Азыр кайда барба Айгул Шаршен кызынын калемине таандык китептерди корууго болот. Ким билет, бул ким? Кайдан келген жазуучу? Бир тундо бир китеп жазып коет экен деген маалыматтарды да угуп калдым эле...
- (10 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Айгүл Шаршен кызы деген ким?
#2 18 Июль 2012 - 18:05
MaksatXXI (18 Июль 2012 - 17:53) жазган:
Азыр кайда барба Айгул Шаршен кызынын калемине таандык китептерди корууго болот. Ким билет, бул ким? Кайдан келген жазуучу? Бир тундо бир китеп жазып коет экен деген маалыматтарды да угуп калдым эле...
китептерин окуп кордунуз беле урматту автор.
окусаныз тушуносуз.
менин укканым боюнча токтогулдук карапайым уй булонун кызы.
жакшы манилуу эле жазган китептери бар. бирок "атадан тууган кыз"деген китебинде бир жерин ката жазып койгон.ошол жери мага жакпай калган.
айгул щарщен кызынын китеби десе мен деле баса калып окуйм.мага жагат.
менин коз жашым жалан кубанычтын тамчылары...
Сыртыман ыйласам да журогумон суйуунормун. ..
Сыртыман ыйласам да журогумон суйуунормун. ..
#3 18 Июль 2012 - 18:08
Окугам китептерин.
Бирок, китепте баяндалган тагдыр аркылуу аны таанып билуу кыйын го.
![:апчхи:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/30.gif)
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#4 18 Июль 2012 - 18:22
Salam Maksat jashy tema achypsyn Aigyl eje ozunun kurch munozdogu chgarmalary menen taanylgan insan.Ejenin chgarmalary turmushtun achuu chyndyktaryn kalemi menen elge jetkizip,eldin suimonchuluguno ee bolup oturat.Eje chgarmany kobuncho eldin ozunon alat .Kee birleri ozunun turmushun kezigip aityp da beret eje bolso korkomdop chygarmany jaryka alyp kelet.Aitymynda bir kiteptu 3je4 kundo buturot eken,azyr eje Janyzak baike menen kelishim menen ish alyp barat.Aigul eje kitep jazyp da9rdap beret, Janyzak baike basyp chygaryp satykka koet. Azyr ege nebere bagyp turmushtun jakshy kundorun otkorup atkan ubak!
![:97:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/97.gif)
#5 18 Июль 2012 - 18:59
Биздин s.jenta
эмеспи?
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/biggrin.gif)
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#6 18 Июль 2012 - 19:34
#7 18 Июль 2012 - 19:53
Men da Aigul Sharshen kyzynyn Maskachan aial degen kitebin okugam jakwy jazylgan.
#8 18 Июль 2012 - 23:07
Көптөн бери ар бир чыгармаларын ушунчалык кызыгуу менен окуган, таалантына таазим кылып, мен баалаган төкмө-жазуучу инсандардын бири. Мен билген маалыматтар боюнча Токтогул районунан, бир гана онунчу класстык орто билими бар, жаш кезинен эле ыр жазган,калеми колунан түшпөгөн, бүгункү күндөгү көйгөйлүү темалардын үстүндө иштеген, азыркы учурда 48 китептин авторунун ээси. Бир отурганда эле эч бир оңдоп түзөбөй, 80 бетти жазып, бир аптада бир китепти бүтүрүп салат экен. Бул дагы эжеге берилген кереметтүү касиеттердин бири болсо керек. Чыгармаларындагы сүйүү темасы, кайгы-капа ж.б кандай гана маселе козгобосун алардын негизги өзөгүн бүгүнкү турмуштун ачуу-чындыгын түзөт. Ар бир идея анын ичиндеги тагдырлар жөнөкөй турмуштан алынып, кээ бирлери өзулөрү келип тагдырын айтып, китеп кылып жазышын суранышат экен.
"Көз ирмемде бир өмүр" аттуу чыгармасы эженин өзунун турмушундагы тагдыры баяндалган. ..
"Көз ирмемде бир өмүр" аттуу чыгармасы эженин өзунун турмушундагы тагдыры баяндалган. ..
Бири кем арман дүйнө...
#9 19 Июль 2012 - 17:43
Салам адабий чыгарманы суйуп окуган окурмандар.
Эженин жогоруда айтылып кеткен чыгармаларын мен да окугам, бирок негедир анын жеке жашоосуна кызыкбапмын.
Омур баянын кенири жаза кетсениздер жакшы болмок эжени жакындан тааныгандар,
менимче небере жытын искеп деген жогоруудагы созго караганда Аэчка деген ысым менен катталган эжекебиз эмес бекен. Себеби автор Менин суйуум деген чыгарманы жазып жатканда, неберелуу болдум деп суйунчулогон эле сайттагы окурмандарына.
Билдирүүнү түзөткөн: baku24: 19 Июль 2012 - 17:48
Турмуш- бул чоон мектеп!
#11 20 Июль 2012 - 00:34
Мен ошол эжекебиз деп ойлогон элем кечиресиз анда
Турмуш- бул чоон мектеп!
#12 20 Июль 2012 - 00:46
#13 20 Июль 2012 - 02:20
![Прикрепленное изображение: 8.jpg](https://www.super.kg/superstan/uploads/monthly_07_2012/post-59340-024992500 1342728088_thumb.jpg)
Айгүл Шаршен кызынын берген макаласынан :
Кудай берген касиет
Токтогул районунун Өзгөрүш айлынан болом. Бир ата, бир энеден жалгызмын бирок, энелеш, аталаш бир туугандарым бар. 4 кыз, бир эркекпиз. Бары менен катышып турам. Менин 10 жылдык эле билимим бар. Жаш кезимен ыр жазып жүрчүмүн. Ошол эле айылга турмушка чыгып, балалуу болуп, түйшүктүн казанында кайнап, жолдошум менен 18 жыл жашагандан кийин болоор- болбостон ажырашып кеттик. Эки кыз, бир уулум, 6 неберем бар. Бир туугандарым, балдарым менин чыгармачылыгыма түз көз карашта. Уулум да ыр жаза коюп жүрөт. Жолдошум менин жазганыма каршы чыгып, далай кол жазмаларымды айрып, өрттөп салган. Биздин ажырашуунун себеби деле менин жазмакерлигимен келип чыкты. Кийин ал бизге тууганчылыгы бар аялга үйлөнүп кетти. Тагдыр экен, Бишкекке келип ар кандай иштерде иштеп, балдарымды багып жүрдүм. Чыгармачылыктын көрөңгөсү дээримде болгондон кийин кайрадан колума калем кармадым. 1999-жылы "Тагдыр" гезитине "Армандуу махабат" аттуу новеллам чыгып, ошондон адабиятка аралаштым. Андан кийин "Маскачан аял" аттуу детектив жазып, "Махаббат майданы" аттуу гезитке сериал болуп чыкты.
"Маскачан аялдын" биринчи китеби жарыкка чыкканда, Жаныбек Жанызак мени таап. экинчи бөлүгүн мен чыгарайын деп калды. Ошол күндөн бери келишим түзүп, Жаныбек ака менен иштешип келатам. Кудайга шүгүр, минтип 48 китебимди жарыкка чыгарып элге таанытып жатат. Ал киши болбогондо ушунча китепти чыгара алат белем, бир кудай билет. Кээ бирөө "ушунча китеп чыгарды, мунун акчасы көп болуш керек, акчасын кайда чачаарын билбей китеп чыгарып жатат" десе, кээ бири, " ушунча китеп чыгарды, китебин сатып, чириген бай болду болуш керек" дешет. Мени элдер бай деп ойлошот. Албетте баймын, балдарым, неберелерим, өзүм аман-эсен эл ичинде күн өткөрүп жашап жатабыз. Ошол айткандар мен чакан батирде небере багып, тамактанган столдо чыгарма жазып жатканымды билишпейт. Китептен канча акча табасыз деп сурашат. Мен байлыкка жутунбаган адам экенмин. Жаныбек Жанызак китеп чыгарганда гонарар деп 250 китепти колума берет. "Ак көңүлдүн аты арыбайт" дегендей кээсин бекер таратып жиберем. Ошондуктан колума тиээри менен 30-35 сомдон дүңүнөн китеп саткандарга берип салам. Алгандар канчадан сатат аны билбейм. Сатуучулардын айтуусунда китептерим китеп базарында "бомба" болуптур.
Ушунча китептин автору болгонум менен мени эч ким деле тааныбайт. Өзүм деле элге таанылайын деп умтулбайм. Акыркы жылдары Жаныбек Жанызак гезиттерге алпарып чыгартып жүрөт. Мен ал кишиге ыраазымын. Чыгармаларды кантип жазасыз, чыгармадагы каармандардын тагдыры өзүңүздүн тагдырдан алынганбы? -дешип көп сурашат. "Көз ирмемде бир өмүр" аттуу китебимде өзүмдүн тагдырым жазылган, кудай кааласа улантып жазайын деген оюм бар. Калгандары менин тагдырым эмес. Эл арасындагы жүрөк ооруткан же көңүл көкөлөткөн тагдырларды угуп калсам, көңүлүмө түйүп коем. Мен чыгарма жазаарда китептин атын биринчи жазам, ошол темага байланыштуу окуялар өзүнөн -өзү келе берет. Кулагыма бирөө шыбырап айтып турат же ошол окуя жазып жатканда элестеп, баштан аяк көзгө көрүнбөгөн күч жардам берип жатканын сезем. Ооба, мен кудайдын, колдоочулардын, көзгө көрүнбөгөн күчтөрдүн бар экенине ишенем. Түш аркылуу көп аян келет. Боло турган нерсени алдын- ала түшүмдөн көрөм. Бир жолу түшүмдө сыртка чык деп кандайдыр бир күч ойготту. Көрсө, кечинде биздин үйдөн кеткен кайынсиңдим жолдон кырсык болуп каза болгон экен. Мындай аяндар көп.
Мен дүнүйөнү, байлыкты ойлобой, китептерим эл издеп окуган чыгарма болгонуна сүйүнүп жашап келем.
Бири кем арман дүйнө...
#14 20 Июль 2012 - 07:23
Rahmat Zhazira!
Aigul eje jonundo maalymat aldum ,emi okurmandar okup bilishet
![:гезит:](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/29.gif)
#17 20 Июль 2012 - 11:10
#18 20 Июль 2012 - 11:21
Рахмат чоон чоон! Жазуучулар союзуна мучо бекен?
Турмуш- бул чоон мектеп!
#19 21 Июль 2012 - 16:41
Aigul ejenin "Koz jaw" 4ygarmasyn a9vai berilip,yilap okugamda. Soonun 4ygarma.
#20 21 Июль 2012 - 17:28
Жазуучунун баш-аягы болуп канча чыгармасы китепке чыккан? Канча китеби бар дегеним?
- (10 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »