Урматту окурмандар сиздерден сураныч мага эч кандай коментарии калтырбай эле койунуздар,
ансыз деле жетер жериме жетип калгам.(алдын ала рахмат ).
Анда соз башынан болсун мен торолуп эле шорум менен жаралган бир жанмын,мен 8айлыгымда эле ата энем ажырашып кетишет.Биз торт бир тууган баарыбыз кыз бала болгонубуз учун атам бизди таштап кеткен,анан алимент толобоштун максатында бизди эки экиден болуп алышат.Эки чон эжелерим атамдын колунда,мен бир эжем экообуз апамдын колунда калабыз.Эми билбейм кимди куноолошту деле,же тагдырыма таарынышты деле.Чон энем ото жаман аял омуру узун экен дагы деле жашап журот,чон атам деле жакшы адам болгон деп айта албайм ал киши отуп кеткен.Озумдун атам да отуп кеткен биз бойго жетип калганыбызда.
Тайэнем да жакшы киши болгон эмес ал да отуп кеткен.Мен аркы беркиси 20жыл мурунку балалык не экенин билбей чонойгон жаштыгым жонундо,журоктогу эски дарттарымды жазууга бел байлап отурам.Ошентип мен эс тарткан мезгилден баштаса,биз тайэнемдин уйуно батпадык ал мезгилде окмот куруп берген барак уйлор бар эле,ошол жактан уй таап бир айыл томон айылга кочуп келдик.Апам килем согуп бизди бакчу,апам элдердин уйуно килем жасаганы кеткенде эжем экообуз калчубуз.Ал мезгилде мен 3-4жашар болчумун эжем 5-6да дагы жакшы кошуналар бар экен апамдын жоктугун билдиришпей каралашып турушат.Апам да байкуш кыйынчылык коп коргонунонбу же бизди кыз тородун деп таштап кеткен атама очошуппу анча мээрим салбай бакты.Элдердин энелериндей болуп эркелетип опконда эмес ушул мезгилгече эле ошондой,же ошондой жаралган жанбы тушунбойм.Ошентип биз турмуш жолун апам эжем учообуз баштадык,ал мезгилде апам эне экенда эки чон эжемди талашты мага бергиле деп беришпеди.Аларга жаман создорду уйротуп чон энем кочодон апам отуп калса кыйкыртчу,мен ушул нерселерди жакшы эстей албайм,бирок журокто калган ушул жаман создор.Чон эжелерим башка тарбия биз эжем экообуз башка тарбия алып чонойдук.Ата деген адам бир да басып келбеди,эч кандай жардамда бербеди.Анын бир тууган инилери бар эле алар деле каралашпады.
Ошентип эптеп кунубузду кордук.Тагам сельсоветте бухгалтер болуп иштечу ошол мезгилдерде тайэнемдер колунда бар адамдар болчу,бирок алардан деле эч кандай жакшылык болбоду.Ошентип апам килем жасап бизди багып журду,менда жашым жетип мектепке бардым.Бардык балээ ошол жерде башталат экен.Элдер ата энеси менен барса коруп неге менин атам бизди таштап кетти деп,балдарга козум куйуп чонойуп келе жаттык.Ата деген адам анча мынча кочодо туш келип калса да кээде учурашканга да жарабайт акча берип жардам бериш ар жакта турсун.Эки чон эжелерим да жакшы кун коруп чонойушкан жок кыз бала деп аяган киши болбоду.Мал караган да ошолор,бут уйдун оор жумуштарын жасагандарда ошолор алар да балалык не экенин билбей чонойушту.Чон атам ичип алып кундо уруш талаш эми тозок ошол уйдо болуп бой жетишти.Энелуу жетим эрке жетим,аталуу жетим арсар жетим деп илгерки адамдар туура айтышкан экен.Биз эжемм экообуз эми апам болгону учун анчалык суйуп эркелетпесе да бирок эч нерседен кем кылбады,колунан келишинче кийинтирип,
жедирип ичирип бакты.Биз атам менен жашап жургондогу уйду да инилери тартып алган,уйсуз торт жетим ар кимге туртунду болуп чонойдук.Чон атамдардыкына да барып турабыз эжем экообуз барсам эле апан мындай апан андай деп чон энем биздин кулагыбызга куйчу.Чон атамдын ошол кезде 80ге чыккан апасы бар эле ошол байкуш гана апамдын тарабын кылып жакшы соз айтчу.Биз торт бир тууган мээримсиз болуп чонойдук бири бирибизге.Чон эжелерим апамды жаман коруп чонойушту,себеби аларга ошондой тарбия берилди.Апан бузулуп кеткен жаман аял деп кулактарына куйуп журушту.Мен ото эле кичинемде ажырашкан учун ата не экенин билбей чонойдум,элдер аталарын мактап сагыныч создорун айтса азыр деле тан калам мен учун жат создор.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жашоодо менден башканын баары бактылуудай көрүнөт
#7 06 Январь 2015 - 02:48
Баары жакшы болот
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#8 06 Январь 2015 - 02:50
Санаага алдырбаңыз.
..
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#9 06 Январь 2015 - 03:04
"Комментарии калтырбаныздар депсиз алдын ала кечирим сурайм"
Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот. Сиз бактылуусуз бирок озунузду негедир бактысыз адамдардын катарына кошуп алгансыз. Сиздин козунуз корот, бутунуз басат, башыныз иштейт, кулагыныз угат, колунуз кыймылдайт мына ушунун баары бакыт эмесби? Аллахка эч качан нараазы болуп наалыбан. Жаш экенсиз буйруса баары жакшы болот. Сабырдуу болунуз айдын он беши карангы, он беши жарык деген. Сиздин да оз уй-булонуз болот жакшы жигитке баш кошуп созсуз бактылуу болосуз. Кудайга шугур келтириниз. Биздин деле озубузго жараша арманыбыз бар бирок жашай беребиз, омур токтоп калбайт. Омур деген убактынча болгондон кийин бул койгойлордун баары убактынча. Жашоодо сынбаныз бактылуу болунуз! Сиз созсуз бактылуу болосуз

Кулагын менен укканга эмес, козун менен коргонго ишен замандаш.
#10 06 Январь 2015 - 18:26
Ошентип ата эмне экенин билбей балалык кундорубуз отуп,акыл эс тартып чонойо баштадык.Эки чон эжем ата деген созду бираз болсо да тушунсо керек менимче.1990жылдар союз бузулуп бут эле элибиз кыйынчылык корду болуш керек ошол мезгилдерде биз да ото кыйналдык.Тайэнемдердин колунда бар бирок жардам беришпеди,берки ата журттан таптакыр дайын болгон эмес.Ал кундор да отуп совхоздун талаасына иштей баштадык,кузгоче эптеп тарканыбыз бир эки мешок буудай болот.Ошонусуна деле шугур кылабыз жегенге наныбыз бар деп.Апам да килем жасабай калды.Мектепке барабыз андан келип талаага барабыз,эптеп олбостун куну ото берет экен.Анча мынча чон атамдыкына барганда ата сорой менен туш келип калганыбыз болбосо мен такыр эле эстей албайм,ошондо да алдап мен силерди окутам тигинтем деп калчу.таякем сельсоветте иштегени учун жакшы турушчу эки уулуна той бермей болду,андай мезгилде биз чонойуп эле калганбыз ,катышыбыз жакшы эле болгон тайэнемдер менен тойуна да бардык,тойда отту.Кобунчо мен тайэнемдердикине коп барчу элем таякемдин кызы менден бир жаш кичу эле ошол экообуз коп ойночубуз,мал карап жардам кылчумун. Ошол тойдо тякемдин коллективинде иштеген бир бала менен тааныштык таякемдин кызы экообуз.Ошентип тойдон бир жылдан кийин тайэнем инсульт болуп ооруп коз жумуп кете берди 63жашында,бизге жылытаарлык жакшы созу болбосо да негедир ал адамды мен жакшы корчумун.Аябай капа болуп тан агарып келе жаткан мезгил болчу сыртка чуркап чыгып эч кимге корунбой барып кудайга жалындым олбосун бизге кайтарып бер айыгып кетсин деп.Пенде экенбиз да акыры конот экенсин,апамдын бир туугандары деле ынтымактуу эмес эки чон эжеси апамды ээри жок деп жаман корушчу.Тайнем откондон кийин кийим кечесин,буюмдарын талашышты чон эжелери таженем берип кутулд.Ошондо деле апам байкушка эчтекеси ашпады бир пальтосун беришти дагы бир эки эски кускусун кошуп.Таженем демекчи ал таякемдин экинчи аялы бизге катуу соз деле айткан эмес жакшы эле кабыл алчу тайэнемдерди жаман корчу,билбейм эмнеге экенин.Тайэнем бут мал мулк байлыгын озу менен кошо алып кетти,жылдыгына келгенде таякем машинасын сатып откорду.Апамдар деле атасыз чонойушкан тайатабыз жаш мезгилдеринде эле отуп кетип тайэнем башка турмуш курат,андан бир кызы бар апамдын эн кичине синдиси.Ал мезгилдерде эскиче жашоо болгондугу учун агасы олсо инисине аялын алып беришкен экен,тайэнем кайнисине тийбей башка бироого турмушка чыкканда аны кайын журту кубалап жиберип,ошол бойдон турмушка чыкпай эле озу чонойткон экен торт баласын.Эми апамдын турмушу да эс тартканынан эле кыйынчылык болуп келген,берки эжелери жакшы жерлерге тушуп алар кийин кыйынчылык эмне экенин унутушту.Ошентип таякемда колунда эчтекеси калбады анын устуно аялы да бакшы кожо дегенге аябай жакын адам,колу супсак аял жашоого жанталашып киришпеди эптемей эле жашайт эле,азыр деле озгоргон эмес.Таякем кагаздан башка иш колунан келчу эмес,ишинен да бирнерсе болуп чыгып кетти,анан аларда дыйканчылык кылып башташты.Мен таякемди билбейм негедир жакшы коруп сыйлайм бизге анча мынча майрамдарда акча берип турчу,эми ойлосом ал мезгилде колунда бар болгону учун садага катары берсе керек эле.Жашообуз ошол барак уйдо эле уланып жатты,уй салганга алганга бизде кайдагы каражат.Бир кун эле ошондой окмот салган уйдо жашаган медсестра аяшэнем бар болчу алда биздин айылга турмушка чыгып торт кызы менен ажырашып кеткен,анын кыздары менен тентушпуз.Ошол айтып калды мен уйумду сатып кетем деп ошондо апам байкуш кай жактан акча табышын билбей озунун кулагындагы алтын сыргасын сатып акча топтоду.Ал мезгилде 2000мин деген чон акча болчу,акчаны кылгандан кийин кетпей турган болуп калды.Ал акча акырындык менен турмуш тиричиликке кирип кетти.Апам байкуш сыргасыз да калды.Менден чон эжем бой жетип калды анын переходный возрасты ото курч отту,ошонун баскан турганынан мен мектепте коп соз укчу болдум.Аны апам экообуз жолго салганга кучубуз жетпеди,уйдон улам качып кетет бар топтогон жыйнаганыбызды алып качат качканда да,аны туну апам экообуз уктабай издеп чыгабыз.Элден намыс кылып жаап жашырабыз,ал болсо качып чон атамдыкына кээде башка жака койчу деги коп кундорду корсотту.Апам экообуз ошонун айынан баш которо албай калдык,мен мектепте жакшы окусамда сенин эжен сенда ошонун бири болосун деп мугалимдер ачык эле айтышчу.Менин эчтеке менен ишим жок ойной турган курагым эжемдин кылган кылыктары менен жуулуп намыс деген создон журогум катуу ушуп журуп отту.Ошентип журуп тогузду бутуп окубай койду мектепти да ошол мезгилде моода болгон окубай койуш.Ал да моодадан калбады аны тогуздун базасында бухгалтерский училищага откорсок ага да барбай койду.Бир кун келип окууга зар болорун адамзат билсе кана.
#11 06 Январь 2015 - 19:29
Бир жигит менен тааныштым дебедим беле ал бала менен тогузунчу класста окуганыбызда кичине суйлошуп калчу болдук,ошол бала менин балалык суйуумбу же жон эле кызыгуумбу тушунбойм.Анын бир досу менин классташ кызымды жактырчу ал ага келгенде беркиси мага келип журду мектепке,ал мезгилдер жакшы мезгилдер экен.Мектептен чыгышыбызды кутуп турушат биз чыгып эле бир айыл жогору жака китепканага жонойбуз,аларды карап озубузчо кулуп суйлоп отуп кетебиз.Алар биздин аркабыздан чуркап келишпейт жон гана коз караштары менен узатып койушат.Бир куну ошентип китепканадан келе жатсак алдыбыздан чыгышты мотоцикл да келишиптир досу классташ кызым менен,озу мени менен суйлошуп ылдый озубуздун айылгаче келишти.Ошондо айткан создору эсимде калды -не Лениндин томдуктарыны окуп жатасынарбы?
,деп каткырышкан эле.Арада анча мынча мектептеги балдардан кат алмай аларга жооп деле жазбаптырмын эстесем,бир балага ыр менен жазган экен элем жооп ал азыргаче жатка билет экен ошол ырды.Менин характерим эркектердикине окшош болуп талаа жумуштарын,
уйдогу эркек кылчу жумуштарды кылчумун.Апам байкуш эптепм окмотко чуркап журуп бир жерден участка алдык анда кубанганыбызды айтпа,ошол тушта окмоттун мугалимдерге салып берген эки этаж уйу болчу ошол жерден бир мугалим кете турган болуп калды.Ал жерде алыстан келгендер жашашчу негизинен,ал мугалим озунун элине кетмекчи болуп уйун бироолор аркылуу биз угуп калып жанагы участкабызды сатып ошол жерден уй алып кочуп чыктык.Кубанганыбызды суроттоп бере албайм,ушул мезгилгече канча балдар айттырса да уйумдон тартынып суйлошпойт элем.Тиги бала деле билчу уйумду шартымды,бирок андан деле тартынчумун.
Элдердин уйун коруп козум куйуп тигиндей кичинекей уйум болсо кана деп коп таттуу кыялдарга батып журчумун,мен эле эмес бул ойлор апам менен эжемде да болчу.Эжем акыры ошентип журуп бироого тийди,бир кун эле апам экообуз уйдо отурсак чон атамдыкына кеткен эжем келбей калды.Дагы кыжалат болуп туну бардык барсак эн кичине инисинин аялы чыгып ал кыз ошол эле айылдын баласын ээрчип кетип калды дейт.Кайра уйго келдик апам байкуш туну менен уктабады эртеси ошол баланын уйуно киргизип берип кутулдук.Ошентип ал да турмуш жолуна тушту,берки эки чон эжемдер да окууну бутуп эле турмушка чыгышкан.Чон эжемдин тойуна апамды чакырышпады ал озуда апамды апа дебей жене деп чонойду,чон энемдин копиясы характери да ошого окшош.Экинчи эжем бир жаман баланы суйуп ошого тиймекчи болгондо андан ажыратып чон атамдардын жакын кошунасына беришти,анын кайненеси ото жакшы аял болгондуктан апасыны да чакыргыла деп тойго чакыртып атаганын берди.Апасынын акысы бар кызында тогуз ай которуп тороп канча тун уйкусунан кечип,жаман ичкич эрдин таягын жеп тамтыгы чыккан уйдо багып чонойтту эле деп кайненеси болбой чакыртып тойго баарыбыз чогу келдик.Ак ийилет экен бирок сынбайт экен,апамды эмнелер гана дешпеди,эмне гана кундорду корсотушподу.
Апам 26ты жашында эрден ажырашыптыр,
ошол бойдон башка турмуш курбады.Башында бир эки дос кутту биз каршы болуптурбуз,
бирок ал мезгилде жаштык кылыптырбыз.
Кийин чонойгондо тушунсок кеч калыптырбыз ото эле.Мен он бирди буторго аз калганда жанагы жигитимдин апасы катуу оорудан каза болуп кетти,ал мезгилде конул айтыш эмне экенин деле билбейт экен элем барган эмесмин,кийин элдерден уксам ошого мага таарынып суйлобой калган экен.Ага мин суйлогонум менен мени ушул уйумду коруп атам жоктугун билсе мени ага алып бербейт деп журуп анча деле коп жакындабаптырмын.
Анын жанында деле мектепте деле кысынып баарынан озумду эн томон сезип журуп балалык эмне экенин деле туйбай калдым,эсте калаарлык жакшы кундорум деле болгон эмес.Бололор менен чогу ойноп чогу жургонубуз менен алардын жанында озумду бир бечара сезчумун,бирок ушул айткандарымдын баарын ичиме салып сыртымдан сыр бербейт элем.Ошол нерселер менин акыл эсимди эрте токтотту,озумду алып журушум,акыл журутушум чон адамдардай болуп калды,себеби апам экообуз коп сырдашчубуз.
Бут турмуш туйшугун учообуз чогу тарттык,ошондо деле бир карындан тушкон тортобуздун характерибиз торт башка болду.Мен тигини кийем мен тигини жейм,тигинтем минтем дебей чонойдук.Апам алып келгенин кийин тапканын жеп,бирок кудайга мин шугур апам эчтекеден кем кылбады.Озу жарытылуу кийим деле кийбеди,озу жебей кай жерге барса да бизге ала келет тамагымдан отподу деп.Мектепте мен жетиден кийин математика сабагынан кучтуулорду топтоп окутчу болумундо окуп калдым,бир айылдык эле эжекебиз болчу ээри директор озу математик.Бизге ошол сабак берчу мени аябай басынтып,кемсинтип жаман кылчу.Ал жерде жалан байлардын балдары окуйт тигисине мунусуна деп эле акча чогултуша беришчу апама айтканга да ичим ачышчу.Азыр ойлонуп неге ошентип озумду да апамды да кыйнап алар менен неге окуган экенмин тушунбойм.Бир жагынан намыстын кучунон эле окусам керек,ал мезгилде намыс кучтуу болчу да.
#12 06 Январь 2015 - 19:57

#13 06 Январь 2015 - 21:54
сиздин жашоонуз менин жашоомо окшош болгон экен окуп алып озумду эстеп кеттим сизди жакшы тушунуп жатам калгагында кутом
#15 08 Январь 2015 - 10:18
Ошентип басынып баарынан озумду томон сезип журуп оокуну да буттум,бут классташтарым жогорку окуу жайларына тапшырганга даярданышты а мен ичимден орттонуп журдум.Жогорку окуу жайына биздин акчабыз жетчу эмес байкуш апамды да кыйнагым келбеди.Ошол кундордо ата деген инсанды биротоло жек коруп ага болгон жек коруу кучоп турду себеби силерди окутам деп коп айтчу.Окууну буткон мезгилде бир жолугуп калдык окутасызбы десем силердей кызым жок дейт,апан окутсун деди.Мейли дедим ичимден кун келер биздин бутубузга жыгылып келерсин бирок ал мезгилде ото кеч болорун азыр тушунбойсун деп алдым.Ата деген сорой озунун бир тууган болосуно 5баласы менен ажырашкан аялга уйлонгон,кийин андан да эки кыздуу болгон кудайым пешенесине уул бала айтпаса ошондой болот экен.Алардын жаман уйун бузуп ордуна чоон ак кыштан уй тургузуп берди,жанына кичине кылып уй салды кышында аялы экоосу жашаганга.Аялы аябай тажаан тили узун аял экен апамдын аркасынан канча жаман создорду айтты,ата деген киши коп иччу озу совхоздун комбайнын айдачу сезон мезгилде гана иш болчу бирок жакшы тапчу.Тапкан акчасын баарын алып койушуп тигилери ичсе эшикке жаткырып карабай койушчу экен,аны бир иниси коруп калып агам кар болду балдарына апкелип жараштыралы деп апама келди апам мен чечпейм кыздары чечсин деп айтты.Мен тиш тырнагым менен каршы чыктым убагында карабаган эми чонойуп кереке жарап калганда эсине туштукпу,эми биз аны эч кимге кереги жок болуп калганда карашыбыз керекпи деп.Ал негизи коп ичкенин сахарный диабет оорусуна кабылган экен коп ичкенге болбойт десе да коп ичип кеттип жургон.Ошентип баары жараштырмак болуп жургон мезгилде отуп кетти.Мен мектепти буткондо жанымда окмотто катчы болуп иштеген эже бар эле ошол мага жардамчы болуп иште деп окмотто иштеп баштагам,ишим кечке жазмай иштери.Ушундай кундордун биринде эртеменен эшикти бироо какты апам ачса ата дегендин эн кичине иниси ушундай атанар отуп кетти азыр алып келдик баргыла деп кетти,мен барбайм дедим ишке жонодум апам байкуш кой болбойт барбасан дагы мени куноолошот деп болбой койду.Учообуз кийинип алып жонодук чон атамдыкына,
бардык барсак эл толтура уже жууп ортого коштошконго койуп койуптур кирсек,кирип коштошуп чыккыла деди атанар менен кирсек тиги эки чон эжем тим эле чачыны жулуп ыйлап жатышат мен тан калып эле отурдум козумдон бир тамчы жашта келбеди менден чон эжем да ыйлап алган.Аны урушам не ыйлап жатасын деп ал кирип эле тиги аялына асылып кетти акыры жеп тындынарбы деп,мен учун озумдун атам эмес бир кочодогу кишилердин бири эле откондой сезим жок ата деген менде.Ал куну акыркы жолуна узатып келишти уй толтура адам мени да кирип отуруп ыйла кызысын деп калышты мен айттым менин атам мен торолгондо эле олгон бул кимдин атасы экенин билбейм деп беттерине айттым ушул созум чон атамдын журогуно оор батыптыр аны кийин озу айтып берген.Эч ким унчукпады чыгып кетип башка болмого кирип отура бердим настроением да тушкон жок,ошентип жыргап отурсам бут эжелерим келип отурушуп анын башынан откоргондорун айтып калышты ал деле тиги аялы менен жашап жакшы кун корбоптур аябай кордошуптур олгонун деле эч ким корбой калыптыр качан кантип олгонун деле билишпейт экен башка жалгыз ошол кичине уйундо жашачу экен.Аларды угуп отуруп ыйладым как атам катары боорум ооруган жок башка бир жакшы инсандын башынан откон окуя сыяктуу оксуп оксуп ыйладым,озумдун ичимдеги таарыныч,мун,
откоргон азаптарыбызга ыйладым,тагдырдын татаалдыгына ыйладым.Эки уч кун келген кеткенге каралашып кайра келип эле ишке чыгып алдым,кулуп шайыр болуп эле журдум себеби ал менин атам эмес эле да чогу иштегендер деле тан калышпады.Ошентип мурда тируу жетим болсом эми олуу жетим болдум,бир чети суйундум ар кимдин суроолоруна атам олгон деп айтыш оной болчу,бизди тан албай таштап кетип калган деген создорго караганда.Анын олуму биздин жашообузга эч кандай тиешеси болбоду учообуз учун устубуздон бир оор жук тушту апамда ээринин корсоткон кордук жаман создору отмушто калды.Каргыш жаман экен аял кишинин каргышы апам катту кыйналганда айтчу ит олумундо олгун деп ошол нерсе болду.Ошондон баштам чон энемдер апам менен жакшы катташып калышты тигиси менен катташпай калышты жениш биз тарапка отту.Бирок булардын баары бир тыйынга татыбайт эле,мен чон энемди да анын балдарын да кечире албадым,ичимден ойлоном чон энем кылган куноосун билет экенби бекер кылган экенмин минтип уулда корбой эле отуп кетет экен тим койсом болот экен эле деп окунот болду экенби деп.Бирок анда андай сезимдер жок.Мен иштеп журдум окшош кундор айлыгыма деле кызыкпадым негизгиси окууга тапшыра албай уйдо жургондон коро мага жакшы болчу,коллективке тез эле конушуп алдым алар менен чогулуп ары бери басам машинка печаттаганды уйрондум кечке чакылдатып ошону басам.Жаныбызда бир эже бар эле апама жакшы нерсе айтып калды мен арак жасап берем тиги жерге кичине камок койуп берем арендага сиз ошону иштетиниз деп ошентип бизнестин биринчи баракчалары башталды,апам кыйын аял эле аракты кантип жасаганды бат эле оздоштуруп алды атайын филтирлерди сатып алдык.Тиги эже менен эсептешип андан болунуп озубуз камок таап арендага иштетип баштадык акырындап финансы жактан кыйналбай калдык,ал камоко апам барып майда чуйдо алып келет арактардын да тазасы деп алып келет ага кошуп озу да жасап кошуп койобуз.Мен айыл окмотто иштегеним учун менин узуму кылып налог патент дегендерди сурашпады аларга да чон рахмат айтам азыр эстеп.Бирок арак саткан ото жаман иш экен туну камок иштетебиз уктабайбыз мас болуп алып ар ким ар нерсени суйлойт бирде урушуп талашып иштетип журдук.Мени окутам деп апам байкуш ичинен ойлоп жургон экен менин озумдун иштегеним да бираз чогулуп калды ошону алып устуно дагы кошуп 2мин шапка бердик,мен классташтарымдан эсепте эки жыл кеч калып кеттим ошого тирешип мед училищага тапшырам дедим,окмот башчыбыз сен университетке тапшырып иштей бер десе да болбодум.Ал жака да тааныш керек экен менин бактыма апамдын таякесинин бир кызы ошол жерде мугалим экен ага акчаны берип суйлоштук,бюджетке кобуроок акча сурады андай акчабыз жок эле контракка эле тапшырдым барып тест тапшырдым шапка бергенден кийин отот экенсин отуп кеттим.Ошентип студент болдум.Мед.училищанын фельдшер /Акушерка деген болумундо окуп баштадым.Ал жака деле аны кийем мынаны алып берин дебедим кучубуз жеткенин алдык даярдандык окуу башталды,квартира бир кадамжайлык эки кыз менен чогу чыктык алар менен тест тапшырганы барганда таанышканбыз.
Окуу башында аябай кыйналдык мед.терминдерди тушунбой айрыкча фамакалогия деген сабактан эч кимибиз даже эки албайбыз жаттайбыз аны агайды коргондо эле унутуп калабыз минус плюс деген гана баалар,биринчисеместир жакындаганда куроторубуз бир турк киши эле анча жардам бере албайт мен оз кучум менен тапшырдым анча мынча жерлерге тиги эдемди салам.Ошентип биринчи семестирде жалан беш бир гана историядан торт болуп калды аны канча кирсемда ондой албадым,эжем мейли эчтеке эмес ал деди ал мезгилде контракттагыларга биринчи семестирден отсон 25%скидка кантракка ал учун собесодование тапшырасын ошону тапшырдым отуп кеттим эми апама да женил болсун деп аракет кылам.Ар жумада уйго барып келем апам байкуш канча акча берсе ошону алып келип жеткирем эмки суббатада кайра жолкире кылып уйумо жетип алыш керек.Ар жумада 100-200Берет ошол да жетет Апам байкуш тез тез товарга барганча мага барып турат,менимче мага конуп калса керек эле дайым экообуз сырдашып уйдогу маселени экообуз чечебиз.Ар келгенде тигиндей мындай деп суйлошуп кайра кетет мага чай алып берип,камогубуз жакшы иштеп жатты ошонун кучу менен окудум башка каралашкан жардам берген тууганыбыз жок эле.
#16 08 Январь 2015 - 10:20
Мени туура тушунуп окуп турунуздар бул оор турмушту эстеп кайрадан жазыш ото оор экен,кыйналып ар бир кунду эстесем мээм кысылып кетип жатат
#19 10 Январь 2015 - 16:43
Мен жанагы жигитим жонундо толугураак жаза кетейин,аны менен эсепте кыз жигит болдук ми биздин мезгилдеги кыз жигит деген башкача болчу да.Ал мага мен ага суйлогондон уялчубуз ал менден улуу болчу,майрамдарда белек берип журду.Ал апасы ооруп оору канада жатканда мага айткан эле апам суйлошкон кызыны жок дегенде бир коройун барибир тойунду корбойм деп жатат барып келбейсинби деп.Ал кездеги жаштык,тартынчактык,
озумду баарын томон сезуу мен кантип барам деп болбой койгом.Азыр окуном ошондо барып койсом не деп,ошентип ал мага апасынын отконуно анын бир суранычын аткарбаганыма капа болуп менден алыста журду.Ал мезгилде мен он бирде окуп жаткам,бир кун магазинге кирип калдым ал жерде иштеген эже кошуна болот эле.Мени сынап карап тиги бала менен суйлошуп жатасынарбы деп калды,жоок суйлошпой эле дедим.Ал апасы олгондон кийин атасы уйлонуп алган эле ошондон кийин коп ичип кеткен болчу.Тиги магазинде иштеген эже айтып калды кече ичип отуруп сени соз кылды ал кызды алат элем кыз эмес экен дептир,сени ушитти дегенде заманам таарып жетип барып эле тигини олтуруп салгым келди.Куттум кантип барып жолуксам деп акыры ошону менен иштеген тааныш эже бар эле ошого айттым жолуксун деп,сабактан чыгып ошол иштеген ишкананын жанынан оттум.Мени коруп чуркап чыкты эчтеке суйлошпой туруп эле сразу сен неге анттин эмнеге таянып айттын деп кекиртен алдым.Унчукпады,
жер карап чындап кызсынбы деп кайра мага суроо узатты.Менин ичим орттонуп кетти азыр места тап азыр мен сага доказать кылам дедим,мен эчтеке билбейм азыр аласын деп туруп алдым.Менинда коктугум кармап аны жарга такап туруп алдым азыр кыздыгымды албасан кийин кеч болуп калат дедим.Аны да кыйнаган ушул нерсе экени корунуп турду ага ким антип айтканын деле сурабадым,негизгиси мен озумо ак элем.Анын кабинетине кирдик,кундузу эшикте жарык,менин деле козумо эчтеке корунбой эптеп эле озумду акташ керек болуп туруп алды.Кирип эле мени ооп жыттабайсын,
ашыкча нерсе кылбайсын бирок аласын дедим,ал антпесем кантем деди аны мен билбейм дедим.Ошондо аракет кылып алып койсо болмок экен азыр эстеп окуном.Ал эми озунукун.....
.... албады себеби мен колуну да тийгиздирбей туруп алдым,ошентип колунан келбеди.Мен туруп эми куноо сенде мен таза кызмын ким эмне десе ошол десин деп чыгып кеттим.Ошондон кийин ал ото коп ичип кетти арабыз ото эле алыстап кетти,коргон жерде гана салам алик болбосо жок .Биздин мектепте анын таякесинин баласы окучу биз менен тен башка класста,биздин акыркы конгуроо болгондо мен житинчи класска чейин окуган классташтарым да отурушка айтышкан эле алар менен отурушка барганда тиги бала менен таанштым.Ошол кундон тартып ал да мени суйуп калганын айттырып журду аны менен просто классташ катары суйлошуп журдум,классташ баламдын айтуусуна караганда уйундогулор тууган урук баары билишет экен бизди тиги экообузду.Окууну бутуп тиги классташ кызыма тигинин досу уйлонду тойго бардым,эми эле 17ге чыкканбыз балдардан тартынып бир чети коркуп аябай кызык болгон той.Эсимде калганы бир дос кызыбызды бир бала вальска тартса ыйлаган тушпойм деп,тиги менин жигитим да журду экообуз суйлошподук деле.Той бутуп баарыбыз уй уйубузго жоногондо бир кызга туруп турсун мен жеткирем дептир ото мас болуп калган эле,мен жок деп башка кыздар менен кетип калдым.Андан кийин тез эле ал да россияга кетип биротоло ажыраштык,дос кызымдын куйооосу анын досу болчу да ошого мени айтыптыр турмушка чыкмайын менда уйлонбойм деп кетиптир.Ошону менен ал экообуз туптуура жети жылдан кийин кочодо кокусунан туш келип калдык бирок мен тааныбадым аябай озгоргон эле.
#20 10 Январь 2015 - 17:12
Ошентип студенттик кундор да отуп жатты биринчи семестирден кийин бир 6-7 кыздарыбыз отчисления болуп кетишти аларга аябай боорубуз ооруп,бир чети кураторубузга жинибиз келип сен бизге жардам беришин керек эле деп эле туруп алдык.Эми окууда бир аз поддержка керек экенда мугалим тараптан биздин агайдын эн эле авторитети томон экен эле анын созун эч ким деле соз деп эсептебеди.
Акыркы экзамендерди тапшырып жатабыз биринчи семестирдин ошондо бир фармакалогиядан берген агай бар эле ошол агайдын группасы бутуп кетип жатат деп угуп,2-3 буз агайга барып суйлошуп сиз бизге куратор болуп бериниз болбосо биз экинчи семестирде копчулуктон дагы ажырайбыз дедик.Ал агайда каршы болбоду барып заявление жазгыла деди директорго эгер алар макул деп кол койсо мен силерди ушул азыргы окуп жаткан баарынарды окууну бутконгочо сактап калам деп соз берем деди.Андан чыгып эле директорго заявление жаздык аны талкууга алышты бизди чакырып себеби эмнеде деди бизда ачыгын айттык бизден ушунча кыздар отчисления болуп жатат кураторубуздан эч кандай жардам жок дедик.Бут училищаны бутка тургуздук алардын историясына ачылыш киргиздик,копко обсуждение болуп акыры кол койду директор да,кийин бул агай да жардам бере албаса дагы алмаштырбайсынарбы деп кулду.Биз жок бизге ушул агай эле болот деп соз бердик себеби биз тандаган агай аябай авторитети чон болчу тандообуз,ошончо чуркаганыбыз текке кетпептир озу соз бергендей бизди калганыбызды толук бутуртту.Анын созу соз айтканы айткан ото серьезный агай болчу,аны коргондо озубузда соз таппай жаттагандарыбыз абага учуп кетчу.Ошентип жаны куратор менен экинчи семестир башталды окуу конулдогудой болуп,ишенген биздин артыбызда турган адамыбыз бар болуп баарыбыз ойубузду бир жерге койуп окуп жаттык.Училищада анын тузулгонуно 50жылдык юбилей откоруло турган болуп калды,ошол жака 5-6кыз 2-3бала болуп тазалаганга бардык,ал жерде башка группадан да кыз балдар коп экен.Бир жаш агай бар экен бизди контроль кылганга зуб.техниктерге сабак берет экен ошону менен таанышып калдык.Эртеси юбилейге келгендерди тейледик той бутуп эл таркаганда идиштерди жууп тазалап кетмей болдук жанагы агай силер менен чогу кетем деп биз менен келди баарыбызды уй уйубузго жеткиришти.
Ошол кундон тартып тиги агай менен мамилебиз жакшы болуп баштады,бир кун квартирада олтурсак эшик такылдап калды ачсак жанагы агай турат мени чакырып кой деп,чыктым бир аз суйлошуп турдук анан кетти.Ошентип ортобузда мамиле башталды,ал аябай тушунуктуу,
оор,грамотный адам экен.Менде дагы деле жанагы ойлор бул менин уйу жайымды корсо ата энем ажырашканын билсе мени албайт деп ойлой баштадым.Бардык келечегимди,
озумдун бактымды да ушул нерселер менен жаап тосуп алган экенмин азыр ойлосом.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »