Кызамык — вирустар козгоочу катуу кармама жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө,
сүйлөгөндө,
чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Оору соо адамга вирустар менен булганган абадан дем алганда жугат. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер, айрыкча 2 — 10 жаштагы балдар ооруйт. Инкубациялык мезгили 16—21 күн
Кээде эти ысыбайт, жалпы абалы начарлабайт.
Көп учурда белгиси билинбей өтөт. Адатта оору кабылдабайт.
Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Кызамык менен кош бойлуу аялдардын оорушу өтө коркунучтуу,
себеби түйүлдүккө жугушу мүмкүн. Айрыкча 3 айга чейинки кош бойлуу аялдар ооруганда көп учурда тубаса өсүү кемтиги пайда болот. Кош бойлуу аялдар акыркы айларында кызамык менен ооруса балада аз кандуулук байкалат, ички органдары жабыркайт. Мындай балдар 18 жана андан көп айга чейин вирус бөлүп чыгарып, оору жуктурат.
Дарылоонун жолдору
Дарылоону үйдө врач жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңүүчү тамак берүү талапка ылайык. Оорунун алдын алуу үчүн оорулууну өз убагында соо адамдан бөлүп, өздүк гигиенаны сактоо зарыл. Боюнда бар аялдар мурда кызамык менен оорубаган болсо оорулуу менен жолугууга болбойт.
Кызамыктын тарыхы
Эң биринчи жолу кызамыкты 1740-жылы немис терапевти Ф. Хофман баяндап жазган. 1881-жылы бул оору расмий түрдө өзүнчө нозологиялык формада белгиленген.
1938-жылы жапон изилдөөчүлөрү инфекциянын табияты вирус экендигин далилдешкен.
Кызамыктын козгогучу 1961-жылы бир эле убакытта бир нече окумуштуулар:
П. Д. Паркман, Т. X. Уэллер и Ф. А. Невой менен табылган. 1941-жылы австриялык изилдөөчү Н. Грегг кызамык менен ооруган эненин түйүлдүгүнүн кадыресе нормадан тайпылуусун баяндаган. Эң көп жолугуучу кадыресе нормадан тайпылуусу-
челкөз (катаракта),
жүрөктүн кемчилиги жана дүлөйлүк. Мунун баары "Тубаса кызамыктын классикалык синдрому"
деген атка бириктирилишкен.
Баракча 1 - 1
Кызамык же кызылча оорусу Экоонун айырмасы кандай
#2 04 Февраль 2015 - 13:37
Кызылча
— катуу кармама жугуштуу оору. Анда эт ысып, жөтөлүп, мурун бүтүп, үн каргылданат,
көздүн, ооздун былжыр чели сезгенип, териге кызыл бүдүрлөр чыгат. Кызылчаны вирус козгойт. Оорулуу чүчкүргөндө,
жөтөлгөндө анын шилекейи, какырыгы менен вирустар абага тарап, соо адамга өтө тез жугат. Кызылча менен бардык кишилер ооруйт. Ооругандарда туруктуу иммунитет пайда болот. Көбүнчө 5 жашка чейинки балдар ооруйт. 3 айга чейинки балдар демейде оорубайт, анткени ага бала кезинде ооруган эненин иммунитети берилет. Бала кезинде кызылча менен оорубаган энеден төрөлгөн балдар 3 айга чейин деле ооруп калышы ыктымал.
Оорунун мезгилдери
Бельский — Филатовдун тактары — беттин ички капталындагы Коплика Оору 4 мезгилге бөлүнөт:
1) жашыруун мезгил 6—18 күнгө созулуп, организмдеги вирус оорунун белгисин пайда кылбайт;
2) башталыш мезгили 3—4 күнгө созулат. Мында оорулуунун эти ысып, мурду бүтөт, жөтөлүп, үнү каргылданып, көзү кызарып жаш агат. Бара-бара оору күчөп жарыкты карай албайт, бети шишимик тартып, какылдап жөтөлөт, кээде тамагы шишип, жалган круп болушу мүмкүн. Бул мезгилде түпкү азуунун тушундагы уурттун былжыр челинде майда ак тактар пайда болуп, кызыл бүдүрлөр чыга баштаганда ал жоголот. Таңдайга кызыл тактар чыгат. Балдар чыргоолонуп, начар уктайт, тамакка табити тартпай бат-бат суюк заңдайт. Чоңураак балдардын башы, ичи ооруп, мурду канашы мүмкүн.
3)Үчүнчү мезгилде кызыл бүдүрлөр чыгып, эти кайра ысып, абалы начарлайт, тамагы кызарат. Кызыл бүдүрлөр адегенде бетке, кулактын артына, чекесине чыгат. 2-күнү денени бүт каптайт, 3-күнү буту-колуна чыгат. Көп тердегендиктен тери ным тартып турат. Кызыл бүдүрлөр 3—4 күндө чыгып бүтөт. Кол-бутка бүдүр чыга баштаган күнү беттеги тактар күрөң тартып, өңү өчө баштайт, башкача айтканда
4)төртүнчү мезгил башталат. Ал мезгилде жогортон төмөн карай бүдүрлөрдүн өңү өчүп, процесс 7—10 күнгө созулат. Эт ысыганы басаңдап, баланын абалы жакшырат. Кызылча кээде жеңил, ошондой эле оор өтүшү мүмкүн. Жеңил түрү көбүнчө 4— 5 айлык балдарда учурайт, 6 айдан өткөн балдарда оор формасы байкалат. Кызылчанын кабылдоосу өтө коркунучтуу, андан өпкө, ортоңку кулак сезгенет, тамак шишийт, ичегилердин иши бузулат. Анын алгачкы белгилери байкалар замат врачты чакыруу зарыл.
Дарылоо
Дарылоодо гигиеналык чаралар, диета, оорулууну багуу чоң мааниге ээ. Оорулуу жаткан бөлмөнү жакшы желдетүү, жылуу мезгилде баланы абага чыгаруу же ачык терезенин түбүнө жаткыруу керек. Жарыкты карай албай калганда бөлмөнү караңгылабай эле оорулууну жарык жакты каратпай жаткыруу жетишерлик. Терини сүртүп тазалап, ооздун ичин чайкап, суюктукту бат-бат ичирүү, көздү кайнак суу же бор кислотасынын 2%түү эритмесине малынган кебез менен сүртүп туруу зарыл.
Алдын алуу
Алдын алууда анын белгилери билинери менен баланы башкалардан бөлүү керек. Диагнозу аныкталгандан кийин бала барган бакчага сөзсүз билдирүү зарыл. Кызылча айрыкча 2 жашка чейинки же ден соолугу начарлаган башка курактагы балдар үчүн өтө коркунучтуу. Кызылчага каршы эмдөө анын алдын алууда өтө чоң мааниге ээ. Эмдөө 10—12 айлык кезинде жасалат. Кандайдыр бир себептер менен эмделбей калган балдар кызылча менен ооруган кишиге жолукса гамма-глобулин колдонулат. Аны куйгандан кийин кызылча менен оорубайт же ооруса да жеңил өтөт.

Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#3 04 Февраль 2015 - 13:39
Мындай тема болсо кошуп коюунуздарды сурайм, издеп таппадым. Азыр эле бир врач эжеден айырмасын сурасам экоо бир эле дегенин атайын изилдеп карап чыгууга туура келди, мага окшоп айырмалай албагандар учун кереги тийип калса
Медик эмесмин, ошондуктан так аныгын билгендер болсо жазып кетесиздер деген умуттомун, эмнеге аталышы эки башка, окшоштуктары кандай деген суроолор болуп жатат

Билдирүүнү түзөткөн: jasi: 04 Февраль 2015 - 13:42
Аллах прошу тебя храни людей которых я люблю...
#4 04 Февраль 2015 - 13:47
Кечиресиздер,
таап алдым
КЫЗАМЫКТЫН КЫЗЫЛЧА ООРУСУНАН АЙЫРМАСЫ
Кызамыкта: дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, мурун жана үн бүтүп, чимкирик көп агат. Күрсүлдөгөн жөтөл жаралат. Көз кызарып, чылпактайт. Таӊдайда кызыл тактар, ал эми жаактын ичиндеги чел кабыкта топтошкон ак чекиттер пайда болот. Денеге жыш кызыл бүдүрчөлөр ооругандан 3-4-күндөрү чыга баштайт (алгач кулактын артында, моюнда, бетте пайда болот, анан кийинки күнү денесине, колуна тарап, акырында буттарына чыгат). Оору кабылдап кетсе бронхит, пневмония, менингоэнцефалит жана башка ооруларга алып келет. Бойдогу балага терс таасири жок.
Кызылчада: дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлөт. Мурун, үн аздан бүтүшү мүмкүн. Чимкирик аздан гана агат. Жөтөл да аз болот. Кызыл бүдүрчөлөр адам ооругандан кийинки күнү эле дененин бардык бөлүгүнө бир маалда чыгат, бирок жыш эмес. Аял кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында кызылча менен ооруса, ичтеги баласына терс таасири тийип, бойдон түшүү же бала майып болуп төрөлүшү мүмкүн.
Көз кызарбайт, чылпактабайт, жаактын ичине жана таӊдайга так, чекиттер пайда болбойт.

#5 06 Февраль 2015 - 23:39
Кызылча кєп учурда (ветрянка) бала кезде чыгат.
Ал денени дароо каптап чыгат да, ошол бойдон
токтойт. Кызамыкты коомдук жайдан жуктургандан
кийин анын белгилери эртеси эле билине калбайт.
Өзүнүн жашыруун мөөнөтү бар десек болот. 9
күндөн 17 күнгө чейин вирустун белгилери чыгат.
Алгач грипп, сасык тумоо болгондой белгилер
байкалат. Адамдын дене табы 39-40 градуска чейин
көтөрүлөт. Жөтөл пайда болуп, мурун бүтөт. Дем
алуу оорлошот. Өйдөдөн ылдый көздөй денени
кызыл темгил тактар каптай баштайт. Кызамык
менен адам өмүрүндө бир эле жолу ооруйт. Бул
дартка бир кабылгандан кийин организминде
түбөлүктүү иммунитет пайда болуп экинчи жолу
оорубайт. Кызамыктын кооптуу жери – мээге доо
кетирет, эгер оору өрчүшүп кетсе адам каза болуп
калат.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
Баракча 1 - 1