Билдирүүнү түзөткөн: fanatkg: 11 Май 2015 - 22:55
Баракча 1 - 1
Жер-Үй алтын кени
#1 11 Май 2015 - 22:54
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү жалпыбыздын трагедиябыз болгон маанилүү маселеге бурмакчымын.
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#2 11 Май 2015 - 22:57
Кечээ жакында Талас эли гана эмес, бүтүндɵй Кыргыз эли каршы чыгып жатышкандыгына карабай, бийлик башындагылар Жерүй алтын кенин 100 млн долларга сатышты. Жерүй алтын кенинде 6 миллиард доллардын алтыны жатат. Эсептеп кɵрɵлүчү. 100 млн доллар, Жерүйдɵ жаткан алтындын 1 пайызына да жетпейт. Бийлик болсо парага жана жеке кызыкчылыктагы үлүшкɵ (Жерүй алтын кенине жогорку бийликтегилер жана үлкɵн бизнесмендерүлүшкɵ олтурушту) кызыгып, чыккынчылык жол менен Орусиянын жараны Бажаев аттуу адамдын компаниясына белекке карматты. Тендер демиш болуп мафиялык схема иштеп утуп кеткенин ɵкмɵттүн ɵзүнүн кызматкери Кыргызалтындын башчысы Сагынбек Абдрахманов жар салды. Кыргызалтын 111 млн доллар беребиз деген шартты коюшту эле, бирок бийлик 100 млн доллар берем деген чечен улутундагы Бажаев аттуу Орусиянын жаранына белек кылды. Бул эмне деген "наадандык"
,"маңкуртчулук"
? Эгер эң жок дегенде 51 пайызын кыргыз тарапка чечип беришсе жана жаратылышыбызды талкалашпаса,
биз деле инвесторлорго эч каршылыгыбыз жок эле го.
20 жыл мурда Кумтɵр кенинин 80 пайыз үлүшүн Кыргыз тарапка беребиз деген эл аралык компанияга бербестен, биздин ошол мезгилдеги бийлик башчылары, "жок, бизге 70 эле пайыз жетет" деп, Камекого берген учурду эстегилечи. Албетте ошол кездеги үлкɵндɵр, үлкɵн үлүшкɵ ээ болгон үчүн Кумтɵрдү жеке компанияга кармата беришкен. Мына бүгүн ошол Кумтɵр кенинин тагдырын Жерүй кийди.
Урматтуу мекендештер!
Эмне үчүн 6 миллиард долларлык алтынды ɵзүбүз казып, ɵзүбүз пайдасын кɵргɵнгɵ жарабайбыз? Баардык шарттарыбыз жана адистерибиз жетиштүү го? Керек болсо ишсиз башка ɵлкɵлɵрдɵ иштеп жүргɵн дасыккан адистерибиз миңдеп саналат. Ɵлкɵбүздүн сырткы карызы 4 миллиард доллар болду. Эң жок дегенде Жерүй алтыны менен ушул сырткы карызыбыздан кутулуп албайлыбы? Кумтɵр маселесинде го 20 жыл мурда эл эч нерсени түшүнбɵстɵн алданыптырбыз. Эмне үчүн бүгүн Жерүй маселесинде кɵрүп билип туруп дагы алданышыбыз керек.
Урматтуу калайык калк! Жер байлыгы - эл байлыгы.
20 жыл мурда биз кɵп нерсени түшүнбɵгɵн болсок,азыр баарын түшүнүп билип ɵз кɵзүбүз менен кɵрүп турабыз. Кумтɵр кандай кɵзɵмɵлгɵ алынбай , жаратылышыбызды талкалап, элге уу ичирип жаткан болсо, Жерүй да анын кейпин кийери айдан ачык болуп калды. Биздин жаратылышка бɵтɵн элдин жаны ачыйбы? Эч качан ачыбайт.
Кумтɵр элибизди акырындык менен тукум курут кылып жатканы аз келгенсип, эми Жерүй тукум курут кыла баштайбы? 20 жылдан бери Кумтɵр Ысык-Кɵлдүн кɵйгɵйү деп жатканыбыз жетишет. Таластын тамырын тартсаң Ат-Башы солкулдайт дегендей, мейли Кыргызстандын кандай байлыгы болбосун, ал жалпы Кыргыз элиники. Эми Жерүй Таластын кɵйгɵйү деп жатып албастан, баарыбыз үн кошолу.

#3 11 Май 2015 - 23:57
Ото окунучтуу!
!! Кумтор канадалыктарга жем болгондой эле Жеруй да ошол эле кеипти кийет деген ойдомун. Одноклассникиде ушул тема ото кызуу талкуу болуп жатат. Бийлик адамдары баарын ойлоштуруп,
мурунтан эле пландалган экен тендерде орус жаранынын компаниясы утуп чыгышын,ошондуктан качан гана окмот курамы парламент алмашылмайын эчкачан Кумтор да Жеруй да жана башка кен казылуучу обьектер мамлекетибиздин пайдасына чечилбейт. Менин ойум тезиреек парламенттик шайлоо отсо бираз болсо да элге иштейм деген адамдар келсе, ошолордун жардамы менен чечилип калышы мумкун. Же баарыбыз биргеликте копчулук болуп талапты катуу койушубуз керек карапайым калк,анткени биздин кен байлык биздин келечек муундун байлыктары.
Билдирүүнү түзөткөн: edu.kg.: 11 Май 2015 - 23:59
#4 06 Июнь 2015 - 16:34
Бул жерди мурда эле башка компанияга бергенде ошол жактын эли жолун жаап, баргандарды артка кайтарып канча жылдан бери толук иштелбей келет. Эми деле ошентет болуш керек... Баягыда Президент барып таластыктар кенди ачкыла силер жактан деле мамлекеттин экономикасына бир нерсе тушсун деген сыяктуу создорду айтып кеткен. Бирок, жер уй таластын башында жайгашкандыктан 80% таластын эли ошол суудан ичет. Эгер Колдогудой окуя болуп бир тоголок суу булганса таластын эли президентти жон койбос. Эми рекламадан кургак турдо казылат депатат кандай болот билбейм. (тушунгонум боюнча башка жактан иштетишет окшойт) Бир аз акча учун бутундой элди инвалид кылгандын не кереги бар. Алтыны жок деле жан багып келатпайлыбы.
.. Дегеле казганга азыр эртелик кылат болчу же эптеп оздору акцияга отуруп калыш учун жанталашып ачып жатышабы тушунуксуз.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#5 07 Июнь 2015 - 12:15
Соц тармактарда бугун Жеруй кенине каршы митинг болот деп жазып жатышат. Бул тууралуу бийликтин телеканалдары корсотпосо керек.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
Баракча 1 - 1