Samat1992SM Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 81 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Чет өлкөдөн салам! (19 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 21 Август 16
- Кароолор:
- 14 885
- Соңку аракети
- 01 Май 2021 02:24
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 31 жашта
- Туулган күнү:
- Декабрь 19, 1992
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жакшы ниет жарым ырыс.
Жазылган күн: 8 Окт 2016
Саламатсыздарбы урматтуу форумчулар. Атым ______. Жашым 18де. Кичинекейимден кежир, озунун айтканын бербеген, анан да тырышчаак болуп остум. Орус мектепте окуп,окуучулардын эн алды болуп журдум, 9чу класстан эл катары мен да мектеп м-н кош айтыштым. Кесиптик лицейге тапшырып ал жакты кызыл диплом м-н аяктап, эн жогорку квалификациядагы тигуучу болдум. Аял киши учун эн зарыл нерсе деп билип жана апамдын кыялын орундатуу учун ушул кесипти тандап алдым. Апам тигуучулукко окуйм десе таятам каршы болуп окутпай мугалимдик кесипти аркалап калган. Кичинекейимде кинолордон ыйлап журуп,ата-энелери каршы болушса да, канчалык жолдору тосулбасын баарыбир бир болуп калган адамдардын суйуулорун коруп мен да ошондой суйууну башыман откорсом дечумун. Анткени алоолонгон от тез очот дегендей,онойчулук м-н жетип алса бири-биринин кадырын билишпейт дечумун. Жашоодо да кыйынчылык м-н бир нерсеге жетууну самачумун, ата-энем ото эле бай болбосо да, колубузда баары бар болчу машина,уй-жай, акча, жана эн негизгиси тынчтык бар эле. Акыл токтотуп, озумду чон эле адам сезип калган кундордун биринде атам уйго кызуу келди. Омуру ичкенин корбогон жаным нес болуп калдым. Апамды урушуп атты. Эмне болуп жатканын тушуно албай турдум. Байкелерим келип атамды тынчтандырып уйго алып кирип кетишти. Мени жаш деп эч кимиси эч нерсе айтпайт, а мен эмне болуп жатканын дале тушуно албай турдум. Баары уктагандан кийин уйлорду жыйнап атсам кагаздарга козум тушту. Ачып окусам атамдын Саляновага жазган арызы экен. Арызда атам иштеген ишкананын кожоюну атама озу мн бир жерге чогуу барып келууну отунот. Атам макул болуп ал жерден турктор мн жолугушат, ишкананын кожоюну турктордун фирмасынан машинанын тетиктерин дагы бирдемелерди алаарда акчасы жок болуп паспорт документтерин уйундо унутуп калганын айтат. Ак конул атакем мен коюп турам залокко деп машинанын документин, паспортторун койот. Жанагы кожоюну эртеси кайра келип документтерини алып акчасын толоп кетебиз дегенде атам макул болуп кайра артка жоношот. Чыкканда атама бул ишти милиция билбесин деп суранат, атам жаман ойлобой эле макул дейт. Эртеси кундогудой ишке барса, кожоюну чакырып сен милицияга билдирипсин айтпайм дебедин беле деп шылтоолоп иштен айдап салат. Эмне кылаарын билбей айласы куруп,ошентип уйго ичип келгени экен. Атам ото эле ак конул болгондуктан колунда эмне болсо кармата берет, анысы апама жакпай ошентип уруш чыгат уйдон. Бирда атамын ичкенин корбогондуктон эми ушинтип ичип кетеби деген жаман ойлор келип, ал ойлордон коркуп танды атырдым. Ошентип кичинемде ниет кылгандай кыйынчылык кундор башталат. Майрамдарда, туулган кундордо базарда эч нерсе койбой алып келчу нерселер азайып жок боло баштады. Ошого болсода каниет кылып атамдын ичпегенине суйунуп жашап журдум. Ал убакта улуу байкем англис тилди жакшы билип, турк лицейде окугандыктан америкага окууга жиберебиз деп даярданып жаткан элек, карызга белчебизден батып америка калып, москвага эл катары иштегени жоноп кетти. Чон байкем иштеп тапкан акчасын ашыкча коротпой уйго салып турду, ото чон суммада карыз болгондуктан кичине байкем да москвага кетууго аргасыз болду. Экоолоп иштеп журуп карыздан да кутула баштадык бир аздан. Ошентип кундор ото берди. 4 жыл дегенде карыздан толук бойдон кутулуп байкемдер бири дем алганы келип, бири иштеп, ал барса бири келип кетип журушту. Апам келе бергилечи кутулдукко десе ал жакта барганда эмне иш кылат элек деп журушуп, келишти. Чон байкем диплому болсо да оз кесиби боюнча иштебеди. Ошентип кундор айга, айлар жылга алмашып убакыттар ото берди. Кесиптик лицейди аяктап жогорку окуу жайга тапшырып 1 курс болуп окуп калдым. Уй-булоодо 5 бир тууган болуп, баарыбыз эн жакшы окуйт элек. Ата-энемдер да бизди гимназияда орус мектепте окутушту. Иним атамы, чон байкеми тартып математикадан кыйын болчу. А мен башты иштетким келбей эле экзаменге бир кун калганда китепти бир жолу окуп койчумун. Бирок эртеси билген нерсем тушуп калчу экзаменде. Иним да турк лицейде окуп грамоталарды алып келчу. Бир куну университетте факульттер аралык спортакиа болуп калды,мен да катыштым. Воллейбол, теннис, шахматты ойноп жургондуктон кызыгуум арта баштады. Ошентип кубокту биздин факультет женип алды. Спорттун 3 турунон катышкандыктан ректордун колунан грамота да алдым. Негизи мен бироону издей берчумун. Машинада баратканда да азыр чыгып калабы,кандай адам болду экен деп копко ойлонуп карай берчумун. Ошентип университетке бир аз таанылып калганда универдин жаштар комитетинин торагасы м-н таанышып калдым. Жакшы эле мамиледе болуп журдук. Анын уйундогулор м-н, биздин уйдогулор м-н таанышып мамилебиз тойго жетип калган болчу. Бироону суйсом таза кири жок суйом дечумун. Досторум,туугандар, ата-энем, группалаштар бут баары билип калышкан болчу, биздин суйлошуп жургонубузду. Бир куну досум аныны бул жактан кордумго бир кыз м-н кетип атыптыр дейт. Таанышы коп анын дос кыздары болсо керек да десем. Ай ушул досум соз тийгизбейсин анына ээ деп калды. Арадан кундор ото берди. Окууга таштап анан ишине кетчу атам. Мурдакы иштеген жеринен айдалып кеткенден кийин 2 жылдай бош журуп, жакшы ишке кирип калган болчу. Ошондой кундордун биринде атам куйоо бала журобу деп калды, ошондо жер катуулугунан эле чыдап турдумго ошол жерде, уялып эмне соз айтаарымды билбей апкаарып калдым.кайерден болот дедин эле, эмне иш кылат деп сураштырып калды... Ал мн чогуу жургондо тааныш кыздары мн учурашканда кучакташып копко суйлошуп турур калчу. Мен ары басып кетчумун. Ичим жалын, сыртым чок болуп атсам да билдирбегенге аракет кылчумун. Калп айтканды жаман коргон жаным жалган суйлогон адамдарды корсом муунтуп салгым келчу.Бир куну мен универдин сыртында аны кутуп тургам. Чыгып келайтып бир кыз мн кучакташып учурашып копко суйлошуп туруп калды, 10 мин отту, 20 мин отту кетейин дебейт. Жарым саат болгондо смс жаздым тезирек келесизби же жокпу деп, окуп туруп жоор жазбады. Сабыр кылайын деп суйлонуп аттым,ал кыздын жанынан жылгыс ою жоктой,чыдабай кетип чалсам очуруп койду, маршруткага чыкканымда чалып калды:
-Эмне кетип калдын, кутуп тур дедим элего...???
- чалсам эмне очуруп койдунуз?
-Проректордун жанында элем.
Ошондо ачуум мээме тееп чыкты, проректорду тааныбасам бир жон эле, каратып туруп калп айтканы жанымды кашайтып жиберди. Маршруткадан тушуп калдым. Ал келди. Калп айтканы, болгондо да проректордун жанында элем дегенине кармана албай урушуп кеттим. Ошондон тарта кызганганымды ачык айтып коргозо баштадым. Ал да мен кызганган сайын кучой берди. Андан аркы кундорубуз ошондой уруштар мн коштолуп журду. Бир куну сенин апан мондай тигиндей дейт. Мени ошентип атаса да мейли эле апам жамандап атканы озумду койорго жер таппай ашата согуп таштадым. Сиз кимсиз апам жонундо жаман соз айтканы деп бакырсам унундо которбо мага дей баштады. Ошол жерден таштап басып кеттим. Кеч кирди. Андан дайын жок. Кечирим сураса керек деп куттум. жок. Мен да жазбай койдум.1 кун отту, 2 кун отту жок. Чыныгы эркек айтат, тушундурот, капа болбойт. Бала болсо таарынат деген соз бекеринен айтылбаган окшойт. Ошентип андан конулум сууй баштады. Бир куну универден анын кабинетинен бир кыз мн отурганын коруп калдым. Эртеси жолугуп калып, телефонунузду беринчи десем жок дейт.
Берин телефонунузду деп атам.
....
Колунан тартып алсам кечээки коргон кыз мн жазышкан смстери, чогуу тушкон суроттору бар экен. Аны окуп алып бироо устумо муздак суу куйуп ийгендей жаман болдум. Колу-бутум титиреп чыкты. Аны байкады окшойт телефонун тартып алып ошону короюн дедин беле деп карап калды. Басып кеттим. Кеч ватсаптан жазып калды. Апам размерин олчоп жибериптир деп. Апасына халат тигип берем дегендиктен эртеси ал мн базарга материал алганы туштук. Материал алып чыгып, телефону эстеп кайерге койгону билбей аттым. Сиздеби десем жок дейт. Корсо таксиде унутуп калыпмын.
-Мейли жур башка телефон алып берем .
-Жок. Кереги жок.
-Ошо бир телефонго да настр.болосунбу, бас башка алып берем азырынча ошону которуп тур арзан болсо да.
- Бироо алып берген буюмду албайм. Озум алып алам.
Ии сен деген байсында, кыйынсын, тоготпойсун.
- сиз ал акчаны азыр карызга алдынызбы досунуздан?
-Ооба
Сиз карызга алсаныз анан мага телефонго алып бересизби албайм.
-Олуп кет, уктунбу!
Ошондо да урушуп жоноп кеттик. Халатты тигип эртеси алып барып бердим. Апасына берсе ии тигиптирда ээ мен тикпесе керек дегем. Жакшы тигет экен дептир. Коендой окшош кундор ото берди. А мен телефонум жок журуп калдым, кореядан заказ кылганым 1 айда келе турган болуп, инимдин телефонун которуп калдым. А андан кабар жок. Телефон мн аны да кошо жоготтум деп ойлоп аттым ичимден. Суроттор,смстер ал экообузго тийиштуу нерселер баары телефон мн кошо кетти. Айласыздан бул да жакшылыкка деп койдум.Ден-соолугума байланыштуу больницага жатуумв туура келди. Бирок Кудайдын буйругу экен, орун болбой 1жумача окууга барбай уйдо жатып калдым. Атамдын ишканасынан Ысык-Атага путевка берилип аткан, атам байкем экообузду жиберди, эс алып алаксып кел деп мени кошуп жиберди. Кетеерде жоготкон телефонумдун номерин кайра восстановить этип, жоноп калдык. Окууман 10 кунго жооп сураган элем анын 7куну отуп кеткенде ыссык-атага кетип калдым. Ал жакка барганда кимге айтып койоорумду билбей айлам куруду. Группалаштардын номери очуп кеткен экен, бир куну бекер жатып информатикадан берген агайдын фамилиясын атын эстеп кетип одноклассникиден издеп калдым. Дароо эле чыкты,карасам ошол агай. Мени озумдун атымдан айтпай Асел дечу. Айласыздан ага смс жаздым:
Саламатсызбы агай. Мен ______.... Агай мага нб койбой турунузчу, мен лечения алып аткам,баралбайм азыр деп. Арадан 2 саат откондо эооп келди.
-Мейли жакшы болуп кел.
-Рахмат агай.
Уйго кайтчу убак болуп, жоноп калдык.Жолдо мени деп кыжаалат болуп туну мн уйкусун калтырган ата-энемди, мен учун куйуп жанган бир туугандарымды эстеп жакшы жашоо башташым керек, бактысыз болушка акым жок, деп жаны жашоомду баштап келдим. Уйго келип, эртеси сабака бардым. 1 пара ошол информатик агайдын сабагы эле. Мени коруп эле келдинби, жакшы болуп калдынбы деп сурап калды. Жакшы агай деп кулуп койдум. Ошол кундон тарта агайдын козунун кыйгачы мн карап жургонун байкап калдым. Агайдын уйлонуп баласы бар экенин билчумун. Ар дайым озун тыкан, таза, кийимдерине чан жугузбай кийинип туруусу баарын каратчу. Мен ичимден аялы жакшы аял экен деп ойлоп койчумун.Ошентип одноклассникиден ал мага гости болуп, мен ага гости болуп журуп бир куну жазып калды:
Аа сулуу кыз уктабайсынбы?
-Саламатсызбы агай.
-Саламатчылык
Эми уктаймда агай, озунуз уктабайсызбы?
-Ийи.
Эми аялыныз урушпай атабы деймда, саат тунку 12 болуп калды.
-Озуну уйдогулор урушпайбы
-менин жанымда эч ким жокда.
Менин да жанымда эч ким жок,жалгызмын.
Ошондон тарта агайдын жообу табышмактай сезилип,жообун билмейинче жаным тынчу эмес. Кундо одноклассникиден жазышмай, тун бир оокумга чейин уйку жок журдук. Бирок кандай максатта суйлошуп атканыбызды биле албай турдум. Журогум муз болуп калган экен, жаштар.ком.торагасынан кийин. Копко чейин журогум жылыбай журду. Анын ар бир айткан созу жанынды ээритип, жузундо жылмаю пайда кылчу. Экообуз кантип жакын болуп кеткенибизди деле билбейм. Аял кулагы мн суйот деген чын беле, жылуу созго зар болуп жургонумдо ага байланып калдымбы, же аны аядымбы билбедим. Кыскасы ага байландым да калдым. Аядым дегеним ал уйлонгон болчу, менден 12 жашка улуу, 20 жашында уйлонуп,1 баланын атасы эле. Бирок аялы оорукчан болуп калып, торкунуно кетип калат. 7 жылдан бери чогуу жашабай атканын, башкага уйлон деп айтып атканын укканда аран турган жаштар чыгып кетти.... Ошентип кундор да ото берди. Менин ага болгон тартылуум кучой берди. Анын себеби бар болчу. Ага себеп менин кичинекейимдеги ниеттерим эле. Ооба. Эн эле биринчи ниетим атама окшогон адамга турмушка чыксам дечу элем. А агай атамдын эле кочурмосу. Суйлогону,кулгону, характерлери, тамактанып баскан турганынан бери атамдын кочурмосу болчу. Экинчи ниетим ата-энесинин колунда кала турган адам мн турмуш куруу. Карысы бардын ырысы бар дешет эмеспи. Улуу адамдар болгон уйдо уруш жанжал аз болуп, балдардын тарбиясы да жакшы болот эмеспи. Агайда 3 кыз 1уул болгондуктан ата энеси мн чогуу турчу. Учунчусу болсо кыйынчылык мн жеткен суйуу, кинодогулардай ыйлап-сыктап журуп турмуш курсам дечумун. Бул жагы да агайга байландырат. Тортунчу ниетим той топурсуз ызы-чуусуз эле турмушка чыгуу болчу. Бешинчиси уйдо кайната кайненени жакшы карап,ысык тамактан берип, балдарды карап, кийинтип ичинтип, озумо карап жолдошумдун жумуштан келишин чыдамсыздык мн кутуу болчу....
Комментарийлер
Samat1992SM ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?