zzz Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 467 (0,09 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Спорт (114 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Август 09
- Кароолор:
- 28 460
- Соңку аракети
- 29 Окт 2020 10:41
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 39 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 11, 1985
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Bishkek
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
satbek
22 Мар 2021 - 22:27 -
Japalak-
31 Май 2020 - 10:54 -
zilish_kg
20 Май 2020 - 04:26 -
Azhymaliev
14 Апр 2020 - 15:47 -
Zolotoi.
14 Фев 2020 - 21:28 -
alishsapan
09 Фев 2020 - 19:29 -
warcaw
28 Мар 2019 - 13:46 -
oorup-turat-j...
28 Мар 2019 - 00:17 -
ROLSEN
26 Мар 2019 - 12:12 -
dopping.
07 Фев 2019 - 15:48
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Кыргыз тили боюнча суроо
Жазылган күн: 28 Янв 2016
Салам тилчилер! Дагы бир суроо. Төмөнкү эки сүйлөмдүн кайсынысына көбүрөөк ыктайсыңар жана эмне үчүн?
2. GMAIL жаңы колдонуучу кошууга аракет кылууда, бирок түзмөктө мындай каттоо эсеби (balancha@gmail.com) мурунтан эле бар. Баары бир уланта бересизби?
2. GMAIL жаңы колдонуучуну кошууга аракет кылууда, бирок түзмөктө мындай каттоо эсеби (balancha@gmail.com) мурунтан эле бар. Баары бир уланта бересизби?
тактоо иретинде: талаш "колдонуучу(ну)" сөзүнө, -ну мүчөсүнө уланышы керекпи же жокпу, ушул жөнүндө болуп жатат. Ушулардын кайсынысы туура болот жана эмне үчүн, бейтарап пикириңерди айтып кетсеңер. Төмөнкү материалдын да жардамы тийиши мүмкүн: Кыргыз тилинде табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп
да, түшүрүлбөй да айтыла берет. Төмөндөгүдөй учурларда
табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлбөй айтылат:
а) бир нерсени же түшүнүктү конкреттештирип, дааналап-
тактап, кандайдыр басым менен айтсак: шаарды араладык, үйдү
шыбадым, атты каңтардың ж.б.
б) табыш жөндөмөдөгү сөз ат атооч болсо: сени көрдүм,
мени ук, аны таштаба, эмнени айтасың ж.б.
в) табыш жөндөмөдөгү сөз кыймыл атооч же атоочтук
болсо: окууну бүттүм, сугарганды билет, өткөндү эстедик,
кутуларды ойлогула ж.б.
г) табыш жөндөмөдөгү сөз затташкан сын атооч же сан
атооч болсо: жакшыларды тосушту, тебетейлүүнү аңдыгын,
бирди коштум, бешти алып салдыңбы, он экинчини алдым ж.б.
д) табыш жөндөмөдөгү сөз энчилүү аттардан болсо:
Адылды урбагыла, Аккуланы каңтардым, «Кыяматты» сатып
алдык ж.б.
е) табыш жөндөмөдөгү сөз таандык болуп турса: атаңды
тааныдыңбы, колумду кармаба, мектептикине тийбегиле,
оюбузду айтабыз ж.б.
ж) табыш жөндөмөдөгү сөз жандоочтор менен келсе: үйдү
көздөй басты, айылды карай баратат ж.б.
з) табыш жөндөмөдөгү сөз менен этиш сөздүн ортосуна
кандайдыр башка сөз кошулуп айтылган учурларда: талды
жакшы багуу керек, катты узак жаздым, ырды биз да
жазабыз, жүктү аягына чейин ташыдыңарбы, тамакты
түгөтө ичтик ж.б.
Төмөндөгүдөй учурларда табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү
түшүрүлүп айтылат:
а) абстракттуулук маани басымдуулук кылып, табыш
жөндөмөдөгү сөз этиш менен жанаша айтылганда: мал багуу -
жакшы иш, кат жаздым, ыр жазгыла, жүк ташыдыңарбы,
тамак ичтик ж.б.
б) табыш жөндөмөнүн мүчөсү бирөңчөй мүчөлөрдун эң
акыркысынан башкаларында түшүрүлүп айтылат: тоо, токой,
талааларды басып өттүк; Айым, Жамийла, Асел,
Саадаттарды көрдүм ж.б. -
Темасы: Миландын күйөрмандары үчүн
Жазылган күн: 20 Ноя 2015
Джанлуиджи Доннарумма 16 жашта болсо да, учурда Миландын негизги дарбазачысы болуп калды.
Ал Диего Лопес жарат алгандан кийин, тажрыйбалуу Абияттиден озуп, Лопестин ордун ээледи.
Эртең Ювентус менен болгон беттеште эки Джанлуиджинин таймашын көрөбүз...
Комментарийлер
zzz ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?