Учуктан (герпес) кантип арылууга болот? кенеш бергилечи...
#21 10 Июнь 2011 - 16:44
Менин синдиме да учук коп чыгат. Ал дагы ыйлактап эле журчу. Анан бир жолу уйго аяш апам келип калып укмуштай бир дарылоо жолун айтты. "Кулагындан кулку алып, аны былжыратып учугуна суйкоп кой, анан кетпегенин коройун" деп. Ошондо аябай тан калганбыз. Бирок чынында эле учукту тез айыктырат экен. Муну ошондо табигый дарылоо десек болобу?
#22 10 Июнь 2011 - 16:52
rai (04 Февраль 2009 - 12:55) жазган:
Менин оозума былтыйган учук чыккан экен . Коргондун баары эле ким мынчалык тиштеп алган деп тамашалашат.
Кээ бири аз обушуу керек деп коюшат аз келгенсип. Баарына чычалабай эле, ооба эмкиде деп коем. Чынында эмне учун учук чыгат корккондобу,
же ушугондобу,
же дагы башка причинасы барбы. Силер деги учук чыкканда эмне кыласынар???
Дагы деле досукем бул оору менен ооруп жүрөт. Мен көбүнчө Көлгө барып ашыкча күйүп калсам, же суукка калсам, сөзсүз чыгат. Иттей жаман көрөм учукту. Ацикловир-акс беле, ошондой дары койчумун, дарыканадан жакшы деп сунушташкан. Бирок мага жардам бербей эле кайра былжыратып таштаган. Ошондо кичинекейимде апам вазелинге пенициллинди аралаштырып коюп бергенин эстеп, эски адат менен койсом бат эле катып, кетип калды.
Сабырдын түбү - сары алтын.
#23 11 Июнь 2011 - 00:37
Ажыдаардын жумурткасын алып, аны жарып, таптаза булак суусуна аралаштырып ага бийиктиги 4000 метрден ашкан тоодо өскөн мээр чөптүн жалбырагын күндө эки саат кургатып жүрүп кургаганда пайда болгон курган жалбыракты ар бир күкүмү 0,25 мм ден ашпагандай майдалап, аны ташбаканын уругуна жибитип, жыландын оозуна кирип бараткан баканын өтүн капкара таш менен жанчып ... анан ошолордун аралашмасын күнүгө байталдын саамалына кошуп ичип жүрүш керек. Мына-с-сага рецепт.
Жеке мага андай учук чыккан эмес. Учук чыгарыш үчүн өбүшүш керек дейсиңерби? .. Антип деле көрүш керек экен. Анан чыкканда ажыдаарды, жыланды жана ташбаканы издеп аң уулоого чыгам го.

Бөлкө нан барбы?
#25 12 Июнь 2011 - 23:30
EmMiR (11 Июнь 2011 - 00:37) жазган:

Рецепти окуп бүткүчө айыгып кетет ко
Бүгүн - калган өмүрүңдүн биринчи күнү.
... Кайра ойлонуп көрдүм. Акыркы күнүң болуп калышы да мүмкүн.

#27 16 Июнь 2011 - 23:29
билвейм мага да коп чыгат...башым ооруса эле,айтышат го оору учук менен чыгып кетет деп,чын эле коп учурда аябай кыйналып оорувайм,озгочо кышында грипп болушат го кобу,ошондо меники учук чыгып,ошо менен эле кетип калат...
мурун ысык бирдеке менен(кашыкты ысык сууга салып туруп)учукка басып,чочутса учук чоноюп кетпейт дегенинен,бассам ого бетер кучоп,куурачу элем...азыр тим коем,озу кетет

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!

#28 17 Июнь 2011 - 14:06
Улуу айымдар помаданы (эриндик)сунушташат ,бир орус аял зубная паста сурт дейт суртуп да кордум эч майнап чыкпагандыктан кызартып помада коюп журдум эле жакшы болуп калды. Эринге чыкса мейли помада койсон билинбей калат , ооздун айлана - тегерегине чыгып адамды уялтат да ,андан дак калат аны бир жыл эстеп журосун кузгуну каранган сайын ошол учукту жек коруп.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#29 30 Август 2011 - 13:17
Быйыл дагы Көлгө барып келип, салтты бузбай учук чыкты. Бул жолкусунда боро плюс деген дарыны коюп кетирдим. Жакшы жардам берет экен.
Сабырдын түбү - сары алтын.
#30 15 Сентябрь 2011 - 16:26
uchukka tez reaksia beruu uchun asiklovirovaya degen maz koldonup kor
#31 02 Ноябрь 2011 - 20:33
Бул оору күтүлбөгөн жерден пайда болот. Алгач эрин дулдуйгандай сезилет. Анан ал жер кызарып, кычышып, тырмадың дегиче суу толгон ыйлаакча жаралат. Окурман, сиз баамдагандай,
албетте, сөз учук тууралуу болмокчу.
ЭМНЕДЕН УЛАМ ЧЫГАТ?
Учуктун чыгышын төмөнкүлөр шарттайт:
Суукка, шамалга урунуу;
Катуу ысыкта калуу;
Катуу стресс;
Адамдын жугуштуу ооруга чалдыгуусу (сасык тумоо, ангина ж.б.);
Күндүн зыяндуу нурлары астында узакка жүрүү.
Андыктан көчөгө чыгарда эринге күндөн сактоочу крем же помада сүйкөп алуу кажет.
Кокус учук суукка урунбаган же шамалдабаган кезде деле, кыскасы, себеби жок чыгып кайра кете берсе, демек, организмде өнүгүп жаткан оору бар. Мисалы, сарык оорусу болушу мүмкүн. Андыктан текшерилүү кажет.
УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨГҮ 5 ЭРЕЖЕ
Кыздар эч качан бирөөнүн помадасын колдонбошу кажет. Анткени учурда курбуңузда учук жок болгону менен, мурун чыккан учуктун вирусу помадага жуккан бойдон жашап жатышы мүмкүн.
Учук чыккан кезде эч качан бирөөлөрдү (мейли күйөөңүз, мейли балаңыз болсун) өппөңүз. Анткени вирус жугат.
Эстетикага ылайык келбесе да, учукка йод эмес, зелёнка сыйпоого болот.
Учук чыккан кезде ачуу, туздалган, ышталган азыктарды жеп, күчтүү кофе ичүү адамдын абалын начарлатып жиберет.
Шамалдуу аба ырайы, этек кир келер алдындагы кез, стресс учук чыгууга ылайыктуу учурлар болуп эсептелет.

★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#32 02 Ноябрь 2011 - 20:53
коп обушонор чыкпайт (тамаша)
Билдирүүнү түзөткөн: dioro: 02 Ноябрь 2011 - 20:54
- Милдет! Намыс! Ата Мекен!
#33 03 Ноябрь 2011 - 16:10
мен учук чыкты дегенделе сразу Левомеколь деген мазь бар ошону суйкоп койчум, бирок бул ирет ошентип тундо суйкоп койсом эртен мененкиге чейин куйуп капкара карт болуп калыптыр ошону менен учук жок бирок карт болуп бир жума журдум
#34 03 Ноябрь 2011 - 16:39
Илгерки дарыгерлер айтмакчы адам ооруп атканда учук чыкса, анда сакайып атканын билдирет экен. Бирок баштан өткөн каттуу грипп болуп ооруп атканымда учук чыккан, сакайып кеткем, а учук болсо 1 жума жүргөн.
#36 16 Ноябрь 2011 - 23:32
учукка каршы бир гана ацикловир деген антибиотик бар. ал мазь жана таблетка турундо болот. башка даарылар текшеруудон откон эмес.
ал эми учуктан, герпестен арылууга такыр болбойт, анткени герпес вирусу баардык эле адамдарда жашайт. герпес ушугондо, чочуганда, дегеле стресс болгондо ойгонот, анкени ал вирус нерв клеткасында жашайт. ал тынч жатканда айыктырууга болбойт, стресс болуп герпес оозго, мурунга, эркектерге жыныс органдарына чыкканда гана ошол жараны айыктырса болот.
герпес вирусу жугуштуу, энеден балага, эркектен аялга жугат, бирок эч качан аялдан эркеке жукпайт.

Билдирүүнү түзөткөн: sestra: 16 Ноябрь 2011 - 23:33
#37 22 Ноябрь 2011 - 14:01
Меники кичинекей кезимден бери эле ээгимдин алдына анан бетиме ушундай вирус чыгат. Бул вирус менин инимде да бар, бирок бизге көптөн бери чыга элек. Анын зыяны жок деп уккам. Ал чыгаарда биринчи быдырала болуп, анан сууланышып (ириңдеп) жарага айланат. Герпис чыкканда суукка чыкса, татту жесе, суу тийгизсе огош бетер күчөйт экен. Мен ошол вирус чыкканда "Герпивир"
деген мазь сыйпайм, же болбосо "Ацикловир"
деген таблетка бар экен ошону ичем, бирок мен тажап кеттим ушул вирустан. Кимде ушундай вирус чыгат? Бул хроническийби?
Же кийин бара-бара өзү эле жоголуп кетеби? "Кан алмаштырсаң кутуласың"
-дешет, бирок мен кан алмаштыргандан корком.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#38 22 Ноябрь 2011 - 19:04
Бул оору күтүлбөгөн жерден пайда болот. Алгач эрин дулдуйгандай сезилет. Анан ал жер кызарып, кычышып, тырмадың дегиче суу толгон ыйлаакча жаралат.
УЧУК – ЖУГУШТУУ ООРУ
Учук – жер шарында эң көп кезигүүчү жугуштуу оору түрү. Аны дүйнөнүн 90 пайызга жакын адамы алып жүрөт. Суу чечекти да учуктун вирусу козгойт. Анын жалпысынан 7 түрү бар.
КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖУГАТ?
Өбүшүүдөн;
Учук чыккан адамдын буюмдарын колдонуудан. Мисалы, чынысы, сүлгүсү ж.б.
Жыныстык жол аркылуу (гениталиялык учук).
Учук чыккан ооз менен жыныстык мүчөнү өпкөндө же жыныстык мүчөнү оозго алганда. Ошондой эле жубайлардын биринин жыныстык мүчөсүнө учук чыгып, анан түгөйү менен кошулса да учук жугушу мүмкүн.
Кыскасы, учугу бар адам оорунун булагы болуп эсептелет.
ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?
Жөнөкөй учук адамды көп деле жабыр тарттырбайт. Ал эми гениталиялык (жыныстык жактан жугуучу) учуктун зыяндуу жактары көп. Алар:
Тукумсуздук. Анткени вирус эркектердин сперматозоиддеринин башы менен аялдардын жумуртка клеткаларын жабыркатат.
Көздү жабыркатып, сокурлукка дейре алып келет.
Куяң.
Нерв системасына зыян алып келип, герпетикалык неврит менен энцефалитти жаратат.
Герпетикалык пневмониянын келип чыгышын шарттайт.
Боорду жабыркатып, герпетикалык гепатитке алып келет.
jpg]

#39 07 Декабрь 2011 - 22:40
Shafiya компаниясында тишпастасы бар, бактерияга каршы курошуучу. Эн сонун нерсе, бир кундо жок кылат учукту. Буйлолор сезгенге да жакшы жардам берет