- (8 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Кандай кайын эненин келини болосуз? Кайын энелер тууралуу...
#1 27 Июнь 2014 - 16:02
Кой-
кайнене
Келинин эң биринчи жолу көргөндө эле өзүнө жакканын же жакпаганын дароо айтат. Башкача айтканда, анын сөздөрүн укпай туруп, жүзүнө карап туруп эле кандай экенин экенин баалап коёт. Дайыма өзүнүн уулунун (күйөөңүз) же кызынын (кайынсиңдиңиз) таламын талашат. Эгер кокус кайненеңизге жакпай калсаңыз, өмүр бою "баламдын башын айлантып тийип алгансың" деген сөздү угуп жүрүп өтөсүз. Көпчүлүк учурда сиздин жиниңизге тийиш үчүн гана жаман сөздөрдү айта берет. Бирок алар чын дилинен эмес. Ошондуктан, анын сөздөрүн кулагыңыздын сыртынан кетирип коюңуз, таарынбаңыз. Сиз бошобой жатсаңыз да, ооруп жатсаңыз да үй жумуштарына жардам берүүнү каалабайт. Эч кимге сизди мактагысы келбейт, тескерисинче, "кирди чала жууйт, тамакты начар жасайт..." деген сыяктуу жамандап коёт. Анткен менен мыкты чоң эне. Балдарыңызды кайда алпарып эс алдырууну, эмне сатып бериш керектигин айттырбай билет. Алардын мектепте мыкты окушуна да көзөмөл кылат.
Букачар- кайнене
Уулуна кичинекей кезинде эле чоңойгондо кандай кызды алып берерин пландап койгон. "Бул кыз сага ылайыктуу, ушуну аласың" же "буга үйлөнбөйсүң" деп баарын өзү чечет. Ага уулу каршы боло албайт. Демек, убагында сизге үйлөнүшүнө өзү макул болгон. Чоң үй-бүлөнү жакшы көргөндүктөн, "көп бала төрө" деп айта берет. Тамакты мыкты жасагандыктан, ага теңелиш сиз үчүн кыйын жана теңеле да албайсыз. Ошол себептен улам абысындарына, теңтуштарына "келинимдин колунан эчтеке келбейт" деп айтуудан тажабайт. Эч качан өзүңүз каалагандай басып-тура албайсыз, кайненеңиздин айтканы менен болушуңуз зарыл. Антпесеңиз эле балээге калдым дей бериңиз. Алтургай үйдү канча таза жыйнасаңыз да бир жерин сөзсүз жактырбай турат. Эгерде күйөөңүзгө өйдө карап катуу сүйлөсөңүз, же ага начар аял болсоңуз, сизди жер менен жексен кылууга даяр. Бирок жакшы чоң эне болот. Кокус ооруп калсаңыз дарысын ала чуркап, карегиңиз менен тең айланат. Анча-мынча кемчилигине көз жумуп, тил табышууга аракет кыла берсеңиз акыры жеңесиз.
Эгиздер- кайнене
Кээде атайлап эле жиниңизге тийгиси келет. Сиз анысын алгач тамаша деп ойлойсуз, а чындыгында, тамаша эмес. Эч качан кайненеңиздин көзүнчө кыска юбка, же шым кийбеңиз. Анда дароо тил угасыз. Мындайда сизди урушуп эле тим болбостон, тээ илгерки кылган күнөөлөрүңүздөн бери эстеп айтып, бир канча жыл мурунку эски жаратты "тырмап" кирет. Майрамдарда өзү дасторкон даярдап сизди кубантышы мүмкүн. Балдарыңыздын туулган күнүндө эс алдырып, белек сатып берүүнү унутпайт. Акчадан кыйналсаңыз жардамын аябайт. Каардуу кайнене эмес, бирок жаман сөздөрү менен нервиңизди "жеп" коёт. Эч качан айтышпаңыз, болбосо ал сизге "согуш" жарыялайт. А күйөөңүз кандай болсо да апасынын айтканына жүз пайыз ишенет.
Бөйөн-кайнене
Дайыма бир нерсе эсиңизде болсун: эч качан кайненеңизге катуу айтпаңыз. Туура айтса да, туура эмес айтса да унчукпай кутулуңуз. Эгер айтышсаңыз, мунуңузду өмүр бою унутпай кектеп калат. Бөйөн-кайнене - дүйнөдөгү эң жакшы чоң эне. Айтууга сөз да жетпейт! Жада калса ооруп жатса балаңызды багат. Сизге арзан эмес, кымбат баалуу белектерди берет. Курбуңуздай сырдашып, жакшы кеңешин айтат, сөзүңүздү угат. Үй жумуштарына жетишпесеңиз жардамын аябайт. Колуңуздан келишинче керектегенине акча берип туруңуз, ошого кубанып калат. Бөйөн-кайнене талапты катуу коёт, ошол себептен айтканын айтканындай аткарууңуз керек. Бирок абдан боорукер. Ага канчалык жакын болсоңуз, ошончолук сизди жакшы көрөт.
Арстан- кайнене
Келининин сырткы өң-келбетине чоң көңүл бурат, "сулуу болсо, балама татыктуу болсо" дейт. Кичи пейил, боорукер кайнене. Сизге белек бергенден аянбайт, а акча сурасаңыз жаман көрөт. Ал өзүн "үй-бүлөдөгү ханышамын, мен чечем баарын" деп эсептейт. Сизди сыйлаш керекпи же жазалаш керекпи, кантип жазалаш керек, муну да өзү билет. А эгерде жагууга аракеттенсеңиз жана аракетиңиз ишке ашса, чын дилинен сизге жакшы мамиле кылып, сүйүп кетет. Эч нерседен кем болбой жашаганыңызга кам көрөт. Балдарыңызга каралашат, бирок дайыма эмес. Себеби, бала багуучунун ролун аткаргысы келбейт. Эгер капаланып жатканын байкасаңыз себебин сурап, кайгысын тең бөлүшүңүз. Бул ага абдан жагат. Эскерте кетүүчү нерсе, арстан-кайненеге эч качан сын айтпаңыз. Сынды көтөрө албайт.
Бийкеч- кайнене
Сиз келин болуп келгенге чейинки жүрүш-турушуңуз, кылык-жоруктарыңыз тууралуу баарын иликтеп билип чыккан. Себеби, уулуна татыктуусузбу, сизге ишенүүгө болобу, кыскасы, баарына көзү жетүүсүн каалайт. Өзүнөн суранбай эки жакка кетсеңиз, балакетке каласыз. Балдарыңызды жакшы карайт. Эгерде балаңызды кайненеңизге таштап тойго, кафеге, эс алууга кетсеңиз, баланы шылтоолоп тез эле чакырып алат. Эки жакта көпкө жүрүшүңүзгө жол бербейт, тынчыраак көңүл ачтырбайт. Эч качан өз жашооңуз, кыйынчылыктарыңыз тууралуу сырыңызды айтпаңыз. Анткени, уккусу да келбейт. Анда эле "мендей азапты тарткан эмессиң, мендей кыйналган эмессиң, меникине салыштырмалуу сеники жыргал" деген сыяктуу ачуу сөздөрдү угасыз.
Тараза- кайнене
Сизди да, балдарыңызды да (эгер мурунку күйөөңүздөн балаңыз бар болсо да) жеке менчигиндей көрүп жылуу мамиле кылат. Атүгүл балдардын көңүлүн ачыш үчүн алар менен кошо бала болуп ойногондон тартынбайт. Чечкинсиз болгондуктан, өзү чече албаганды сиздин мойнуңузга жүктөйт. Туура эмес мамилеси, жаман сөздөрү менен ашыкча ачууңузга тийсе, ар кандай сөздөр менен калп эле коркутуп койсоңуз болот (мисалы, "ушул кылыгыңызды уулуңузга айтам" деген сыяктуу). Анткени, ошондо эсине келип, оңоло түшөт. Тараза-кайнене менен эч качан чогуу соода кылууга чыкпаңыз. Каалаган нерсеңизди каалагандай ала албай калышыңыз ыктымал.
Чаян-кайнене
Жаман адам эмес. Бирок дайыма баарын билип тургусу келет. Мисалы, бойго бүтүрбөш үчүн кантип сактанып атканыңыздан бери. Өзүнүн энелик милдетин так аткарганга аракеттенет. Уулуна (күйөөңүз) берген тарбиясына ыраазы эмес. Анын ар бир бактысыздыгын, оңунан чыкпаган ишин өзүнүкү катары жүрөгүнө жакын кабыл алат. "Ушунун баарына мен күнөөлүүмүн" деп эсептейт. Кээде тынымсыз мээңизге чай кайнатып, жашооңузга кийлигише берсе, кээде эки-үч жумалап өзү менен өзү болуп калат. Анткени, чарчайт. Ошондо да күйөөңүз экөөңүз эмне кылып атканыңар тууралуу айтып, өзүңүз эле кабарлап турушуңуз зарыл. Антпесеңиз баары бир билип алат. Сиз үйдө жокто буюмдарыңыз менен кийимдериңиздин баарын аңтарып, ушундай жол менен сиз тууралуу көбүрөөк билгиси келет. Жакшы сапаты - таптакыр сараң эмес. Сурасаңыз акыркы тыйынына чейин берип коёт. Ашканада көбүнчө өзү каалаган тамакты жасатып жейт.
Жаачы-кайнене
Сиз менен дайыма эч нерсесин жашырбай ачык-айрым сүйлөшөт. Уулуна татыктуу жубай экениңизге көзү жетишин каалайт. Баарын өз билгениндей кылгысы келет. Берилген суроого түз жооп берет, ар нерсеге көз карашы кенен аял. Сиз кылган нерсени жактырбай, дайыма өзүнүкүн гана туура деп эсептөөнү сүйөт. Бирок оюнда арамы жок, болгону оюна биринчи эмне келсе, ошону сүйлөп коёт. Калп айтканды жаман көрөт. Балдарыңызга жакшы чоң эне, бирок өз милдетин өз убагында эскертип туруңуз. Мисалы, кечинде тойго бара турган болсоңуз, эртең менен эле "бүгүн балдарды карап бериңиз" деген сыяктуу. Антпесеңиз, так ошол маалда кайненеңиз да бир жакка кетип калышы мүмкүн.
Текечер- кайнене
Балдары карыса деле аларды кичинекей деп эсептейт, эркелетип турат. Пейили кенен, колу ачык. Үйүнө ким келбесин, күлүп-жайнап төргө өткөрөт. Үйүңөрдө эмне болуп атат, эмне жаңылык бар, баарын элден мурда билгиси келет. Ишти күн мурунтан пландап жашайт. Акчаны дайынсыз корото бербеңиз. Анткени, кайненеңиз үнөмдүү адам, ага жакпай каласыз. Эгерде күйөөңүз менен проблемаңыз пайда болсо же таарыныша кетсеңиз, кайненеңиз менен акылдашып, кеңеш сураңыз. Ал сизге жакшы кебин айтып, туура жол көрсөтөт. Дегеле, Текечер-кайнене өзүн керектүү адам катары сезгенди жакшы көрөт. Улгайган жашында да иштегенден чарчабайт. Кокус мүнөзүңүз, кылган иштериңиз менен жагып калсаңыз, коргоочуңузга айланат. Жакпай калсаңыз, өмүр бою кайненеңиздин үйүндө өзүңүздү чакырылбаган коноктой сезип жүрүп өтөсүз. Кийимге ашыкча акча коротпоңуз, анда эле жинине тийип аласыз.
Суукуйду- кайнене
Кокус сизге зарыл түрдө жардам керек болуп атса, сөзсүз түрдө жардамга келет. Эгерде күйөөңүз, кайынсиңди- кайнилериңиз сизди жакшы көрүшсө, демек, кайненеңизге да сөзсүз жагасыз. Башка бирөөлөрдүн урушуна такыр кийлигишпейт. Андайды жаман көрөт. Ошондуктан, өз проблемаларыңызды өзүңүз чечесиз. Уул-келининин ишине аралашкыча абысындары менен ушакташып отурганды артык көрөт. Суукуйду-кайненелердин балдары абдан акылдуу болушат. Андыктан, ушундай жакшы күйөөнү төрөп бергени үчүн кайненеңизге дайыма ыраазычылык билдиришиңиз зарыл. Акылдуу, боорукер, адамдар менен тез тил табышкан, шайыр, токтоо адам болгондуктан, кайненеңиз менен кайда ээрчишип барсаңыз да көңүл ачып, ачык маанайда келесиз.
Балыктар- кайнене
Балыктар- кайнене - үй-бүлөнүн башчысы. Өтө сырдуу адам. Бирок сиз андан сыр катсаңыз, кандай жол менен болсо да баары бир билип алат. Бул жагынан Балыктар-кайненеге эч ким тең келбейт. Сиз ичиңизге сыр катпай, жашырбай, ачык-айрым сүйлөшүү менен ага жага аласыз. Чыр чыгарганга, ушакка жакын. Анткен менен уул-келининин урушуна кийлигишпейт. Чоң кемчилиги - ичкиликке жакындыгы.

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 27 Июнь 2014 - 17:03
Ммммм абдан жакшы инфо экен. Молодчик автор. Ушунун баарын эринбей жазып чыкканына
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#3 27 Июнь 2014 - 17:30
Бул маалымат ушу суперден эле кайсы бир темадан таап плып сыр папкама сактап койгон элем. Компум жоголгондо кошо жоголдуле. Эми кайра бул жактан таап албадымбы. Ырас эле бул нерсени тема кылып ачыпсын Фейжи. Рахмат.
Темага келсем: куп туура келет. Бир суйлому да туура келбей калабы десем жоок раса туура келет экен да...

#4 27 Июнь 2014 - 17:37
Кандай кайын энеге туш келем билбейм, бирок мен жакшы кайын эне болот экенмин ))
#5 27 Июнь 2014 - 18:07
Жылдыз толгоолордун канчалык денгээлде чындыгы бар билбедимго,
бирок кайын энем 'Онолкандардын'
тайпасына кирбейт.
Билдирүүнү түзөткөн: Kg.lady: 27 Июнь 2014 - 18:08
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#6 27 Июнь 2014 - 18:43
. Терс муноздор коп берилиптир.
Суу куйду,букачаар мейли жаачы болсун баары бир кайнене да.
Мен мындай божомолдорго ишенгим келбейт. Андай сапаттар баарында бар,болгону , оз жоопкерчилигинди аткара билуу менен сый-урматты жогору койуу керек.
( кайненени жамандагандарды жек кором)

#7 27 Июнь 2014 - 19:16
Менин кайненеме дал келди. Ушу жерде жазылган жакшы сапаттардын баары менин кайненеме таандык, бирда жаман жагын көрө элекмин, алтын кайненем бар!
#8 27 Июнь 2014 - 20:05
Менин апама эч кандай тиешеси жок экен. Апам озу менде жалгыз да.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#9 28 Июнь 2014 - 07:14
Ааа иии, мен кайнене болсом анчалык эле болбойм ай кудай сакта!
Кызымдан келинимди бийик корсом керек, себеби ал келин менин булоом болуп атпайбы!
А, кызым башканын!
Озум бирок, кайенелуу боло элекмин!
Ээ, озу негизи гороскоп, буга окшогондор мага эч эле дал келбейт! Ишенип башымды да оорутуп отурбайм!

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#10 28 Июнь 2014 - 10:01
Barika (28 Июнь 2014 - 04:14) жазган:
Ааа иии, мен кайнене болсом анчалык эле болбойм ай кудай сакта!
Кызымдан келинимди бийик корсом керек, себеби ал келин менин булоом болуп атпайбы!
А, кызым башканын!
Озум бирок, кайенелуу боло элекмин!
Ээ, озу негизи гороскоп, буга окшогондор мага эч эле дал келбейт! Ишенип башымды да оорутуп отурбайм!
Кызымдан келинимди бийик корсом керек, себеби ал келин менин булоом болуп атпайбы!
А, кызым башканын!
Озум бирок, кайенелуу боло элекмин!
Ээ, озу негизи гороскоп, буга окшогондор мага эч эле дал келбейт! Ишенип башымды да оорутуп отурбайм!
Жакшы жерден бакыт табыныз.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...
#12 28 Июнь 2014 - 10:40
Ойууу баарынар мактап жибергенсинерго кайненерди я андай жакшы болушпайтко
#13 28 Июнь 2014 - 10:54
#14 28 Июнь 2014 - 11:25
Кандай кайын эне болбосун,баарибир кайненеда.Апа-
молтур булак,айырмасы аябай чон.Канчалык мактасак да 90%и кайненелигин кылат.Ошол эле биз мактаган апабызда башкаларга кайынене.
Тери калдырактыгын койбойт,
Кайнене каарын койбойт.
деген макал бекер айтылбаса керек.
Тери калдырактыгын койбойт,
Кайнене каарын койбойт.
деген макал бекер айтылбаса керек.
#15 30 Июнь 2014 - 07:01
Охуууу мен озумчо кайнене болуп элестетип алдым го.
Биз "Арстан "аялдар чынында сулуулука кобуроок конул бурабыз, келинибиздин келбетине да конул бурат экенбиз да ээ ...Калгандары менин кайнене болушума туура келбеди. Мен каалабаган кайненеликтин ролун ойнотуп коюптур.
Озумо келсек, кандай кайнене болбосун, тил табышууга аракет кылам. Келин болуп, кайнене созун, кенешин угуп чыналабыз , сыналабыз дегендей . Кээ бир кайнене келинин кызынан да артык коргондор бар, демек келиндин кичи пейилдигинде. Мына ошондой даражага жетип жургонго жеткирсин..

Билдирүүнү түзөткөн: orhideya: 30 Июнь 2014 - 07:06
А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#16 30 Июнь 2014 - 07:57
Буюрса озумдун апамдай кайын эненин келини болгум келет А моу гороскоп деген немелерге эч ишенбейм
#17 05 Июль 2014 - 15:26
Уащее тура келбеди менин кайненем золотой менин таламым талашып кызындай корот мен иш кылып кайын синдим отуруп калса тур женене жардам бер отуруп албай деп урушат кайра а так кайын синдимда золотой
#18 08 Июль 2014 - 12:30
Жылдыз толго аркылуу кайненелерди талдап калсак,анда кайнаталар кандай болот экен деймда. Менимче жылдыз толго аркылуу кээ адамдарга туура келбейт. Анан илгери качан метирке алса ошол кундун числосун жазып коёт имиш экенго. Ошол себеп кайненелерибиз жылдыз толгого туура келбей калса тан калыштын кажети жок. А озумду кайнене катары элестете элекмин,биринчи тороп аларды тарбиялап алайын. Аллах буюрса ошол кунду насип кылып кылса ошондо озумду байкап коромго, а так азыр озумду кайнене элестетпей элемин.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#20 25 Июль 2014 - 15:34
Биздики да туура го...
Жогорудагы жазылган жылдыз толго кайын энемдин муноздоруно туура келет экен.
Кайын энем алтын аял, ага ыраазычылымды ар дайым айтып келем. Ушундай алтын Апам бар экенине суйуном. Эх апа ден соолугунуз жакшы болсун!
Биз дагы аз кундо жанынызда болобуз!!