Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 25 Март 2016 - 14:16
Менин өмүрлүк жарым мактайбыз
#21 25 Март 2016 - 13:16
#22 25 Март 2016 - 14:13
#23 25 Март 2016 - 14:29
#24 25 Март 2016 - 14:42
Shanson (25 Март 2016 - 14:29) жазган:
Аял затыны ушул жерден байкасаныздар да болот) ).Канчалык кен пейил, куйоосу чындыгында ошондой муноздорго ээби же жокпу, барибир мактап, барына ыраазы болгон кен пейил жанбыз да) ))...
#25 25 Март 2016 - 14:54
#26 25 Март 2016 - 15:31
Турмушка чыкканыма, жана жолдошумдун жары экенимден бактылуумун, жана Аллахка шугурлор келтирип отурам. Кээде отуруп кайсы жеримен Аллахка жагып ушундай бакытты мага насип этти экен деп да ойлоном. Альхамдулиллах, жолдошум менен эки дуйно бир болгум келет.
#27 25 Март 2016 - 15:52
#29 26 Март 2016 - 11:04
Таак ичпейм чекпейм левый жактарга, жаман кыздарга барбайм,
Анда мындай жашоонун эмне кереги бар дебейсиңерби а у а хаха ха
#30 26 Март 2016 - 12:55
#31 26 Март 2016 - 13:07
Анда эмесе мен чон атанарды мактап да учуру келсе саал жамандап да кетким келди анткени турмуш чындыгы.
Экообуз ал 22 ,мен 18 де баш коштук.Алгач босогону атаганда эле кайнагамдын аркалакты жогот деген соз менен мен астананы аттадым.Турмушубуз татаал жол менен башталса да экообуздун ынтымагыбыз, ай рыкчса ал кишинин чексиз мени суйоору менен кана биз катаал тагдырды женип чыктык.Бир сындырым наныбыз болсо да жок деп муйубай,жокту баркылганга, азаптуу турмушту,балалык байоо сезимибиз менен жаштыгыбыз менен жендик десек болот.ЭКООБУЗ бир болгондо ойундан башыбыз чыкпайт эле мага эмне кана ойундарды уйротподу,карта, домино,шахмат женилип женип ит жыгылыш болуп эле атаар элек.Кийин шаарга келгенде эрчишип барбаган жерибиз,сейил бактарыбыз калбаган.Эрчишип тенис да коп ойнойт элек.,канчага ойной элек билбедим го бир куну бир аксакал озбек чал келип кызым онуно,журум турумуна бул ойун шай келбей калат экен кызым бул ойун эркектер учун деп мени уяткарган кундон бала кезимден суйуп ойногон тенистен кол жуудум.
Бизде да тааруунулар болор эле бирок кобунчо менден болор эле...
Чон атабыз мени кызганар эле бирок эч мага сен деп суйлобойт эле.Мага соз айткан же карап тийиштик кылган адамды жанчып салат эле да такси менен уйго алып келер эле.Дайыма журогум тушуп коркор элем бирок уйдун босогосун атаганда эле мени эркелетип жакшы соз суйлор эле.Кинодо болобу? тиатырда болобу ушул жорук коп болот эле...Мен ойлонуп корсом,каталык менден кетип атыптыр.Мен чачымды остуруп,кийимимди оштукча кийине баштадым биздин чыр токтоду...
Биздин чон атабыз жаш кезинде ичкилик оозуна албаган,чекпеген бирок спортсмен эле.Бир тангааларлыгы бул соргунуп суйлонгон адаты бар экен эле,мен биринчи жолканда эле согунгон адамды жек корорумду эскерткем ошо ошо болду согунгонун таштады.43 жылдын ичинде эненди деп журогумду оорутуп сокподу,этимди оорутуп урбады.Жаш кезимде акесинин уйуно барбайм деп тилимди агытып жаагыма шапат жедим,журогум сыздап кетти бирок ойлонуп корсом айып менден кетти бирок ал менден кечирим сурап жаман акыбалда болду,мен озумду ынгайсыз сезгеним эсимде,жанылыштыгымды сезип жаман болдум.Бул катамды ондошко ойлонуп калдым.Эт менен тырмак ажырабагандай эки бир тууган да ажырабасына, ажырашса журоктору оорушун бир сездим,каталыгымды ондодум.
Экинчи шапаты эч айыпсыз уйдун астында,эки айлык наристемди которуп,турган жеримде,элдин козунчо жедим арадан торт жыл откондо ,эч айыпсыз достору менен мелдешип жегенимди укканда не кулорумду не ыйларымды билбей бирок чон атадан бир карыш ыраака кеткенимди сездим.Достору менен ичип отуруп уралбайсын, аялынды суйуосун,кол которо албайсын дешип мелдешишкен экен эле...Журогум тушкону ушунчалык колу ойдо которулсо,козуму жуумуп селейе тушо калчуу болдум ошондо озу ыйлап туруп кечирим сурады,мен ишендим.Созуно турду турмушумда эки жолу шапат жедим,мага ото сабак болдуу
Экобуз торт балалуу болсок да кыз жигиттей колтукташып бирге коп журор элек.,баары суктанар эле.Балдарын жанынан артык суйуп,балдары учун баарын жасаар эле.Ата энеси жок болгондуктан ,бир туугандарын ото жакшы корор эле ото камкор эле.Биз барганда мен атап кийим кечек берсем жаш баладай суйунор эле.ошонума раазы болот эле.Биз ото бактылуу жашадык.Иш десе ишибиз бар,эл катары тиричилигибиз бар,кыз десе кыз,уул десе уулубуз бар.Эл кордук,жер кордук жакшы жашадык...
СССР тарады ишсиз калдык ошол учурда 11 жан элек.Чон атабыз тартынып уялып журуп базарга чыкты,эмне кана сатып корбоду бирок эч жолу болбоду.Балдар жаш асты студент калганы мектепте...Менин кол чеберчилигим менен кана кун коруп калдык бул турмуш чон атабызга оор тийди.Ишсиз калганы оор тийеби кочодо кобуроок журуп шахмат,чечпеш ойундарына ооп кетти.Туну куну кээде тан эртен келет.Жаман жолго баспасына козум жетип турса да мен уктай албай кыйналаар элем,жаман адамдарга туш келип калбаса экен деп коркор элем...
Бирок эч сыр билгизбей келдинби,курсагын ачты го деп тозуп алар элем.Турмуш да бир аз жолуна тушуп,эки балам эки местада,жайма базарда соода кылып калышты.Менин тапканым тамак ашка жетип балдардын тапканы кийимге жетип бир аз оноло баштадык...
Жаманчылык бир келбейт экен удаа удаа ата энем отуп кетти,мен кайгынын сазына кирип кеттим.озумо келишим кыйын болду.Жылдар отуп чон атабыз уч бир тууганынан, жети жээнинен ажырады менден отуп ал куйутко кирип кетти.Куйуттун арак менен баса баштады.Арака ооп баратты.Бир кездеги бизге болгон суйуу очуп баратты.Козунон мээрим очуп баратты.Токтотушка мен алсыз болуп калдым,
Мен турмуштан ото кыйналдым,балдарым чонойуп эрежеге жеткенде,кудаа соок кутоордо турмуштун катаал жолунда турдум.Канчалык жек коруп баратсам да аны журогумдо актап,тазартып жууп турдум,мен ото кыйналдым.Арак деген жек сурду жек коруп,ушул арак олгурду изилдеп тапкан адам онбосун деп ойлонор элем...
Акыры айдын жарымы чыгып бизге ай да толду.Мына арак олгурду оозуна албаганына он жылча болду го.Биз жендик...
Азыр балдары машина алып берген,неберелер менен балдардын сыйын коруп,дагы да ынтымактын туу чокусунда жашап турабыз.Бир жолуу уч бирдей бир тууганынан айрылган жээни боздоп ыйласа,Чон атабыз минтип эл козуно ыйлаба,уят,анадан коро ээн жерге барып,эч ким жок жерде бакырып,бакырып ыйлап ал ошондо женилдейсин десе.Менин козумо машинасын токтотуп ээн жерде боздоп турган кебетесин элестеп ото жаман болдум.Куйут, айрыкча бир боордон ажыраган куйут чон атабызды жыгып баратканын сездим да неберелерин ортого салдым.Азыр ойлонушка да убактысы жок неберелеринин менчик шаферу...
Ошон учун турмуш бир калыпта журбойт экен да.Онгону кутсом да мен чон атам ичип,бизге азап берерин кутпогом.Ошон учун турмуштан баарын кутсо болот бирок чыдасан,сабыр кылсан баары отуп кетет,турмуш озу откунчуу...
Азыр эми кудайым берген омурдуу суруп атабыз,бир айылдын аксакалы,суйумду ата,суйкумдуу чон ата,таята,чон бир уй булоонун мээрбан атасы, арка тараптан жетелеп келген аялынын боорукер началниги
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 26 Март 2016 - 13:30
#32 26 Март 2016 - 15:38
#33 27 Март 2016 - 21:40
#34 27 Март 2016 - 22:11
#35 28 Март 2016 - 18:12
Жаңы үйлөнгөндө "катыным" деп айтсам таарынымыш болгон. Акыры көнүп калды. Бирок, бул сөздү эле колдоно бербей "жубайым" , "өмүрлүк жарым", "келинчегим" , "аелим" ж.б. ага жагымдуу сөздөрдү аралаштыра берем.
Мен кээде отуруп таң калам, менин кабак-кашымдан эмнени ойлоп отурганымды, бир нерсеге кыжаалат болуп атканымды же бир нерсеге сүйүнүп атканымды билип коёт! Шумдугуң кууур дейм. Мүмкүн бардык эле аелдер ушундай чыгар, бирок, мен таң калып бүтпөйм. Чочуйм бир чети, секретный нерселерди билип койбосун деп )).
Кээ бирлер кайын энеси менен же кайынсиңдиси менен же кайнежеси менен келишпейт экен (ушуяктан окуп калып жатам). Биздин кожойке болсо кайнатасынан баштап кайнежелерин баарын колго алып койгон! "Келинжан" деп айланып-тегеренип турушат эй! Атам экөөбүз анча деле сүйлөшө бербейбиз (мүмкүн эркек болгондуктанбы? ). Бирок, атасы келини экөө чай үстүндө болсо да, телефондон ал-акыбал сурашканда да менден узак сүйлөшүшөт. Кийин мен келиним менен мындай сүйлөшө албасам керек.
Тамак жагынан болсо эч бир жалоб жок. Бир жаман жери күнүгө чалып же вотсап/фб аркылуу жазып "эмне тамак жасайын" деп тажата бергени болбосо.
Мен бирөө кино көрүп атса ортосунан кошулуп көрүп кетүүм кыйын. Мен үчүн кинону башынан баштап эч бир үнсүз көрүп ар бир сөзүнө түшүнүү керектиги өзүнчө эреже. Ошентип кино көрүп отурганда келип алып ортосунан "бул ким?" же башка суроолорду берип алаксыта бергенде ачуум келип кетет. Бир-эки жолу катуу айттым. Болбоду. Анан "бул жакшы киши", "бул жаман киши" деп айтып коюп акыры ушундай кылуу жагына токтолдук. Жакшы же жаман киши экенин билгенден кийин мага кошулуп унчукпай көрүп отурат. Кинону унчукпай, комментарий айтпай көрүү керек экендигин билип калган. Көрүп деле кыйратпайт. Жаман күйөөсүн кучактап уктап калат. Ошол кезде ичим элжиреп кетет...
Бир темада "өкүнбөйсүңөрбү? " деген суроо коюлган эле. Ошол суроого бул билдирүүм менен кенен-кесири жооп бере алдым деп ойлойм.
Кыскасы, мындай аел эч кимде жок, менде гана бар. Аны өзүнө да айтып турам. Бирок, бул жакты окубайт. Же, окуйттур, анысын билбейм. Окуп алса көөп кетип жүрбөсүн, кой, ушуну менен жыйыштырайын. )))
#36 29 Март 2016 - 15:54
#37 29 Март 2016 - 22:10
Shanson (28 Март 2016 - 18:12) жазган:

Ииий сонун жазыпсызго. Бактылуу болунуздар.
Мен жаныма кайрылып койойунчу )) менида бииир мактап койбойсбу )))
Билдирүүнү түзөткөн: Woman.: 29 Март 2016 - 22:10
#38 30 Март 2016 - 10:20
#39 30 Март 2016 - 10:35
#40 31 Март 2016 - 01:46
witmoon (23 Март 2016 - 20:49) жазган:
Temalardy okusam baary ele turmushtan zapky korgndoi. Tiginisi kainyn jamandap, munusu kuioosun jamandap jatkan bildiruulor kop. Oiloit ekensin anan, turmush kurgan bir jyrgagan adam bar boldu beken dep.
Bul temaga turmush kurup azyrky maalda baary sonun bolup jatkandar jazyp ketsener boidoktorgo stimul bolsun Misaly, "Men turmushka balanchanchy jyly chyktym. Myncha balaluu bolduk. Kuioom urbait / ichpeit / chekpeit / internette erotika korboit / kyzdar menen suiloshpoit / kainenem meni synabait / kaiyn sindilerim meeni chakpait / aialym meni ugat / tamak sonun jasait / toshokto bolso ort )) j.b.u.s.
Kyskasy, positiv bildiruulor.
Кхм, кхм деп мен баштайынчы . Жолдошум экөөбүздүн турмуш куруп жашаганыбызга быйыл сегиз жыл болот экен. Сегиз жыл аралыгындагы оош-кыйыштарда бири бирибизди жөлөп-таяп эле келе жатабыз. Жолдошумдун жакшы жактары оголе көп экен. Ичкенде чогулган жерде татып коюшу мүмкүн, кээде суусап болбой кетип атса пиводон апкелип муздатып ичет. Чегет(таштайм деп убада берип жүрөт, бирок качан экенин билбей ). Ушул убакытка чейин кол көтөргөн эмес, катуу сөзүн уккан эмесмин(точнее ошого жеткирген эмесмин, насип кылса жеткирбейм ). Албетте, менин деле кассетам тетири айланып, тилим буудай кууруй баштаганда сооротуп, кучактап, мени бал тили менен алдап коёт . Эсеп жакшы жактарын айтып бүтө албайм . Кхм дагы, өтөле эрке качан чоңоёс деп атып ичим эзилет . Ошооо эстегенде дагы жаза кетем го.
Кайненем жакшыле,бирок анча мынча чагып турат, чакпаса көөп кетпеймби . Кайын сиңди мени менен иши жок. Өздөрү менен өздөрү алар.