nurka85 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 174 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (51 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 15 Январь 13
- Кароолор:
- 12 247
- Соңку аракети
07 Май 2018 12:49
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 19, 1985
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кенешиниздерге муктажмын
Жазылган күн: 16 Апр 2018
Кечирип жаша. Келечегин кен болот. Ичинден озунду жесен озуно эле кыйын. Убакыт баарына даары, баары оз ордуна тушуп кетет. Бир кагазга куйоондун сага кылган жакшы жаман мамилесин жаз да куйгузуп сал. Озунду бошот отмуштон. Мына коросун буюрса уй булоонор бекем бактылуу болот. Ар бир адам оз жашоосуна, тагдырына озу уста болот. Аракет кыл турмушунду ондоп кетууго. -
Темасы: Кенешиниздерге муктажмын
Жазылган күн: 16 Апр 2018
КЕЧИРБӨӨНҮН ООРДУГУ
====================
Ыйман сабагынан берген мугалим агай бир күнү окуучуларына унутулгус сабак бергиси келди. Ал окуучуларына карап:
- Балдар, азыр мен силерге аябай сонун турмуш сабагын берейин деп ойлодум. Кана буга ким катыша алат?- деди.
- Мен катышам, деп жапырт кол көтөрүштү балдар.
- Андай болсо бүгүн бир нерсе айтам, ошону сөзсүз аткарам деп сөз бергиле. Баса, сөз бере албагандар, жана сөзүнө турбагандар катышпай турганын эскертип коеюн,- деди кошумчалап.
Бул жолу да баары макулдугун билдирип, сөз беришти. Ошондон кийин мугалим сабагын баштады. Ал эми сабактын аягында:
- Эртен сабакка бир баштыкка 5 килограммдан картошка ала келгиле. Калганын эртең улантабыз,-деди.
Эртеси окуучулар ар бири бештен килограмм картошка көтөрүп келишти. Баарынын оюнда ''Бул картошканы эмне кылабыз эми?'' деген табышмактуу суроо турган болчу.
Мугалим сабагын баштаарда окуучуларга кайрылды да:
- Эми баштыгынардыгы картошкаларды алдынарга төккүлө дагы, ичинерден таарынып, кек сактап кечирбей жүргон адамдарынардын аттарын бир-бирден картошкаларга жазгыла. Жазганынарды башкаларга көргөзбөй койсоңор деле болот. Тартынбай жаза бергиле,- деди.
Окуучулар алдыларына картошкаларды төгүштү да, шашылбай отуруп, картошкаларга жаза башташты. Кээ бири үч-төрт картошкага жазды, кээ бири 2-3 килограмм картошкага жазды. Баары жазып бүтүп калганда агай кийинки тапшырма жөнүндө айтып:
- Баарынар жазып бүткөн болсонор анда, ошол жазган картошканарды баштыгынарга кайра салгыла,- деди.
Окуучулардын баары картошкаларын салып, агайды күтүп калышты.
- Эми мени угуп тургула балдар. Силер мени аягына чыгабыз деп убада бергенсиңер. Демек аягына чейин чыгышынар керек. Мына ушул картошканы кайда барсаңар да жаныңардан чыгарбай алып жүргүлө. Мектепке да, ойногонго барганга да, алып жүргүлө. Күнүгө өзүм текшерип турам,- деди мугалим.
Ошентип, балдар картошкаларын көтөрүп жүрө башташты. Ал тургай жаткан бөлмөсүнө да ала кирип жүрүштү. Арадан бир жума өтүп-өтпөй балдар кынылдап-кынкыстап нааразычылыгын билдирүүгө өтүштү.
- Агай, картошкаларыбызды качан таштайбыз? Аябай тажата баштады. Анан калса ысыкта бузулуп, ичинен чирип сасып да кетишти. Жаныбызда жүргөндөр жаман көрүп жатышат,- деп алар нааразы болушту.
Ошондо агайы аларды карап күлүп туруп:
- Мына балдар, өзүнөр көрүп тургандай кимдир бирөөнү кечирбөө ошол кечирилбеген адамга эмес, так өзүбүзгө жаман экен. Карагылачы, аларга кек сактап жүрө берүү менен өзүбүздүн көңүлүбүзгө так ушул бузулган картошкаларга окшогон керексиз жүктөрдү салып жүрө берет экенбиз. Кимдир бирөөнү кечирүү, кечирим берүү ошол кишиге жакшылык кылгандай сезилгени менен, чындыгында БАШКАЛАРДЫ КЕЧИРҮҮ эң биринчиден ӨЗҮБҮЗДҮ ООР ЖҮКТӨРДӨН КУТКАРУУ болуп саналат,- деп эч качан унутулгус насаатын айтты. -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 9 Окт 2017
А бүгүнчү? Бүгүн эмне болду ага?!
– Шашпа! – таноолору кыпчылып, энтиге түштү аял. –Көрсөтөм мен силерге! Же – мен, же – Алымкан! Ушундан келгенди көрбөсөм элеби, шашпасын! Жетип бүттү! Кекиртегиме жетти!..
Бул убакта Касендин караанын караңгы түн жутуп алгандай, көрүнбөй калган. Шашкандан көлөчүн оң-тетири кийе салып, эринин артынан жөнөдү аял. Демейде үйдү айланып барып келгиче эси чыгып, элеңдеп киргиче шашкан жаны, бу саам коркууну да унутту. Кээде өзүнүн эки бутуна ороло түшкөн этегине чалынып, кээде уңкур-чуңкурга түшүп, жаза басып көмкөрөсүнөн кетип, ансайын “Алымканды карай кетип бараткан” күйөөсүнө кыжыры кайнап, жек көрүп, бирде уңулдап ыйлап, бирде сооронуп барат. Колунда – чыга берерде кайсалап жатып көзүнө урунган бычак. Ишенгени, бел тутканы ошо. Касен менен Алымкандан өчүн ошол алып берүүчүдөй бекем кармап, мына азыр күнөөкөрлөр алдынан чыга калса уруп алчудай алып учуп, көзүнүн жашын булактатып алган. Бир убакта эсине өлгөн энеси түшүп кетти.
– Апа-а?! – деп, чындап энесин көргөндөй эреркеп кетти. – Апа-а?! Кана, баары жакшы болгону?! Кана, мени сүйгөнү?! Кана, элден корккону?! Ажаан болсоң эле коркот, эч жакка кетпейт дечү элең го! Тигине, эми Алымканына кетип баратат! Мени анчалык жакшы көрбөйт. Ал жөн гана мени алдайт. Баласы үчүн алдайт! Элге шерменде кылбасын деп алдайт! Мени эмне, билбейт дейсиңби?! Үүүү… Апа-а?! Мен тажадым минтип жашагандан! Мен жалгыздыктан тажадым! Үү-үү…
Алымканы дудук болуп калганда экөөбүз сүйүнбөдүк беле?! А тиги менден качып барып, ыйлап жүрдү го?! Мени билбейт, сезбейт деди ал. Ансайын ичимде ит өлүп жүргөнүн эмнеге сезбейт ал?! Баарын сезген эме эмнеге менин канчалык жакшы көрөрүмдү, ошон үчүн кызганарымды, ошон үчүн тажаалданганымды билбейт! Үү-үү… Алымканы өлүп калган жеринен эми Асан тирилтип алыптыр го?! Эмнеге антти, апа?! Эмнеге балам мени аяган жок?! Эмнеге?! Мен эми кантем, айтчы?!. Андай кыйын болсо, сени эмнеге тирилтип беришкен жок мага?! Үү-үү…”
***
Касен табып Элик-Жонго келди.
Ыраматылык Акбай карыя да көп учурда ушул жерде боло турган. Жондо отуруп, алаканга салгандай көрүнгөн айылга, тегерекбелге көз салып, көп маселени ушул жерден чечип келчү. Көпчүлүк менен кеңешип-кесер ишти да айылдын аксакал-көксакалын бу жерге чакырып, өткөн менен кеткенден кеп салып, кулактын кумарын кандырып отуруп анан маселенин ток этер жерине токточу. Карыянын кудум ыр айтып жаткансып куюлушкан жагымдуу кебине кулак төшөп, муюп клышар эле баары. Жада калса тестиер балдар да мурдуларын улам “шуу” эттире тартып коюп, былкылдабай отура беришчү.
Айрыкча, Акбай карыя комузун көтөрүп жөнөп калганда тестиерлер бири-бирин чакырып, жылаңайлак, жылаңбаш чуркап калчу эмес беле. Алардын арасында Асан да боло турган. Акбай карыя нускалуу, нарктуу жан эле, кайран киши! Эми бүгүн ошондой кишинин жоктугун айт. Карыганда адамдын баары эле жакшы карый албайт экен көрсө. Акылмандык, асылдык, аксакалдык – баарынын эле колунан келе бербейт окшобойбу…
Элик-Жондо отуруп, ушуну ойлоду Касен. Былтыр күздөгү окуяны эстеди. Ошондо алакандай айылга аңырбай, Кыдый сыяктуу беш-алты эле киши, болгондо да пайгамбар жашынан өтүп, өр таяп эле калган эмелер кыйсыпыр түшүрүп, Асылбекти үй-бүлөсү менен тирүүлөй өрттөп ийерде… жыландар ордосу менен каптап келип сактап калышкан.
Акбай атанын ошондогу, ай жарыгында этек-жеңи делбектеп, Элик-Жондон түшүп келе жаткан, андан кийин дүрбөп алган элди токтото албай, башынан тебетейи ыргып, өзү топуракка оонап жыгылып, жерде үч бүктөлүп жаткан элесин көрдү. “Кечириңиз? .. – деди кудум Акбай карыя алдына келип калгандай башын жерге салып. – Кечириңиз? Сизге канчалык жан тартып турсам да, ошондо мококтук кылып, өз кара жаным менен кулагымдын тынчтыгы үчүн тилимди тишиме каткан алсыздыгым үчүн кечириңиз?.. ”
Качантан берки бугун чыгарып, катачылыгынын баарын ошону менен жууп салгысы келгендей, эки ийнин сүлкүлдөтө ыйлап алды. Алымкан, уулу, Кызмончок калган тарапка кылчайып карады.
Айылдан, эң негизгиси атасынан жооп күтүп, Жинди-Чаптын үстүндө жаткан уулуна эртең бала чаптырып, “бар” же “жок” деген жообун айттырышы керек. “Ушундайда акыл кошор бирөө-жарымдын жоктугун кара, капырай! “Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар” деген ушул белем?..” – деген Касен кеңешип-кесер адамды көрө албай койду. Анын үстүнө кимдин болбосун жообу: “Жогот де, кокуй! Жолотпо! Абылайдын катын-баласы эмне болгонун көрүп жатпайсыңбы! ” – деген сөз болорун билип эле турат. Бирок анда баласын кантет? “Жаштык – мастык” дейт, карманар жалгыз баласы, караан-бутагы, кагылып-согула элек неме таарынып, чындап эле жоголуп кетсе кантет?Ансыз да Кудайым сыр көрсөтүп, тигинтип учуруп барып алып барып, ошолорго кошуп коюптур… Эмне кылсам? “Алып келе бер!” – десем, энеси да киши өңдүү эмес. Сайрадан кыйын кастарын тигип, келинге душман болуп алсачы?..
Абылай менен катыны го, Кызмончоктон кутулганына кубанар. Ал эми Бектемир эмне болот? Ачуусу менен талагын берип, коё берип ийип… Эмнеси болсо да баары Кудайга аманат. Калганын да көрө жатарбыз! ” – деген Абылай бир бүтүмгө келгендей башын көтөрүп, түнкү айдарым абага жүзүн тосуп, көкүрөк кере терең-терең дем алды.
Тезирээк эле таңдын атышын каалап кетти. Так ушул жерге айылдын улуу-кичүүсүн чакырып, Кызмончокту үйүнө бүлө кылып кабыл алууну чечкенин айтып, андан кийин тыңыраак эки баланы өзүнүн кара жоргосуна мингизип, уулун карай чаптырууну ойлоду. “Ага чейин, баарынан мурда Абылай менен акылдашып, оюн угайын, Бектемирдин да алдынан өтөйүн… -
Темасы: Аяш атамдын баласы
Жазылган күн: 4 Окт 2017
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Учунчу болум.
Эненин коону балада,
Баланын коону талаада, деген соз туптуура экен. Оз дененден болунуп чыккан ымыркайынды бооруна кысып, ак сутун эмизип, бакытка балкыткан балдарынды нечендеген туйшуктор менен алышып жатып чонойтосун. Бапестеп канатына калкалап чонойткон балдарына кудайдан жакшы тилектерди тилеп, озунчо кээде алар тууралуу таттуу кыялдарга болоносун. Сенин жашоон, сенин бактын, алдыдагы умут максаттарындын баары ушул балдарын болуп, балдарын учун гана жашап калат эмессинби. Айрыкча зарлап тапкан Асан Усонумдун торолушу менин турмушума чон озгоруу, чон бакыт алып келбеди беле? Менин ак жолтойлорум десе! Ооба, мен балдарымды кичинекейинде "менин акжолтойлорум" деп эркелетип калаар элем. Бассам этегиме жабышып, жумуш кылдыра койбой ыйлагандарычы? Мектепте окуп журушкондо канча тентектик кылышпады. Анан чоноюп Студент болушту. Алыста окуган балдарым тынч болсо экен деп кээде озумчо санаага тушом. Аларды сагынам. Балдарым каникулга келет деп кун эртеден тамак ашымды камдап алар учун даярданам. Мына ошол балдарым бугун эр жетип, мени менен иши да жок, оз билгениндей уйлонуп отурат. Усонумду шогуураак деп журсом, ишенген Асанымдын кылганы бул болду.
- Апа, мени кечирип коюнуз! Мен сизди мынчалык жаман ойдо болот деп эч ойлобоптурмун. Себеби сизди, мени туура тушунот деп ишенген элем, деген уулум Асан мени жалдырап тиктеп турду.
Мен диванда отурган жеримден кабагымды чытый анын жузуно тигилдим.. Болмодо экообуз гана башка эч ким жок. Асан буга чейин да мени мн суйлошуп таарынычымды жазганга аракет жасаган болчу. Бирок мен ага ото катуу тарынып
- Жолобо мага, Жакындаба! Апа деп айтпа мени. Апан менен ишин жок, оз билгенинди кылып журо бер! деп ыйлактап аны озумо такыр жолотпой койгом. Создоруно кулак да салбай тетири карап, оз болмомо кирип кеткем. Артымдан Усон келип кучактап алдап соолап бетимен ооп канча аракет кылса да болбодум. Айтчу создорумду ачуу устундо Усонго айтып ыйлап, аны да урушуп салдым. Акыры болбогондо Алмаз кирип келип
- Апанарды азырынча тынч койгула. Бир аз кун отсун. Озуно жакшылап келсин. Анан.., деп койду.
Ошону менен уйдо баары озу менен озу болуп, ар кимиси оз жумуштары менен болуп калышкан. Уйдун ичи негизинен тынч. Мурдагыдай шарактап кулгон ундор жок. Бири-бирине акырын суйлошуп, тамакты да тынч отуруп ичип калышкан. Кичине уулум менен андан кийинки кенже кызыбыз экоо гана кээде ызылдашып калбаса, негизинен уйдо тычтык окум суруп турат. Акыркы кундору уйдогулордун баары эле суз тартып калышты. Неберебиз Бектурду али бир да колума ала элекмин. Аны мага коп жакындатышпай, балдарымдын ойнотуп калгандарын кээде байкап калам. Мартадан кийинки уулубуз Канат студент. Анан Аида кызым. Ал быйыл акыркы жыл мектепти бутурот. Уйдогу жумуштарды колумдан алып мага ошол кызым жардамдашат. . Келин келгенден бери Аида аны уй жумуштары менен тааныштырып корсотуп койгон. Аиданын жардамы менен уйдун иштерин азыр бут баарын Зарема жасап журот.
Бугун уулум мындай суз жашоодон кысылдыбы, Асан мен отурган болмого кирип келиптир. Мен анын коздоруно карап туруп, анын кыжаалатчылыктан бир аз жудой тушконун байкадым.
- Асан, кел отур, экообуз жакшылап суйлошсок суйлошуп алалы, дедим аны.
Ал арыда турган стулду алып мага туштап отурду. Экообуз бир аз унсуз отурган сон
-Кана..суйло. .кулагым сенде, деп мен аны кутуп калдым.
Асан эмнеден соз баштаарын билбей бир азга онтойсуздана. .
- Апа..., Сизди тушунуп турам. Мени да туура тушунуз, суранам сизден апа. Сиз айткан Нурайга уйлонбой калганым учун мени мынчалык куноолой бербениз, деди
- Кеп бир эле Нурайда эмес Асан. Кеп, Мен балдарымды кантип тарбиялап остургом? Мен ошого тушуно албай жатам. Мен балдарыма жакшы тарбия бердим деп ойлоп жургон экенмин. Корсо.., корсо андай эмес экен...
- Апа....!
- Корсо мен начар Эне экенмин!
- Жок Апа, андай дебениз!
- Эгер мен силерге туура тарбия бергенимде, сен мындай жолго бармак эмессин. Сен Ата-эненди угуп, аларды сыйлап, бизди...
Асан менин созумду акырына чыгарбай ордунан тура калды
- Апа! Мен силерди сыйлайм! Антип айтпаныз. Мен деле мындай болуп кетээрин билген эмесмин. Болгону биз. ., болгону биз Зарема экообуз бири-бирибизди тушуно албай жургонбуз. Анан...
Асан ары-бери басып созун улай албай турду
- Анан ?...,Мен Асанды кекете сурадым
-Анан ошол Апа. Мен Заремага уйлонууну чечтим. Атама баарын тушундуруп айттым, ал менен кенештим.
- Балам, эгер сен чындап ата-эненди сыйласан, бизди угам десен анда сен Зарема менен ажырашасын.
- Эмне? Ал эмне дегениниз Апа?
Асан коздорун чон ачып мени тиктеп турду.
- Асан эмнеге ал кыз тууралуу буга чейин бизге бир да жолу соз кылган эмессин? Ортодогу бала сегиз ай болуптур. А эмне учун ал жонундо сен укпагансын? Зарема эмнеге аны сенден жашырып жургон?
Асан ойлоно озунчо оор дем алып алды да
- Апа, чынын айтсам.., мен башында Заремага уйлоном деп эч ойлогон эмес элем. Экообуздун ортодогу мамилени озум да кандай экенин тушунгон эмесмин. Же жашы менден улуу болгонго ошенттимби билбейм. Бирок.., бирок аны мен ичимден дайыма ойлой берчумун. Эмне экенин озум да тушунчу эмесмин..., деген уулум ойлонуп эле башын жерге салып туруп калды.
- Тушунук-туу, дедим мен озумчо ушкуруно
Асан башын которо мага карады
- Башынды айландырып алган экен да? Анын оной кыз эмес экени жузунон эле корунуп турбайбы? дедим ага..
Асан мага башын чайкай кулгон болду.
- Апа суранам! Андай жаман ойлордон алыс болунуз. Коросуз го, Зарема жакшы кыз. Сиз антип адашпаныз.
- Мен эмес, сен адашпа балам.
Асан мага суйлойун деп барып, токтоп калды. Озунчо ичиндеги оюн мага тушундуро албай тутуланып , ары-бери басты да стулду туздоп ага отурду.
- Апа..., мен .. мен...
- Ал менен качан таанышкансын. ?
Мен ага суроо узата салдым.
- Экинчи курсту бутуп каникулга келгенимде биринчи жолу ошондо таанышкам.
- Анан?
- Анан.., экообуз интернет аркылуу кэз-кез байланышып суйлошуп журдук. Каникулга келген сайын мен ал менен жолугушуп журдум. Ошол эле учурда мен..., мен дагы башка бир кыз менен дос болуп жургом. Ал тууралуу Зарема угуп, бир жолу ал экообуз кочодо баратсак алдыбыздан чыгып калган. Анан...,ошол бойдон Зарема экообуздун байланышыбыз узулуп калды. Мен ага башка басып барбадым. Окуума жоноп кете бердим. Бирок мен аны коп эстеп журдум. Бир эки жолу ага интернеттен жазсам ал жооп жазбай койду. Окууну бутуп келгенден кийин мен озум Зареманы жашаган жерине издеп бардым. Таппадым. Мага аны Россияга иштеп кеткен деп айтышты. Арадан бир топ кун отуп, бир куну кокустан Зареманын жакын дос кызын жолуктуруп калдым. Мен андан Зареманын дайынын, тел.номерин беришин отундум. Ал кыз копко ойлонуп отуруп анан мага жарылды. Мен андан Зареманын уул торогонун уктум.
(Мен баламдын создорун угуп отуруп оз баламды озум тааныбай отурдум. Бул эмне дегени? Бир эле учурда Зарема менен, анан дагы бир кыз менен дегени эмнеси? Алар аз келгенсип Асан Нурайга деле конул коюп журбодубу? Тообо! )
- Ушундай Апа. Мен сизге кыскача баарын тушундуруп бергенге аракет кылдым. Бизди туура тушунуз Апа. Зарема да биздин уйго келгенден бери кыйналып кетти, деп балам созун бутурду.
- Жок балам. Мен сага бир да тушунбой жатам. Сени мен тузук эле бала деп журсом, корсо сен женил ой балдарга кирет турбайсынбы? Зарема да озуно окшош болсо керек. Бир сени менен, анан башкасы менен ....? Деги бала сеники экени чынбы?
Асандын мага жини келе тушту.
- А-па!..., Зарема сиз ойлогон кыздарга кирбейт. Ал такыр башкача....
- Тушундум. Болду токтот! Эгер бизди десен Асан! Жакшылап ойлоносун. Мени угасын. Сага туурасын айтайын. Бул Зареманды мен келин кылып кете албайм.
- Бул менин тагдырым Апа. Сиз антип....менин жеке жашоомо чектен ашып кирише албайсыз. Туура, Мен силерди Атам экоонду угам, бирок...
Мен баламдын бул создорун угуп алып аябай жаман абалда калдым. Кечээ эле менин айтканым менен болуп чонойгон балам, бугун минтип эр жетип, мени оз жашоосунда бат эле экинчи орунга коюп калат дегени эмнеси? Же эмне бала чоноюп алса эле болдубу? Менин денемди муздак тер басып кеткендей болду. Озумдон озум чыйрыгып чыктым. Асанга ичим муздай тушту.
Ошол кундон баштап, менин кабагым салынып Асан менен Заремага катуу тийип суйлоп журдум. Зареманын жасаган жумушунан кыйкым таап, кээде Асандын козунчо эле аны кагып, какшыктап суйлоочу болдум. Андайда Асан ону бозоруп эле унчукпай отуруп калат. Кээде бизди коргон Усон ортодо тамашалап суйлоп, мамилебизди жакшыртканга аракет кылып калчу. Ага мен конул да бурбайм. Унчукпай козумду алайтып аны жаман коздорум менен тиктеп коём.
Келин келгенден бери менин озгоруп калган мунозум балдарымды да жудотуп салды окшойт. Кээде Аида кызым
- Апа, эмне эле Зарема женемди жактырбай жатасыз. Женем жакшы эле адамдай корунот. Тамактарды даамдуу жасап, салаттардын да турлорун билет экен, дейт.
- Сен эмнени билет элен! Уйдогу жумуштардан бошоп калганына суйунуп журосун да сен! деп аны да кагып кирем.
Алмаз экообузго соз жок. Кундо жатаардын алдында экообуз бир катар урушуп алабыз.
Ага да менин Асан менен Заремага жасаган мамилем жакпайт. Бугун да уктоочу болмого кирээрим менен, Алмаз жаткан жеринен мага
- Алтынай, балдарга эмне анча очогушуп жатасын? Болоор иш болду! Эми эмнени озгорто алмак элен ? Ортодо эле Асанды кыйнап бутмой болдун го?! деди.
- Акылы жок болсо ошондой болот. Озун да, ата-энесин да кыйнайт.....
Мен озумчо суйлонуп, жатууга камданып баштадым. Алмаз мени унчукпай тиктеп турду да
- Эмне эле болуп баратасын акыркы кундору Алтынай. Сени аяп, озуно келет деген сайын, сен ажылдаак болуп баратасын да? деди.
Мен тошокту ачып ичине кирип жаттым да ушкуруно оор дем алып алдым.
- Билбейм.... Мен Асанды мындай болот деп эч ойлогон эмес элем. Баламды журогумдон канчалык аяп турсам да, аны эч эле кечире албай жатам. Себеби ал такыр эле мени тушунгусу жок.
- Кок бет. Озудукуну бергин келбейт. Асан эч качан сен айткандай болуп жашабайт Алтынай. Аларды бекер эле кыйнай бербей боло турган ишти жасайлы. Зарема да бироонун баласы экенин унутпа.
- Мен Энемин, Алмаз. Балам учун журогум тынч болбой жатат. Силер эркектер аны кайдан тушунмок эленер?
- Сен Энеси болсон, Мен атасымын. Болду созду кобойтпой токтот. Ушуга чейин сени аяп жон койсом, чегинден чыгып кеттин.. Келе жаткан дем алышта, келиндин апасынын алдынан откону барабыз. Болду. Ушуну менен соз бутту.
Алмаз тетири карап жатып алды. Бир аз унсуз жатканыбыздан сон мен бышактап ыйлап баштадым. Алмаз жакшы эле унчукпай коёюн деген менен баары бир чыдабады корунот
- Дагы эмне болду? Дагы эмнени баштайын деп жатасын? деп, ал мага карап оодарылды.
- Жок дегенде
балама да айтып, дегенге акым жокпу менин. Акыры бул уйдо менин Эне деген ордум болсо керек?
- Уф-ф.! Эмне деген катын болдун сен озу? Тынч гана жон эле жашай бербейсинби нары! Келин бир эле жакшына кызмат кылып журот. Жаман мунозун деле байкабадым. Сага дагы эмне керек?
- Сен аны тушунбойсун Алмаз. Кайнене менен келиндин эмне экенин билбейсин.
Ошондуктан. ..
- Жап жаагынды Алтынай. Башка суйлоп башымды оорутпа. Бул уйдо менин айтканым гана болот уктунбу?
Алмаздын жини келе ордунан турду да устуно халатын кийип, сыртка тамеки тартканы чыгып кетти.
Ошол кундун эртеси кечинде уйубузго келинибиздин апасы кирип келди. Алмаз да жумуштан эми эле келген болчу. Мен эч нерседен бээкапар отургам. Аида эшиктен ээрчитип кирген аялды тааныбай эле туруп калыпмын. Ангыча эле аны коргон Зарема
- Апа..,? Сиз кайдан? деп суйунгонунон барып апасын кучактады. Асан да уйдо болчу. Баарыбыз унчукпай эле аны карап туруп калдык.
- Кечиресиздер. Менин айтпай дебей эле келип калганыма таныркап жатат окшойсуздар ?
Аял, коп болсо менден жети сегиз жашка улуудай корунду. Арык чырай. Костюм юбка кийгенине караганда мугалим окшойт деп ойлоп койдум. Чачын туйуп, жоолук салынбай эле келиптир. Таза, тыкан бою узунураак болгон учун устундогу кийими озуно куп жарашыптыр. Колундагы кара сумкасынан да анын мугалим экенин жон эле билсе болгудай.
Мен унчукпай эле оозум ачылып аны тиктеп тура берипмин. Бир убакта Алмаз мени бир тиктеп алды да
- Келиниз эже. Биз сизди тааныбай эле...бул жакка отунуз, деп ага тору жактан орун коргозду.
Баарыбыз тегерене унчукпай отуруп калдык. Алмаз утуру мени тиктеп коёт. Асан да башын жерге салып коюп, ал отурат. Мен же ак дебей, же кок дебей унчукпай отура бердим. Аял бизди карап отуруп озунчо бир аз кысыла тушконсуду. Созду озу баштады.
- Кечиресиздер. Кызымдын артынан кабар барбаганынан озум ушинтип келип калдым. Телефон аркылуу кызым менен суйлошуп турам. Абалынарды уктум. Эне болгон сон, мындай корунушко башка чыдап отура албадым. Чынын айтсам, мен башынан эле кызымдын Асанга турмушка чыгышына каршы элем. Болбогон нерсе башынан эле болбойт, деп кызыма да канча айтып жургом. Бирок балдар болушпады. Асан айылга уйумо барып алып, кетпей журуп алганынан ага кызымды кошуп бергенге аргасыз болдум.
- Эмне дединиз? Асан барып кетпей журуп алды дейсизби?
Мен тан кала аялга суроо узаттым. Аял менин жанатан бери унчукпай отуруп узата салган суроомду кутпосо керек. Ал бир азга сестене коздорун аландатып Асанды бир тиктеп алды да
- Ооба..ошондой, деди
Менин онум озгорулуп кетсе керек. Мен кабагымды чытый Асанды тиктедим.
- Сен Бишкекке барам, деп кетпедин беле?
- Апа, Ата мен силерге убактынча ошентип тургум келди. Анан баарын силерге тушундуруп айтып берем деп ойлогом, деди Асан бизге жалдырап карап.
Мен оор дем ала ушкурунуп алдым да, бир колум менен башымды мыкчый чыканагымды отурган креслонун четине жолодум.
- Мен кызымды силерге мажбурлап бергендей болбоюн. Бизге да кудайдын айтканы бардыр. Балдарымды атасыз озум жалгыз чонойттум эле. Бирок тен-тени менен дегенди балдар тушунушпойт тура. Силердей адамдарга биздин жашоо шартыбыз да туура келбейт.
Аял улутуна озунчо ойлонуп бир азга тунжурап турду да.
- Кун кечтей электе биз эртерээк жолго чыгалы. Уруксат берсенер мен Зарема кызымды алып кетейин, деди.
Алмаз унчукпай ойлуу отура берди. Асан бизди эмне дээр экен дегенсип бир мени бир атасыны элендеп утуру карап коёт. Ортодо жымжырттык окум суруп туруп алды. Алмаз эмнеге унчукпай отурганына мен коп тушуно бербедим. Же аялдар оздорунчо бир аз суйлошуп алсын дедиби билбейм? Мен башка чыдап отура албадым. Журогум кысылып чыкты. Ичимден Асанымдын жоругуна тушунбой ага жиним келип олтургам. Мен ордумдан шарт турдум да устунку кабатка которулмокчу болуп жоноп калдым. Баары унчукпай эле мени тушунушпой артымдан карап турушту.
Мен тепкичке жетип уч торт тепкич ойдо которулгонумдо артымдан Алмаз кыйкырды.
- Алтынай токто!
Мен тепкичтен дагы ойдого которулуп барып токтоп калдым. Алмаздын жини келе ордунан козголуп мага карап басты
- Сен каякка баратысын?
Мен унчукпай аны тиктеп тура бердим.
- Алтынай, сенин уйуно адам келип отурат. Сен аны карабай, каякка жонодун?
- Алмаз, мен озумду жаман сезип кеттим. Барып бир аз...
- Ал эмне дегенин? Сага ал аял суйлоп жатат. Зареманы алып кетейин деп уруксат сурап жатат.
- Менден уруксат сурагыдай, Зареманы бул уйго мен алып келген эмесмин Алмаз. Алар Асан менен оздору чечишип алышсын. Себеби уулум Асандын жеке жашоосуна, менин кийлигишкенге акым жок! дедим мен аларды какшыктай карап.
Мен дагы ойдого карап эки уч тепкич которулгонумдо Алмаз мага соомойун которо
- Алтынай токто! деп буйрук бере кыйкырды.
Мен токтоп калдым. Алмаздын ону бузулуп жини келе тепкичтер менен ойдо которулуп мага жетип келди. Ангыча аял ордунан тура калып, бизге карай басты.
- Алмаз, Алтынай! Суранам силерден. Мен келип силерди уруштургандай болбоюн. Мени да туура тушунуп, мага капа болбогула! деди.
- Жок эже, мен сизге эмнеге капа болмок элем. Менин сизге капа болгонго эч акым жок. Мен оз уулума капамын, дедим мен.
Алмаз бир мени бир аялды тиктеп турду да
- Алтынай, акылына кел. Сенин уйуно конок келип отурат. Сенин балдарындын тагдыры чечилип жатат, деди мага ызырына.
- Менин Балам оз тагдырын озу чечет Алмаз. Менин ага эч кандай тиешем жок! Менин жолумду тоспо, дедим да мен андан ары бурулуп жоной берээрде Алмаз мени жини келе колдон алып озуно бура каратты. Ал кутуусуз эле болгон кучу менен мени жаактан ары катуу тартып жиберди. Мен боюмду токтото албай тепкичтерден ылдый тоголонуп тушуп бараттым.
Уландысы бар. -
Темасы: Аяш атамдын баласы
Жазылган күн: 4 Окт 2017
БАЛАМ..., БАЛАЛУУ БОЛГОНДО БИЛЭЭРСИН!
( АЯШ АТАМДЫН БАЛАСЫ-2)
Экинчи болум.
Мындан эки кун мурун айылга кеткен кайненем бугун эн кичуу кайним анын аялы болуп учоосу уйубузго кирип келатышса аларды тушунбой эле ордумда катып карап туруп калыптырмын.
- Ой эмне болду сага? Мени эми коргонсуп, аябай таныркадын го? деген кайненемдин созунон улам шашып калдым.
- Аа, жо-ок. Жон эле...мм. .Мындай келчу эмес эленер дейм да? Айтпай дебей эле келип калыпсыз....?
- Кандай айтпай дебей? Алмаз озу бизге телефон чалып уйго тез отуп баргыла дегенинен келдик.
Ал мага тушунбогондой карады.
- Алмаз?... Аа эмнеге ?
- Мен кайдан билейин?
Биз баарыбыз суролуу бири-бирибизди тиктеп турдук.
- Сизге эч нерсе айткан жокпу? деп кайним менден сурады
- Жок. Ал эрте менен жумушка кундогудой эле чыгып кеткен. Мага эч нерсе деген эмес.
Мен Алмазга тушунбой, ал жонундо эмне деп ойлоноорумду да билбей, кайненемдерди уйго ээрчитип кирдим. Озубузчо отуруп алып ар демени болгоолоп жатып мен Алмазга тынбай телефон чалып жаттым. Бирок ал эч эле телефонун албай койду. Ичим бышып журогум бир кызыктай болуп чыкты. Эмненидир бир нерсени сезгендеймин. Бирок эмне? Башым катып турду. Ангыча Усонум мага чалып калды
- Ало-о! Апоов. Кандайсыз жаным Апам?
- Жакшы балам. Эмне болду? Каяктасын?
- Жакын эле жердемин Апа. Сизге келин алып баратам.
- Тамашанды койчу балам. Азыр озум аран турганда
- Эмне болду?
- Айылдан чон энендер келишкен.. Атана чалсам албайтат.
- Ошол элеби? Камтама болбонуз Апа. Атам биз менен чогуу.
- Тушунбодум? Биз менен дегенин кандай? Эмне эле болуп жатасынар? Атана айтчы мага чыксын!
- Апа азыр баарыбыз уйго барып калабыз. Сизге сюрпириз бар.
- Кандай сюрпириз?
- Барганда коросуз.
- Усон... балам...
- ........?
Ал телефонду очуруп салды. Мен эч нерсеге тушунбой эле туруп калдым.
- Жене Усонунуз келинчек алып келаткан жок бекен?
Кайним мага озунчо суйунучтуу тиктеди
- Койчу! Кайдагыны айтпачы.
Мен тынчсыздана ага жооп бердим.
- Анын эмнеси жаман. Алып келсе, келе берсин. Азыр жаштар оздору билет.., деген кайненем кубуронуп созго аралашты.
-Биз менен кенешпей туруп андай болушу мумкун эмес. Анын устуно биз келиндерди той менен эле алабыз деп максат кылып журобуз, дедим мен.
Чынын айтсам ойлорум чырмалышып, башым айланып чыкты. Биз балдарга айтып эле жургонбуз. Экооно чон той откоруп, элден батаа алып, анан келиндерди уйго киргизебиз деп. Ошондуктан андай болушу мумкун эмес. Жок, Менин балдарым антпейт. Мен балдарыма ишенем. Алар эмнеге андай кылмак эле. Аларга уйлонууго шарт тузуп берип отурбайбызбы?
Оз ойлорум менен болуп жатып канча убакыт отконун да билбей калыпмын. Бир убакта эшикти чон ачып
- Апа! Атамдар келишти деген кичине уулум шашылып уйго кирип келди.
Эмнегедир ошол учурда денем бир кызыктай оорлошуп, буттум тушалып отурган ордумдан аран козголуп ойдо болдум. Ангыча ооздон Алмаздын, анын артынан уулдарым Асан Усонумдун карааны корунду. Мен аларды коздой бир эки кадам таштап эле ордумда селдейип туруп калдым. Себеби алар менен чогуу бир кыз уялынкы кошо кирди. Усон колуна бир жашка жете элек баланы которуп алыптыр.
Уйго кирээри менен Алмаз менин онумду коруп жаныма басып келди да
- Эмне анчалык онун бозоруп кеткен? деп коздорумо тигилди. Ал жылмайынкы бир колу менен мени далыман таптай кучактап кайненеме карады
- Апа..., биз кутпогон кубанычтуу иштер болуп кетти. Балдарым мага баарын айтып тушундурушту. Ата- бала озубузчо суйлошуп чечишип силерге келин алып келдик, деди.
Биз баарыбыз унчукпай эле тушунбогондой балдарга карап туруп калдык.
- Апа, Чон эне, суйунчу!. Асан бугун силерге келинчеги менен кошо небере алып келди, деди Усон кудундай делделендеп суйунуп. Ал колундагы баланы бизге коргозо бетинен жыттап ооп койду..
Бул созду укканда менин кулактарым тунуп коздорум карангылашып баратты. Мен кыз менен жанаша турган Асанга карадым
- Эмне-е ? А-сан.....?
Мен ушул созду тан калыштуу унум менен аран айтканга жарадым окшойт. Башым айланып, козумо уйдун ичи тегерене бозоруп, Алмаздын кучагында озумду жоготуп бараттым.. Кулагым эн акырында
- Алтынай! деген Алмаздын унун алыстан уккандай болду. Айлана тыптынч болуп мен карангыга сунгуп кирип кеттим.
Андан бери арадан бир жумадай убакыт отту. Мен аны кабыл албасам да, ушул кундору биздин уйдо келинибиз буту-бутуна тийбей ары бери чуркап, кызматын кылып журот. Себеби баягы куну менин эсим ооп жатканда, кайненем озу эле ага ак жоолукту салып, кичуу абысыным экоо аны кошогого киргизип коюптур. Бирок ушул келин биздин уйго келгенден бери менин кабагым такыр ачылбай койду. Коктугум кармап уулум Асанга дагы деле таарынып суйлобой журом. Ал экоонун ортодо никеси кыйылганы менен, андан башка эч кандай каада салты боло элек. Тууган-урукка да жарыя салбадык. Кыздын ата-энесинин алдына да эч ким барып кабар бербеди. Себеби баары менин конулумо карап турушат. Оюнда Алмаз мени таарынычы тарасын, анан акырындап баары болот деп мага сабыры тутуп журот. Ал балдарга да ошентип айтып, алардын конулун жайгарып журсо керек. Бирок кайда-ан? Менин андай оюм жок. Бул келинге баламды эч бир ыраа коргум келбей койду! Мындан ары кандай айла кылаарымды билбей башым катып отурам. Балам кантип бул кызга башы айланып калды экен? деп журогум эзилет. Айтып отурсан арман коп.
Мындан бир ай мурун Асан Усонумдун дипломун жууп жакын адамдарыбыз уйго чогулушкан эле. Ошондо Мартанын дос кызы Нурайды да атайын мен чакырткам. Байкуш кыз келиптир. Нурайдын Асаныма конулу бар. Экоо жанаша чогуу басышса бойлору бири-бирине жарашып, тим эле аларды баары суктана карашчу. Асан деле ошол куну Нурайды жакшы сыйлап андан козун албай жаткандай болгон. Кийинки кундору да анын телефондон Нурай менен суйлошуп жатканын сезип калып ичимден кудундап суйунуп алгам. Чынын айтсам мен балама катуу ишенген экем. Ошон учун да Нурайдын апасына балдарыбыз тууралуу соз баштап койгон жайым бар эле. Бир жолу бир тойдо Нурайдын ата-энеси менен чогуу бир столдо отуруп калыппыз. Ошондо да ата-энелер бири-бирибизди аябай сыйлашып, тамашага чалып балдарыбыз тууралуу создор айтылып кеткен болчу. Эми алардын бетин кантип карайм? Нурай кыз Асандын уйлонгонун укса кандай абалда калат?
Асан бул кыз тууралуу мага эч бир соз кылган эмес эле. Экоо кайдан, кантип табышып калгандарына азыр деле жакшы тушуно элекмин. Алардын ортосундагы бала сегиз айлык болуп калыптыр. Ушуга чейин алар эмне кылып журушту? Булардын ортосунда суйуу барбы? Же жон гана бир эки жолу жолугуп алышып, ... ? анан ойлобогон жерден келиндин боюнда болуп калды бекен? Андай дейин десен ал жаш кыз болбосо. Жогорку окуу жайын бутургон, адиси- тамак-аш боюнчо инженер технолог имиш. Жашы да Асандан торт жашка улуу. Ооба Асан озунон торт жашка улуу кызга уйлонуп отурат. Аты Зарема. Ал эми уулунун атын Бектур деп атасынын атына озу коюптур. Себеби ал жети жаш кезинде эле атасы авто кырсыктан каза болуп калган экен. Андан сон Апасы башкага турмушка чыгып, андан бир уулдуу болот. Бирок ал куйоосу менен коп отпой эле ажырашып кетиптир. Азыркы кезде апасы ошол улуу менен жалгыз айылда жашаарын кайненемден уктум.
Кечээ куну уйго апам келиптир. Байкуш Апам десе. Ал айылчылап Бишкектеги синдимдин уйундо болчу. Аны да жон койбой телефондон арыз мунумду айтып шолоктоп ыйлабадымбы. Мага кыжаалат болгон апам, отура албай ал жактан баса бериптир. Ал келип менден иштин чоо-жайын уккан сон копко ойлонуп отурду да оор дем ала
- Балам..., балалуу болгондо билээрсин! деген соз ушул тура, дебеспи.
Мен апамдын айткан созунун торкунун тушунуп турсам да, ага тан кала
- Апа, сиз эмне мени табалаганы келдинизби? дедим ыйлактап.
- Жок кызым. Сенин абалынды коруп туруп неге антейин. Болгону бир убактарда менин айтканыма тушунбой, мага аябай капа болуп журдун эле. Мына эми бугун сага турмуш озу жооп берип отурат. Менин ошондогу абалымды эми азыр озун тушунуп жаткандырсын? Эненин журогу бала учун кандай болоорун эми сезген чыгаарсын? деди Апам, менин коздорумо кадала.
Мен бир азга унчукпай ойлонуп турдум да, кучумду апама чыгардым.
- Макул апа. Мен сизди тушундум. Мен эми Асан менен колумдан келишинче курошом. Аны эптеп, бул кыз менен ажыратып, озум айткан кызга уйлондуром, дедим.
Апам озунчо кейигендей башын чайкады да
- Эси жок десе. Сен дагы деле эсине кире элек турбайсынбы. Мен олгондон кийин гана, сен мага ыраазы болбосон, ага чейин ыраазы болбойсун го! деди да Апам ордунан туруп басып кетти.
Мен унчукпай ордумда отура бердим. Тээ качанкы бир убакта Алмаз менен уруша кетип апамдын алдына ыйлап барганымды эстедим. Анда биз балалуу боло элек болчубуз. Алмаз, Айбектеги Аман экообуздун тушкон суротубузду коруп калып, мага копко чейин ынжып кызганып мени жудотуп журбоду беле. Бир куну андан ушундай жадап кеттим да, Апамдын алдына ыйлап баргам. Барсам Атам уйдо жок жумушта экен. Ошондо атамдын уйдо жоктугунан пайдаланып Апама болгон нараачылыгымды айтып бугумду чыгарып алган элем. Апамды какшыктап
- Апа! бул жашоого мен озум учун эмес, сиз учун жашаганы келгем. Сиз кандай кааласаныз мен ошондой жашашым керек! Туурабы? дедим ага кадала тиктеп.
- Алтынай акылына кел кызым. Мен сенин бактынды гана ойлойм, деген апама
-Эгер сиз менин бактымды ойлосонуз, анда эмнеге мени тушунбойсуз! Эмнеге мени Алмаздан ажыратып албайсыз? дедим.
Апам унчукпай эле оор ушкурунуп отуруп калды. Мен кайра сайрай баштадым
-Жок Апа, сиз мени эмес озунузду гана ойлойсуз. Сиз ушундай кыйын, эстуу аялсыз Апа?! Кыздарыныздын бироосу да сиз айткан сызыктан чыкпашы керек! Баары сиз айткандай болуусу шарт! дедим.
- Алтынай, сен мени азыр баары бир тушунбойсун кызым. Кудай буйруса сен да балалуу болосун. Балдарын чоноёт. Сени да ошондо короормун, бала учун эненин абалы кандай болоорун, деди айласы кеткен Апам.
Корсо ошондо Апам мени балалуу боло электигимден улам аяган окшойт. Болбосо ал мени анчалык суйлото койбой эле, эки ооз соз менен тыйып коймок.
Мен опком опкомо батпай копко ыйлап отурдум.
Ошондо да апам мени шаштырып
- Алтынай, кой кызым. Атан азыр жумуштан келип калат. Ал келгенче сен уйуно кетип кал деп жатпайбы?
Ыйлап жаткан жеримден басылдым.
- Макул Апа, сиз кет дединиз, кетейин. Бирок эсинизде болсун! Мен бактысызмын! Угуп жатасызбы? Мен бак-ты-сыз бир байкушмун. Бирок, Айла жок силер учун Алмаз менен жашашым керек! дедим да ага тултундап таарынган бойдон келген жолума туштум.
Апам Зарема экоо оздорунчо суйлошуп отурганын мага кичуу кызым айтып кирди. Мен аларга конул деле болбодум. Акыркы кундору менин алым куруп эч нерсеге конулум жок журуп калгамын. Тамакка да табитим жок. Озумчо бир болмодо телевизорду сайып алып ойлонуп отура бергенди адат кылып алгамын. Кээде жатып алып уктап калам. Ооруп жаткан адам болуп тамакка да коп учурларда чыкпай коём. Анан мага Алмаз кирип келип ал абалымды сурайт. Мен ага козумдун жашын сызылтып агызып ыйлап баштайм.
Уландысы бар.
Достору
nurka85 Досторду кошо элек
Комментарийлер
nurka85 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?