-Жаннат, журу жайлоого чыгып келебиз?
Оюмдагыны айта албай буйдалып жаткан элем, дагы кийинки жолу айтам дедим ичимен.
-Кайда?
-Чон энемдердин жайлоосу бар, ошол жака барып эки кун эс алып келебиз?
-Эки кунго атам жибербейт го?
-Айканы жардамга чакырсакчы?
-Болбойт, аны озум чакырам деп журом уйго.
-Мына,мындай кылалы анда, сен айт Айканыкына барам деп, анан аны ээрчите келем де, калганын курбун бутурсун!
Уланды карасам, кашын ойдо'ылдый кылып мага карап жылмайып туруптур:
-Байкуш Айганыш!
Баарын анын айтканындай жасадык. Мени угуп курбум алгач так секирди, бирок конду. Мен да анын айтканын убагында унчукпай аткарчу эмес белем?
Аты эсимден чыгып калды, биз барган жайлоо бейиштин тору экен.
Ушундай кооз жаратылышты мурда корбой кайда журдум ?
Улан мага ошол жерден ,мурда корбогон бир кызыктуу жемишти корсотту.
Жемиш быша элек экен, эми гана гулун тогуп момо байлаптыр. Ар бир сабагында шурудай тизилип, шагын которо албай ийилип'ийилип калат экен, жалбырактары майда'майда болуп,бир караган адамды, созсуз экинчи жолу караганга мажбур кылат:
-Вауу, бул эмне?
-Озун тапчы?
-Мен мындайды омурумдо коргон эмесмин,аты эмне?
-Жапайы карагаттар.
-Карагаттын да жапайысы болобу?
-Ооба да .
-Кызык экен.
Ансайын унуло карайм.
-Айтчы, муну кайдан билип журосун?
-Кичинемден ушул жерлерде журуп чонойдум,жылда келчумун ошондо коргом, гулдогону мындан да кооз болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 16 Январь 2019 - 20:59