Ким кантип туздайт? Бадырың туздоо
#21 16 Август 2015 - 15:14
#22 16 Август 2015 - 16:46
#23 16 Август 2015 - 17:01
#24 16 Август 2015 - 17:33
#25 16 Август 2015 - 19:06
Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 16 Август 2015 - 19:17
#26 16 Август 2015 - 19:25
вызывает улыбку!
#27 17 Август 2015 - 16:13
#28 22 Август 2015 - 18:54
#29 24 Август 2015 - 19:03
#31 30 Август 2015 - 13:05
#32 01 Сентябрь 2015 - 23:23
#33 08 Сентябрь 2015 - 11:32
#34 09 Сентябрь 2015 - 21:00
#35 11 Сентябрь 2015 - 17:53
Ага чейин суу кайнатып алып , банкаларды даярдап алуу керек.Даяр болгон банкаларга бадырандарды тизип салып кошо чеснок, лавр жалбырак , кургатылган укропту кошо салып , кайнаган суу куюп узагы 20мин коюш керек.Уч жолу кайталап суу куюп токкондон кийин чёрный перецти салып туз кошуп акырында 3литрлик банка болсо бир чай кашык уксуз кошуп басып коюлат.Ширин туздалганын калоочулар болсо бир чон кашык шекер салса жакшы болот.
Мен дайым ушул жол менен туздайм , жакшы сакталат.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 11 Сентябрь 2015 - 17:54
#36 11 Сентябрь 2015 - 18:13
#37 11 Сентябрь 2015 - 20:39
#38 12 Сентябрь 2015 - 10:02
magic1721 (16 Август 2015 - 16:46) жазган:
Кадимкидей туурап туруп туздан кошуп аралаштырып, банкага салып коюп пайдалана бересинер.
Билдирүүнү түзөткөн: ayildik_kiz: 12 Сентябрь 2015 - 10:05
#39 12 Сентябрь 2015 - 10:31
#40 25 Сентябрь 2015 - 08:05
Бадыраң менен пияздан жасалган салат
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 2 кг
Пияз: 3-4 даана
Укроп: 1 боо
Уксус (9%дуу): 140 г
Шекер: 3 чоң кашык
Туз: 1,5 чоң кашык
Сарымсак: 3 тишче
Өсүмдүк майы: 1 стакан
Кантип жасалат?
Бадыраңды таза жууп, 0,5 см калыңдыкта тегерек кылып туурайсыз.
Пиязды шакекче кылып туурайсыз.
Укропту майдалайсыз.
Бул тууралган азыктарды чоң идишке салып, үстүнө калган азыктардын баарын саласыз.
Бөлмө температурасына 3 саат коюп коёсуз, бул аралыкта 2-3 жолу аралаштырып коюңуз.
Андан кийин отко коюп 3-5 мүнөт, башкача айтканда, бадыраң өзүнүн түсүн кочкул кылып өзгөрткөнгө чейин кайнатасыз.
Эми салатты ысык бойдон бууланган банкаларга куюп оозун бекитип, оодарып туруп жылуу ороп коёсуз.
“Күн желеси” салаты
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 2 кг
Помидор: 2 кг
Таттууболгар калемпири: 2 кг
Пияз: 6-7 баш
Кара тоголок калемпир: ар бир банкага 3 даанадан
Сарымсак: ар бир банкага 1 тишчеден
Укроп, петрушка: ар бир банкага бир бутакчадан
Ирик туз: ар бир банкага 1 чай кашыктан
Өсүмдүк майы: ар бир банкага 2 чоң кашыктан
Уксус эссенциясы: ар бир банкага 1 чай кашыктан
Кантип жасалат?
Жашылчалардыжууп, бадыраңды, болгар калемпирин, пиязды, помидорду 1 см калыңдыкта тегерек кылып туурайсыз.
Буларды чоң эмаль идишке салып туз кошуп, акырын аралаштырыңыз. Анан суусу чыкканча 30-40 мүнөт тыныктырып коёсуз.
Ага чейин 1 литрлик банкаларды буулап, кургатып коёсуз.
Андан кийин ар бир банканын түбүнө 3 даанадан кара тоголок калемпир, бир бутакчадан укроп менен петрушка жана бир тишчеден сарымсак салып чыгасыз.
Алардын үстүнө жашылчаларды ныгыра салып, бөлүнүп чыккан суусун үстүнө куюп коёсуз.
Толтурулган банкаларды чоң идиште кайнап жаткан сууга салып 25-30 мүнөт сыртынан кайнатасыз.
Өсүмдүк майын ысытып, андан ар бир банкага куюп чыгасыз да, банкаларды дагы 5 мүнөт кайнатасыз.
Аягында ар бир банкага 1 чай кашыктан уксус эссенциясын куюп тезинен оозун бекитиңиз.
Эми оодарып туруп жылуу ороп коёсуз.
Корейче даярдалган бадыраң
Кандай азыктар керек?
Бадыраң: 4 кг
Сабиз: 1 кг
Шекер: 100 г
Өсүмдүк майы: 1 стакан
Соя соусу: 2 чоң кашык
Уксус (9%дуу): 1 стакан
Туз: 100 г
Сарымсак: 3-4 тишче
Корейче сабиз үчүн татымал: 15 г
Кантип жасалат?
Сабизди кыргычтан өткөрүп аласыз.
Бадыраңдын эки учун алып салып, калган бөлүгүн төрткө бөлөсүз.
Сарымсакты майдалайсыз.
Өсүмдүк майына тузду, уксусту, соя соусун, шекерди жана татымалды кошуп аралаштырып маринад жасайсыз.
Тууралган азыктарды кошуп аралаштырып, алардын үстүнө бул маринадды куюп 5 саат тыныктырып коёсуз.
Даяр болгондо бууланган банкаларга куюп, сыртынан дагы 10 мүнөт кайнатасыз.
Андан кийин ооздорун бекитип коёсуз.