Ар бирибиздин жашообузда качандыр бир кезде ушундай ой туулса керек "Кудай барбы" деген. Кээ бирибиз кичинебизден ишенебиз, жана да омур бою таптакыр шектенбейбиз. А кээ бирибиз чоноюп жетилип, башка чойролорду коруп, бул дуйнодогу кызыккан суроолорубузга жооп алгыбыз келет.
Бул жерде айтып отойун, дин тутунган форумчулар "шектенуу куноо" деп айтышы турган кеп. Суранат элем, бул шектенип сиздердин ишенип тутунган дининиздерге шек келтируу эмес. Бул темада дин жонундо соз кылбасак. Темада, ар ким озунун ой-толгоосу менен болушсо, бир гана кудай жонундо.
Бири-бирибизге каттуу тийбей, теманы флуддабай колдонсок.
Демек, суроолор томондогудой:
1.Кудайдын бар экенине ишенесизби?
2.Сиз аны кандай формада, кандай корунушто элестетесиз?
3.Кудайдын бар экенине качан чын-дилден ишенип калдыныз? Жана кандай окуя себепкер болду?
Жогорудагы суроолордон сырткары, озунуздун кошумчаныз болсо айта кетиниз.
Теманын максаты: пикир-алышуу, информация болушуу, билбеген форумчуларга жеткизуу.
Бири-бирибиздин динибизди, ишенимибизди сыйлай билели. Авторго карата асылуу, каралоо болбоосун суранат элем.
Ушундай тема болсо кошуп коюнуз админ. Рахмат.
Билдирүүнү түзөткөн: Bluetooth: 13 Август 2018 - 16:46