Кайрымдуу инсандарды көбөйтүү үчүн мамлекет тарабынан кайрымдуулук кылган адамдарга атайын наам ыйгарууну уюштурууну канадай дейсиздер?
Азыркы заманда өлкөбүздө жашаган элдердин арасында кээ бир жарандарыбыз аябай байып акчасын туш-келди чачып ысырап кылып жатышса, кээ бир жарандарыбыз акчага аябай муктаж болуп, каражат тартыштыгынан өз убагында дарыгерге көрүнө албай жатышат. Элдердин арасында байлар менен кедейлердин айырмасы чоң болуп калды. Мисалы: Колунда бар бай адамдар үйлөнүү тойлорду ресторандарда өткөрүп, кымбат баалуу унааларды жалдашып, картеж (загс) кылып өзгөчө чоң той өткөрүшсө, колунда жоктор дагы аларга теңелип абийир жана ар-намыс үчүн кашыктап чогулткан акчасын бир күндө чачып, той өткөрүп жатышат. Элчилик экен! "Кедей байга, бай кудайга жетсем дейт" дегендей, бай адамдар элге көрүнүп, мактанып, ысырап кылып чоң той өткөрсө же көрүнүктүү бир нерсени баштап койсо, калгандары дагы бири-бири менен атаандашып шариатта шарт эмес каада-салттарыбызды кыла беришет экен. "Той болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, ар-түрдүү каада-салттарыбызды,
жакшылык жана жамандыктарды өткөрүүдө шарты жок үй-бүлөөлөр дагы абийир жана ар-намыс үчүн элге уят болбойлу деп карыз-коолап болсо дагы өткөрүп жатышат. Көпчүлүк адамдар кайра-кайра тойлорго барганда уят болбойлу, элден бөлүнүп калбайлы же капа болуп калбасын деп күнүмдүк тиричиликке кирешеси жетпей жатса дагы эптеп акча таап кошмойун кошот, андан кийин тойлорго кошкон кошмойлорун чогултуп алайлы деп дагы той өткөрө беришет. Демек адам затында мактануу, атаандашуу,
абийир жана ар-намыс ж.б. сапаттарыбыз,
касиеттерибиз болгондуктан мындай ысырапкерчилик болгон каада-салттарыбызды жана үрп адаттарыбызды жоюу кыйын. Ошондуктан келиңизидер ушул сапаттарыбызды,
касиеттерибизди колдонуп акча табуунун жолун билген ар түрдүү тармакта иштегенбай адамдарыбызды,
элге мактанып ысырап кылып той кылган адмадарыбызды кедей колунда жок үй-бүлөөлөргө,
кароосуз калган карыларга жана майыптарга материалдык жана акчалай жардам көргөзүп элге мактанууну салтка айландырсак.
Бирок кудайга шүгүр элибиздин арасында кудай жолуна элден бата алышып, өз-элине, өз-жерине чын жүрөктөн кызмат кылып, жол оңдоп, көпүрө салган, суу чыгарып өзүнүн жанынан же биргелешип коомдук маселелрди өз алдынча чечүүгө каражат чогултушуп,
соопчулук иштерин кылышкан инсандарыбыз бар экендигине.
Кээ бир жоомарт, март жана берешен адамдарыбыздын элге кылган кайрымдуулук,
соопчулук иштери белгисиз болуп калууну каалаган адамдарга наам ыйгаруу зордукталбайт.
Бирок элибиздин арасында бирин-бири көрө албаган дос-душмандар,
өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп, эл үчүн кызмат кылган кээ бир жоомарт адамдарыбыздын жасаган жумуштарын баалабай, тескерисинче элге жаманатты кылган фактылар дагы жок эмес. "Бир чанач майды бир кумалак чиритет" дегендей, ар түрдүү ыкмалар менен жакшыныда каралай берсек, эл үчүн жана мамлекет үчүн эч ким иштегиси келбей, элге миң жакшылык кылсаң да унутуп калышат экен деп, ар-ким өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп жашап калышат. Кайрымдуулук жана соопчулук иш-чараларды эл арасына жайылтуу жана ошондой эле кайрымдуулук иш-чаралар үзгүлтүксүз уланып туруу максатында,
кайрымдуулук кылган жана эл үчүн кызмат кылган адамдардын кылган иштерин акыйкат баалап жана ошондой эле кылган жумуштарын,
кайрымдуулук иштерин элге көргөзүп эл унутуп калбоо үчүн менде мындай сунушум бар. Баардык кайрымдуулук фонддорду бириктирип,
атайын комиссиянын чечими менен эң муктаж адамдарга биринчи кезекте жардам бериле тургандай кылып, эл үчүн жасалган жумуштар жана берилген жардамдар тийиштүү жерге туура жеткирүү жана максаттуу пайдалануу үчүн прокуратуранын көзөмөлүндө,
мамлекеттик деңгээлде “Кайрымдуулук” жана “Соопчулук” деген атайын наамдарды ыйгаруу мыйзамын иштеп чыгуу керек. Мамлекет байлар менен муктаждардын ортосунда көпүрө болуп, туура регулировка кылуусу зарыл. Мисалы: Коомдук жана кайрымдуулук иштерине салым кошкон адамдарды кайсыл тармакка, кандай жол менен кылган жумуштарына жараша эл арасына телевиденияга чыгарып (элге мактанып чоң той бергендей кылып), мамлекеттик социалдык жана камсыздандыруу фонддору тарабынан жана эл тарабынан ар тараптуу колдоолор боло тургандыгын уюштуруу керек. Мисалы: Акчалай жардам кылган адамдарга – акчанын курсу ар убакта ар түрдүү болуп өзгөрүлүп тургандыктан,
алтындын салмагы менен эсептеле тургандай кылып төмөндөгүдөй наамдарды: 50 грамм алтындын баасына барабар болсо * - “Жардам” - наамын айылдын элин чогултуп, айыл башчы тарабынан; 100 грамм алтындын баасына барабар болсо ** - “Көмөк” - наамын Аким тарабынан; 200 грамм алтындын баасына барабар болсо **** - “Зекет” - наамын Губернатор тарабынан; 500 грамм алтындындын баасына барабар болсо ***** - "Сооп" - наамын Премьер министр тарабынан; 1 кг алтындын баасына барабар болсо ********* - “Кайрымдуу” - наамын Президент тарабынан атайын күбөлүгү менен салтанаттуу түрдө ыйгарууну эл арасында уюштурууну салтка айландырышыбыз керек. Кайрымдуулук кылган адамдар кандай тармакта иштесе дагы, каалаган убакта ыйгарылган наамын коомдук жайларда колуна (чыканагынын үстү жагына) тагып жүрүү үчүн атайын мамлекет тарабынан кол кемер жасоо керек. Коңушун жаңы үй салса мен 2 кабаттуу салам, “Мерс” минсе мен “Джип” минем дегендей, керек болсо азыркы заманда Меккеге зыяратка жөнөтүү дагы атаандашууга айланды. Ушундай касиеттерибизден улам эл арасында ысырап керчилик көп болуп жатат. Ошондуктан кайрымдуулук кылган адамдардын тагынып жүргөн кол кемериндеги (погонундагы) наамына карап (кымбат баалуу унааларды мингенине караабай) сый урмат көрсөтүүнү,
даңазалоону салтка айландырышыбыз керек болуп жатат. Колунда бар март адамдарга бир эле жолку наам менен чектелип калбай, ооматы келип байыган убакта да, көптөгөн жылдар өтсө дагы наамын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү болот. Беш кол тең эмес, баарыбыз динге келмейин мындай ар-түрдүү модага айланган салттарыбызды тыюуу чындыгында кыйын, ошондуктан ушундай жол менен элге көрүнүп мактанууну,
кадыр барктуу болууга атаандашууну салтка айландырып мода кылсак, бирок көп эле ачык талкуу кыла бербей кайрымдуулук кылган бизнесмендерге,
колунда бар байларга тийиштүү наамдарды ыйгарууну уюштура берсек мен ишенем элибиздин арасында кайрымдуу адамдардын көбөйүшүнө.
Баракча 1 - 1
Кайрымдуу инсандарды колдоо Элдерди кайрымдуулукка үндөө
#2 06 Февраль 2018 - 23:41
Кайрымдуулук - Жараткандын ыраазычылыгы учун берилет. Антип наам берип, адамдарды кызыктыруу кыйын, озунун нарагында болбосо.
Берейин деп ниет кылган адам озу эле , колунан келген жардамын бере берет.
Айтайын дегеним, кайрымдуулук "эл корсун" менен алмашып кетпесин! Анда сообу деле тийбейт ал адамдын озуно.
Хадистерде да айтылат го "он колун менен бергенинди сол колун билбей калсын"деп.
Ошондуктан, ар бир инсан озу ойлонсо!
Берейин деп ниет кылган адам озу эле , колунан келген жардамын бере берет.
Айтайын дегеним, кайрымдуулук "эл корсун" менен алмашып кетпесин! Анда сообу деле тийбейт ал адамдын озуно.
Хадистерде да айтылат го "он колун менен бергенинди сол колун билбей калсын"деп.
Ошондуктан, ар бир инсан озу ойлонсо!
#3 14 Февраль 2018 - 11:26
Sushi_wok (06 Февраль 2018 - 23:41) жазган:
Кайрымдуулук - Жараткандын ыраазычылыгы учун берилет. Антип наам берип, адамдарды кызыктыруу кыйын, озунун нарагында болбосо.
Берейин деп ниет кылган адам озу эле , колунан келген жардамын бере берет.
Айтайын дегеним, кайрымдуулук "эл корсун" менен алмашып кетпесин! Анда сообу деле тийбейт ал адамдын озуно.
Хадистерде да айтылат го "он колун менен бергенинди сол колун билбей калсын"деп.
Ошондуктан, ар бир инсан озу ойлонсо!
Берейин деп ниет кылган адам озу эле , колунан келген жардамын бере берет.
Айтайын дегеним, кайрымдуулук "эл корсун" менен алмашып кетпесин! Анда сообу деле тийбейт ал адамдын озуно.
Хадистерде да айтылат го "он колун менен бергенинди сол колун билбей калсын"деп.
Ошондуктан, ар бир инсан озу ойлонсо!
Кошулам.
#4 02 Март 2018 - 22:24
Туура эл корсундон качуу керек. Бирок ал наамды берсе эл учун эргуу болуп башканын чын журоктон жашыруун Пайгамбарыбыз(сав) айткандай беришине себепчи болот балким. Анан калса айтса айтпаса байлыкты жыйып жапдам беруудон баш тартканга туртку болот да.
Баракча 1 - 1