- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Бүктөмө деген тамак жөнүндө уккансыңарбы? Билгендер жазып койгулачы Бүктөмө же пошкел деп койчу элек. Камыр тамак.
#1 22 Июнь 2016 - 14:30
Көптөн бери ушул даамды унутуп калыптырмын.
Апам жасачу, кийин турмушка чыкканымда кайненем жасачу. Эки апамдыкы окшош эле болчу. Аларга каралашканым эле болбосо, өз алдымча жасап көрбөгөм. Жеңил эле жасалат бирок.
Оромо, манты үчүн жуурулган камырдай эле жуурулуп, анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүнүп, жука жайылып, майланып (каймак, сары май, өсүмдүк майы) , көк пияз же жөнөкөй пиязды майда туурап, төрт жагы бүктөлүп, казанга азыраак май куюп, эки тарабы бышырат элек.

#2 22 Июнь 2016 - 14:33
Бүгүн жегим келип, жасайын десем, жакшы эстей албай койдум. Жогоруда унуткан турбаймбы, төрт жагы бүктөлүп, төрт бурчтук түрүндө бышырылчу. Жакшы билгендер болсо жаза кетсеңер.
#3 22 Июнь 2016 - 14:36
Курбуларымдын бири, пиязды кууруп аласың деди. Сиңдим пиязды куурубайт дейт. Өзүмдүн билишимче деле пиязды кууруганы эсимде жок.
Москвадамын да көп жылдан бери, Кыргызстанда жашаганымда, ушул жашка чейин үйрөнөт элем. Анткени, тамак жасап барыш керек болгон жакка оңой деп ушуну жасай коюшчу, айылдагылар.
Москвадамын да көп жылдан бери, Кыргызстанда жашаганымда, ушул жашка чейин үйрөнөт элем. Анткени, тамак жасап барыш керек болгон жакка оңой деп ушуну жасай коюшчу, айылдагылар.
#4 22 Июнь 2016 - 14:38
Ким билсе өз вариантын жазгылачы. Карап чыксам мындай тема жок экен, байкабай калган болсом, эскертүү бербей эле кошуп койгулачы, сураныч. Дагы бир аты пошкел деп койчу, же пушкел беле, иши кылса ушундай.
#5 22 Июнь 2016 - 15:03
Пиязды куурубай эле салат болчу апам. Эгерде пиязды кууруп анан салам десениз даамы окшошпой калат го. Пияз бир аз камыраак болсо сонун даам келет.
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#6 22 Июнь 2016 - 15:10
Сиз каттаманы айтып жаткан жоксузбу.. Айткандарыңыздан каттаманы элестетип кеттим..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#7 22 Июнь 2016 - 15:16
zaika.tvo9.1990 (22 Июнь 2016 - 15:03) жазган:
Пиязды куурубай эле салат болчу апам. Эгерде пиязды кууруп анан салам десениз даамы окшошпой калат го. Пияз бир аз камыраак болсо сонун даам келет.
Рахмат. Ошону айтам да, пияз куурулган жери "загрузка" болбой койду го "архивден" . Куурулбаса керек дейм да
#8 22 Июнь 2016 - 15:21
happy02 (22 Июнь 2016 - 15:10) жазган:
Сиз каттаманы айтып жаткан жоксузбу.. Айткандарыңыздан каттаманы элестетип кеттим..
Жок, биз каттаманы, камырды жайып, жайгыч тактанын өзүндө эле майлап алып, узуун жол сыяктуу бөлүктөргө бөлүп, ошол жолчолорду кайра ороп, аны нандын көлөмүнчө жайып жасайбыз. Бүгүн ушул бүктөмөнү издеп отуруп, гуглдан каттаманын бир түрүнө кезиктим. Жука жайып, майлап, көк пияз сээп, кайра оромодой кылып ороп, кайра жайып жай отто кактап бышырат экен. Окшошуп кетет экен, бирок бүктөмө төрт бурчтуу болот, майланып, пияз себилип даяр болгон камырдын 4 жагынан бүктөп эле бышыра берет.
Билдирүүнү түзөткөн: tynara81: 22 Июнь 2016 - 15:23
#9 22 Июнь 2016 - 15:56
Шилекейди чууртасыз да эже)). Элестетип алып жегим келип кетти. Апам нары-бери жасап табагына туйуп алып жоночу да. Эн оной тамак десек да болот го муну ээ
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#10 22 Июнь 2016 - 16:03
Биз кечээ аран рецебин таап жасадык кайненем мн, биз куруудук пияз
#13 22 Июнь 2016 - 17:08
Пияз куурулбайт,
пиязды салып,буктөп эле казанга бир аз май куюп буктөмөну салып бышыра берес, жегим келип кетти озумдун да. Эртен жасабасамбы.
#14 22 Июнь 2016 - 18:17
Түшүндүргүлөчү бизге дагы.. Жасап көрөлү..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#15 22 Июнь 2016 - 22:26
Пияз куурулбайт анан камырын кичинекейирек жайбасаңыздар бышырганда кыйналып каласыздар
#16 23 Июнь 2016 - 01:32
Кененирээк токтоло кетсеңер???
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#17 23 Июнь 2016 - 01:38
биринчи жолу уктум:БҮКТӨМӨ дегендисүрөткө тартып,киргизгилечи?
биз да көрөлү!
#19 23 Июнь 2016 - 01:50
мен да биринчи жолу угуп жатам, мумкун болсо суротун да жуктоп коёсуздарбы?
Билдирүүнү түзөткөн: kdatka: 23 Июнь 2016 - 01:50
Сагынуу. ......
#20 23 Июнь 2016 - 12:02
Майга салып бышыра бекен же казанды майлап алып кактап бышырабы? "Бүктөмө"
дегенди биринчи угушум.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »