Кандай кылам ...
#41 13 Июль 2017 - 17:40
КЕТТИНБИ БАРКЫНБЫ КЕТИРИП КЕЛБЕ,РАС ЖАШАШ ОЙУНДАБЫ КУЙООНО ТААРЫНЫП КАПА БОЛУП ОРТОГО СУУКЧУЛУК САЛБА.
АВТОР:ОЙНОШ- кутбогон эркекти эч коруп же уккансызбы.
#42 14 Июль 2017 - 02:10
#43 31 Июль 2017 - 13:32
Nurislam2016 (13 Июль 2017 - 17:40) жазган:
КЕТТИНБИ БАРКЫНБЫ КЕТИРИП КЕЛБЕ,РАС ЖАШАШ ОЙУНДАБЫ КУЙООНО ТААРЫНЫП КАПА БОЛУП ОРТОГО СУУКЧУЛУК САЛБА.
АВТОР:ОЙНОШ- кутбогон эркекти эч коруп же уккансызбы.
Башкаларды билбейм бирок менин күйөөм эч качан андайга барбайт анткени мен анын баардык талаптарына жооп берем деп ойлочумун - бирок мен катуу жанылышыпмын...
#44 31 Июль 2017 - 14:01
Оосурган кыз, оосурбаган кыздын бетин тытат деген соз мага карата айтылгандай. Дегеним мени апам апкелип 3бала турат жашагыда деп таштап кетти. Куйоом чыкты мен жашабайм кызынарды алып кеткиле деп. Мен болсо отура бердим эч жака кетпейм деп куйбогон жерим кул болуп. Ошентип калып калдым. Экообуз эки башка комнатада жашап жатабыз мен балдар менен спальныйда ал болсо залда. Дээрлик суйлошпойбуз. Ушундай кантип жашоо болсун деп тан калмакмын башка тушкондо корот экенсин. Ночько кеттим деп суткалап жоголуп журот. Суйрабайм дагы кайда журуп эмне кылганын. Кайненем биз менен жашайм деп келип алган. Телефонумду болсо бере элек мен да сурабайм деп чечтим. Азыр синдим келген экен тел сурап алып эч кимге көрсөтпөй жазып жатам. Мындан ары кандай болот билбейм.
Балдарым менен ойносом алаксып женилдей түшөм.
Ичимде аңгыраган боштук...
#45 31 Июль 2017 - 16:15
#46 31 Июль 2017 - 19:56
#47 05 Август 2017 - 15:32
Озундон мурун балдарынды ойло бир эмес учоо болсо...
Азыркы мындай заманда салып койгон уйун болбосо,учоо менен кыйналасын. Илгеркилер бекер айтпаган итти конок батса да битти конок батпайт деп.Бир озун болгондо кай жерде болсон батып,оз кунунду коруп кетмексин.Кызым уч бала менен кыйналып каласын.Ошон учун тилинди кысып,куноон жок болсо да баш ийип жашап тур.Айдын 15 и карангы 15 жарык делет сага да жарыкчылык келип калат кызым.Булдузор менен туртсон деле кетпейм,уч балам менен кайжака барайын,жашагын келбесе озун кет.Кутту босогомду ак нийетим менен аттагам,кудайга шугур уч балам бар мен эч жакка кетпейм деп отур.Кыйын болсо ойношун устуно алып келсин,бети болсо устуно экинчи болуп кире албайт.Озу деле алып келе албайт.Ошон учун кызганычтан ак босогонду бироого тартырып ийбей чыдап босогондон чыкпай отур кызым.
Суйлобой каяка барат эле ал мончоктой балдары турса акыры бир кун тил кирер,киргенче сен унчукпай тирилигинди кылып отура бер.Акыры жениш сеники болот...
Эркеке эмне сен кетсен дагы бироону эрчитип келип алат,уйу бар жайы бар.
Ошон учун куттуу уйунду бироого таштабай ошол уйго таштай катып,суудай синип керек болсо дудук болуп суйлобой,койдон жоош момун болуп момурап жашап тур акры жениш сеники болот...
#48 06 Август 2017 - 07:55
#49 06 Август 2017 - 08:50
#50 06 Август 2017 - 15:13
nurka85 (06 Август 2017 - 07:55) жазган:
+ + + жолдошунузга озунузду бактылуу адамдай корсотунуз. Калп болсо да жолдошунуздун алдында жылмайып журунуз.
#51 07 Август 2017 - 19:55
#52 11 Ноябрь 2017 - 16:03
#53 14 Ноябрь 2017 - 09:17
Рая апанын кенештерин туура деп таап, колдонгонго аракет кылдым, суудан тынч чоптон жапыз болуп. Балдарым учун баардыгын которгонго чыдаганга уйрондум. Баягыдай эле суткалап жоголуп кетет, келгенде тамагын даярдап кийимдерин ирээтеп коем ашыкча суйлобойм суйлогум да келбейт. Ал да унчукпайт кыязы ушундай жашоо ынгайлуу окшойт ага. Ичимден кан отуп жатса да сыртымдан сыр бербей жылмаям. Дээрлик эч ким менен суйлошпойм, коп ойлоном озумду-озум жеп бутмой болдум...
Билдирүүнү түзөткөн: Sonya302712: 14 Ноябрь 2017 - 09:23
#54 14 Ноябрь 2017 - 12:42
Sonya302712 (14 Ноябрь 2017 - 09:17) жазган:
Рая апанын кенештерин туура деп таап, колдонгонго аракет кылдым, суудан тынч чоптон жапыз болуп. Балдарым учун баардыгын которгонго чыдаганга уйрондум. Баягыдай эле суткалап жоголуп кетет, келгенде тамагын даярдап кийимдерин ирээтеп коем ашыкча суйлобойм суйлогум да келбейт. Ал да унчукпайт кыязы ушундай жашоо ынгайлуу окшойт ага. Ичимден кан отуп жатса да сыртымдан сыр бербей жылмаям. Дээрлик эч ким менен суйлошпойм, коп ойлоном озумду-озум жеп бутмой болдум...
Өзүңүздү өзүңүз жештин кереги жок. Ден-соолугуңуз кетип жатпайбы... Күйөөгө керегиңиз жок болсо да, балдарыңызга керексиз. Болгондо да 3 бала экен. Албетте, кеңеш бериш өтө оңой. Ошол азапты тарткандан көрө күнүгө жүк атрып, кара жумуш иштеген артык болуп кетет. Башка түшсө байтал жорго дегендей... Мындай кылыңызчы, бала менен үйдө экенсиз. Алаксып, бир нерсе жасаңыз. Мисалы, тиккенди билсеңиз, курак кураңыз. Тиккенди билбесеңиз, шуру тизиңиз, браслет жасаңыз, сөйкө жасаңыз. Алар да жок болсо, түймө түйүңүз. Ал да жок болсочу, анда бир чүпөрөккө сайма сайыңыз... иши кылып алаксыңыз. Анан кол өнөчүлүк менен алаксысаңыз, жасаган нерселериңизге өзүңүз суктанып, өзүңуздүн жашооңузга өзүңуз стимул берген болосуз. А балким, ошол кылыктарыңыздын бири менен жолдошуңузду өзүңүзгө бура аласыз... А балким, кичиней бизнес ачып аласыз, алаксып атып... "Жгут" деген шурунун токулушун үйрөнүп алсаңыз, иттей оңой жана да абдан жакшы көрүнөт. Браслет жасаңыз. Интернет жок, телефон жок десеңиз, сиңдиңизден распечатка кылып келип беришин сураныңыз. Шуру болсо 10-20-30 сом эң арзаны. Балдарыңыз канчасы эркек, канчасы кыз билбей калдым. Аларга ылайык, көздүн жоосун алган бир балекет жасап бериңиз. Атасы келип эле, "Ай-иий бул кайдан?" деп таң кала тургандай, көңүлүн бурдургудай. .. Билбейм иши кылып колуңуздан эмне келет, келбесе келбегенин да аракет кылыңыз. Кыш келатат түймө түйүңүз, башмак, байпак. Күөйөңүзгө да бир нерсе токуп бериңиз.
Биз аз убакытка эки бөлөк болуп калдык. Канчалык бул тууралуу жазбайын дедим эле болбой калды. Эми андагы сезимдерди шашпай бөлүшөбүз... Айтайын дегеним, эки бөлөк жүрсөм да, өзүмө бир нерсе алып жатсам сөзсүз атабызды ойлоп туруп алчу болдум. Ага чак кийим көрүп калсам, баасын сурап алып ийе жаздайм. Кызым урушат. "Апа, өзүңүзгө келиңиз... ал кетти..." деп. Аларга көрсөтпөй, көзүмө жакшы көрүнгөнүн алып койдум. Бир канча убакыттан кийин табыштык. Кийимдеринин арасынан мен ага деп арнап алган нерсени көрүп кубанды. Жагымдуу болду окшойт. Мен мунун менен эмнени билдиргим келди эле, сен жок болсоң да оюмдан чыккан жоксуң деген сөздөр эле.
Ал эми сизге айтып жаткан кеңештерим, "Сенин кайда жүргөнүндү ойлогонго убактым жок". Же "Мага сенин көнүл ачууң кызыктырбайт. Себеби, мен ушундай иштер менен алекмин." Же болбосо, "Мени карачы!" деген сөздөрдү ушул кыймыл аракет менен бере аласыз деп ойлойм. Айтыш үчүн сөзсүз түрдө эле сөздөр же үндөр керек эмес экен. Оозду жаап, колубуз менен иштеп, көз менен кылыктанып, ооз менен жылмайып, каш менен ымдап мамилени түзөп кетсе болсо керек.
Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 14 Ноябрь 2017 - 12:47
#55 14 Ноябрь 2017 - 12:51
Балдарын менен бол ошолордун кубанычынан рахат ал.Балдарынды эки жака чыгарып сейилдеп кел,аларды ойнот.Ойногон балдарынды коруп,озун бактылуу болосун.Ар бир аялды эле эркектер бактылуу кыла албайт.Кылганы чанда кана сен ошону эсине ал.Сен жалгыз эмесин.Жашоонун манызы бала,сенин кубанычын бала,келечегин бала озуно татыктуусу бар эр жеткенде сенин бул кундорунду эки эсе кайтарган бала болот.Куйомду коргондо калп эле кулом дегенин туура эмес,журогундон чыкса жылмай сенин натууранды да ал корсун,ойлоносун. Жакшы мамиле кыл,сыр бербе бирок жылмандаштын кажети жок.Сен балдарын учун жашап атасын ,ал да ошол ойдун учкунун сезсин.Ал да адам ойлонсун.Ойношунан келгенин сезип калсан атасы эс ал чарчагандырсын деп бир аз жылмайып какшыктап кой чын болсо уялганынан жети омуру жерге кирет.Болуптур кызым Аллахым сага жардам берген болсун,бул кундорун да жаман туштой отуп кетер...
#56 24 Ноябрь 2017 - 03:24
#57 24 Ноябрь 2017 - 04:29
Sonya302712 (14 Ноябрь 2017 - 09:17) жазган:
Рая апанын кенештерин туура деп таап, колдонгонго аракет кылдым, суудан тынч чоптон жапыз болуп. Балдарым учун баардыгын которгонго чыдаганга уйрондум. Баягыдай эле суткалап жоголуп кетет, келгенде тамагын даярдап кийимдерин ирээтеп коем ашыкча суйлобойм суйлогум да келбейт. Ал да унчукпайт кыязы ушундай жашоо ынгайлуу окшойт ага. Ичимден кан отуп жатса да сыртымдан сыр бербей жылмаям. Дээрлик эч ким менен суйлошпойм, коп ойлоном озумду-озум жеп бутмой болдум...
Ооруп каласыз, мындай кылбаныз.
Купуядан сизге кенешим бар.
Билдирүүнү түзөткөн: crazyloop: 24 Ноябрь 2017 - 04:43
#58 24 Ноябрь 2017 - 12:50
#59 24 Ноябрь 2017 - 21:31
Сизге сабыр балдар учун сабыр кылын.
Эн жакшысы намаз окун иншаллах оз ордуна келет.
#60 25 Ноябрь 2017 - 01:09