Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#61 24 Февраль 2014 - 07:52
#62 24 Февраль 2014 - 08:04
#63 24 Февраль 2014 - 08:08
Билдирүүнү түзөткөн: lo_ove_allaha: 24 Февраль 2014 - 08:09
#64 24 Февраль 2014 - 11:26
Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 24 Февраль 2014 - 11:32
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#66 24 Февраль 2014 - 16:46
#67 24 Февраль 2014 - 19:41
#68 24 Февраль 2014 - 23:17
--Көптөн күттүргөн кун да келди ошентип.Самат шаарга кеткен бойдон келе элек эле.Мен Жыргал менен шерик болуп мектепке бардым.Эсимде, мен ары жак,бери жакты карап бирдей мектеп формасын кийген окуучулардын арасынан менин жүрөгүм сүйгөн көздөрдү издеп атсам Жыргал байкап калып таң калыштуу карап: "Сага не болуп атат? Мен сага суйлоп атам а сен болсо алаңдап эки жагыңды эле карайсын" деп айтканы.Канчалык күттүрүп кыйнаган менин жүрөгүмдүн ээсин ал күнү менин көздөрүм таба алган жок.Мугалимдердин демейдегидей создорун угумуш болгонум менен мен аны классташтарынан арасынан үмүтүмдү узбой издей бердим.Маанайым чөгүп жүздөрүндө жылмайуу уялаган классташтарымдын арасында сыртымдан күлүп койуп эптеп ал кунду да өткөздүм.Айбектен сураганга уятым чыдабай койду.Өзүмдү өзүм жоошутуп койуп балким бүгүн келеер деген ойлорго жетеленип эртеси куну келдим.Ээн калган журогумо шаңдуулук,бактылуулук тартуулап Жазгүл эртеси пайда болду.Эхх жүрөгүмдүн аны көрүп алып бир сүйүнгөнүн айтпа!!! .Жазгүл анчалык деле озгорбоптур. Чачы менен бою гана бир аз узунураак болбосо калганы мурдакы эле боюнча таттуу,көркөм. Кусалуу сезимдердин арасына жоготуп алган ойлорумду бир-бирден таап жашоом өз нугуна тушө баштагансыды. Алыстан көрүп сүйүнүп койуп жүрө бердим.Ал көзүмө көрүнсө анын айланасындагылар дагы көрккө келип бир жакшына болуп калаар эле.Менин ары басканым,бери басканым,сүйлөгөнүм, күлгөнүм бир гана ага жагуу үчүн жасалып жатты.Керек болсо шоктук кылып линейкага да чыктым.Башкы максатым ага көрүнүш,анын көңүл борборунан орун алыш....
Прикрепленные файлы
-
Жаккымкелет1.mp3 (937,14К)
Количество загрузок:: 682
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 24 Февраль 2014 - 23:23
#70 24 Февраль 2014 - 23:34
#71 25 Февраль 2014 - 01:53
Прикрепленные файлы
-
004 И Абдыразаков - Арманым.mp3 (1,8МБ)
Количество загрузок:: 342
Билдирүүнү түзөткөн: aman-88: 25 Февраль 2014 - 01:55
#73 25 Февраль 2014 - 12:36
#74 25 Февраль 2014 - 15:29
#75 25 Февраль 2014 - 17:15
#76 25 Февраль 2014 - 17:19
Билдирүүнү түзөткөн: jasi: 25 Февраль 2014 - 17:21
#77 25 Февраль 2014 - 18:40
Эс тутум очот
Сезимдер озгорот
Башкалар таштап кетет
Бирок,журок унутпайт...
#80 25 Февраль 2014 - 23:00
---Бир жолу кызык окуя болгон.Адаттагыдай ал экөө ышкырып койуп беймарал эле сүйлөшүп тура беришти нары жак,бери жагын карабай.Мен алысыраакта кыймылдабай жатам аларды акмалап койуп.Ай жарык болгондуктан мага кыймылдашка болбойт болчу.Жазгүлдүн үйүнөн бир сөлөкөт чыкты дагы нары жакка басып кетти.Бирок бир аз отпой үйдүн каптал тарабында пайда болду.Аа тигилер күбүр-шыбыр болушуп бир нерселерди талкуу кылып тура беришти.Тиги караан жаай жылып жакындап атты.Азыр эмне болушун сезип мен дагы качууга таярданып койуп күтүп жата бердим.Жерге жатып алып сойлоп келе жатты.Жакын калганда атып турду да сөгүнгөн боюнча аларды кууп жөнөду.Тигилерде тажрыйба мол окшойт тез эле көздөн кайым болуп кетишти." Токто" деген боюнча тиги караан да алардын артынан кеткен бойдон көрүнбөй калды.Мен аларды узатып койуп ордумдан жаай турдум да үйдү көздөй кадам таштадым.Көрсө тиги түнкү караан жакында эле Казакстандан келген эң улуу агасы экен.Айбектин "жакында байкем келет" деп айтып атканын эсимден чыгарып ийиптирмин. Дагы жакшы тиги экөөнү кууп кетти,мени кууганда жетип алмак....
---Жаңы-Жыл дагы келди.Ар жылы боло турган конкурс,дискотекадан кийин эле биз кезектеги таярдап койгон отурушка жөнөдүк.Айылда өскөндөр билишсе керек отуруш кандай болоорун.3-4 саат эле жакшы отурасын.Эч ким сени беймаза кылбайт.Анан эле башталат "Тигилер чакырып атат"," Паланча баарыбызды чыксын деп атат" деп көзун алаңдатып кире баштагандар. Айла жоктон чыгасын эртеси токмок жеп калбайын деп.Чыксаң эле мектепти бүткөн чоң балдар озулору ойлоп табышкан "көчө сабагын" өтө башташат.Арак алдыртат,албай койгондордун чекесин томуйтканга өтүшөт оюнчук уруп атышкансып. Менин түгөйүмдүн кок беттик адаты бар болчу.Ошол убактагы бир зөөкүр бала Үсөндү кошуп дагы эки досту эрмектей баштады ар нерселерди айтып.Кийинчереек укканыма караганда Үсөн ал барып жүргөн бир кызды тартып алган имиш.Он чактуу баланы үйдүн жанына курулган кашаага такап койуп тиги үчөөнү алдыга чакырып алып ура баштады кезек кезек менен.Биздин бир эки коркогубуз алып келген аракты ичип артында анын 3 досу тамаша кылып отура беришти.Уруп тажашты окшойт эми "ырдагыла" дегенге отту.Үсон кок беттигине салып унчукпай тура берди эле тиги ызаланганынан ичке бир койду.Үсөн өзөрүп жатып калды.Тиги артындагы 3 алкаш "кой" дегендин ордуна "этияттап урсан э" деп койуп күлүп отура беришти.Мен коркконумдан өзүмдү эптеп кармап тура бердим.Жерге эңкейимиш болуп жерде жаткан муштумдай болгон ташты колума алып алдым эмне болсо ошо болсун,дагы бир жолу Үсөндү катуурак урса мен дагы аянбайм деп.Үсөн жөтөлүп өзүнө келип алгычакты берки экөөну уруп атты.Ал зөөкүр армияда кызмат кылып келгенгеби көбүнчөсү "ырдагыла, марш тепкиле,паланча жолу отуруп тургула" дей берчу.Үсөн озуно келип калганда дагы тизип алып "100 жолу отуруп тургула" деди эле коркуп калды окшойт Үсөн дагы берки экөөнө кошулуп анын айтканын аткарып киришти.7-8 жолу эле отуруп турганда ал керилип туруп Үсөндү бутка бир тепти.Үсөндүн суналып жатып калганын коруп мен чыдабай кеттим окшойт колумдагы таш менен тигини баш тарапка койуп калдым.Таамай атылган таш дал чокусуна тийди окшойт "башым" деп эле башын кармап согунуп отуруп калды.Коркконумдан качып жонодум эле бирок шамдагай бироосу узак качыра койбой артымдан жетип келип мени бутка бир тееп жыгытты.Анын артынан ээрчий эле тиги башына таш жеген неме келип мени токмоктой баштады.Удаа удаа аянбай урулган соккудан өзүмдү тез эле жоготуп койуптурмун эртеси түшкө маал башым таңылуу айылыбызга жакын ооруканда өзүмө келдим....
---Ушул бир түндөгу окуя коздөрү тунук Жазгүлдү 42 күн көрбөшүмө себеп болду.Ооруканадан үч жумага жетпей эле үйгө келдим.Мага алыс басып денеме күч келтиргенге болбойт эле.Сагынычым койнума батпай кыйналганымды айтпа.Сагынганда чоң жолго чыгып алып жолду карап отура береер элем курсагым ачкычакты.Мүмкүн классташтары менен же башка иштер менен айылдын жогору тарабына да келип калаар деген үмүттөр бар болчу менин ойлорумда... .
Жаккымкелет2.mp3 (951,84К)
Количество загрузок:: 440mp3]
Билдирүүнү түзөткөн: kuu-1005: 25 Февраль 2014 - 23:04