aiperi2013 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 7 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Ички иштер министрлиги (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 25 Сентябрь 13
- Кароолор:
- 27 299
- Соңку аракети
- 08 Янв 2020 10:45
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 20, 1990
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Балама кантип пособие алса болот?
Жазылган күн: 10 Сен 2015
Alibei24 (08 Сентябрь 2015 - 23:07) жазган:
Ош обл дагы миграция службасына 2014- жылдын сентябрь айында кара тизме боюнча арыз жазып таштаганмын бир жылдан бери эч кандай кабар жок
Саламатсызбы! Ушул сыяктуу суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинен төмөнкүдөй жооп келген.
Жооп: "Кара тизме" Орусиянын 11 министрлиги жана ведомстволору тарабынан түзүлөт жана жалпы Орусия Федерациясынын менчиги болуп, жабык маалымат катары эсептелет. Министрликтин Орусия тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнө ылайык, бүгүнкү күндө "кара тизмеден" чыгаруу үчүн төмөнкү категориядагы жарандардын кайрылууларын приоритеттүү түрдө карап жатат (Орусияда билим алган студенттер, күйөөсү же аялы Орусиянын жараны болсо жана жогорку квалификациялары бар жарандар).
Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Орусия тараптын кыргыз мигранттарына байланыштуу болгон чечими белгилүү болду. Тактап айтканда, Орусияга кирүүгө үч жылга чейин тыюу салынып, анын бир жарым жылын кыргыз жеринде өткөргөн жарандар үчүн кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берилди. Эгерде "кара тизмеге" киргизилген кыргыз жараны жогоруда аталган категорияларга туура келе турган болсо, анда бул маселелер боюнча жумуш алып барууга укуктуу болгон орган КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар.
Берилген суроо боюнча баса белгилеп кетүүчү нерсе, жолдошу экөөнүн ортосунда нике каттоодон өткөрүлбөгөндүгүнө байланыштуу окурмандын жолдошун "кара тизмеден" приоритеттүү түрдө чыгарууга мүмкүн эмес.
Маалымат үчүн: Эгерде "кара тизмеге" киргизилген Кыргыз Республикасынын жараны Орусиянын органдарынын чечимдери менен макул болбосо, анда тийиштүү түрдө жеке өзү же адвокат аркылуу Орусия Федерациясынын көзөмөлдөөчү же сот органдарына кайрылууга укуктуу.
Буга чейин дал ушундай маселелер боюнча өкмөттүн тиешелүү мекемелерине кайрылганбыз. Сиздин жолдошуңуз Орусиянын Федералдык Миграциялык кызматына (ФМС) арыз жазышы керек. Эгер үч жылга "кара тизмеге" киргизилген болсоңуз, андан бери бир жарым жыл өтсө сиздин "кара тизмеден" чыгышыңыз толук мүмкүн.
-
Темасы: Эл аралык айдоочулук күбөлүгүмдө жарактуу мөнөтү коюлбагандыктан Москвада айып пул төлөп жатам
Жазылган күн: 13 Янв 2015
Айпери Ганыжан кызы (13 Январь 2015 - 13:03) жазган:
Мен Кыргызстандан ноябрь айында эл аралык айдочулук күбөлүк (права) алып Москва шаарына келдим. Күбөлүктүн жарактуу мөөнөтү коюлбагандыктан Москвада айып пул (штраф) салып жатышат. "Супер-Инфо" ушул тема боюнча керектүү жерлерден жооп алып берсениздер. КРга алмаштырып кеткенге кыйын болуп жатат.
Суроо калтырган stal.ks
Суроого ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов жооп берди.
- Эгерде сиз Орусиянын жараны болсоңуз, эл аралык айдоочулук күбөлүктү Кыргызстанга келбей эле, ошол жактан алмаштырып алсаңыз болот. Эл аралык айдоочулук күбөлүк Орусиянын нормативине жараша алмаштырылат. Ал эми Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда сиз сөзсүз түрдө бул жакка келип алмаштырышыңыз керек. Аны алмаштыруу үчүн КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментине кайрылышыңыз керек. Эгер тиешелүү документтериңиздин баары жайында болсо, жаңы эл аралык айдоочулук күбөлүктү бир күндө эле алмаштырып ала аласыз. Айта кетчү нерсе, мындай эл аралык айдоочулук күбөлүктөр дүйнөлүк конвенцияда каралгандай, 10 жыл убакытка берилет.
Достору
-
webmaster -
mayrambek -
Bakyt.shutov -
atai9292 -
malikovich -
arkar -
Nurik_92kg -
kanat4ik -
shanushka -
rnurzida -
Nursss_Rea... -
aske2012 -
Aybek777 -
Jakshuluk_89 -
Xake.92 -
Valley.of.... -
Marat.kdm -
julduzbek82 -
Filantrop -
eldish12 -
aitowa11 -
Aelit -
aida2013 -
bul1men -
daniyar93 -
mirror350 -
tokio1991 -
Maks_shars... -
Ali94 -
Abdyrashit... -
IskenDer.Ali -
Syun17 -
Aynazik09kg -
Syn4y
Комментарийлер
KgEka
02 Фев 2017 - 21:39