз? Деги эле “Ислам мамлекети” деген кандай болгон уюм?
--Ал уюм ислам дүйнөсүн будуң-чаң кылгысы келген кандайдыр бир күчтөр тарабынан атайын уюштурулган долбоор. Исламдын душмандары катары кабылдайм. Исламдын саясий системасын дискредитациялоо максатында ушундай исламдык уюмдарды уюштура калып, колдоруна курал берип күнөөсүз адамдарды өлтүртүп жатышат. Айрым террорист сакалчан адамдар шарият десе бул ыймандуулук, башка адамдарды сыйлоо эмес башкалардын башын алуу, кыйноо, коркутуу катары түшүндүрүшөт. Алар исламдын душмандары менен кызматташкан адамдар. Азыр таза ислам мамлекети жок. Ошондуктан биз кыргыз эли кайсыл бир коомдон (мисалы, арабдардан же пакистандыктардан) исламдын үлгүсүн алабыз деп кыялданбашыбыз керек. Биз өзүбүздүн элге, жаратылышка жана жалпы коомго ылайыктуу, кыргыз элин өнүктүрүп кете турган ислам системасын түзөбүз. Ал үчүн мамлекетти башкарган адамдар базардан келген эмес, илимдүү, аалым болушу керек. Ал эми Сирияга кетип жаткан мекендештерибизди күч менен токтото албайбыз, анткени алар идеянын күчү менен кетишүүдө. Анча-мынча акчанын күчү азгырылып баргандар бардыр. Басымдуусу ислам идеологиясына сугарылгандар. Биздин мамлекет аларга идея менен гана каршылык көрсөтүп алып кала алабыз. Мамлекет күч колдонсо анда радикалдуу күчтөрдү пайда кылып натыйжасы чоң чыр-чатакка чейин алып келиши мүмкүн. Азыр коомдук аң-сезим өзгөргөн, күч колдонуу менен эч бир маселе чече албайсың, тескерисинче маселени курчутасың. Жыйынтыктап айтканда биз коомду, мамлекетти биримдиктүү сактайбыз, жарандарыбыз кайсыл бир сырткы идеологияларды ээрчибесин десек өзүбүздүн идеологиябызды киргизишибиз керек.
Мектешкен Жакшылык Бердибек уулу
#11 17 Февраль 2015 - 13:04
#12 17 Февраль 2015 - 13:14
- Биздин максат - бардык жерде шарият мыйзамын орнотуу. Орусияда да, Кыргызстанда да. Сирияда согуш бүткөндөн кийин бардыгыбыз өз өлкөбүзгө барып, халифат орнотобуз. Алар мени ашпозчу кылып дайындашкан. Анткени биздин өлкөдө тамакты даамдуу жасашат. Мен сыртка чыккан учурда гана автомат беришет.
Мындан эки жума мурда Оштун Кара-Суу районунун Нариман айылынын 93 жаштагы тургуну Пазилатхан Тешаева уулу үй-бүлөсүн алып Сирияга кеткенин айтып, аларды кайтарууну күч кызматкерлеринен суранган эле.
Учурда Сирия өкмөтүнүн туткунунда жаткан Шухрат Бабажановдун агасы үйдө анын үч баласы калганын билдирүүдө. Шухрат Бабажановдун агасынын айтымында, теледен кеткен видео аларга психологиялык жактан сокку урган.
- Жакында теледен көрдүк, колго түшүп калыптыр. Инимдин үч баласы бар. Баары жаш. Өзүнүн да абалы өтө оор экенин көрдүк, ошондон бери көзүбүздөн жаш кетпей жатат. Атам аны көрүп күн сайын ыйлайт. Эч ким мындай ишке барбасын.
Адистердин айтымында, Сирияга кетип жаткан жаштардын диний түшүнүгү тайкы. Сырттан келген экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө жарамдуу дин таануучулардын аздыгы жаштардын башка агымдарга ооп кетишине себеп болууда.
УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. Алардын 90% өзбек, 6% уйгур, 3% кыргыз. Сирияга кеткендердин 90% 25-29 жаш курактагылар болсо, алардын 23ү аял кишилер. Сириядагы согуштук аракеттерге агылган жаштар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу шарият мыйзамын орнотуу үчүн биринчи кезекте Орто Азияга согуш ачарын ачык айтышууда.
#13 17 Февраль 2015 - 13:16
#14 17 Февраль 2015 - 13:24
Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 17 Февраль 2015 - 13:26
#15 19 Февраль 2015 - 11:01
#16 19 Февраль 2015 - 12:00
#17 19 Февраль 2015 - 19:33
#18 19 Февраль 2015 - 21:13
KblCHAS (19 Февраль 2015 - 12:00) жазган:
Урматуу Кычас тууган !!! Эгер сен уйундон чыгып аржак бержагынды жакшылап байкап карасан ,мумкун тушунотурсун глобалный тема экенин, теле радио гезиттерден толук жеткиликтуу маалыматар кетип жатат, биздин жарандар кандай абалга туш болуп алданып уй було озунун жанынан ажыраганын. Сирияга кетип жаткан мекендештер жонундо маалыматын жок болсо керек менимче ошондуктан айтып жатасынго,мен оз козум менен коруп кубо болуп отурам кеткен адамдар кандай абалга туш болушканын ошондуктан аз да болсо башка адамдарга жардам болсун ойлонушсун деген ой доске. Албетте ким болбосун озунун мекенин тынч болуусун каалайт, ошондуктан мен да каалабайм баш аламандыкты. Дуйно мамлекеттерин башын катырган сен айткандай глобалный проблемасы болуп жатат ушул тема. Андыктан аз болсо да оз ойунду туура калтырып башка жарандарга жардамынды аяба Кычас доске!!! !
Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 19 Февраль 2015 - 21:32
#19 21 Февраль 2015 - 19:07
Сенатор Хиллари Клинтон призналась , чтоАмерика финансировала Аль-Каиду современ советско-афганской войны. Приэтом она даже не обмолвилась о том, что втечение последних 30 лет США пересталиподдерживать и финансировать этугруппировку и больше не используют длядестабилизации обстановки в суверенныхгосударствах.
Билдирүүнү түзөткөн: sensei: 21 Февраль 2015 - 19:12
#20 21 Февраль 2015 - 20:57