Aitun Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 97 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (46 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 05 Март 17
- Кароолор:
- 14 189
- Соңку аракети
- 21 Фев 2019 22:10
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 35 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 13, 1989
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Алтыным апам
Жазылган күн: 24 Май 2017
Апам атама турмушка чыканда болгону 17гана жашта экен. Атам жана апам дегенда тема ачкам катта болсо кечирим сурайм. Апама акыркы 3жылда келсем эле кечке атам жонундо соз кылат. Былтыр тай энем отуп баарыбыз тай энеми комгон сон тай эжелерим тайкелерим менен чер жазышып отурсакда апам атамын кылыктарын айтып элдин баарын бирде културуп бир сыйра ыйлаткан. Атам бар видиолорду дисктерди койсон эле дей берет. Же тагдыр же бешене же Алланын сыноосубу 1,5жарым ай болду тошоктон турбай калды. Атамы алган цирроз печени деген оору апамада жабышты калды. Чуркабаган барбаган эшигибиз калбады. Операция болбойт. Жон гана поддерживающие лечение кылабыз дешти. Агада макул болуп эки жолу больницага жатып чыктык. Экинчисинде болду жакшы созунор менен жакшы тамагынарды аябай карай бергиле тарактатып ар жака алып барып апаны кыйнай бербей дешти. Ары карап ыйлап апамы карап жылмайып уйго алып келдик. Акыркы уч кундон бери бут бардык нерсени дайындап баштады унуда жакшы чыкбай тилида булдуруктап созу тушунуксуз болуп. Кулагыма келме айт дейт. Жакын отуруп кулагына тынбай келме айтып атам. 27жашымда апамын коз алдымда ушундай азап чегип атканы ичиме туз куйгандай эле ачышып атат. Колуман эч нерсе келбей Алладан апамы кыйнаба жаратканым деп тилеп калдым. Ыйласа аалам астын устун болгондой сезилет. 15-июлда 60жашка чыгат 60жылдык той кылабыз деп кыялданат элек. Ээ жараткан апама берген дартынын дабасын кошо бер. Эч кимдин апасы азап чекбесин. -
Бүгүн ойгонгондо оюңузга биринчи эмне келди?
Жазылган күн: 29 Мар 2017
Ушундай башка жакта тема болсо байкабай ачып алсам кечирим сурайм. Турганда эле бир адам эсиме келди, канти экен деп. Коптон бери суйлошбой кабарлаша элек болчум) ишке келсем чалдыыыы)))))) Буйруса кун соонун башталды) Баарыныздардын кунунуздор ийгиликтуу конулдуу улансын)))) -
Жер тоголок, эки адам сөзсүз жолугат дегенге ишендим
Жазылган күн: 28 Мар 2017
Бугун уйго жакын магазинге токтоп кирип продукты ала кетеин деп айланып жургом. Жумуштан кийин чарчап аран басып. Кебетемда укмуш))) бир келин иштейт кассир болуп жакындан тааныш эмес болсокда сыртыбыздан бири бирибизди тааныйбыз. Менда алда коргон жерден "здрасти" деп отмойубуз бар) бою узун арык дагы, толук дагы эмес кара тору келин. Кассага эми эле келгенде убагында мени жакшы эле ыйлаткан жигит турат. Тиги кассир келин ага эркелеп бир нерселерди суйлоп "какао алып алынчы"дейт. Жети уктасам тушумо кирген эмес ошол жерден жолуктуруш))) Мээ сага мине кылам артымда адамдар бар. Продуктыны таштап басып кете албайм. Актрисалыкты включать эттим. Олмуштонуп таанымаксан болуп турам. Бутум тиземе чейин иштебей калды)))) ага чейин байкабай аткан бир маалда бир карап эле улам улам карайт. Сыйпаланып ал сыртка чыккыча мен атып чыктым шарт кетип калайын деп. Артымы карап издеп билдирбеин деп туура машинага барып арткы салонго пакетти салсам артыман "Кандай Н..." дейтгооооо. Учурашып 10мин суйлошуп туруп калдык. Кебетеми айт иштен келе жаткан элем. Эскииии курткачааан красавка бутда. Чачтын кебетесин айтбай эле койоюн. Ооллло уялдым. Жолукан жерин кара эшек деп. Эки уулду болуп калыптыр. Анан мен дагы деле журом темселеп дебейин деп, менда турмушка чыктым эки кызым бар деп урдуруп коё бердим))) тамашага салмыш болуп " Кандек иттин каарыганы билинбейт" дагы деле ошол эле бойдонсунго дейт эшеееееек -
Атам менен апам.
Жазылган күн: 27 Мар 2017
Атам менен апам жонундо жазгым келди.. темадан адашсам кечирим сурайм. Атам рааматылык озгочо жан эле))) Торолгондо эле экиге чыкбай оз энеси кайтыш болуптур. Кийинки чон энебизда жакшы аял экен оз баласындай тарбиялап эрезеге жеткириптир. Тилеке каршы мен торолгондо чон энемда чон атамда чон энемда ааламдан отушкон экен. Атам уйлонуп торт балалуу болгондо аялы оорудан кайтыш болуптур. Анан чон атам апамы алып бериптир. Апамы жаш деп омур бою сыйлап бири бирине болгон сый урмат атамын козу откучо болду десем жанылышбайм. Атам аябай жумшак тамашакой киши эле. Апаман акча сурасак мени саткыла базарга апарып десе атам сени алса давно эле сатып жиберет элем дечу биз жыргап эле кулуп жатып калат элек. Апам 12жыл торобой журуп 1уул 2кыз тороптур эжем экообуз барбыз акем кайтыш болуп кетти атаман кийин. Дагы атамын кылык жоруктары эле коп эле. Же бизге ушунчалык кызыктуу эле. Мен олсом деп эле кошок уйрото берчу))) анан апамада ааа деп ыйлап отурбай мен олгондо кошок кош. Кетменди катыра чапкан тором, балпайтып нандарды тапкан тором деп кош десе апам сиз качан кетмен чаптыныз эле деп чычалап кетет эле)))) атам менен апама бир болмого эки башка кылып чооон кылып тошок салып берет элек 7-8киши бата турган жерге экоо жатат эле. Анан апам биз жаткан болмого кирип бизге суйлоп отуруп чыкса эле, атам апам жаткан тошокту ойду гелди кылып бузуп койот эле апам иий шорум тошокту ондо атан бузуп коюптур дейт эле барып минеге минтиниз десем жатбайт экен деп жыйып койдум дечу)))))) Москвадан барып уктай берсек кызым уйкудан карыз болуп келиптир деп элдин баарына айта берет эле))))) апам токтогул районунан болот тайнемкине бир жылда бир же эки эле жолу барат элек. Анан апам атама 10кундой журом деп кетет элек. 3кун откон сон кайра келип калат элек. Бизден мурда апам шашат эле атан мине болду экен деп))) келип калсак атам сени токтогулга кетти деп жайып буто электе келесинда деп тамашалашып калчу)))) эсимде бирде тайнемкинде бир кун мурда кун чайытай ачык эле турсак жамгыр каар аралаш жаап атыптыр. Апам атан мине болду экен очоко от жагыштан зээригип жата берет деп Токтогулдан жамгырда жолго чыканбыз азыркыдай машина кооп эмес. Тайнем раматылык урушса да болбой келе берген бизди алып. Келсек айткандай атам чай ичбей жаткан экен. Апам учун атам бут баары эле озу айткандай атамда апамда ээримда бир тууганымда атан деп калчу. Уйдо келиндер болсо деле атам бир жактан келсе апам жаш келиндей озу чуркап чай койот эле) бир жака кетсе жаш баладай улам жолго чыгып карай берет эле. Бирде атам менен апам бир айылга атанып калышты. Кайдан жайдан атамын эсине эски плащы тушуп кетиптир тап ошону кийем деп туруп алды. Аныда жон койбой апам бир подушканын ичине тыгып тигип чалыптыр. Атамын бир созу закон эле шашканда издегеибизди айт подушкаларды жибин согуп баарын ачып карап таап бергенбиз))) атам жайында тоого бербей эрмектейм деп торт беш кой уйдо алып калчу. Анан огородун этегинде чоон канал бар эле каналдан отуш учун кочонун этегинен копуродон айланып отчу элек. Атам каналдын ар жагында кой багып журуп апама гудок таштайт эле. Апам мине болду экен деп чуркап куйугуп копуродон отуп келсе артымы тырмап берчи дептир)))) эстеп кулуп эле журдук. Уйдо да апам отурса турса ииий бутуп дей берчу. Анан телефону дайым телевизордун жанында турчу. Атам апама гудок таштаса апам ооруган буту эсинде жок эки атап телефонго жетип барчу жеткенде очуруп койот эле)))) апам суйлонуп эле отуруп калат эле. Ошончо жашап бир жолуда апама кол которбой кол которуш биякта турсун каттуу ун чыгарып урушканын корбодум. Апам бир нерсеге жиндеп кыйкырып суйлоп калса атам бизге апан жаман а деп койот эле болду. Бизге болушканычы апам чуук которуп келсе атамын артына жашына калат эле атам апама муштумун корсотуп ким менен туушкан экен ушул деп кулуп койот эле)))) чындап косяк кылсак)))уктамыш болуп жатып алат эле апам суруп чыгат эле ой боюма койбой))))) болбой эле бей баш болуп баратсак урушуп уруп отурбай апан олуп кетсинби эми апасы жок калгыла деген созу биз учун эн жаман эле. Чоон болуп калсам деле сербендеп Москвада журосун гибирейген жанынан деп эркелетчу атам учун мен кичинекей кыз элем козу откучо. Биз барсак созсуз кой союп туло откорот эле алтын башы аман келди деп. Атамын отконуно торт жылга жакындап калсада апам кун алыс атамы эстеп ыйлайт. Уйго барган куну тан аткыча атамын кылыктарын айтып чала була ыйлап кайра кулуп суйлошуп отурабыз. Атамын бир буту бир бутунан 10см кыска эле аксап басчу. Кантип тийгенсиз десем билинбейт эле дейт апам. Озунун характери апама болгон сый урматты менен озунон 18жаш кичуу адам менен очор бачар жашап отту деп ойлойм. Он балам болгуча осурак чалым болсун деген чын экен деп атамы эстеп калат))) майрамдарда апамы эч унутчу эмес дайым бир нерсе белек кылчу. Эрчишип бир жака кетишсе созсуз бир приключение болот эле. Келип айтып беришсе тоголонуп кулуп жатып калчубуз. Ар дайым аталар апалар аман болушсун бешенебизге. Сиздерда уйдогу кызыктуу окуялардан жаза кетиниздер))) рахмат. -
Гүлдөбөгөн алма
Жазылган күн: 21 Мар 2017
Бугун менда бул окуяны жазууга бел байладым. Канчалык денгээлде коркомдоп жазып сиздерге жеткире алам билбейм. Суранам жакбаса жон эле окуп чыгып кетиниздер. Ар бир адам суйушко суйулушко укуктуу. Журоко буйрук берип болбойт. Конулун эмнени кааласа ошол нерсеге ыктайсын. Менда оз башымдан отбосода жан дуйном менен сезип жазууну чечтим. Биз зомби эмесбизда сезебиз туябыз. Анда алдына ала актана бербей созду баштайын)
Жайкы аптап адамды тез эле алсыратып уйкуга тартат эмесби Зарылда кечке уктап туш оогондо аран турду. Эшике чыкса келини инисинин келинчеги чай даярдап аке чай ичип алын дей жаркылдады. Ичинен келинге ыраазы боло чайын ичип кочого чыкты. Жаны эле алган Рендж Ровер машинасын сынамака ош бишкек жолуна айдап чыгып газды басты. Ошол замат алгачкы машинасы эсине тушту. Тээ алыстагы тоолорду коруп ичиндеги уйгу туйгу сезими Элнурага деген сагынычы демин кыстыгып аба жетбей бараткандай сезилди. Анда Зарыл жаны университети бутуп келген. Зарыл колунда бар жердин жалгыз уулу эле, уч кыздан кийин зарлап жараткандан тилеп алган учун ата энеси Зарыл деп атын коюшкан. Жалгыз уул болуп эркелеп чонойсода сабакты жакшы окуган жургон турганы менен башкалардан озгочолонуп турчу. Ошентип окуусун кызыл диплом менен аяктап ата энесин дагы бир жолу суйунту. Атасы Зарылдын дипломун жууйбуз деп тууган туйшканды Астанбап жайлоосуна чакырды. Элдин козунчо уулуна ауди улгусундогу унааны белеке берди. Ал Зарылдын алгачкы унаасы эле. Ошол куну Зарылдын журогун машина эле эмес Элнурада озуно каратты. Элнура ал жылы мектепти аяктап жаткан. Ак жумал арык чырай чачы узун кыз коздору бакырайып бат эле Зарылды озуно арбап алды. Демейде кыздарды сурдоткон Зарыл, Элнурадан сурдоп айбыгып жатты. Телефон номерлерин алмашышып кеч киргенде ар ким оз уйлоруно эс алуудан кайтып кетишти. Ошол жылы Элнура оздору жашаган шаардагы колледже окуусун улантса Зарыл ошол шаардагы банкта иштеп калды. Билинбей убакыт ото берди. Зарыл Элнураны Элнура Зарылды суйсо да Зарылда кайда бармак деген сезимдер пайда болду. Ал досунун тоюнда бул досунун тоюнда кыздар менен тааныша коюп анча мынча мамиледа куруп журду. Элнура баарына теригип сурап ыйлап журбой Зарылгада айтбай Москвага келе берди. Элнуранын кеткенин элесда алган жок. Кетсе келет деген ой менен жашап журду.
Комментарийлер
Aitun ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?