asi15 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 101 (0,32 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (371 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 14 Май 15
- Кароолор:
- 25 587
- Соңку аракети
- 28 Ноя 2019 07:18
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 36 жашта
- Туулган күнү:
- Август 1, 1988
- Кызыгуусу:
- Тамактардын турлорун жасоого.
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- ордолуу ОШ
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
a_bu_jigar
01 Май 2020 - 23:56 -
unt_75
14 Фев 2019 - 03:41 -
Nurik2000.
05 Янв 2019 - 00:13 -
Syun17
08 Апр 2018 - 20:33 -
Sagyn.91
04 Янв 2018 - 15:29 -
Kominam
03 Сен 2017 - 10:16 -
Akzi
07 Авг 2017 - 23:51 -
elzad01
04 Авг 2017 - 19:22 -
bars_wire
27 Июн 2017 - 18:25 -
Tahmina.Diana...
02 Май 2017 - 15:26
Мен ачкан темалар
-
Туулган күнүң менен, Ош шаарым!
Жазылган күн: 29 Окт 2015
Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын 3015 жылдыгы белгиленет. Бул күнү шаарда бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле майрамдык кече шаардын борбордук аянтында концерттик программа менен коштолот. Андан сырткары Боз үй айылы курулуп, анда кыргыздын улуттук тамак-аштарын, каада-салттарын көрсөткөн жарманке болот.
Келгиле биз да каалоо тилектерибизди ушул темага жазабыз. -
Сүйүү сонатасы.
Жазылган күн: 14 Окт 2015
Кыш түндөрүнүн биринде муздак абаны жарып, жүрөк толкуткан муңдуу аваз жаңырды. Дирилдеген өксүк кайрыктар кандайдыр бир белгисиз кусалыкты, белгисиз арманды баяндап жаткандай. Ким бул? Мынчалык неге муңканат?
Муздак дубалдардын ортосунда кыл кыякта ойноп отурган жаш жигиттен башка эч ким көрүнбөйт. Ал эми жүрөктү титиреткен мукам кайрык бөлмөгө толуп, айланага тарап жатты. Сыбызгыган кайрыктар бирде кымбатын жоготуп таба албай жүргөндөй сыздаса, бирде тагдырына баш ийгенсип муңканат. Кайрадан шаңшый оболоп, жашоого болгон кумар жөнүндө айтып, кандайдыр бир улуулукка сыйынып жаткандай. Кусага, арманга толгон кайрыктардын артында бир адамдын бүтүндөй бир тагдыры жаткан эле. Жигит тынбай ойной берди. Өмүрүнүн ар бир мүнөтүн текке кетирбей, жүрөгүндөгү сезиминин баарын күүгө салып, ошону менен сооронгусу келди.
Улуу музыка, улуу тагдыр, улуу сүйүү...
Балким, качандыр бир кезде сүйүүнүн бул сонатасы кайра жаңырар...
***
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жалгыз аял терезеге башын жөлөй, ойлуу отурду. Шаар тегиз уйкуда. Бир гана аялдын жүрөгү түрсүлдөй согуп, тынчсыз тыбырчылайт. Ар бир добушка элеңдей кулак түрүп, кимдир бирөөнү чыдамсыздык менен күтүп жаткандай. Ооба, ал өзүнүн күйөөсүн күтүп жатты. Күйөөсүнүн кеч келишин билсе да, тамагын жасап коюп күткөнү-күткөн. Мына, жыйырма жылга чукулдап калса да, Иман келмейинче башын жаздыкка коймой жок. Сааттын жебеси он экиге чамалап калды. Түпсүз ойго чөмүлгөн аялдын жалгыздыгына эрмек болоюн дегенсип, саат бир калыпта тыкылдайт. Жалгыздык... Жан дүйнөсүн кемирген жалгыздыктан канча жылдан бери кутула албай келет. Жадап да бүттү. Көкүрөгүн ээлеген боштук, толсо наристе күлкүсү, наристе жыты менен гана толмок. Бирок аттиң...
Аялды кейиштүү ойлорунан алаксыткан эшиктин коңгуроосу болду. Селт чочуган аял шаша-буша туруп эшикти ачты. Маңдайында кучагы толо гүл көтөрүп турган күйөөсүн көрүп, бактылуу жылмайып алды.
– Келдиңби?
– Келдим,- деп Иман аялынын эрдинен акырын өөп, кучагындагы гүлдөрдү сунду.
– Сага!
Аялдын маңдайы жаркый сүйүнө кетти.
– Талантыңызды кадырлаган айымдар көбөйгөн го... Мынча гүлдү кайда батырам? Ай-ий, жыты аңкыйт го... Деги концертиң кандай өттү?
– Алынча, байбиче,- деп Иман чарчаңкы чечинип, бутуна жеңил тапичке сала ары басты.
– Азыр, курсагың ачкандыр, тамак даяр, жылыта коёюн,- деп гүлдөрдү коё сала ашканага баскан аялын Имандын үнү токтотту.
– Жөн кой, Гүлнара. Мен тамак ичип келдим. Убара болбочу.
– Атайылап сага жасаган элем. Өзүң жакшы көргөн шорпо...- деп Гүлнара жалдырап жиберди.
Арнап жасаган тамагы ичилбей каларын ойлоп, ичи ачышып кетти. Ал аялынын сөзүн укпай калгансып карап да койбостон, алыскы жылдыздарды карап, өз дүйнөсү менен алек болуп тура берди.
– Иман,- деп Гүлнара акырын үн катты.
Иман укпай калдыбы же көңүл бурбадыбы, эмнегедир жооп бербеди. Анын көз алдында өзүнүн концерти, сахна ийгиликтери, жарыша айтылган куттуктоолор, кызыга караган көз караштар... Бул элестер көөдөнүн өрөпкүтүп, кыялы оболоп жаткан эле. Ушул калыбында көпкө турду. Өзүнөн-өзү бир нерсени эстегенсип жылмайып да алды.
– И-и де... Ошондой дечи,- деп бийик үн сала галстугун чечти. Көңүлү жай болгондо ошентип алмай адаты бар. Гүлнара унчуккан жок. Иман аялын эми эстегендей шашыла карады.
– Эмне болду?!
Дагы эле үнсүз.
– Гүкү дейм!
Гүлнара алыска-алыска телмире тиктеп тура берди.
– Гүлнара!
Иман эми катуу унчукту. Жалт карай бергенде Гүлнаранын көзүнүн чарасына толуп турган жаш мөлт дей түшүп, жаак ылдый кулады.
– Дагы эмне болду?- деп Гүлнаранын чачын назик сылады.
Гүлнара башын Имандын ийинине жөлөй муңканып жиберди.
– Мен чыдабай кеттим. Сен... Сен болсо өзүңдүн дүйнөң, өзүңдүн кесибиң менен алексиң. Мен төрт дубалдын ортосунда отуруп эмнелерди гана ойлобойм! Думугуп, жалгыздыктан тажап бүттүм, Имаке! Тамыры куураган дарактай өтүп кетебизби, бул дүйнөдөн?!
– Эмне кыл деген турасың?!
Имандын үнү алсыз чыкты.
– Билбейм, билбейм. Бир айла тапчы. Сен акылдуусуң го... Мен жакында жинди болуп кетем. Мурда да ишке алаксычу экенмин. Азыр болсо эмне кыларымды билбей, сен келгенче капастагы чымчыктай тыпырай берчү болдум.
– Эмне кыл дейсиң?!
Иман жаалданып кетти.
– Болдучу, ушул темадан тажап бүттүм! Эмне, мага эле жеңил дейсиңби?! Менин эмне, бала ээрчитип көчөгө баскым келбейт дейсиңби?! Менин да ата деген бал сөздү уккум келет. Же мен темирден бүтүп, таштан жаралыпмынбы? ! Айтчы, Кудай жалгагыр, өз жарабызды неге өзүбүз ырбатабыз?!
Үн-сөзсүз эмне деп бирин-бири жооткоторун билбей туруп калышты. Имандын заматта гүл жайнаган дүйнөсүн бирөө сууруп алып, ордуна муздак дүйнө кучактатып койгондой, жан дүйнөсү аңгырай түштү.
– Кечир, бир айла болобу деп... Өткөндө Түштүк тарапта бир бакшы...
– Токточу, бакшыдан көңүлүң калбады го, кургурум! Баары бир Кудай ыраа көрбөгөн баланы Меккеге беш барсаң да таппайсың!
Гүлнара күйөөсүнүн сөздөрүнө ызаланып, жалт карады. Жүрөгүнүн дартын таба албай жатканда, Имандын сөздөрү ага октой тийди. Кейиштүү үнү жүрөгүн мыкчып, көңүлү сынып турду.
– Эмне, мен гана күнөөлүү бекем?! Балким, кептин баары сендедир?..
– Эмне?!
Безге сайгандай ыргып турган күйөөсү чаап жиберчүдөй колун көтөрүп барып, бирок эрксизден дубалды муштагылап жиберди.
– Эмне анча күйүктүң?! Чын эле сен күнөөлүү болуп жүрбө?..
– Мына сага!
Эми ал өзүн токтото албай, бар күчү менен жаакка чаап калды.
– Мына сага, мен күнөөлүү экенмин да ээ, сага?! Мен ээ?!
Жинине буулугуп, жаш толгон көзүнөн каар чачырап, Гүлнараны туш келген жерге койгулай берди. Алдында өзүнүн суйкайган Гүлнарасы экенин унутуп койгондой, буулуга кыйкырып да, уруп да, сүйлөй да берди.
Акыры жини тарап, чөгөлөй отуруп калды. Муздаткычтын ичинен арак алып чыгып, оозунан эле жутуп кирди. Бөлмөдө жасана кийинген эки адам канаты сынган бүркүттөй эки бурчта отуруп калышты. Экөө тең өз күйүттөрүнүн күүсүн чертип, үңкүйүп отурушту. Кунарсыз бөлмөнүн кутун ого бетер учуруп, сааттын чакылдаганы басылбайт. Иман чакчалекей түшкөн бөлмөдө чаржайыт жаткан розаларды карап турду да, аялын тиктеди. Солуктай ыйлап, кара түндөй чачтары апакай ийинине жабылып, ай талаада калган карыптын кейпин кийген аялын карап, жүрөгү сыйрыла аяды.
Азыр кыркка барып калган аялы эмес, жыйырма жыл мурунку сеңселе ыргалган, толукшуган Гүлнара отургандай сезилди. Бирок жанына барып кадимкисиндей жашын сүртүп соороткусу келбеди. Аракты жутуп коюп, тамекинин түтүнү менен күйүтүн басып отура берди. Көпкө отурушту. Гүлнара жашын сүртө акырын өйдө болду.
– Болду эми, эртең жумушка барасың.
Имандын колундагы бөтөлкөнү акырын алып столго койду.
– Тамак ичесиңби?
– Жок.
Иман энесиндей бөпөлөп турган аялына эреркеп кетти. Чөгөлөй калып тизесин кучактап, өпкүлөп жиберди.
– Кечир жаным, кечирип кой мени! Мен айбанмын, мен итмин! Сенин кыйналганыңды сезбей жүрөм дейсиңби?! Сени бактылуу кылам деп шорго малганымды билбейт дейсиңби?!
– Койчу Иман, антип айтпа, мени бактысыз деп ким айтат?
– Кургурум, ай, сен эмнени билет экенсиң? Мен чын эле күнөөлүүмүн. .. Мени Кудай өзү жазалады... Баланын үнүнө зар кылды го, Жараткан... Чала мага!
– Жок, антип айтпачы, Иса! Мага эч нерсенин кереги жок. Сен болсоң болду мага!
Иман башын чайкады. Аялын муңая карап туруп күңгүрөнө кетти.
– Билесиңби, Гүлнар? Мен... Менин... Менин уулум бар... Уулум!
Иман Гүлнаранын өзөгүн куйкалаган бул сөздөр кантип оозунан чыгып кеткенин билбей калды. Бул сырын өмүр бою көңүлүнүн түпкүрүнө катып, эч бир адамга айтпай келбеди беле.
Гүлнара уккан кулагына ишенбей, катып калды.
– Кандай дедиң?! Уулум бар дедиңби?!
Анын үнү бирөө муунтуп бара жаткансып, үзүлүп-үзүлүп токтоду.
– Сен... Сенин... Уулуң... Жок, жок, мен жаңылыш уктум окшойт... Калп, ээ? Калп дечи!
Бүткөн бою калчылдап теңселе түшүп, столдун четин карманып калды да, Иманды телмире тиктеди. Ал болсо көзүн ала качып, тескери бурулду. Чындыгында эле эмне демек? Гүлнарага эмес, өзүнө жооп бере албайт болчу ушул тапта. Анткени оозу туюк жарадай өмүр бою көңүлүн оорутуп келген суроо эле бул.
– Чынбы?!
Иман башын ийкеди.
– Кантип?!
– Билбейм, Гүлнара, билбейм. Сурабачы, менден... Эч нерсе деп сурабачы... Кыйнабачы, бай болгур!
Гүлнаранын калчылдаган колдору бир нерсе издегенсип баратып шалдая түштү. Карегиндеги үмүт нуру өчүп бараткандай, ичинен бир нерсе кыйнап баратты. Далысы бүкүрөйө түшүп сокурларча эки жагын карманып, жыгылып кетчүдөй теңселип, өз бөлмөсүнө бет алды. Иман болсо турган ордунда кала берди. Ал азыр гана болгон ишти толук түшүнө койду. «Эмне кылдым, ыя, эмне кылып жибердим?! » Азыр аялынын артынан кирип, болгон сырын айтып же болбосо көз көргөн, башы оогон жакка басып кеткиси келди. Бирок ордунан жылбай, жерде чачылып жаткан розаларды максатсыз тиктеп тура берди. Розалар... Жайнаган розалардан башка көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды. Тагдырлар бирде кесилишет, бирде кайчылашат, бирде жанашат тура. Балким, жашоонун кызыгы ушундадыр.
Ушул эле күнү, ушул эле шаардын экинчи бурчунда бир аял да зарыгып, жалгыз уулун күтүп отурган. Ал жүн жоолук салынып, уулуна байпак токуп отурган Айша болчу. Кыштын узун түнүндө өзүнүн өмүрүнө шоола чачкан жападан жалгыз медерин күтүп отурду. Шартылдай баскан Рустам өздөрүнүн үйүнүн жарыгы али өчө электигин көрүп, кабатырлана түштү. «Алда байкуш апам, ай, адатынча мени күтүп отурган тура. Эмне санаасы тынбайт? Же бир кичине болсом экен». Көз алдында апасынын үйдө жалгыз үңкүйүп иштеп, окуп же түймө түйүп отурганы элестей түштү. Эки тепкичти бир аттап, тез эле үчүнчү кабатка көтөрүлдү. Эшикти абайлай ачып, сырт кийимин чечип жаткан уулун көрүп, эне жүрөгү чалкый түштү. «А-а, байкушум, мени ойготпоюн дегени го». Рустам апасынын кабагы чытылып турганын көрүп, жарк күлүп ийди.
– Күнөөлүүмүн, апаке, кечигип калдым.
Апасын кучактай калып сөз айтканга мүмкүндүк бербей, тегеретип жиберди.
– Экинчи институттан үйгө, үйдөн институтка гана каттап, кез-кезде машыгууга же кез-кезде келин балаңызга барып, көп убакытты сиз менен өткөргөнгө пионердик... Ой, жок, азыр пионер жок да, жөн эле жигиттик антымды берем.
– Түшүр дейм, шайтан! Ошентип койсоң эле апаң алданып калат бекен?- деп Айша кара күчкө ачууланымыш болуп калп эле урушуп калды.
– Түшүр деп жатам, Рустам!
Рустам апасын жерге түшүрүп, күнөөлүү боло башын жерге салып, ашканага жөнөдү.
– Апа, тамак барбы?
– Куру дегенде телефон чалып койсоң боло, балам. Чырылдаган кургурду сен үчүн орноттум эле го, мен.
– Койчу, апа, жөн эле кабатырлана бересиңби?!
Айша казан-аягын калдыратып жатып сүйлөнө берди.
– Жөн эле деп! Күнү кечке институтка кеттим деп коюп жүрөсүң! Тиги Айнураң кечке чалып, репетиция болмок деп. Сенин болсо дайының жок! Каякта жүрөсүң, билбейм?! Айтчы, каякта жүрдүң?!
– Концертке бардым, апа.
Айшанын колунан табак түшүп кете жаздады. Сыр билгизбей колундагы табакка тамак куюп, уулуна жылдырды да, кайра тескери бурулуп, турган калыбында акырын үн катты.
– Сен... Анын концертине бардыңбы?!
– Ооба, апа.
Айша шалдая түштү. Бир топко отурду.
– Апа, койчу эми, ошого да капа болуп...- деп күнөөлүүдөй шыйпаңдап жанына келген Рустамды кичине кезиндегидей башынан сылап, муңайым жылмайып койду.
– Рустам, айтчы, балам, сага эмне кереги бар анын?! Экөөбүз ансыз эле буга чейин сопсонун жашап келбедик беле. Эмнеден кем болуп аны издеп калдың?! Ушул сени өксүбөсүн деп колумдан келгенинин баарын жасап отурам го... А сен...
Айша уулуна таарына түштү.
Рустам улутуна ордунан туруп, тескери карап калды.
– Рустам!
– Билесиңби, апа, мен ал адамдын жүзүн көрүп, көзүнө тике карагым келген болчу. Мен ага бир нерседен кем болгонум үчүн барганым жок. Ата сөрөйүмдүн көзүн көрүп...
Рустам ызалана токтоп калды.
– Көрүп көксөөң кангандыр?!
Айша дирилдеген үнүн жашыра албай, көз жашына муунуп баратты.
– Канды, апа. Бирок ошол учурда сахнада гүл кучактап, жасалма жылмайып, улам-улам жүгүнүп жаткан адам менен эч жакындыгым жок экенин сездим. Ал бактылуу адамдай көрүндү.
– Рустам, токтотчу, балам!
Рустам апасына жай бурулду да, аяй карады.
– Апам, ай, бүт өмүрүңдү ошого арнаганыңа арзыйт бекен ошол?! Өмүр бою үмүт үзбөй күтүп келгениңди билбейт дейсиңби?!
– Токтот, иттин баласы!
Айша ордунан тура калып, өзүн жогото кыйкырып жибергенин билбей калды.
– Жашоонун эмнесин билип коюпсуң сен! Арзыбайт деп! Сары ооз балапан десе! Муну кара!
Колундагы майлыгын ыргытып жиберип, тура жөнөдү.
– Тамагыңды ич, муздай электе!- деп кетип баратып күңк этип койду да, өз бөлмөсүнө кирип китепти колуна алды. Канча аракет кылса да эмне окуп жатканы башына кирбей, уулунун сөздөрү кулагына жаңыра берди. «Арзыбайт... Арзыбайт...» дейт тура. «Арзыбайт экен да». Баардыгынан да бул сөздү өзүнүн уулунан угуп жатканы жанын күйгүздү. Ызасына чыдабай, колундагы китепти катуу ачып жибергенде барагы айрылып кетти. Аны тиктейойлуу отуруп калды. Чындыгында эле өз жүрөгүнө үңүлсө, Иманды күтүп жашаган экен. Эмнегедир баары бир уулум экөөбүзгө кайрылат деген ишеним менен жашаптыр көрсө, ушуга чейин. Бирок ал кайрылбады. Айша эми гана артына кайрылып, өмүрүнүн бир чоң белин ашып койгонун туйду. «Кызык, ушинтип эле өмүрүм көз ачып-жумганча өтүп кеткен экен да. А мен байкабапмын, таптакыр байкабаган элем. Кана, бул жашоодо эмнеге жеттиң?! Эмнеге жетпей калдың, эстечи?! Хм, алды-артымды карагыча минтип... Эх, Иман, кайрылбадың мага. Мага эмес, уулуңа кайрылбадың. Мейли, өкүнбөйм, уулум бар. Бекер жашаган жокмун бул дүйнөдө. Ушуга да Кудайга тобо деш керек» деп жатты өзүн сооротуп.
Ушул учурда Рустамдын бөлмөсүнөн кыл кыяктын үнү сыбызгый кетти. «А-а, байкушум, кыякта ойноп өзүн алаксытайын деген го... Кудайга тобо, бул жагынан да атасына окшоп калганын көр. Ал да бир нерсеге капа болсо, шак кыл кыягына жабышар эле». Эне байкуштун жүрөгү кайрадан түтпөй, «ай, ушул, катуу айтып койдумбу? Көңүлүнө алып калбады бекен, чунак бала?» деп санааркап жатты. Чындыгында эле Рустамдын мүнөзү өтө оор болчу. Ар дайым бир калыпта ойлуу басып, кабагын чытып жүргөнү-жүргөн. Өзүнөн башка эч бир адам менен чечилише сүйлөшүп, жаркырай күлгөнүн көрө элек. -
Жолдошунуз кандай ата?
Жазылган күн: 26 Сен 2015
Кээ бир эркектер жакшы күйөө болгону менен жакшы ата боло албайт. Ал эми жакшы ата болгондор идеалдуу күйөө боло албашы мүмкүн. Жолдошуңуздун жакшы же жаман ата болушу сизден да көз каранды. Бул жаатта кандай ката кетирип жатканыңызды билгиңиз келсе, төмөндөгү тестти тапшырыңыз.
1. Балаңыз атасы менен көп убактысын өткөргөндү жактырабы?
а) Ооба
б) Жок
2. Балаңыз атасы тууралуу досторуна айтабы?
а) Ооба
б) Жок
3. Балаңызга атасы менен чогуу конокко же эс алуучу жайларга бирге баруу жагабы?
а) Ооба
б) Жок
4. Балаңыздын атасына жардам берип оңдоп-түзөө иштерине катышуусу ага жагат деп ойлойсузбу?
а) Ооба
б) Жок
5. Уулуңуз атасы менен сыймыктанат деп айта аласызбы?
а) Ооба
б) Жок
6. Күйөөңүздүн балаңызга анын кылган иштерин айтып, туура жолго салуу үчүн көргөн аракеттерин жана айткан акылдарын уулуңуз жактырат деп ойлойсузбу?
а) Ооба
б) Жок
7. Күйөөңүз балаңыз менен анын достору жана окуулары тууралуу сүйлөшүп сырдашабы?
а) Ооба
б) Жок
8. Жолдошуңуз балаңызды ара-тородо бир мактап турабы?
а) Ооба
б) Жок
9. Баланы жазалап жатканда туура ыкманы колдонобу же жок жерден эле жазалоого өтөбү?
а) Ооба
б) Жок
10. Балаңыз атасына эркелеп анын бетинен өөп, кучактаганды жактырабы?
а) Ооба
б) Жок
11. Күйөөңүз балдарга келгенде өтө кардуу жана катаал деп ойлойсузбу?
а) Ооба
б) Жок
12. Балаңыз атасына көп таарынабы?
а) Ооба
б) Жок
13. Жолдошуңуз балаңыздын сырткы келбетине маани берип анын капалуу же шаңдуу жүргөнүнө көңүл бурабы?
а) Ооба
б) Жок
14. Жолдошуңуз балаңызга үлгүлүү, туура жол көрсөткөн ата болгусу келеби?
а) Ооба
б) Жок
15. Сиз кандай ойлойсуз, жолдошуңуз балдарды жакшы көрөбү?
а) Ооба
б) Жок
«Ооба» деген жоопко 1 упай, «жок» деген жоопко 0 упай деп эсептейсиз да, чыккан сумманы кошосуз.
Эгер «жок» деген жообуңуздун упайы 5 упайдан жогору болсо, анда балаңыз менен жолдошуңуздун ортосунда ата-балага болгон сезим бар болгону менен жакындашуу жана бири-бирин жоктоо деген болбойт. Жолдошуңуз 2-3 күндөп үйгө келбей калса дагы балаңыз атасы кайда жүргөнүн кызыгып сурабайт. Мындай балдар чоңойсо көйгөйүн атасына өзү айтпай, сизге айттырып, сиз аркылуу чечтире турган болот. Мындай катачылыкты кайталабоону кааласаңыз, анда экөөнүн ортосунда бири-бирине болгон байланышты түзүшүңүз керек.
Эгер «ооба» деген жообуңуздун упайы 5 упайдан жогоруу болсо, анда жолдошуңуз жакшы күйөө гана болбостон, жакшы ата да болуп саналат. Ал биринчи орунда жумушун эмес, баласын ойлоп, анын келечеги тууралуу сизден биринчи кыялданат. Атасынан жылуу сөздөрүн угуп, аны менен ар убак бирге болгон бала кийин дагы атасына жакын болуп анын досуна айланат.
Эгер «ооба» менен «жок» деген жооп бирдей чыгып калса, анда сиз балаңыз менен атасынын бири-бирине канчалык деңгээлде жакын экенин көп байкабайсыз. Ал тургай, балаңыз атасы менен убактысын өткөргүсү келгенин, атасы баласынын кандай оюнчукту жакшы көрөрүн билерин же билбей тургандыгы тууралуу дагы эч нерсе билбейсиз. -
Үч жаштан кийин кеч.
Жазылган күн: 3 Сен 2015
Китептин автору бала менен алгачкы күндөн
тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл
экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар
эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын
турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил
менен айтып берет. Балдардын толук кандуу
өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда
ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү
мааниге ээ экендигине басым жасайт.
Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн
ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө
кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.
Баш соз
Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер
менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип
отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын
негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон
атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз
тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир
чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар
темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу.
Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер,
ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен
кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер
болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо
маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду
өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен.
Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына
жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке
жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк
атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы
ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу
керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат
деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш
ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө
жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо
стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга
алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин,
такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен
биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони”
фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу
доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан
дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган
инженерлердин, адистердин, жумушчулардын
эмгегине таянат.
Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктү-
рүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX
кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул
багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын
ичинде Нобель сыйлыгынын ээси экономист Жеймс
Хикман адамдардын ортосундагы жөндөмдүүлүктөр
кенже куракта пайда болорун, алар менен системалуу
иштөөнү канчалык эрте баштаса, ошончолук май-
наптуу болорун белгилеген. Ал тургай ал экономи-
калык эсептөөлөрдү жасап, мектеп жашына чейинки
балдарга жумшалган 1 доллардын кайтарымы 7-8
доллардан кем болбой тургандыгын эсептеп чыккан.
Башкача айтканда, биз сыяктуу өнүгүп жаткан өлкө-
лөрдө билим берүү системасын каржылоо пирамиданын учунда тургандыгын белгилеген. ЖОЖдордун ордуна кенже курактагы балдарга каражатты макси-
малдуу жумшоо зарыл экендигин экономикалык тил
менен түшүндүрүп берген. Азыркы күндө өнүккөн
өлкөлөрдө билим берүү дал ушул нукта өнүгүүдө.
Совет системасы кыйрап, завод-фабрикалар
жабылуу астында турган кезде балдардын 30
пайызы бала бакчага барса, азыркы учурда анын
жарымынан да азайып кеткенине күбө болуудабыз.
Ар кыл формадагы бала бакчалардын жетишпей
жаткандыгы – ачуу чындык. Мектепке барганда
окуганды үйрөнүп, билим алат, ага чейин ойноп,
телевизор көрүп алсын деген пикир коомдо
кеңири жайылган. Андан тышкары жашоонун
кыйынчылыктарына шылтоолоп, балдардын
тарбиясына жана өсүп-өнүгүүсүнө анча маани
бере беришпейт. Жыйынтыгында кенже курактагы
балдардын мектепке даярдыгы начар болуп,
сабакты өздөштүрүүдө кыйналышат. Ушул сыяктуу
себептерден улам балдар мектепти араң бүтүрүшөт.
Жакынкы жана алыскы өлкөлөргө жумуш издеп
барган балдарыбыздын дээрлик көпчүлүгү кара
жумуштарда иштешип, ошол өлкөлөрдөгү төмөнкү
квалификациялуу адистерден болуп калышууда.
Ошондуктан биздин фонд Кыргызстандын билим
берүү системасында кенже курактагы балдардын
өнүгүүсүнө артыкчылык берип, бул багыттагы
бир канча долбоорлорду ишке ашырууда Кенже
8
курактагы балдарды өнүктүрүү – өтө маанилүү
багыттардын бири. Өлкөбүздүн келечеги азыркы
кенже курактагы балдардын колунда. Балдардын өтө
тез өсөрүнө Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон
жылдарда төрөлгөн балдардын кантип өскөнүн
байкабай калгандыгыбыз мисал боло алат.
Масару Ибука мазмунду эмес, тарбия жолдорун
өзгөртүүнү сунуштайт. Чоң кишилер кыйындык ме-
нен үйрөнгөн нерселерди балдар ойноп жатып эле
үйрөнүп аларын ишенимдүү мисалдардын негизинде
көрсөтүп жатат. Адам баласынын нерв клеткалары
үч жашка чейин эң активдүү өнүгүп, 70-80 пайызга
дейре калыптанат. Бул курак бала бардыгын билгиси
келип, мээси гүлдөй болуп ачылып, ата-энесине миң
түркүн суроолорду берген мезгил болуп саналат.
АКШнын окумуштуулары эң алдыңкы технология-
ларды колдонуу менен бир-эки жашка чыккан бал-
дарды дыкат изилдөөнүн негизинде ошол куракта
чет тилдерин оңой эле үйрөнүп аларын далилдешти.
Менин неберем 2 жашка чыккандан тартып 40-50
мамлекеттин желектерин жатка айтып, айырмалай
алгандыгы Ибуканын тапкандарынын туура экенди-
гин дагы бир жолу далилдеп турат.
Кенже балдарды окутуу дегендик – үч жашка
чейинки балдарга окуганды, санаганды эле үйрөтүү
эмес! Айлана-чөйрөдөгү негизги түшүнүктөрдү
жалпы эле чөп-чар, тал-терек, мөмө-жемиштер -
Оомат.
Жазылган күн: 30 Авг 2015
Келгиле достор оомат тууралуу кеп кылабыз. Оомат сизге келди беле? Деги эле ооматты эмне деп билесиз?
Комментарийлер
asi15
18 Мар 2016 - 13:40