Тандамакмын оа .
Ошол убакыт кайтып келсе, ушул түгөйүңүздү тандайт белеңиз?
#42 21 Май 2019 - 14:55
Урушуп калганыбызда турмушка чыкпай эле койбой дейм,ал эми жакшынакай сүйлөшүп маанайыбыз 5 болсо кудайга шүгүр дейм. Бир жерим ооруса карап оор көтөртпөй, сүйүп сыйлап турат Аллага шүгүр ушундай жанга туш кылганына
#44 04 Июнь 2019 - 11:44
#45 14 Июнь 2019 - 12:01
Эч качан(
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#46 15 Июнь 2019 - 01:59
Буга чейин тандамак эмесмин деп, жазсам керек эле.
Бирок азыр тандамакмын! !! Кудайым, мага омурлук жолдош тандоодо адаштырбаптыр, Альхамдулиллах!
Бирок азыр тандамакмын! !! Кудайым, мага омурлук жолдош тандоодо адаштырбаптыр, Альхамдулиллах!
Счастье не в деньгах!
#47 16 Июль 2019 - 15:47
Албетте тандамакмын.
Жаратканыма миң мертебе шүгүр кылам, ушундай мыкты инсанга жолуктурганына!
#48 17 Июль 2019 - 16:09
Жок!! Жаштык кылган экенмин. Чын эч качан тандамак эмесмин. Бетине деле айтам сен экообузду тааныштырган кунго каргыш айтам деп. Далай жолу капа кылды... Акыркы 1 жыл ичинде. Балким бир нече жылдан кийин мамилелер сезимдер озгороттур.
.. Эгер сабырым жетсе биз да жакшы жашап калаарбыз.
#49 18 Июль 2019 - 16:35
Жашоо турмуш өзгөрүлөт турбайбы
Жаштыгымда билбептирмин мындайды дегендей болор иш болду ал күндөр кайтып келбейт ошон үчүн бешенеге жазганын көрөбүз деп жашай бергиле...
Жаштыгымда билбептирмин мындайды дегендей болор иш болду ал күндөр кайтып келбейт ошон үчүн бешенеге жазганын көрөбүз деп жашай бергиле...
#50 18 Июль 2019 - 17:47
Жок тандамак эмесмин.Конулумду канча жолу калтырды..
Турмушка чыккандан бери бактылуу кунумо караганда ый менен кобуроок кунум отту..
Ал деле мени тандабаса керек эле
Ушунчалык бири-бирибизден тажадык
Турмушка чыккандан бери бактылуу кунумо караганда ый менен кобуроок кунум отту..
Ал деле мени тандабаса керек эле
Ушунчалык бири-бирибизден тажадык
#51 19 Июль 2019 - 04:52
Эгер мага ушундай тандоо берилсе,озум суйгон Адам мн болмокмун,айтор тандамак эмесмин.
#52 19 Июль 2019 - 07:11
Ушул суроого коп жооп издечу болдум.Балким тандамакмын,
балким тандамак эмесмин.
#54 23 Июль 2019 - 09:05
мен жолдошумду тандаган эмесмин, шыгырап тизилип турган жигиттер болгон эмес, арасынан бироосун тандагыдай))).
Жолдошум экообуз жолугуп калдык, жактырышып калдык, уйлонуп алдык. Албетте, кудалашкандар болгон, университетте,
жумушта соз айткандар болгон, бирок аларга тандап жургонум учун эмес, турмуш курууга даяр эмес болчум, ошондуктан баш тарткам. Куйоого тийууну ойлоп, проблема кылып, балдарды караштырып корбоптурмун,
о замужестве вообще не парилась. Кыскасы, ошол убак келип калса, жолдошума эле жолукмакмын,
бирок, уй було жашообуздун башында жолдошумду аябай коп капа кылгам, ошол каталарымды кылбаганга аракет кылмакмын
brother
#55 23 Июль 2019 - 10:41
Тандамак эмесмин. Эчкачан! Озуно деле айткам"окуном сага тийгениме"
деп. Айтып эле журом. Же бир ошол созум таасир кылсачы((
#58 23 Июль 2019 - 14:20
Эгер тугойун менен жашоо окуноорлук болуп жатса озунду кыйнабай чечкиндуу болгун да ажыраш. Бооолду. Мейли бир жолу, эки жолу, зачем постоянно ныть в форуме.
Мен сизге жакпаймын
#60 23 Июль 2019 - 14:46
Уй-булодо определенный бир период болот, бала торолуп 3-4 жашка чыккыча( коп балалуу уй-булодо андан да узагыраак) аял менен эркек бири-биринен алыстай тушушот. Ажырашуунун копчулугу именно ошол убакта болот. Мумкун ушул периодду откоруп алсанар кийин окунбой жашап калаарсынар.
Мен сизге жакпаймын