Bekbolot88 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 63 (0,02 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (20 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Август 17
- Кароолор:
- 11 624
- Соңку аракети
- 01 Дек 2018 00:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Май 3, 1988
- Кызыгуусу:
- Чыгарма жазуу. Журналист болуу.
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Жалал-Абад
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Сүйүүнү кантип билдирсе болот?
Жазылган күн: 26 Июн 2018
Салам форумчулар. Баардык эле адамда суйуу сезими болот эмеспи. Ошол суйуу сезими алгач адамда жаралганда ал сезимди сыртка чыгаруу кыйын болот. Канчалык денгелде (умный) кыйтыр болсонда. Баарыбир суйууну билдируудо тартынчактык жаралат. Суйууну кантип билдирсе болот же сиздер кантип билдиргенсиздер? -
Эне..
Жазылган күн: 21 Июн 2018
ЭНЕ
АВТОР: 14 ЖАШАР ЖАШ ЖАЗУУЧУ АБДУЛЛА-БЕК
БАШТАЛЫШЫ:
Мына, азыр гана кожоюнду командировкага жонотуп коюп оз кабинетимди коздой бет алдым. Оз оюмда кожоюнга ийгилик каалап, акционерлер жыйылышы жакшы деңгээлде отуусун калап турдум. Кабинетимдин ичи тынч. Жымжырттык окум суруп турат. Шкаф, анын ичиндеги толтура документтер, менин орундугум жана ортодогу чоң терезеси кабинетимдин корку. Столдо турган акционерлердин жеке менчик мулкторунун жыйынтыгын жазуу боюнча буйрук кагазы мени карап тургансыйт. Эми бул жумушту качан аяктайм. Орундука ушкуро отура калдым да галстугумду бир аз бошотуп алдым. Терезенин пардасы жабык эле. Кун нуру ал парданы тешип мага нурун чачып жаткандай. Мага ар кандай ундор угулуп жатты. Бул элдердин тынчтык заманда кобураша жашап жаткан уну эле. Ордуман туруп терезе жака бет алдым. Айлана, шаар мени озуно тартып тургансыйт. Айланага бир коз жугуртуп жатып тааныштай каран корунду. Ооба, бул баягы жудо кийинген, жука ак жолугун ээгине чейин байлап алган, чачы агара тушкон, колдорун сууктан сактануу учун жеңине жашырып алган. Ушугондуктон ийинин кыса калган эне эле. Бул эне кээ кундору бул иш-кананын астында пайда боло калат. Кээде ботолко терип базарда журсо, кээ бир куну тилемчилик кылат. Негизи бул иш-кананын жанында эч кандай бул эне жан бакчуу деле нерсе жок эле. Бул эне кайдан келди? Ысык жан бир кун жаны узулсо эненин согу карга-кузгунга жем болбойбу? Аттиң ойлой берип башып катты. Анан ал энени карап гана турдум. Эне болсо артына кайрылып жоноп жатты. Иш-кананын астындагы кок музга тайып кетип жыгылып тушту. Ордуман бир сулк дей туштум. Байкуш, ордунан турууга дарманы жок эне ушугон колун бузга коюп таяна тура албай же жон гана ордунан козголууга аалы келбей олтуруп калды. Мен болсо карап туура албай жоноп кеттим. Кабинетимди жап коюп дароо эле сыртка чуркадым. Чыкканымда гана энени бир жаш бала келип ордунан тургуза койду. Эне болсо
_Рахмат балам, омуруң узун болсун-дегенге аалы келбеди сыяга. Ыраазы болгондой башын ийкеп койду да басып кетти. Мен ал эненин артынан копко карап бардым. Колу-буту тоңгон. Араң гана кадамын шилтейт. Анан бир убакта токтоду да артына кылчайып карады. Мени карадыбы же жон гана бурулдубу? Айтор анын артынан кетип жатканымды байкатпоо учун эки-жакты карап бир адамды кутуп тургандай тур корсоттум. Ал копко карап турду. Ал энени кароодон сурдоп турдум. Анан кылчайа карасам козунон жаш чыгып туруптур. Ооба, козунон армандуу жаш чыгып турду. Ал ысык жаш бырыш бетин аралап, илебине барып такалат. Бирок ал жашты аарчый албай турду. Анын ичинде бир чоң муң бардай сезилип жатты. Бирок туз бараткан жол экиге болунуп, эне экообуз эки жолго туштук. Эмнеге? Эмнеге ал эненин жанына барып бир ооз абалын сурап коюуга жарабадым экен. Аттиң ай. Уйумо да келдим. Ысык мештин жанында ысык чайдан ичип олтурдум. Бирок оюм баягы энеде эле. Ызгардуу кыштын куну байкуш эне эмне болду? Суукта тоңбодубу? Озуму жемелегиче жемелеп жаттым. Эмнеге ал энени уйумо алып келбедим экен? Аттиң турмуш. Ушундай эненин мынтип кочодо калышы аянычтуу эле. Мен мынтип мештин жанында олтурам. А энечи, ал кай жерде? Кантип сууктан коргонуп жатат. Озум жаш кезимен ата-эне мээримин корбой чоңойгон жанмын. Байкуш энеге боорум ооруп жатты. "Бар кадырын жок билет" деген ушул белем.
Эртеси таң эрте туруп алып ошол энени издеп жонодум. Ишке да коңулум чаппай турду. Ар жактан издедим. Мурун ботолко терген жерин карадым. Ал жакта жок экен. Базар араладым. Бирок таппадым. Элеңдеп таяк кармагандын баарын эле тиктей бердим. Кече эле журбоду беле эми кайда кетти. Жамандыкты ойлогум да келбейт. Бирок умутуму узбой аны издей бердим. Тилемчилик кылган жерлерин карай баштадым. Анан издегегим табылып энени жер асты жолунда тилемчилик кылып олтурган жеринен таптым. Астына кичинекей баштык коюп алыптыр. Ичинде беш-алты тыйын жатат. Ар бир адамдын таштаган болор болбос тыйынына колун жайа ыраазы болуп, батасын берет да кайра колун койнуна тыга калат. Колу ушугондо оозундагы нымдуу абаны уйлоп чыгара колун ысытып алат. Кайра колун койнуна тыга калат. Жолдон отуп бараткандар ал энеге коңул деле бурушпайт. Кээ бири гана чонтогунун кычыгында жаткан тыйынын таштап отуп кетет. Баягы эне батасын берет. Аны алыстан копко карап турдум. Кыйналып жатканын корсом да жанына баруудан коркуп жаттым. Эмнеге корктум? Аны билбейм. Четте гана копко карап турдум. Ага барып эмне деп соз баштаймын? Эмне деп кайрыламын? Айтор ойлонгуча эле баягы эненин ээсин жоготуп кулап калганын кордум. Ордуман чуркай барып баягы эненин жанына барсам жан бергендей сулк жатат. Коркуп кеттим. Бирок тамыры согуп жатканын байкап оор ушкуруно элдерге бакыра калдым.
_Тез жардам чакыргыла! Болбойсуздарбы? Тез жардам чакырыңыздар. .....!-деп жер асты жолун жаңырта бакырдым. Бирок эч ким кол телефонун алып чалуу аткарган жок. Он чакты адам уйулуп калышты. Кээ бири жон эле коңул бурбай отуп кетет. Аттиң биздин олкобуздо эмне каарыларды урматтоо жокбу? Эч ким тез жардам чакырган жок. Анан озум шашып кол телефонумду алганымда бир кыздын тез жардам чакырганына кулагып чалдыгып калды. Ал кызга ыраазы болдум. Анан тез жардамды кутпой энени которуп алып чоң жолго коздой жонодум. Байкуш энеде салмак жок. Соогундо эт жок абалга келгидей арыктап кетиптир. Тез жардам чакырган кыз да мени ээрчип алды. Мен да ага тоскол болгон жокмун. Качан гана жолдун жарымына келгенде тез жардам машинасы жетип келип бизди алып кетти. Барганда энени жандандыруу болумуно алып кирип кетти. А биз баягы кыз экообуз олтуруп калдык.
_Сизге чоң рахмат-деп кыз соз баштап калды.
_Эмнеге?
_Сиз абдан мээримдуу экенсиз. Байкуш энени сиз куткарып калдыңыз. Башка болсо мындай кылмак эмес. Сизге рахмат.
_Эч нерсе эмес, бирок элибизде мээримдуу адамдар коп. Алар корсо да жардам берет эле.
_Балким, бирок бая кордуңуз го. Кана? Ким келип сизге каралашты?-деп ушкуруно:
_Эх, олкобуздо каарыларга коңул бурулбай калды. Каарылар уйуно ташталгандардын да саны дээрлик осуудо. Аттиң качан энелерибиз, аталарыбыз озу ниет кылып чоңойткон балдарынын камкордугунда анын ысык чайын ичип жашап калышат-деп окунуп жатты. Ичимен ал кызга ыраазы болдум. Кудай да ыраазы болсун. Анан тиги кыздан:
_Атың ким?-деп сурадым. Бирок уяла кетип дароо жер карап алдым. Кыз болсо колун сунду да
_Атым Наргиза сиздикичи-деп сураганда "Азамат" деп колуму сундум. Анын колдору назик экен. Колдоруму анын колу сылап отту.
Ошентип Наргиза менен да таанышып алдым. Экообуз копко сырдаштык. Ал да мээримге зар болуп чоңойгон кыз экен. Ал ата мээримине зар болуп чоңойуптур. Жаштайында эле атасы буларды таштап кеткен. Ошондон бери балдарын апасы карап келип жатат. А азыр болсо апасы оор дартка чалдыгып калган. Наргиза аларды багып келет. Наргиза азыр медайым болуп иштеп келет экен. Озунун баянын айтып болгон соң менден сурады. Мен болсо ата-энем жол кырсыгынан каза болгонун. Мен 2 жашыман баштап эле балдар уйундо тарбия алганымды. Азыр болсо мыкты жумушум бар экенин айттым. Аны айтып олтурдук, муну айтып олтурдук. Эненин киргенине да бир топ болуп кетиптир. Эмне мынча кечигип кетти деп санаага батып олтурсак даарыгер чыга келди. Наргиза экообуз ордубуздан тура калдык.
_Саламатсызбы доктур? Айтыңызчы эмне болду?
_Саламатсыңарбы балдарым-деп мени карай
_Атың ким уулум.
_Азамат
_Азамат-деп желкемен таптай
_Чынында азамат жигит экенсиң. Сага рахмат. Байкуш кемпир сыягы коптон бери кочодо калган окшойт. Колу-бутун, беттерин айтор денесинин коп жерин ушук урган. Мындай ызгардуу кышта....Эх..Дагы да эненин жаны бышык экен. Мындай селсаяктар бул корунушко чыдамак эмес. Кемпирди дагы бир ирет текшерип жатабыз. Опкосу да шамалдаган корунушто. Сага рахмат. Ата-энең сени жакшы тарбиялаптыр. Бир аз бул жерде даарыланат. Анан карыялар уйуно жонотобуз-деп жолун улады. Мен даарыгерди артына кылчайта
_Кечиресиз. Энени менин карамагыма алып алсам кантет?-деп сурай калдым. Даарыгеп ойлоно туруп калды да
_Жур уулум болмомдо суйлошолу-деп мени кабинетине ээрчитип жоноду. Наргиза да ээрчий басты. Кабинетине кирдик. Даарыгер:
_Ата-энең эмне дейт уулум?
_Менин ата-энем жок. Мен балдар уйунон тарбияланып чыктым.
_Жакшы, бул энени кароого кучуң жетеби.
_Албетте, бул энени мен коптон бери байкаштырып журом. Жадагалса оз апамдын ордуна койгум келет.
_Уйуңо алып барсаң ийне сайчуу адам барбы? Же медайым жалдайлыбы? -дегенде Наргиза дароо эле
_Бар...ийне сайчуу адам бар-деп мени карады.
_Бар-деп мен да кайталадым.
_Жакшы мындай кылабыз. Мен силерге энени оз камкордугуңарга алуу учун жардам берем. Менин балам тийиштуу кызматта иштейт. Ошол бир заматта чечип берет-деп айтары менен даарыгерге чалуу келип калды.
_Бара бериңиздер, эртең келсеңер. Бугун кемпир мамлекеттик даарылардан даарыланат. Эртең даары-дармек алганы бир аз акча ала келиңиздер- деп чалууну кабыл алды. А биз болсо чыгып кеттик.
Ошол кундон баштап мен озумду жалгыз сезбей калдым. Наргиза жана энени оз уй буломдой коруп турдум. Баягы энеге болсо мен ар куну барып жаттым. Даарыларын убагында алып берип турдум. Бул жашоодо менин баягы энеден башка эч кимим жоктой сезилип жатты.
Бугун таң эрте баардык жумуштарымы коюп, ооруканага эненин жанына бардым. Алдын ала даарыгерге кире кеттим. Ал мага суйунучтуу кабар айтты. Корсо баягы энени мен оз камкордугума ала алсам болот экен. Керектуу документтерди топтой беруумду айтты. Анан мага бир топ даарыларды жазып берди. Кайра Ибадат эне (эненин аты Ибадат) жаткан палатага жонодум. Эшикти ачып киреримде баягы энеден кандайдыр бир нур жарк эте мен жака чачырагандай болду. Мени коргон эненин жузуно бир аз кулку тушту. Бирок
_Келдиңби балам?-деген бир ооз соз чыгарбады.
_Амансызбы эне?-деп шыпылдаган жаным алып келген тамак-аш, даары-дармегимди кое коюп жанына олтура калдым. Бирок эне мени бир карап койду да кайра ушук урган колун сыйпай олтуруп калды. Жаны сыздатып ооруп, анын устуно жан дуйносунун жарасы кошо ооруп турган эне араң гана ооруга туруштук берип турду. Копко ун катпай карап турдум. Анан
_Келиңиз эне даарыңызды буту-колуңузга сыйпайлы. Бат айыгат-деп сыйпоочу даарыны алып бутуна сыйпоого кириштим. Бутун жаткан керебетинин устуно алып, байпагын абайлай чечип жаттым. Канчалык абайлабайын баары бир эненин ушук урган буту ооруп, илебин катуу тиштей туруп берди. Анан даарыны бутуна суйкоп жаттым. Суйкоп жаткан чагымда колума бир тамчы коз жаш табып кетти. Ооба билем, бул албетте эненин коз жашы. Билем, эне ыйлап жатат. Эне бара-бара ыйын кучото баштады. Бирок ал энени бир тиктеп карап коюга барбадым. Аны алаксытууга барбадым. Эне эми ун чыгара ыйлай баштады. Окуро окуро ыйлап алат.
_Ыйла эне, ыйлачы. Суранарым эч токтобой ыйла. Ичиңдеги мууң чыгып кетсинчи. Ыйлачы, ыйла эне. Башыңдан откон баардык жамандыктар козуңдон аккан ысык жаш менен чыгып кетсинчи. Ыйлачы, ыйла эне ыйла-деп ичимен айтып турдум. Эненин бутун да даарылап буттум. "Бейиш эненин таманынын астында" деген соз бар беле. Ибадат эне менин оз энем болбосо да баарибир эне эмеспи. Энелерибиздин таманынан опсок да арзый го. Менин оз энем жок болсо да Ибадат энени менин энем катары туюп жашап келе жаттым. Арадан убакыттар зымырап отуп жатты. Бир жума тегеренип кетти. Бул дегеним арадан бир жума откону. Ибадат эне экообуздун ортобуз жакындаша баштады. Наргиза болсо бизге ар куну келип кабар алып кетет. Ибадат эненин денесиндеги ушуктор дээрлик жок болду. А бирок журогундогу жарат жок болдубу деген ой келет. Жок андай эмес эле. Эненин жузундо бир да жылмаюу болбоду. Жалаң гана озу кочодо калган кунду эстоо менен убакыт откорот. Бир куну эне мынтип соз баштап калды:
_Бул дуйнодо баардыгын мен башкара алам. Баардыгы менин колумда деп ойлочумун. А бирок андай эмес туура. Убагында мен чоң "холдинг" иш-канасынын жетекчиси болчуумун. Айтканым айткан учурда болор эле. Уй булолук бюджетиме тушкон акчалар сан жеткис болчу. Бул корунуш жолдошум каза болгондон кийин гана болду. Жолдошум эмнегедир мени бизнесине аралаштырбоочу. Корсо биз аялдар акчаны коргондон кийин пейилибиз бузулат туура. Ошон учун кудайым бизге ээн эркин акча карматпай жаратып койсо керек. Жолдошум каза болгондон кийин анын бут мулку мага калды. Мен алгач баарын жакшы эле башкарып келе жаттым. Баса, менин жалгыз балам бар эле. Ал бара бара чоңойуп жатты. Анан жыйырма бешке чыкканда менден иш-кананы талашып, экообуз катуу жаңжалдаштык. Ошентип бир кундо эне бала ортосундагы жаңжал куч алды. Анан мен баламды кууп чыктым. Аттиң ошондо бекер эле кууп чыгыпмын деп окунуп каламын. Арадан жылдар отту. Уулум дайынсыз жоголуп кетти. Кыдырбаган жерим калбады. Баламды издеп компания иштерине коңул да бурбай койдум. Ошол жылы биздин компания бир топ чыгашага учурады. Компанияны тузой албай, же баламды таба албай журуп коп жылдар отуп кетти. Балам уйдон чыгып кеткенине 13 жыл болуп калган эле. Анан 13 жыл дегенде балам кайра келди. Балам да мен да бир топ картайыпбыз. Мурун жалаң озун ойлогон балам эми баардык нерсени тең ойлоп, тең алып кете турган адамга айланыптыр. Балам келип кайра оз кучу менен компанияны тузоду. Ичимен балама абдан ыраазы болуп турдум. Биз кайра бутка турдук. Баары ойдогудай кете баштады. Анан балам турмуш курду. Тапканда дагы бир кызы бар аялды алды. Бирок мен каршы болгон жокмун. Ал аял тажаан аял болуп чыга келди. Бара бара балам экообуздун ортобузга чок сала баштады. Балам баардык эле нерсеге мени куноолобой болду. Келиним ээрчитип келген небере кызым никесиз кош бойлуу болуп калды. Ага да мени куноолоду. Озумун баламын канынаг буткон баласы болсо азыр жаман жолго тушуп алган. Ага да мен кунолуу болдум. Арадан убакыт отту. Анан мен мындан 23 жыл кууп чыккандай кылып балам да мени кууп чыкты. Кууп чыкканда да ызгардуу кыштын айында кочого айдалдым. Ага болсо менин келиним куноолу эле. Мына ошондон бери кочодо журом. Мени сен алып келдиң, сага рахмат балам-деп ыраазы болду. Ооба, мени коптон бери айтылбаган "балам" деген соз менен атады. Мени балам деди. Кээ бирибизге "балам" деген соз эң жонокой сезилет эмеспи. А бирок ошол соз биз ата-энесиз оскон балдар учун кыялындагы ыйык соз эле. Ибадат эне мени балам дегенде менде кандайдыр бир сезим пайда болду. Мен суйуно кеттим. Анан:
_Эч нерсе эмес эне-деп колун кармадым.
_Менден кайтпаса кудайдан кайтсын. Кудайым ыраазы болсун. Рахмат..
_Баса, балаңыздын аты ким эле?
_Аты Темирлан болчу. Олкобуздогу белгилуу ишкер Темирлан Абазов эле.
Мына сага тагдыр. Мына менин астымда турган эне мен андан улгу алгым келген, мен сыймыктанган кожоюн Темирлан Абазовдун энеси турбайбы. Эх жашоо мына мен улгу алчуу адамдын чыныгы бети ачылды. Мына мен ушул адамдан улгу алгым келген беле. Жумушунда мээнеткеч, акылдуу адам корунгон эле. Ал учун мен баардык нерсеге ынанат элем. Мына анын чыныгы жузу. Эми эмне кылам? Бирок ишенгим да келбей турду. Балким менин кожоюнумдан башка адам болор чыгар. Жок, андай эмес. Эгер андай эмес болгондо эне оз баласын акционерлер жыйналышына коз жаш тогуп жонотмок эмес да. Иш-кананын жанына бут да басып келбейт болчу. Эмнеси болсо да мен бир жакшылык кылайын. Эне менен баланы учураштырып аларды жараштыруум керек. Балким кожоюн да оз катасын тушунуп жеткендир.
-
Башка элди туурап клип тартууга кандай карайсыз..?
Жазылган күн: 21 Июн 2018
Азыркы мезгилде ырчылар клип тартууда башка элдердин клибин туурап тартууда. Мисалга алсак Айдана Деканын "Бийле" жана жаңы чыккан "Жигитке" ырлары бири индия элинин ыры болсо, "Жигитке" ырынын клибин корея элин туурап тарткан. Бир эле Айдана Дека эмес дагы толтура ырчылар башка элди туурап клип тартып жатышууда. Буга кандай карайсыз? -
Асел&Нурлан
Жазылган күн: 21 Мар 2018
Супер порталга жаны эле Асел кадырбекованын колун Нурлан Насип кучак толо гулу колуна шакеги менен сурап жаткан видеосу жарыяланды. Мен бул видеону кече ИНСТАГРАММ баракчасынан коруп БАКТЫЛУУ БОЛУШСУН деп тиледим. Бул эки жаш жонундо не деген гана кептер айтылбады. Акыры тилеген максаттарына жетип олтурат. Башка жылдыздарга окшоп эки жолго тущпостон бактылуу кол кармашып жашагыла. Ушул эки жаш жонундо кенен маек куруп, калоо тилектерди жазалы -
Кызыктуу оюндар
Жазылган күн: 21 Мар 2018
Саламатсыздарбы форумчулар. Той топурларда тамадага негизгиси кызыктуу оюндарды кылуу болуп саналат. А мектепте да иш чараларга кызыктуу оюн созсуз кошулат. Ошол кызыктуу оюндарды табып элди кулкуго салуу ото кыйын. Бул темага кызыктуу оюндардын кээ бирин жазайлы. Тамадаларга, окуучулдарга жардам болсун.
Комментарийлер
Bekbolot88 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?