Сүрөттөргө кичине оюмду жаза кетсем
Луи айымчалык эч ким аракет кылбаптыр
Сулуулугуңузду эң сонун ачып бере алгансыз
Татына келбетиңизге кийген кийимиңиз жарашып,өзгөчө фон, ырлар мн коштолуп...
Айтор,эң жогорку деңгээлде.Азаматсыз!
Курсанай жылдыздуу татына кыз экен
Чыныгы кыргыз кызынын образындагы сүрөтүңдү бааладым
Бирок быжырап эле сапатсыз сүрөттөр кошулуп кетиптир
Ангел сулууну көрүп эле жүрөбүз.Чынында чырайлуу,татына айым
Атайын конкурска сүрөткө түшүп илүүгө шарты жоктугун түшүндүрүп кетти
Ошентседа бир аз убактысын бөлүп ,жаңы сүрөт илсе эң сонун болмок
Лейзигёл сулуубуз,даярданып сүрөткө түшүшү түшүп алып,иле албай жатканынын айтканда,карап тура албадым
Формаларың абдан сонун жарашкан.
Кыргызча стил өзгөчө көрүнүп,ардайым кыргыз көйнөгүн кийип жүрсөк кана эле деген ой келет экен
Акылкарачач, турган жеринен ыр курап кеткен бул сөзмөр айымыбызды көрүүгө баардыгы куштар болсо керек эле
Конкурстун шылтоосу мн көрүпда алдык
Сүрөттөр үй шартында тартылсада
Жөнөкөйлүк, ажарлуулугуңуз көрүнүп турат
Баардык кыздар жылдыздуу ,ажарлуу
Бирок,"сүрөттөрдү жарыялайбыз" темасындагыдай кылып эле иле беришкен
Билдирүүнү түзөткөн: Aselina_kg: 15 Июль 2015 - 22:19